|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
![]() Пейджер П-171. Шакең 60ка чыгыптыр дешет. Мен айттым "Шакем 60ка азырынча даяр эмес деп. Күн жаз, эт аз дегендей. Аны жанагы балээ баскан паспорту менен метирке чыгарып жатат. Эгер чын болсо, тегерегиңдин баарын шестьнол кылып жүрө бер. Аман бол! Кекең. П-172. 3-март Сталиндин өлгөн күнү экен. Кызык, азыр кыргыздардын ага мамилеси кандай? Асел. П-173. Маршал, Доку, Райкан, Рыстай, Жакоша, 8-мартыңарды бүт тулкум менен куттуктайм. Оорубай, сыктабай каткырып күлүп, бири-бириңерди жөлөшүп, машиненин эки эшигин ачып коюп туулган күн өткөрүп жүрө бергиле. Силер отурбаган Бишкекте кафе калбасын. Оозуңарды араандай ачып күлө көрбөгүлө, орду калып өзү жок болгон тиштериңер жашыңарды билгизип коет. Беккелди. П-174. Атактуу Эген достун туулган күнү өмүр бою эстен кетпейт го, чиркин. Өзгөчө Зайчиктин мыскыл тамашасы. Баарыңар менен темир тордон кездешем дегенден бери уйку жок, түнү төшөккө кое берип тура качып атабыз. Деги бул жоругубуз Ала-Белден ары ашпаса экен. Байыш, Эрмек, Азиз. П-175. Сүйүү деген жүрөктө көмүлүп жаткан кен. Бир сүйүү өлөт, экинчи сүйүү жарала берет. Кайталангыс сүйүү бир гана турнада болот. Түгөйү өлүп калса дүйнөдөн жалгыз өтөт. Караш Насер. П-176. Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй болсо, кыргыз кабагы Үсөн Сыдыковдукундайбы? Үсөн аке, жаз келди. Кабагыңызды бир "жарк" этип ачып койбойсузбу? Мүмкүн мындан ары кыргыздардын кабагы да, жашоосу да ачылып кетээр. Супер саяк. П-177. Оюмду тапкан күн, айым,/ Суктантып көптөн артыгың./ Кут болсун туулган күн айың,/ Жароокер, жаркын, алтыным. Эркин Жаныбеков. П-178. Апам Кашкатаева Канышайга, эже-сиңдилериме, жезде-күйөө балдарыма, кызым Динарага, күйөө балам Бактыгулга, куда-кудагыйларга, жеңелериме, үкөлөрүмө, келиндериме салам жолдойм. 8-март жана Нооруз майрамдары менен куттуктайбыз деп Бишкектен Ракила, Абдимуса. П-179. Каныкей энебиздей акылдуу, үйдүн куту эжекебиз Чынарды жаз майрамы менен куттуктайбыз. Сизге чың ден соолук, узун өмүр, байыңыз жана бала-бакыраңыз менен бул дүйнөдөгү жакшылыктарды көрүшүңүздү каалайбыз. Кайырса уул-кыздары менен. П-180. Ынтымак курултайы деп ажобуз бир нерсени ойлоп чыгара коет экен. Элди алаксытканы да, светти, сууну, жылуулук түйүндөрүнүн төлөмдөрүн 3-4 эсе кымбаттатып салышты. Анан пенсияга 1-марттан баштап акча кошулат дейт. Кошулган акчасын көрдүм, 1-январдагысы 150 сомго да жетпейт. Анара айым. П-181. Калтырышкан өзүнө көп эстелик,/ Түбөлүккө унутулбас эстелип./ Союз бизди бакмак түгүл бордоптур,/ Эми гана билүүдөбүз эскерип. Эркин Жаныбеков. П-182. 1-май районунун паспорт столунда иштеген Заринага, Нургүлгө, Миргүлгө салам жолдоп, 8-март, 21-март майрамыңар менен куттуктайм. Кашкатаева Ракила. П-183. Эй, мэрия, сергигенче алып чабыт,/ Бишкектин булуң-бурчун күндө чалып./ Текшерип турсаң боло тазалыгын,/ Жери кир шыпыргычтын мээсин чагып. Эркин Жаныбеков. П-184. Кыштан эптеп чыктык көрүнөт. Буюрса жаз келатат, жалаң майрам келатат. Бардык айымдарды жаз майрамы менен куттуктайм. Кадырбек. П-185. Түлөкеева Нурияга, күйөө балам Сыдыков Азизге, куда-кудагыйларга салам жолдоп, 8-март жана 21-март Нооруз майрамдарына удаа келген туулган күнү менен куттуктап, Бишкектен таежеси Ракила, жездеси Абдимуса. П-186. Курултай деген улуу сөздү аябай дыдарактатып жибердиңер го, ынтымак, биримдик, элдик деп. Келгиле, акыл-эске келип, ынтымактуу болуп, Спартак стадионуна чо-оң курултай өткөрөлү. Бишкектеги баладан бекчейген чалга чейин катышып, ичтегинин баарын ачык айтышып, ынтымак менен тарайлы. Жусубаалы. П-187. Айтбүбүгө, кыздарына, кошуналарым Мунарага, Токтобүбүгө, Бүбүсарага, Нургүлгө, Бактыгүлгө, баарына салам жолдоп, март майрамыңар менен куттуктайбыз. Ракила, Абдимуса. П-188. Кош балдак, протез, бут жок тизе сандан,/ Жеткирип кеткен сестра коштоого алып./ Туяксыз Мамыт байкем дүйнө салган,/ Курмандар сабына да кирбей калып. Эркин Жаныбеков. П-189. Жаркыраган жаздагы 8-март майрамы менен жалпы кыргызстандык кыз-келиндерди куттуктайм! Элдин көркү үлбүрчөк кыз, келиндер,/ Жаз күнүндөй жаркып турсун көңүлдөр./ Жашооңордо жакшылыктар көп болуп,/ Жылмаюудан жабылбасын эриндер./ Ырыс, ыйман боюңарга уялап,/ Баркыңарды баалап жүрсүн теңиңер. Апаңар Батмакан Алымбекова. П-190. Министр Нурлан Сулайманов, Кыргызстанда жардамчы жол качан курулат? Табигаттын кырсыгын эч ким эч качан алдын ала билбейт, бир Кудайдан бөлөк. Эгер кырсык болуп Боом капчыгайы жабылып калса, Нарын, Көл эли бул тарапка кайсы жол менен келет? Кытай аркылуубу же ошол жакта калышабы? Токмок-Шамшы-Кочкор жолу качан ачылат? Эски жолдун жакшынакай нугу бар го. Келген жардам акчаларды элдин пайдасына жумшасаңар эле бүтүп калмак. Келдибек. П-191. Абаз, апам спонсор таап берсе концерт коем деп оозуңду ачып жата бербей өзүң аракет кылбайсыңбы? Менден үлгү алгыдай эле болдуңар. Ачка-ток, барды-жок болуп тырмышып жүрүп окууну аяктап жатам. Келечегимди ойлоп Бишкек-Ош жолуна жумушка да сүйлөшүп алдым. Аркы Толикке да түшүндүр. Эген. П-192. "Агым" гезитинин айымдары! 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм жана чексиз ийгилик каалайм. Караш Насер. П-193. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жана Бишкек шаарында жашап жаткан эже-сиңдилеримди 8-март майрамыңар менен куттуктайм. Майрамыңар кут болсун! Бишкектен Анара.
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||