05.03.10 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Оп, майда
Россия, Россия бир боор элең…

Россиянын "Земляки" басылмасынын маалыматы боюнча 2009-жылы аталган өлкөдө Кыргызстандын эки жарым миңге чукул жараны администрациялык жоопкерчиликке тартылган. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар негизинен жасалма документтерди пайдалануу, каттоону жана миграциялык карталарды сатып алуу менен байланышкан. Албетте, тартип бузуучулардын жогорудагы саны катталганы гана. Ал эми орус милийсаларына жөндөн жөн эле чөнтөгүн кактырып жүргөнү канча.


Терисин бузбай ат!
Ысык-Көл облусунда соңку эки ай ичинде 23 карышкырга кошуп, 22 чөөгө коргошун "куюшту". Атылган жырткычтардын териси үчүн аңчылыкты көзөмөлдөө департаменти 109 миң 348 сом төлөп берди. Көкжалдын бир териси эле 5 миң сом турат деп ишендирди уюмдун маалымат кызматы.


Саман учса Самарканд өрттөндү дейсиңер

Канттагы Россиянын аскер базасындагы кызматкерлердин үй-бүлөсү өз мекенине кайтууда. Орус Коргоо министрлиги каражатты үнөмдөө максатында өздөрүнүн чет өлкөдөгү бардык аскерий базаларында кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин жалгыз бой кызмат өтөөгө милдеттендирген чечим чыгарган. Ушул себептен аскер кызматкерлеринин 90 пайызы алмаштырылат. Ал эми бул окуяларды Кыргызстандагы айрым басылмалар кыргыз-орус мамилесине жик түштү деп жазышууда.


"Пошелдун" убалы кимге?

Украинанын борбор калаасы Киевде бир катар өлкөлөрдүн элчилиги жайгашкан имарат аукцион аркылуу сатыкка кеткени туру. Бул имараттан жылуу орун тапкан Куба, Болгария, Египет жана Алжир өлкөлөрүнүн элчилери көчөдө кала турганы бизди анча кызыктырбайт эле. Бирок, багы жокко дагы жок болуп, Кыргызстандын да "пошелдору" айтылуу тамдын күн тийген жагынан жакшы "места" алып коюшкан экен убагында.


Ойрон болобу, майрам болобу?..

Россиялык аудиторлор Бишкекке келип түштү. Өлкөбүздүн мамлекеттик мүлк министрлиги жарыялаган конкурс-жарышты орустардын "RSM Top-Audit" компаниясы утуп чыгыптыр. Эми бул компания өлкөдө энергетика тарифтерин жогорулатуу мыйзам чегинде болгонун текшерүүгө киришет. Жыйынтыгын ушул жылдын июнь айында өкмөткө өткөзүп берет.


Давыдов 1-апрелге тамаша камдаганбы?

Токтогул суу сактагычындагы суунун аз-көптүгү тууралуу "аңыз кеп" кайра башталды. Учурда ал жерде 10 млрд. 103 млн. кубометр суу бар. Мындан бир жума мурун эле бул көрсөткүч 100 млн. кубометрге көп эле. Энергетика "босу" Давыдовдун кыш ортосунда эле 1-апрелден баштап республика боюнча электр энергиясына болгон чектөөлөрдү алып салабыз деп айгай салганы эсибизде. Ал үчүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд. 900 млн. кубометр деңгээлин сакташ керек дейт адистер. Эми Ильяс мырза эмне дээр экен?


Балдардын шагын сындырбагыла

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча 1-апрелден тарта 14 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн маршруттук каттамдарда жүрүү акысы 5 сом болушу мүмкүн. Учурда аталган башкармалыктын башчысы А.Малабаев тарабынан ташуучу фирмалар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.


Алыстан алышка келишет

Бишкекте Кожомкул спорт сарайында алыш күрөшү боюнча (белкурчоо байланган түрү) Азия чемпионаты сапар алат. Мелдеш 15-мартта башталып, Иран, Ирак, Корея, Түркия, Индия, Түркмөнстан, Афганистан жана башка өлкөлөр болуп 15 команда катышат.


Борборду Борис ээлейт

Борбор калаабызда москвалыктар турак үй курууга киришет. Экс-кыргызстандык экс-мэр Борис Силаев ушинтип "ооз көптүрдү". Азыр ал Москва шаарынын мэриясында департаменттердин бирин жетектейт.
"Турак үйлөр орто катмардагы шаардыктар үчүн ылайыкталып салынат. Ысык-Көлгө да барып, москвалыктар үчүн эс алуу аймагын курууга жер караштырабыз" дейт ал оозун толтуруп.


"Агым - пресс"




 

Бишкектеги мектептердин биринин директору кабинетинен 2000 сом пара алып аткан жеринен кармалды. Директор бир ата-энеден кызын мектепке киргизүү үчүн акча сураган. Ачуусу келген ата-эне ИИМге кабарлап, тигини пара алып жатканда карматышкан.
***
Ош облусунун Кара-Суу районунун изкубарлары "Хизб-ут Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн кармашты. Аталган уюмдун лидерлеринин үйүнөн китеп-журналдар, баракчалар, дисктер табылган. Учурда иликтөө иштери башталды.
***
Лейлек районунун Жаштык айылынан 2-март күнү денеси көгаладан таанылгыс болуп көз жумган 46 жаштагы Б.Р.-нын өлүгү табылды. Изкубарлар кылмыш изин суутпай ошол эле айылдын жашоочулары К.И. жана Н.Б.-ны кармашты. Күнөөлөрүн моюндарына алып, маркумду кантип өлтүргөнүн айтып беришти.
***
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун төрт жашоочусу 2006-жылдан бери "Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери" деген жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз пенсия жана ар кандай жеңилдиктерди алып, мамлекетке төрт жылдын ичинде 315 миң сом зыян алып келишкен. Согушка катышпагандардын арам тамактары аш болгон жок.
***
Аламүдүн районунун Пригородный айылынын жашоочусу, мурда бир нече жолу темир торго отуруп келген 39 жаштагы Г.Х.-нын өлүгү табылган. Маркумду өзүнүн эле айылдаштары сабап өлтүргөнү дайын болду.
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА