07.05.10 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Чыйкан

Оңолбос кыргыздар, "лидерлер" жана куру убадалар

Буга чейин шаардын көпчүлүк аймактарындагы жер басып алуулар тууралуу жазган элек. Андан бери жыйырма күн өтсө да мындай "захваттар" басаңдабай келет. Жер чырынан Маевка айылындагы беш адамдын өлүмү деле элди ойлондурбагандай. 7-апрель окуясынан соң чоочуркап турушабы, айтор, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, жер ээлери баскынчыларга даап бара албай турушат. Жакында убактылуу өкмөт төрайымынын биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаев жери, үйү жок, жерге өтө муктаждарга гана берилерин билдирди. Анын айтымында, 2005-жылы жыйырмадан жер участокторун алгандар болгон. Эми мындайга жол берилбейт. Мыйзамсыз жер баскандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Бирок, убактылуу өкмөттүн мындай билдирүүсү баскынчыларга таасир деле бербептир. Кайсы жерге барба топ-топ болуп чогулушуп, топ башыларын шайлап, жер бөлүштүрүп жүргөндөр. Ар бир топ башы өзү бий, өзү хан. Апрель окуясынан кийин Тунгуч кичирайонунун жанындагы "Рухий мурас" жаңы конушунун этегиндеги 194 гектар жерди алууга миңдеген адамдар чогулган. Башка басып алуучулардан айырмаланып, бул жердегилер жерди тебелеп-тепсеп басып алышпай, жердин бир бурчунда чогулуп турушат. Убактылуу өкмөт тарабынан дайындалган Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сагынбек Абдрахманов элге бул жерди чечип берүү убадасын берген. Ага ишенген адамдар учурда күнү-түнү палатка, машинелерде түнөп, "келечектеги менчиктерин" кайтарып жатышат. Ал жердегилердин айтымында, жерди трансформациялатууга деп ар бир "участок ээсинен" 150 сомдон чогултулган.
Мындан сырткары, Көк-Жар жаңы конушунун жогору жагындагы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасындагы 196 гектар жерди да учурда эл басып алган. Ал жер экиге бөлүнүп, күн чыгыш жагын кезинде Анвар Алдековго алдангандар, күн батыш тарабын башка жактан топтошуп келгендер басып алышыптыр. Бул жердегилердин көбүн 20-30 жаштагы жигиттер, орто жаштагы аялдар түзөт. Бир айдан бери жер ээлери келбегендиктен, басып алгандар чекесинен шагыл, таш түшүрө башташкан. "Жердин ээлери келсе эмдигиче келмек. Мэрия, убактылуу өкмөттөн да келип чечип бербей коюшту. Шагылды деги түшүрүп алдык. Эми келишсе, таш менен койгуласак да жерибизди бербейбиз" дейт жер участокторун тегерете казып алышкандар. Бул жердегилер Молдомуса Конгантиевге тиешелүү коргондолгон 50 сотыхтай жерди да бөлүштүрүп алышыптыр.
Ал эми өткөндө кеп кылган Кара-Жыгач жаңы конушунун жогору жагындагы 74 гектар жерди басып алгандардын бир бөлүгү боз үй тигип, ичинде топ башылар документ топтой башташыптыр. Буга биртоп мурда элге жолуккан Өмүрбек Текебаевдин жерди чечип берем убадасы себепчи болгон. Топ башылардын документтерин чогултуп, өзүн-өзү штаб башчысы дайындаган Айнура аттуу айым "лидер" болуп алган. Андан башка Назгүл аттуу лидер "жаштардын коомун түзүп, өкмөткө кайрылып жерди мыйзамдуу түрдө алабыз" деп үгүттөп жүрөт. Эки лидерди тыңдаган элдин эси эки анжы. Ал жердегилердин айтымына ишенсек, бул жердин күн чыгыш жагында жерге деп эки "лидер" 5 миң сомдон чогултуп, көп өтпөй кармалып кетиптир. Жер басып алуучуларды аралап жүрүп, элди алдап жакында 16 жылга эркинен ажыраган Анвар Алдековдун "кесиптеши", мугалим Роза Токтоматова да ал жерде экенин билдик. Көрсө, ал бир кезде карыз болуп калган адамдарын уюштуруп, жер алып калуу максатында жүгүрүп жүрүптүр. "Жер үлүшүнүн" жанына кымбат баалуу машинесин токтотуп коюп, таш, ылайдан пайдубал түптөп жаткан жигитти кезиктирдик. Көп жылдан бери жер ала албай кыйналганбы, же мындай жол менен жер басып алууну жакшы өздөштүргөнбү, айтор, оозун толтура орусча сөгүнүп алды. Аттигиниң, ушул алакөөдөн казак, кытай, өзбектерге кыргыз жери өтүп жатканда ушинтип чегарага чукул жерге там салса кана! Кыскасы, башка жерлерден айырмаланып 74 гектарда байы, кедейи, акылдуусу да, акмагы да, сабырдуусу да, каны суюгу да бар экенине күбө болдук.
Жакында үч-төрт машине күйүп, жол тосулуп, адамдар каза болгон Маевка айылынын төмөн жагындагы жерлерди түрктөр баскынчылардан күзгө чейин арачалап калышты. Бирок, буга карабай күн алыстан "өз менчиктерин" көзөмөлдөп коюш үчүн адамдар ал жердеги төрт кошконго чогула калып жатышат. Чогулгандардын айтымында, жер ээлери күзүндө баскынчылар жердин акчасын чыгарып беришсе, аларга өткөрүп берерин билдиришиптир. Бейтааныш аял күзүндө төрт сотых жер үчүн ар бир киши 500 доллардан чыгармай болушканын да божурап жиберди. Жуманын шейшемби күнү да Маевка айылынын төмөн жагына миңдеген адамдар чогулуп, милиция кызматкерлеринин жардамы менен таратылды.
Ал ортодо убактылуу бийлик Тунгуч кичирайонуна көп кабаттуу үч үйдүн курулушун баштап жиберди. Бул жерден үй алгысы келгендер толук бүтпөгөн бир бөлмөлүү үйгө 12 миң доллар төлөшү керек. Эгер даяр үйгө кирем десе 20 миң доллар. Баштапкы төлөм 7500 доллар, бүткөндөн кийин калганын карматышың керек. Эгер эки бөлмөлүү даяр үйгө кирем десең курулуш фирмасына 30,5 миң жашылды санап беришиң керек. Баштапкы төлөм 9 миң доллар. А үч бөлмөлүү үй 46 миң доллар турат. Баштапкы төлөм 14 миң доллар. Көрүнүп тургандай карапайым жер басуучулар мындай сумманы таба албайт. Кайра эле бул үйлөрдү капчыктуулар алат. Бул жагынан алганда жер басып алып жаткандар аргасыз ушундай ишке барып жатканына көз жетет. Анткени 5 миң долларга алар заңгыраган үй тургузуп алышары турган иш.

Мелис СОВЕТ уулу




  Оңго барсаң өзүң, солго барсаң атың...

Багы ачылбаган Башмыйзам, же ал үч партияга жазылганбы?
Жакында 75 кишиден турган конституциялык кеңешме түзүлдү. Бул кеңешме кечирээк чакырылып, өтө тез убакыттын ичинде чогулгандыктан ага катышалы деген атайын адистер, саясый партиялар кирбей калган. 75 кишинин тизмесин карап көрсөңүз, анын алтымышы таптакыр тааныш эмес ысым. Беш кишиси мыйзам жазууга тиешеси жок жерлерде иштеген тележурналист же молдо. Учурда ушундан улам Башмыйзамдын бапыраган жаңы долбоорлору чыгып, убактылуу өкмөт сунуштаган долбоорго сын көп айтылууда.

"Кечээ эле демократпыз, бардыгына тең укуктуу болобуз дегендер бир вариантты алып чыгып, бүткүл элге таңуулап атышат. Бул - биринчиден. Экинчиден, булар 17-июлда референдум өтөт, 10-октябрда шайлоо болот деп чечип койду. Референдум өтпөй калса эмне болот? Бул маселелерди тактап карап чыгыш керек эле. Негизи, бүт дүйнө жүзүндөгүдөй Конституция так, кыска, бир рамкада жакшынакай кылып чечилиш керек" дешет жергиликтүү серепчилер.
"Учурдагы Конституциянын долбоору азыр бийликте турган үч партияга ылайыкташтырылып жазылып калгандай көрүнүп атат. Чийки деп айтсак да болот. Себеби премьер-министрди көрсөтүүдө президент ар бир фракцияга үч жолу мүмкүнчүлүк берип жатат. Ал эми фракциянын өзү кайсы негизде түзүлөт? Мисалы, Батыш мамлекеттеринде 10-15 же 18 кишиден деп чектелип коюлган. Анан үч киши келип фракция түзүп алса, үч киши парламентке өтүп калса кандай болот? Ошол учурлар каралган эмес, чийки. Жоопкерчилиги жок болуп калат деп айтуу кыйын. Бирок бул долбоордун дагы бир жаман жери, президент да, премьер-министр да, спикер да бир партиядан болуп калышы мүмкүн. Эгер андай болуп калса, анда Бакиевдин системасынан эч айырмасы жок болуп калат" дейт саясат таануучу Табылды Акеров "Азаттык" үналгысында болгон талкууда.
Талаш болуп жаткан маселелер негизинен дагы эле бийлик бөлүштүрүү көйгөйү. Убактылуу өкмөт жаңы долбоорду парламенттик башкаруу деп мүнөздөшкөн. Бирок аны көпчүлүк саясый ишмерлер президенттик-парламенттик аралаш система катары баалашууда. Алардын пикири боюнча мында парламенттик башкарууга ылайыкталды деп коюлганы менен президент, аткаруу бийлиги калган. Сот бийлиги дагы эле бийликтин жогорку бутактарына көз каранды. Мында Жогорку Кеңеш курамынын 50 пайыздан көбү бир партиядан келе турган механизмдер бар. Башкача айтканда, баягы эле "Ак жолду" эми "Ата мекен" же КСДП алмаштырып, ал партия парламентти да, аткаруу бийлигин да, президентти да, сот системасын да башкарып калат. Парламенттин укугу күчөтүлгөн, бирок бир дагы жоопкерчилиги жок. Атургай жаңы долбоордо президенттин да, өкмөттүн дагы жоопкерчилиги жазылган эмес. Мындан улам буга чейин Кыргызстанды бир гана президенттин үй-бүлөсү талап-тоносо, эми депутатынан баштап жалпы жонунан миңдей чиновник үй-бүлөсү, таяке-жээни менен кайрадан кайран элди карып кылабы деген коркунуч бар.
Ал эми жаштардын "Илбирс" кыймылын жаңы долбоордогу үч жагдай кыжалат кылат. Алар төмөнкүлөр: биринчиси, долбоордун төртүнчү беренесинде жердин жеке менчикке берилери тууралуу айтылат. Кыргыз Республикасында жер жана анын кен байлыктары мамлекеттин түбөлүк менчиги бойдон калышы керек. Экинчиси, бешинчи беренеде кыргыз тили мамлекеттик тил экендиги айтылып, ошол эле берененин экинчи пунктунда баштагыдай эле орус тили расмий тил катары колдонулары жазылган. Буга биз караманча каршыбыз. Үчүнчүсү, биз Башмыйзамдагы президент институтун алып таштоону сунуш кылабыз. Кыргызстан мындан ары президент жок жашасын деген ойдобуз. Өткөн жыйырма жыл ичинде президенттин кандай болоруна көзүбүз жетти" деген сунушун айтат аталган кыймыл.
Убактылуу өкмөт сунуштаган Башмыйзамдын жаңы долбоору Кыргызстанга демократия жаңыдан тамыр жая баштаган чакта кабыл алынган 1993-жылкы Конституциянын сегизинчи жолу өзгөрүшү. Тунгуч Башмыйзам бийликти бир колго топтоо аракети менен жыл айланбай бузула баштаган эле. Президенттик башкарууну кеңейтүүнүн айынан эки ирет эл көчөгө чыгып, өлкө эки жолу чабылып-чачылып, акыркысы канчаларды кан жуткурду. Ачыгын айтканда, азыркы кысталыш учурда Башмыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу да, кабыл албай коюу да опурталдуу. Чындыгында убактылуу өкмөт элди кыйын учурга такап койду. Эгер Башмыйзамды кабыл албасак, укуктук талаага келалбайбыз. Ушул долбоорду эле эптеп кабыл алып койсок, анда шашылыш, чала бүткөн иш өлкөнү дагы бир туңгуюукка такачудай. Андыктан убактылуу өкмөт өзүнүн шашылыш түзүлгөн Кониституциялык кеңешинин эле сөзүн угуп, өздөрүнүкүн туура дей бербей эл пикирин эске алса. Мүмкүн элдик референдумга Башмыйзамдын эки-үч долбоору коюлар.

Зайырбек АЖЫМАТОВ