07.05.10 - 30-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

4-майда "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
Урматтуу окурман!
Туугандарыңызга, жакындарыңызга, теңтуш, досторго жакшы пикир, куттуктоо, сунуш айткыңыз келсе, мындан сырткары, жашоодогу өзүңүз байкаган түркүн көрүнүштөрдү элестүү, куйкумдуу чагылдырган кыскача ой-пикирлерди ортого салыңыз. Сиз үчүн 386706 телефону шейшемби күнү 10дон 12ге чейин кенен-кесир иштейт.


П-352. Азимбек Бекназаров, сен да Бакиевдин балкаймагынан ооз тийип калгандардайсың башпрокурор болуп, же калппы? Ошо кезде да бапылдагансың, табам, ачам, алып келем, кустурам, соттойм деп. Кана?! Эми да күндө теледен 2-сериясын кайталап жатасың, жинге тийип. Биринчи баарын бүтүрүп анан бапылдасаң боло. Жок дегенде балдарыбызды аткан мыкаачылардын аты-жөнүн, улутун айтып койсоң боло. Кыргызды келесоо, дудук, сокур көрбө, Азимбек. Кимди коюп, канча акча алып кетип атканың билинип калды. Шейит кеткендердин бир туугандары.
П-353. Урматтуу Роза Отунбаева Кыргызстанды түп-тамырынан бери өзгөртүш үчүн жалгыз эле президент эмес жогорку кызматтарда иштеген министрлерди, депутаттарды жана ЖОЖдун ректорлорун ар бир үч жылда алмаштырып туруш керек. Антпесе ар бир ЖОЖдо беш жыл отурган ректор өзүнүн тегерегиндеги дос-туугандары, кошоматчылары менен толтуруп, бийликти өзүнүн менчигине айландырып окуу жайды каалашынча башкарып жатат. Гүлсара эже.
П-354. Кыргыз мамлекетибизде 5 млн. калкыбыз бар. Жогорку Кеңешке 105-120 депутат жетишет. Канчалык аз болсо ошончолук жакшы жана таза иштейт. Ал эми ЖКга депутаттыкка 30 жаштан жогору, президенттикке талапкер 40 жаштан жогору болсо туура болгудай. Президенттик республика болуп 20 жыл жүрдүк. Оңолобуз деп жүрүп оңкобуздан түштүк. Бизге парламенттик республика туура болчудай. Убактылуу өкмөт жаштар министрлигин уюштуруп жатат. Бул жакшы жөрөлгө. Жаштар биздин келечегибиз. Бирок жооптуу кызматтарга коюуда өтө этият болуу керек. Ошол эле жаштарыбыз мародерлукка, баскынчылыкка барышып, мамлекетибизге нечен млн. сом зыян келтиришти. Бизге эми темирдей тартип керек. Рысбек Казакбаев, Борду.
П-355. №78 орто мектебиндеги агай-эжейлеримди, классташтарымды май майрамдары менен куттуктайм. Алардын иштерине жана окууларына ийгилик каалайм. Уулкан, 7 "Б" класс.
П-356. Күтүүсүз өлкөбүздү жайкы таңда,/ Бомбалап чагылгандай тийип канда./ Тозогун тепсеп жеңиш келмек эмес,/ Стакем чөктүртпөсө жоону канга. Эркин Жаныбеков.
П-357. № 78 орто мектебинин мугалими Султанова Салтанат эжени келе жаткан 9-май майрамы менен жана 10-май туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эжейге кааларым чың ден соолук, узун өмүр. Окуучуңуз Уулкан.
П-358. Уй кутуруп жеңиш жылы көктөмдө,/ Кызыл жака атып кеткен көмдүрүп./ Түндөп ачып таланыштан көптөргө,/ Жедик аштан кутуртпаска көндүрүп. Эркин Жаныбеков.
П-359. Атанаев Айбек Эркинбаевич, Камчыбек уулу Анарбай мага качан "саламдашып" кетесиңер? Эрмек Кошчу.
П-360. ВП мүчөлөрү шайлоонун камын көрүп болгон административдик ресурстарды колдоно башташты. Башкарууга өз адамдарын коюу менен алек болуп, эл көйгөйлөрүн унутуп калышты. Аңгыча айдоо иштерине күйүүчү май жок, эл айласын таппай отурган кез. Качан оңолобуз? Айбек.
П-361. Акылынан канкор фашист жыгыла,/ Камкорунан калктын көөнү жылына./ Бир тыйынча болсо дагы Стакең,/ Арзанчылык кылып турчу жылыга. Эркин Жаныбеков.
П-362. Жер басып алуучулар жакырчылык турмушуна арызданышып, эгин тебелегенин да куу турмушка шылташты. Үй салганга толтура акча-каражат керек экенин билишпейби? Же кой терисин жамынган бөрүлөрбү? Шаарда ондогон жылдардан бери иштеп, квартиралап, өз кезегин күтүп тургандар жерсиз, үйсүз өтүшү керекпи? Силерден башка карапайым кыргыздар жоктой мамилеңерди токтоткула. Бул маселе көп айтылбай калса эле силерди эч ким байкабайт деп ойлобогула. Шаардык кыргыз.
П-363. Светтин бир жарым сом болгонунан да жылуулуктун миң сомго кымбаттаганы оор болгон. Эми жарык 0,75 тыйынга кайтты, бирок жылуулук мурунку 500 сом баасына эмес, 700 сомго эле түштү. Муну байкандар барбы? Баары бир эле кымбат. Кубат.
П-364. Атамбаев убада кылган солярка жок Жети-Өгүздүктөр Кумтөрдүн солярка ташыган машинесин токтотуп, тоноп алышыптыр. Бирок, түшүм алганда баасын кайта чыгарып беребиз деп убада беришкен имиш. Ушуга чейин жеткирген убактылуу өкмөт эмитеден эле ишке жарабай калганын көрсөттү. Же айтылган күйүүчү майды бирөө кымбат баада сатууну көздөп жатабы? Асанкайгы.
П-365. Өлкөдө позитив таптакыр түгөт болгондой. Турмуш кунарсыз, тузу жок тамактай. Көр пендечилик менен алпурушуп, бул жазды да бийликке курмандыкка чалдык. Элди жакшылыкка сүрөй алган эр-азаматтар кайдасыңар? Мен силерге кошулмакмын. Алтынай.
П-366. Айылдан келип бир айдан бери шаарда жүргөндөр деги самынды тааныйсыңарбы? Көчөдө какырып-түкүргөндү үйүңөргө таштап келбейт белеңер, силердин кандай ооруларыңар бар ким билет… Анан да жакшы кийинген адамдар өтүп баратса эле өлгөн бука көздөнүп карайсыңар да, начар турмушка ошолор жеткиргенсип. Өзүңөрдү таза, сыпайы алып жүргөндү үйрөнгүлө. Нурчик.
П-367. Ибрагим Жунусовду өз ордуна коюп бергиле. Ал Каркыра ж.б. сатыкка каршы чыккан деген талаптарды коюп жатышпайбы. Ошондо ким каршы, ким макул экенин гезиттер жазып чыккан. Ибрагим Жунусов дайыма эле "отсутствовал" болуп турчу. Өзүн жаман көрстөпөс үчүн ушундай жагдай түзүп алган. Окурман.
П-368. 20 жылдан бери оппозиция, оппозиция деп жүрүп араң оппозициядан убактылуу өкмөткө өткөндө эми кызматка таарынгандар (баарыңарга кызмат жетпейт) оппозицияга чыга калбай убактылуу өкмөткө жардам берип эл үчүн иштеп койгула! Негизи оппозиция керек, бирок азыркы мезгилде эмес. Дүйшөн.
П-369. Милициянын подполковниги улуу урматтуу Боргулов Руслан мырзаны Токмок начальник милициясы болушу менен куттуктайм. Жакшылыктардын баарын каалаймын. Урматуу Руслан мырза, артыкча ак жеринен кармалган карапайым калкка кара кылды как жарган калыс болсоңор Токмок шаары Орто Азия жана Казакстан боюнча арзанчылык, ток анан көз тийбесин, тынч шаар. Жанагы төңкөрүш ушу менен чыгып кетсин, суу менен кетсин. Урматтуу Руслан мырза жооптуу жана тынчы жок кызматыңарга чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Р.К.Дада.
П-370. Ак үйдүн алдында сүрөтү жок экен. Бирок жазылып турат: "Баатыр кыз Темирбек кызы Айнура" деп. Туулган жылы жазылбаптыр. Каза болгону 07.04.10 деп турат. Көрсө, кыз-келиндер да каза болгон турбайбы. Ал жөнүндө эмнеге таптакыр маалымат жок. Ал деле чындык издеп барды да. Убактылуу өкмөт ушуга көңүл бөлсө. Окурман.
П-371. Жанагы жан алгыч К.Бакиев деген неме Жалал-Абадда жатып алып арактан ошебке ашап жатып үшүп, шишип кетиптир. Деги эле Бакиевде бет деген жок экен. Уялбай кантип менде күнөө жок деп акиташтан ак болуп жатат. Андан дагы таламандын так түшүндө качып кеткенине таңгалып, тарс жыгылып жатабыз. Р.К.Дада.
П-372. 28-апрелде (2010-ж.) Адахан Мадумаров "Азаттыкка" катышты. Ошондо "телевизорду койсом бир каналда боздоп жатышат, бир каналга бурасам кошок айтып жатышат. Ысыгыраак чай иче албай калдым" деди. Күйөөсүн, баласын, инисин, байкесин, жалгызын, небересин жоготуп атышса сыздап-боздошот да. Ошолорго ысык чай жүрөгүнө басып атабы? Ушул акыбалга алып келген Мадумаровдун да салымы чоң. Уялбай Бакиев менен баласы жөнүндө айтып кызыл чеке болуп талашкандан кийин кеткем дейт. Спикердиктен кеткенден кийин биротоло кетип калбайбы. Баекова, Сыдыковалар конституцияны бурмалаган дешсе, антпесе жыга чабышмак дейт. Жыга чаптырбай жумушун таштап кетип калышпайбы. Бакиевди жамандабайлы дейт. Жаныштан жүрөгү түшүп жатат да. Адахан шишип-көөп кайсы бети менен чыкты. Окурман.
П-373. Улуу Атам мекендик согуштун 65 жылдыгына арналат: "Биздин да үлүшүбүз болсо керек" Эсимде жети-сегиз жашар кезим,/Ууздай аппай гана таза сезим./ Аталар аттанышып согушууга,/ Апалар соку айдаган жаштап көзүн./ Нан аттуу кайдан болсун үкөк толгон,/ Талкан да ал учурда тартыш болгон./ "Бардыгы согуш үчүн!" деген ураан,/ Чоңго да, балдарга да максат койгон./ Үрөпөйүп баарыбыздын кебетебиз,/ Муңайып сабак берген эжекебиз./ Атаңар келет, силер жалкоо болбой,/ Кол кабыш кылгыла дейт жасап бир иш./ Деп айтып чала-була сабак берип,/ Бүттү деп жакыныраак басып кетип./ Баарыңар барасыңар талаа жакка,/ Келебиз азык үчүн машак терип./ Жөжөдөй эжебизди ээрчип келип, / Кирбиңдеп күн ысыкта машак терип./ Атабыз келет экен деп сүйүнүп,/ Биз терген данды жесе жоону жеңип./ Ойго да келбей калган оюн деген,/ Кийин да кайдан болсун анда кенен./ Чогулуп талаа жакка чуркаар элек./ Чоң ишти бүтүрчүдөй сезим менен./ Ошентип бала кезде машак терип,/ Азык деп аталарга жыйнаар элек./ Акыры жеңиш болду жоо жеңгенге,/ Биздин да үлүшүбүз болсо керек. Батмакан Алымбекова, Бишкек
П-374. Убагында добулдан качкан эчкидей болушуп керт баштарын, үй-бүлөсүн, байлыгын сакташ үчүн чет элге кеткендер, кылактап келе баштадыңар го. Келмек турсун бийликке илээшип элге акыл айта баштадыңар. Кыргыз аз элбиз, баары билинип турат. Уят деген улуу нерсе. Келдибек байке.
П-375. Мамкаттоо кызматынын начальниги Алмамбет Шыкмаматов, алды менен Кыргызстандагы госрегистрлерди 100% жумуштарынан шыпыр. Орун алмаштырган оюнуңду токтот. Өзгөчө Көл калаасындагы госрегистрлердин кылык-жоруктары алдагы чачыңды түшүрөт. Калыс болбосоң бул жумуш деле сага жакшылык алып келбейт. Беккелди.
П-376. Беларусь президенти Лукашенко уулу менен Кыргызстанга келгенде чучукту аябай жактырып жеген дешет. Ошол чучуктун кусуру уруп, тамагыңарга тыгылып калсын. Шейит кеткен азаматтарыбыздын арбактары Бакиев экөөңөрдү уктатпай, жарым саатта бир чочутуп ойготуп турсун. Беккелди.
П-377. Акаев келет экен, келгени жатыптыр деп эле жатасыңар. Мейли, келсин. Өзү, аялы, баласы, кызы болуп көрүнөө-көмүскө Кыргызстандан алып кеткен 1 млрд. долларды 1 центине чейин коротпой ала келишип Жогорку соттун короосуна түшүшсүн. Мөкүш аке.
Даярдаган
Гүлжан ИЛИЯЗОВА