![]() |
|
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Ынтымак жок жерден ырыс качат "Абдрасуловага эмнеге кысым болбойт да, Төлөйканга эле кысым болот?"Түштүк окуясынын түтүнү азыркыга чейин айрымдардын каңылжаарын жарып, жан дүйнөсүн жаралап турган кез. Бири окуяны көрбөй айтса, бири көрүп айтып, коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып келатат. Окуя болгондон кийин түштүктү кыдырып келген эл аралык "Интербилим" борборунун директору Асия САСЫКБАЕВА буларды айтып берди. - Асия айым, айрым бейөкмөт уюмдар түштүктөгү башаламандыкта бийлик тарабынан да одоно мыйзам бузуулар болгонун айтып чыгышты. Бул боюнча эмне айта аласыз? - Мыйзамсыздык боюнча эч нерсе айта албайм. Биз түштүккө кыргыз-өзбек мамилесин элдик дипломатиянын жардамы менен жумшартуу, эки элди жакындатуу максаты менен барганбыз. Өзбектер менен да, кыргыздар менен да сүйлөштүк. Кара-Суудан Барак анклавынан жабыр тартып келген кыргыздарга жолуктук. Эркектери үй-оокатын карап калып, аялдар, балдар ал жактан качып чыгышыптыр. Алар жыйырма жылдан бери Барак анклавын Кыргызстандын жери деп жашап келишкенин, ал жерде кыздарын күйөөгө берип, келин ала албай келатышканын билдиришти. Алардын айтымында, анклавдын ичинде жашаган жүздөй үй-бүлө Кыргызстанга күнүнө төрт саатка гана чыга алышат экен. "Анклав ичинде жашоо кыйын, мамлекет бизди көчүрүп кетсе болот эле" дешет алар. Бул маселе боюнча өкмөт тез арада чара көрбөсө болбойт. - Эки элдин азыркы мамилелери кандай экен? - Өзбек-кыргыздын жараша турган ойлору бар. Бирок, дагы деле бири-биринен коркушарын жашырышкан жок. Биз кетерде кыргыз-өзбек дебей аралаш базарларга агылып жатканын байкадык. - Кайсы тараптан көп өлүм болгонун анализдей алдыңыздарбы? - Менимче, азыр бул маселени козгоонун кажети жок. Жалпысынан эки тарап тең чоң жоготууларга учурады. Башкача айтканда, мамлекет чагымчылдарга уттуруп жиберди. Бирөөлөрдүн тилине кирип эки улут ушул акыбалга жетти. Ошондуктан кайсы тарап көп жабыр тартты эмес, эмне үчүн эки эл ушуга жол берди, бири-бирине каршы болушту деген суроону коюш керек. Билишимче, бул касташуу жакырчылыктан, жаштар арасындагы жумушсуздуктун көптүгүнөн келип чыккан. Жыйырма жыл ичинде биз билимсиз, кайдыгер жаштарды өстүрдүк. Алардын жеткиликтүү билим алышына, өсүп-өнүгүшүнө мамлекет тарабынан шарт түзүлгөн жок. Анын үстүнө мамчиновниктердин, милициянын элге болгон мамилеси орой болду. Эки режимдин ортосунда айрымдар мекен жарандыгын, атуулдугун сезбей, чагымчылдардын сөзүнө кирип кыргын болуп кетти. Бул жаракат көпкө айыкпайт. Өлкөбүздү бул жаракаттан айыктырыш үчүн бардык күч-аракетти жумшообуз зарыл. - Жакында "Интербилимдин" мобилдүү тобу түштүктө болуп, ал жакта кырдаал дагы эле курч экенин билдиришти. Чөнтөк телефондор аркылуу түрдүү маалымат тарап жатыптыр… - Ооба, түштүктө чагымчылдар дагы деле ар кандай имиштерди таратышып, элди дүрбөтүп, чыңалууну күчөтүп жатышат. Азыр эки элдин ортосунда чоң жаракат пайда болду. Бул айыгып, туруктуулук орнош үчүн убакыт керек. Референдумдан кийин өлкө толук туруктуу болбосо да, мыйзамдуу жүзгө, эл аралык деңгээлде сүйлөшө ала турган президентке ээ болду. Бирок, муну менен эл ичи тынчыды деп айтууга болбойт. Жаракат айыкмайынча ар кандай чагымдар боло бериши мүмкүн. Алдыда парламенттик шайлоо турат. Өкүнүчтүүсү, азыр айрым белдүү саясатчылар мамлекетке жардам берүүнүн ордуна ар кандай оюндарды ойноп жатышат. Мурунку мамлекеттик аткаминерлер, "Ак-Жол" партиясынын мүчөлөрү башка партияларды түзүп алышып, кыргыз элин, ошол эле элдик казынадан уурдалган каражаттарды өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат. - Түштүк трагедиясына кримчөйрөнүн, айрым мамчиновниктердин тиешеси бар деген маалыматтар бар. Бул боюнча эмне айта аласыз? - Ооба, бул окуяда криминал негизги ролду ойноду. Эски бийлик криминалды ачык эле өзүнө пайдаланды. Максим Бакиевдин беш жүз "отморозок" дегени эле эмнени айтып турат. "Отморозокту" адам эмес жырткыч деп койсок болот. Эски бийликтин убагында мамчиновниктер да криминалдын криминалына айланып кетишкени жашыруун эмес. Учурда УКК, милиция эмнеге аларды кармабай жатканы түшүнүксүз. Ошентсе да эл алардын аты-жөнүн жакшы билет. - Бизге түштүк трагедиясына ошол эле прокуратуранын, укук коргоо кызматкерлеринин "салымы" бар дегендер бар… - Албетте, бар. Петровка окуясында канча аралашып жүрдүм. Ошондо прокурорлор ачык эле көз жумдулук кылып, күнөөсүздөргө иш козгоп, элди кыйнабадыбы. Мен жергиликтүү прокуратуралардын бул ишке тиешеси бар деп жүз пайыз ишенимдүү айта алам. Азыр алар дагы эле орундарында отурушат. Ошондуктан элди эзген, кыйнаган сот, прокурорлорду эртерээк кызматынан алып, укук коргоо тармагын тазалашыбыз керек. Бирок алардын арасында дагы таза, ак кызмат кылгандар бар. Аларга эмгегине жараша мамиле кылыш керек. - Жакында укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова "Азаттык" үналгысынан "менде өмүрүмө тете маалымат бар, ошон үчүн өлкөдөн чыгууга туура келди" деп билдирди. Адам өмүрүнө бааланган кандай маалымат болушу мүмкүн? - Ар бир адам мындай сөз чыгарардан мурун конкреттүү фактыларды УККга, ИИМге билдириши керек. Мисалы, мен ал кишинин мындай маалыматтарын уга алган жокмун. Ошон үчүн бул боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок, түштүктө Төлөйкан менен бир айдай чогуу жүргөн Азиза Абдрасуловага эмне үчүн коркутуу, кысым болбойт дагы, Төлөйканга эле кысым болот? Мен ушуга түшүнбөйм. Ал жарандык укук коргоочуларга деле маалымат бербептир, биз мындай коркунучтуу учурларда сөзсүз түрдө бири-бирибиз менен маалымат алмашып турабыз. Анткени бул биз үчүн өтө маанилүү, б.а. ушундай жол менен биз өзүбүздү коргой алабыз. - Апаат болгон күндөрү айрым жерлерге гуманитардык жардам жетпей калыптыр. Бул чынбы? - Түштүктөгү окуя болгондун эртеси ар кандай бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жабыр тарткан кыргыз, өзбек көчөлөрүнө тамак-аш жеткизип жатышты. Ошол күндөрү "Интербилим" борборунун кызматкерлери атышууларга карабай гуманитардык жардамдарды жеткизип турушту. Коомчулук кандай дебесин ошол трагедиялуу күндөрү Кыргызстандагы көпчүлүк бейөкмөт уюмдар элге жакшы жардам көрсөтүштү. Алар топ-топко бөлүнүп алышып элге укуктук, психологиялык, гуманитардык жардамдарды беришти. Айрым топтор окуяга мониторинг жүргүзүшсө, айрымдары качкындарды жайгаштыруу, элди жараштыруу, медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу маселелери менен алек болушту. Бул топтор азыр да өз иштерин улантып жатышат. Негизинен гуманитардык жардамдар элге текши эле таратылды. Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу Мага сөз бергиле "Жаңы бийлик эскиче кетти" У бактылуу өкмөттүн түзүлгөнүнө үч жарым айдын жүзү болуптур. Андан бери далай декреттер кабыл алынып, парламент таркатылып, трагедиялуу түштүк окуясын улай референдум да өткөрүлдү. "Бүгүнкү бийликке айтар кебим бар" деп редакцияга Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы "Чолок-Туума" дыйкан чарбасынын жетекчиси, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер Калыбек АРАБАЕВ аксакал баш бакты. - Референдумда элдин басымдуу бөлүгү Кыргызстанда убактылуу эмес мыйзамдуу, жаңы, жаш кадрлардан турган бийлик болушу үчүн добуш беришти. Муну эл жакшы түшүнүп, Роза Отунбаеванын президент болушуна макул болду. Бирок, азыр эмне болуп жатат? Кайра эле баягы Акаевдин, Бакиевдин убагындагы эски министрлер, кадрлар кызматка алына баштады. Чынында алар эки бийликтин тушунда деле кыйратып иштеген эмес. Анализдей келсе ошол эле мамлекеттик структура, министрликтердин бөлүмдөрүндө жаш адистер бар. Амангелди Муралиев, Өктөмхан Абдуллаева, Александр Костюк, Руслан Казакбаев, Айгүл Рыскулова дегендерди кайра коюштун кажети барбы? Бакиев аттырган 89 баланын убалы буларда жокпу? Эмне, Кыргызстанда булардан башка татыктуу адамдар калбай калганбы? Жаштардан болбосо да таза, эл үчүн иштөөчү адамдар кызматсыз жүрүшөт. Ошолордон тандап койсо деле болмок. Албетте, үч айда булар баарын кыйратып жибербейт, кыйрата да албайт. Бул жагы минтип жатса Өмүрбек Текебаев өзүнчө конституциялык кеңеш түзүп кетерин айтат. Ал эмне деген конституциялык кеңеш? Ушул жагы да кызыктуудай болуп турат. - Убактылуу өкмөт мурда иштеп калган, иш билген адамдарды коелу деп жатат да… - Кандай дебейли Роза Отунбаева президент болсо саясый, кадрдык жаңылануу болорун эл күткөн. Бирок, жаңылануу болбой эле эски тегирмендей эле эски чиновниктер айланып келе башташты. Ошто өзбек, кыргыз мамилеси жакшырбай жатса, шылдыңдагансып кайра Муралиевди коюп коюшту. Андан башка бычакка сап уул жокпу? Амангелди Муралиев Ошто губернатор болуп турганда азыркы айыл чарба министри Маматшарип Турдукулов Ош облустук финансы бөлүмүнүн жетекчиси эле. Экөө чоң дос. Ошону кайра алып келгени таң калычтуу. Турдукулову болсо өмүр бою отурчудай эки жардамчысын жандатып алыптыр. Азыр эч нерсе болбогонсуп жүргөн Бакиев адамдары болбосо Ош окуясы болот беле, болбойт беле? Убактылуу өкмөт азыркыга чейин Бакиевдердин бирин да кармаган жок. Санжар Бакиев деген жаш баланы кармашыптыр. Андан эмне чыгат? Ал Бакиевдердин кичинекей эле бутагы да. Андан көрө убактылуу өкмөт Бакиевдин балдарын, Данияр Үсөновду кармашпайбы. Кечээ таластыктарга ок аткандардын арасында жүргөн Акылбек Жапаров бүгүн "жүз күндүк программам бар" деп бакылдап жүрөт. Бул эмнеге камалбайт? Үсөн Сыдыковду түрмөдөн чыгарып атайын оорукананын "люкс" номерине жаткырып коюшуп, Азимбек Бекназаров ага торт ташып жүрөт. Ош, Жалал-Абадга, Кыргызстанга коркунуч келтирген адамдарды кайра ушинтип сыйлай берсе болобу? Буга убактылуу өкмөт кантип жооп берет? Сапарбек Балкыбековду камап, аны да кое беришиптир. Ошон үчүн аксакал катары убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн Бакиевдерди камап, эл менен эсептешип иш кылышарын суранат элем. Бакиевдерге да 23-24-марттагы курултайда элди кыйнабагыла, арты жаман болуп калат деп эскерттим эле. - Сиз Ат-Башыдан келдиңиз. Азыркы өкмөттүн элге жардамы тийип жатабы? - Фермер, дыйкандарга мурунку өкмөт да жардам берген эмес. Азыркы өкмөттүн да кымындай пайдасы болгон жок. Жазында өткөн курултайда губернатор, аким, айыл өкмөттөрү эл үчүн эч нерсе кылбаганын айткам. Азыр деле ким канча жер айдап, карапайым калк кантип күн көрүп жатканы менен убактылуу өкмөттүн иши жок. Булар ич ара эле кызмат талашкандан башка эмне кылышты? Эл мамлекетибиз мыйзамдуу, эгемендүү болсун деп референдумду жапырт колдоп беришти. Ошону түшүнүп булар ойлонушу керек болчу. Мелис СОВЕТ уулу
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||