07.05.10 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Чекчеңдеткен чегара
5-майда убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева Казакстан республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-казак чегарасынын ачылышы тууралуу маселени талкуулашкан. Анда Нураке ошол күнү кечинде чегара ачылат деп убада берди эле. Казак чегара кызматынын жергиликтүү ММКга берген маалыматына караганда, чегараны ачуу 9-май Жеңиш майрамынан кийин ишке ашмакчы. Алгач экономикалык жүктөрдүн өткөрүлүшүнө жол ачылып, андан кийин жеке адамдарды өткөрүү мурдагы калыбына түшөт. Чыдаган жаныбыз дагы чыдабаска арга барбы.

Казактар 2300 тонна күйүүчү май "карыз" болду
Коңшулар Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 4 миң тоннага жакын күйүүчү май беребиз деп убада кылышкан. Шаршемби күнү түндө Казакстандан 1700 тонна күйүүчү май Кыргызстанга келип, ал Балыкчы менен Кантка жеткирилди. Бул региондордо күйүүчү майдын тартыштыгынан жазгы талаа жумуштары бүтпөй жаткан. Азырынча 4 миң тонна күйүүчү майдын калганы качан келери белгисиз. Эмнеси болсо да кошуналар бере турган майын жаз өтүп кетелекте беришсе жакшы болот эле.

Ок тийгендердин абалы орто
Кечээки күнгө карата алынган маалымат боюнча ооруканада 6-7-апрелдеги окуядан жабыр тарткан 136 киши дарыланууда. Анын ичинен бир адам кайра жандандыруу бөлүмүндө. Үчөөсү өтө оор акыбалда. Дарыланып жаткандардын арасында Маевкада болгон жер талаш чатагында жабыр тарткан беш киши да бар. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча апрель окуяларында бардыгы болуп 85 адам каза болгон.

Эми оппозиция болсоң жыргайсың
Конституциянын жаңы редакциясына ылайык прокуратура органдарынын функциясы өзгөртүлөт. Биринчи кезекте алар тараптан кылмыш куугунтук мүмкүнчүлүгү чектелет. Бул тууралуу убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев 4-майда тегерек үстөлдө маалымдады. Анын айтымында, улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын да милдеттери кыскарат, УКМК эми экономикалык кылмыш жана уюшулган кылмыштуулук менен күрөшпөйт. Мындай кадамдар бул органдардын жарандардын жана ишкерлердин жашоосуна кийлигишпеси үчүн жасалат. Чамасы, Текебаев укук коргоо кызматкерлеринин куугунтугунан чарчаган го. Баса, Өмүке оппозицияга айлык төлөнөт деп да айтып жүрөт. Эми жумушсуздардын баары оппозицияга орношпосо болду.

УТРК тагдыры чечилет
Бишкекте бүгүн коммерциялык эмес медиа-уюмдардын жана жарандык көзөмөл комитетинин өкүлдөрү тарабынан УТРКны реформалоо маселеси боюнча демилгелүү жолугушуу өткөрүлөт. Жолугушуунун максаты - коомдук боло турган телерадиокорпорациянын байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлердин тизмесин түзүү. 30-апрелде убактылуу өкмөт УТРКны коомдук телерадиокорпорацияга айландыруу жөнүндө декрет кабыл алган. Ага ылайык байкоочу кеңештин мүчөлөрү убактылуу өкмөт тарабынан коммерциялык эмес уюмдардын сунуштоосу менен дайындалат.




  Крим-аалы

Көзүңөр аксын
8-апрелден кийин Кыргызстанга шектүү чет элдик жарандар белгисиз себептер менен он жети жолу кирүүгө аракет жасашкан. Андан тышкары, биздин аймакка кирүүгө аракеттенген алты террористтик уюм өкүлдөрү кармалган. Кыргызстандын аймагынан шектүү он үч чет элдик жаран чыгарылып, жакын арада алар кире албас болушту. Кырдаал калыбына келелек Кыргызстанга террористтердин да көзү түшө баштаганбы?

Кимдин өчү бар эле?
Бишкектин Токтогул көчөсүндө жайгашкан микрокредиттик компаниянын кеңсеси белгисиз себептер менен өрттөнүп, ичиндеги компьютер, принтер, көчүрө турган аппараттар күйүп кеткен. Учурда тилсиз жоонун чыгуу себептери такталууда.

Суу ташкын мүрзөлөрдү алды
Алай районунда тоодон эриген кардын суулары ташкындап мүрзөлөрдү агызып кетти. Жергиликтүү элдин айтымында, 2-3 мүрзө ташкындын агымына кетти. Суу ташкыны дагы биртоп жерлерди жайлап кетүү коркунучу бар.

Алда кокуй, кыргызчылык ай
Россиянын Свердлов облусунда эл ташыган автоунааны айдаган кыргызстандык Акылбек Исмановду жергиликтүү эл сотко беришти. Көрсө, А.Исмановдун эл ташыган унаасынын башкаруучу рулу, тормузу бузук абалда экен. Жарандардын коопсуздугуна көңүл бөлбөй, өз чөнтөгүнүн камын ойлогон айдоочу сот жообуна тартылсын деген кине коюшууда.

Шалаакы эне
Россиянын Екатеринбург шаарынан 4-май күнү кыргызстандык он жашар Бактыбек уулу Ынтымак жоголуп, кайра табылган. Бактыбектин аман-эсен табылышына жергиликтүү ММКлардын чоң пайдасы тийген. Жоголгон бала тууралуу кулактандыруу кеткенден кийин Бактыбекти көргөн аял редакцияга телефон чалып, "кечээтен бери биздин үйдүн жанында азиат улутундагы өспүрүм бала жүрөт" деген. Журналисттер телефон чалган аялга сыртка чыгып өспүрүмдү эч жакка жибербей кармап туруусун айтышкан. Андан кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери өспүрүмдү жашы жетелек балдарды тейлөө бөлүмүнө алып барышкан. Бактыбектин энесинин айтымында, ал орусча сүйлөй албайт экен. Көрсө, эл ташыган автобуста кондуктор болуп иштеген апасы Шарташ станциясына келгенде уулун таанышына калтырып кеткен. Ал таанышы Бактыбекти "эч жака чыкпа" деп отургузуп коюп, өзү да кетип калган. Кайра келсе Бактыбек ордунда жок эле. Ошентип адашып кеткен Бактыбек эки күндөн кийин энесин таап келди.




  И-тагдаалы

Оңой эле окшойт
АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттардын кайтарылышына көмөктөшүүгө даяр деп билдирди бул өлкөнүн Кыргызстандан элчиси Татиана Гфэллэр. Ал үчүн убактылуу өкмөт АКШнын биздеги элчилигине далилдүү нотасын жиберсе эле болду экен. Калганы оңой эле дейт.

Кымызга кызыганбы?
Кечээ бизге келип кеткен АКШ президентинин жардамчысы Майкл Макфолл Кыргызстандын кызыкчылыгын жеке гана АКШ финансылык уюмдарынын алдында эмес, Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктарынын алдында да коргойм деп күүлөнүп кеткенине караганда, биздикилер саамал кымыздан көбүрөөк жуткуруп койгонбу деп калдык. Неси болсо да айтканынын аягына чыкса болду да.

Мотуевди издетип жатышыптыр
Жумгалдык туугандар 8-апрелден бери митинг уюштуруп, Кара-Кечеге эч кимди киргизбей, улутташтырып бергиле деген талабын коюп жатышат. Баса, митингге баш-көз болуп бербей кайда жүрөт деп саяк башчы Нурлан Мотуевди издеп жатышыптыр. "СС" журтунун Кара-Кече улутташтырылса деген ниеттери го жакшы экен, бирок Н.Мотуевди издеп жатканында бир мандем бардай.

Өңгөсү бүтүп калгансып…
"Өңгөсү бүтүп калгансып, кумурска түштү капканга" демекчи, митинг оорусу маршрут айдоочуларга да жукса керек, алар кечээ Бишкек мэриясынын алдына чогулушуп №110, 111, 113, 114 жана 180-маршруттарды кайра калыбына келтирүүсүн, ай сайын ар бир маршрут айдоочунун чөнтөгүнөн мэриянын пайдасына төгүлчү 1050 сомдун "отменить" этилишин талап кылышууда.

Куралың болсо сат
УКК жетекчиси К.Дүйшөбаев элдин колунда жүргөн курал-жарактарды мамлекет сатып ала баштаарын айтты. Бүгүнкү күндө атуулдар укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен 11 ок атуучу курал, 94 даана дары-дармекти тапшырышыптыр.

Оксананы отургузушту
Экс-президенттин секретариатынын экс-жетекчиси Оксана Малеваная соттун чечими менен бир айга камалды. Ага кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылууда.

С.Кайыповду атасындай көрөт экен
Өткөн саныбызда Каныбек Иманалиевди Кыргыз-Түрк "Манас" университетине сөйкө салдыра баштаптыр деп жаздык эле. Кезинде "Асабанын" казанында кайнап, бышканда саясатчы болуп чыга келген калемдешибиз андай ою жок экенин, аталган университеттин ректору С.Кайыповду атасындай көрөрүн, мамлекеттик кызматка барбай тургандыгын, бирок күзүндө депутаттык жарышта ыраак чыгып келүүгө өзүн-өзү суутуп жаткандыгын билдирди.