Бар бололу

Элдин назары биз үчүн бийик

Урматтуу окурмандар, "Агымдын" күйөрмандары, адегенде сиздерге эскертпей эс алууга кокусунан кетип калганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Шарт, жагдай ушундай болуп калды. Акыркы кездерде өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн капшабы бизге да түздөн-түз тийди.
Биринчиден, "Агымдын" кожоюндары алмашты. Анда иштеген журналисттердин биринин да кожоюн жана гезиттин акциясы маселелерине тиешеси жок. Биздин табият берген көрөңгөбүз, алган билимибиз журналистикага байланыштуу болгондуктан, иштегенге мүмкүнчүлүк болгон редакцияда иштеп келдик, мындан ары да иштей бермекчибиз. Гезиттин кожоюн, акция маселелерин андагылар да, азыркы убактылуу өкмөттөгүлөр да абдан жакшы билишет. Ошо билгени үчүн алар да каалагандай таасир эткиси келишти… Анан калса "Агымды" "Агым" кылган айтылуу Мелис Эшимканов экендиги эч кимдин эсинен чыга элек болсо керек.
Экинчиден, мындан ары жаңырып чыга турган "Жаңы Агым" гезитинде "Агымдын" редакция жамааты толугу менен калып иштөөнү чечти. Редакция жамааты эс алууга кеткенде "досторубуз" чыгарган не деген гана ушак-айыңдарды укпадык. "Досторго" берер жооп мындай, силердин бизге болгон мамилеңер кандай болбосун, "Жаңы Агым" мындан ары чыга берет. Биз үчүн эң негизгиси - окурмандардын ишеними.
Үчүнчүдөн, "Жаңы Агымдын" позициясы центристтик, башкача айтканда, калыстыкты туу туткан боюнча калат. Гезит бардык саясый партияларга, кыймылдарга, бейөкмөт уюмдарга жана башка бардык коомдук жана мамлекеттик уюмдарга бирдей мамиле кылат. Биз үчүн жөнөкөй адамдын турмушу, мекендештерибиздин көйгөйү башкы орунда. Өлкөбүздө болуп жаткан окуялар тууралуу анык маалымат берүүнү башкы милдетибиз деп түшүнөбүз. Албетте, президент Роза Отунбаева башында турган бийликтин адилет, калыс иштерин колдойбуз. Алар бийликти колго алганда өлкөнүн өнүгүүсү үчүн сөз эркиндиги эң башкы курал экенин, аны дайыма туу тутууга эл алдында катуу убада бергенин унутушпаса дейбиз.
Бирок өлкөнүн тынчтыгы, мындан аркы жашоонун оң жолго түшүүсү үчүн аракет кылгандай болуп жаткан азыркы бийликтин ишине ич жылыбайт. Акыркы кезде убактылуу өкмөт ушуну туура кылды деген адамды кезиктирүү мүмкүн болбой калды. Референдумдун тынч өткөнүнүн негизги себеби - убактылуу өкмөттүн же Конституциянын мыктылыгынан эмес, элдин кандай гана болбосун стабилдүүлүктү каалаганынан болгонун көрүп турабыз. Негизги баталия али алдыда, себеби 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоодон кийин парламенттен орун жетпей калган партиялар шайлоого катышканына ыраазы болуп гана каларына эч кимдин көзү жетпейт. Азыркы бийликтин андан аркы жашоосу ушуга гана байланыштуу экени ушу тапта балага да дайын болуп турат.
Роза Отунбаеванын азыркыдай шартта президент болгону аял катары уникалдуу көрүнүш, бирок мындан башка мактана турган эч нерсе жок. Кептин баары ал чыныгы президент боло алабы, же телеэкрандагы картинка боюнча гана кала береби, ушунда.
Бийликтеги адамдар келет-кетет, бир гана биз таянган коомчулук, окурмандарыбыз гана биздин ишеничтин туруктуу булагы экени маанилүү. Ошондуктан мурдагыдай эле кат жазгыла, кабарлашкыла, күтөбүз.

РЕДАКЦИЯ




PDF формат