05.03.10 - 28-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ажайып Алтынбүбү…
Жайкы саратанда көгүлтүр Ысык-Көлдө эс алууну ким гана эңсебейт. Өткөн жылы жумуш менен көртириликтен колум бошобой жүрүп, августтун башында үч күнгө барып келүүнү туура көрдүм. Кеминден чыгып Боом капчыгайына жетейин дегенде машинем титирей баштады, оңоло турган эмес. Дагы бир аз жүргөндөн кийин руль оң жагына тартып, чайпала баштады. Эмне кыларымды билбей жол четине чыгып токтодум. Карасам дөңгөлөктөрү кыйшайып калыптыр. Бир сааттай жол тосуп ар кимге жалдырадым. Эч ким көнбөйт. Бир айдоочу машинени карап көрүп, "сүйрөгөнгө болбойт, жүктөп кетүү керек" деп кеңеш берди.
Ошондо ким жүктөп кетмек эле деп аргам түгөнүп турсам, кара түстөгү "Мерседес" токтоп, андан сымбаттуу келин түштү. Машиненин номурунан аялдын казак экенин билдим. Айткандай эле казакча шатыратып сүйлөп кирди. Аял өтө эле кыска кийинген, өзү да абдан сымбаттуу экен. Ошондогу анын турпаты бир да эркекти кайдыгер калтырбайт эле. Жолдо тургандагы абалымды билгенден кийин мага көпкө чейин карап туруп, капысынан колун сунуп, "катуу карма" деди. Катуу кармадым. Дагы катуу деди. Оорутуп койбоюн деп дагы бир аз кыстым. "Алсыз экенсиң, болгону ушулбу" дегенде намыстанып майыштыра кыстым эле, аял эңкейип ай-байлап жиберди.
- Жетишет, мыкты экенсиң. Машинеңди жакын жердеги ашканалардын бирине сүйрөп жеткиребиз да, экөөбүз чогуу эс алганы барабыз, - деп багажынан жип алып чыгып сүйрөп жөнөдү. Акыры жол четиндеги ашканалардын бирине жетип, машинемди четке коюп, бейтааныш аял менен андан ары жолду уладык. Күтүүсүз окуяга таңыркап, бир балээге кабылбасам экен деп кооптонуп да жаттым. Аял алкынган "Мерседести" ого бетер зуулдатып айдайт.
- Кыскасы, - деди ал, - мени менен үч күн чогуу эс аласың. Бул үчүн бир тыйын төлөбөйсүң. Бүт баары алдын ала камдалган. Эки кабаттуу көл четиндеги коттеджде экөөбүз гана болобуз. Ал бул жерде, - деп дарегин берди. Карасам, өтө эле мыкты жай экен. Аба салкын тартып калганына карабастан көлдө дагы эле эл көп. Акыры эс алчу жерибизге жетип келдик.
- Таанышып алалы, - деди аял, - менин атым Алтынбүбү.
- Кубанычбек.
- Менин ким экенимди, эмне кылганымды сурабайсың. Мен да сени сурабайм. Каалаганча ичебиз, жейбиз көлгө түшөбүз, уктайбыз, бизге эч ким тоскоол болбойт. Үч күндөн кийин машинең турган жерге түшүрүп коем. Андан ары ар ким өз жолу менен кетет. Ушуга макулсуңбу?
Мен баш ийкедим. Алгач экөөбүз колбаса менен бир бөтөлкөнү жарымына жеткирдик. Аңгыча эшиктин коңгуроосу кагылды, "чочуба, бизге кызматкер аял келди. Ал үч күн бою тамак даярдап берет" деди.
Ал дагы Алтынбүбү сыяктуу жашы 25-30дар чамасында экен. Саунаны даярдап койгонун айтып, ашканага кирип кетти. Алтынбүбү мени менен көптөн бери жашап жүргөндөй саунада тартынбай жылаңачтанып чечинип жатты. Анын денесинин татыналыгына сөз жетпейт. Өңүнүн сулуулугу андан бетер. Артынан карап туруп чыдамым жетпей жатканын байкагандай мага карады. Экөөбүз көпкө өбүштүк. Аялым менен баш кошконума беш жыл болгон. Бирок Алтынбүбүнүн кылыгы, төшөктөгү жагымдуу жоругу ар жолкусунда эстен тандырып, анан кайра эле өзүнө азгырып турду. Экинчи күнү көксөм суугандай бир аз тынып калгам. Алтынбүбү муну байкагандай терезелерди жаап музыка коюп, акырындык менен бийлей баштады. Башта анча маани бербедим. Качан гана кыймылдары жандана баштаганда жөнөкөй эмес экенин баамдадым. Алгач белин бурап, андан кийин төшүн титиретип, акырында жамбашын чайкап силкилдеткенде оозум ачылып эле калды. Кызыгым аны менен чектелбеди. Андан соң Алтынбүбү энеден туума чечинип диванга чыгып бийлегенде алтымыш тамырым зырп этип анын ажайып кыймылына таң бердим. Ал белин шейшепке коюп көчүгүн өйдө көтөрүп чалкасынан жатып татына буттарын ойку-кайкы кыймылдатып, анан мага карап жоон сандарын жая бергенде анын теңдешсиз сулуулугуна ошондо кайыл болдум. Мындай ажайып кереметке туш кылган тагдырыма жалынып, Алтынбүбүнү түбөлүк кучактап жаткым келди. Ошентип өлсөм арманым жок дедим. Экөөбүз түнү бою эргүүнүн кучагында термелип, мен ага жаным деп миң жолу жалбарып жаттым.
Эртеси уйкудан ойгонсом, Алтынбүбү көлгө түшүп келип кийинип жаткан экен. "Оокатыңды жыйнаштыр, кетебиз" деди. Кызматчы аял жол азыгыбыздан бери камдап, даамдуу кесме жасаптыр. Жеп алып экөөбүз жолго чыктык. Алтынбүбү машинесин зуулдата айдап тез эле менин машинем турган ашканага жете келдик. Ал мени өзүнө тартып бир нече жолу бетимден өптү да, "кош бол!" деп кете берди. Мен машинемди КамАЗга жүктөп үйгө жол тарттым. Көз алдымда дагы эле Алтынбүбү турду. Анын эркектин ээсин оодарган ажайып бийин көргөнүмө бактылуу болуп келе жаттым.
Кубанычбек ТУРДУГУЛОВ