![]() |
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Өнөртөр Борбордогу Т.Сат ылганов атындагы улуттук филармония улуттук маданиятыбыздын туу чокусу. Бирок, кийинки жылдары анда иштеген атагы таш жарган өнөрпоздор эл аралап чыкпай, эмнегедир басаңдай түшкөн эле. Жакында бул куттуу жердин жетекчилигине айтылуу төкмө акын, КР эл артисти Замирбек ҮСӨНБАЕВ дайындалган. Ага жолугуп алдыдагы ой-максаттарын билип кайттык. Элди сагынган элдик филармония - Замирбек агай, ордуңуз кут болсун. Сиз өмүр бою ушул филармонияда иштеп келатасыз. Анын ой-чуңкурун сизден жакшы билген чыгармачыл инсан жок болсо керек? - Филармонияга жетекчи болуп келишим элдин талабы болду. Бул маселе көп жылдан бери айтылып жүргөн. Буга чейин мага мамлекеттик кызматка аралаш, атүгүл министр бол деген сунуштар көп түшкөн. Бирок, ага анчалык деле көңүлдөнбөгөм. Жылда эле ушул маселени көтөрүп, атүгүл президентке чейин барышкан. Бирок, ошол кездеги бийлик элдин талабын аткарган эмес. Филармонияда жалпысынан 300гө жакын адам болсо, алардын эки жүзү чыгармачыл кызматкерлер. Ошолордун баарын беш колдой билем, мени менен чогуу иштеп баштагандардан үч-төрт эле киши калдык. Менден улуураактары да бар. Калгандарынын баары көз алдымда өсүп, элге таанылып, наам алышкан белгилүү таланттар. Филармония улуттук өнөрдүн ордосу катары өз милдетин толук аткарбай келатканын мурда эле ойлоп жүрчүмүн. Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, кыргыздын нукура өнөрүн филармониянын өнөрпоздору таанытат эмеспи. Филармониянын кыйла мезгилден бери аткарып келаткан, ортодо көңүл бурулбай басаңдап кеткен маданий жүгүн кайрадан жандандырууну колго алайын дедим. Экинчиден, элди аралап, өнөрпоздорду гастролго алып чыгуу. Кыргыздын улуттук филармониясы кайсы мезгил болбосун эл арасында болгон гастролдук мекеме. Бирок, он беш жылдан бери элден оолактап калган. Мунун жалпы маданиятыбызга кедергиси тийбей койгон жок. Илгери биз элди аралап, гастролго чыкканда акындар насаат айтчу, кемчиликтер болсо сындачу, элдин намысын, демин козгогон дастандар айтылчу. Куудулдар элди күлдүрүп, санат ырлар ырдалчу. Ошонун баары элге таасирин тийгизчү. Азыр ушуну жандандырсак деген тилек болуп атат. - Мурда филармонияга тиешеси жок адамдар дайындалып келген деп айтышат… - Жакында филармониянын уюшулганына 65 жыл толот. Ушунча жылдын ичинде филармонияда иштеген таланттардын ичинен бир да жетекчи болбоптур. Чыгармачыл адамдар жетектеген, бирок баары эле башка жактан келишкен. Мисалы, партиянын учурунда тиешеси жок кызматкерлерди алып келип иштетип коюшчу. Кийин деле ошондой кырдаал кайталанган. Акыркы он жыл ичинде К.Турапов жетектеп келди, ал өзү опералык, классикалык музыкага жакын ырчы. Муну да алып келип иштетип койгон. Ошондуктан филармониянын чыгармачылык тобу бизди билген, түшүнгөн, колдой турган адам керек деген талап коюшту. Бул жерге акча таба турган жакшы менеджер келсин деген да сөздөр айтылыптыр. Азыркы жетекчилер элдин талабын туура түшүндү окшойт, көп талапкерлердин арасынан өзүңөрдө иштеген экен деп мени дайындашты. - Ишти эмнеден баштадыңыз? - Менин өмүр-баяным менен анча маалыматы жоктор, бул эми акын болсо, филармонияны кантип башкарат деп ойлошуптур. Менин эки дипломум бар, университеттин тил жана адабият факультетин аяктагам. Андан кийин партиялык окуу жайды бүткөм. Шаарда өсүп, 10-классты орусча мектептен аяктагам. Бирок, кеп анда деле эмес. Эң негизгиси келген жетекчи артисттер менен сүйлөшүп, алардын ахыбалын сураш керек. Мурункулар ушундан аксачу. Жетекчинин өнөрпоздор менен иши болбой, мен директормун деп бой көтөргөнү туура эмес. Өнөр адамдарынын көңүлү назик болот. Филармония чоң мекеме, ошол эле учурда мамлекеттен каржыланып, өзүбүз да каражат табабыз. Ушунун баарынын эсеп-кысабын алып, жөнгө салып, кайсы каражат кайда кетип атканын текшерип, мындан ары өзүбүз тапкандардан, андан тышкары өзүмдүн аброюмду салып акча таап, артисттердин айлык маянасын жогорулатсам деп жатам. Мага филармониянын бардык жагы тааныш. Имарат курулганда кышын куйбасак да ушул жерде кол кабыш кылып иштегенбиз. Мен үчүн бул мекеме ыйык. Анткени мында иштеп кеткен аталарыбыз биз сахнага чыкканда карап тургандай туюлат. Улуу адамдар түптөп кеткен көркөм өнөрдүн сарайы. - Мындан үч-төрт жыл мурун ШОС өтөт деп, филармонияда ремонт иштери жүргүзүлдү эле. Бирок, арадан көп өтпөй имараттын плиткалары талкаланып аткан экен… - Ошол кезде ремонт иштери жүргүзүлгөн. Азыр имараттын кайсыл жеринде кандай ремонт болгону тууралуу эсеп-кысабын алып атабыз. Учурунда миллиондогон каражат бөлүнүптүр. Бирок, ремонттолгону менен биртоп нерсе жасалбай калыптыр. Артисттердин кийинип, кооздонуп чыгышына даярдана турган бөлмөлөрүн кайра оңдотолу деп атабыз. Бул өңдүү чалагайым бүткөрүлгөн иштер толтура. - Филармонияга сырттан келип концерт койгондор ижара акысын ар кандай суммада төлөчүбүз дешчү… - Мага да ушундай маалыматтар айтылган. Бул эми документсиз болгондуктан далилдеш кыйын. Ижарага берилгенде нааразычылыктар көп болгон. Биз азыр эң жогорку жана эң төмөнкү чегине атайын бир сумманы даярдап атабыз. Өнөрпоздордун жана майрам өткөрө турган мекемелердин ижара акысы ачык-айкын болушу шарт. - Мурда филармонияга концерт же оюн-зоок өткөрүш үчүн чектөө коюлган эле. Азыр бул жагы кандай болот? - Элдин көпчүлүгү бул жерде концерт болсо эле, ал филармониянын өнөрпоздорунуку деп түшүнүшөт экен. Ошондуктан коюла турган концерттин сапатын карайбыз. Филармония элдик өнөрдүн борбору. Андыктан этияттап, имаратты сактаганга аракет кылабыз. - Жылдын аягына чейин кайсыл ишти аткарсам деген максатыңыз бар? - Сезонду ачканда жаңыча концерт берсекпи деп атам. Бизде бардык күч бар. Экинчиден, элди аралап чыга баштасакпы дейбиз. Казак туугандар менен мамилебизди оңдосок, аларга барып, алар бизге келип мурдагыдай тажрыйба бөлүшсөк деген тилектемин. - Эл аралап гастролго чыксакпы деп атасыз. Учурда элде акча тартыш. Концертке аз келип калбайбы… - Филармония иштеп турганда Улуу Ата мекендик согуштун учурунда да гастрол тыйылбаптыр. Ошондогу абдан татаал, кыйын мезгилде да элдин көңүлүн көтөрүп, эл аралаптыр. Эми ал мезгилге караганда азыр кудайга шүгүр го. Элге да көп кыйынчылык келтирбей тургандай иш алпарсакпы дейбиз. - Жетекчилик менен алпурушуп жүрүп, жеке чыгармачылыгыңыз унутта калбайбы? - Жок, мен эч качан чыгармачылыгымды таштабайм. Анткени, чыгармачылык аркылуу Замирбек болуп элге таанылдым. Көнүп, каныма сиңип калган комузумду күнүгө бир саат кылдырата чертип, үйдө ырдап алам. Чыгармачылыгым эч убакта экинчи планга калбайт. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, 38-67-13
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||