Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Ош окуясына 40 күн

Мекенибизге өзүбүздөн башка эч ким жардам бералбайт
ЕККУ 16-июлда Астанада өткөн жыйынында Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүнү колдой турганын билдирди. Бул маселе боюнча президент Роза Отунбаева ЕККУ Кыргызстанга куралсыз иштей турган 52 эл аралык полиция жөнөтө турганын, алар Ош жана Жалал-Абадда адам укуктарынын корголушуна көз саларын айткан. Ошондой эле президент Р.Отунбаева бул боюнча ЕККУ менен сүйлөшүүлөр аяктап калганын, эл аралык полициячылар төрт ай бою жергиликтүү күч органдарына көмөктөшөрүн, алардын мандаты - мониторинг, кеңеш берүү жана тренингдер менен чектелерин билдирген. Кыскасы, акыркы кезде коомчулукта талаш жаратып жаткан ЕККУ полициясы Кыргызстанга сөзсүз келет окшойт.


Маалкаткан Россия, ашыккан Америка
Ош менен Жалал-Абадга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүү демилгеси АКШ президенти Барак Обама тарабынан көтөрүлүп, өткөн жумада кыргыз өкмөтү бул сунушка каршы эместигин билдирген. Ал Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Макфол менен кыргыз өкмөтүнүн жолугушуусунда айтылган.
Коогалаң маалында шаштысы кеткен убактылуу өкмөт эл аралык күчтөрдөн, Россия башында турган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан (ЖККУ) аскердик жардам сураган эле. Бирок тышкы күчтөр аскер берүүдөн баш тарткан. Кыйын учурда сыртын салган сырткы күчтөрдөн түңүлгөн утурумдук өкмөт өз күчүбүзгө ишенүүгө аргасыз болуп, Кыргызстанда аскерий мобилизация жарыялап, мурда Ооганстанда кызмат кылгандар, запастагы офицерлер мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого аттанган. Натыйжада ички ресурстардын эсебинен коогалаңдан эптеп чыккандай болдук. Буга чейин ЖККУ Кыргызстанга тик учак, брондолгон техника жана атайын каражаттардан жардам көрсөтүүнү убада кылган эле. Бирок бир айдан ашык убакыт өткөндүгүнө карабастан айтылган колдоодон дайын жок. Айтор, Кыргызстандагы абалды жөнгө салууга Россия баштаган аймактык уюмдар анчалык кызыкпайт. Эмне үчүн?
Учурда Кыргызстанда стабил-дүүлүк орношун каалабай турган күчтөр бар экени жашыруун деле эмес. Ошол эле учурда жергиликтүү серепчилер биздин мамлекет кайсы бир державалардын оюн талаасына айланганын айтып келишет. Албетте мындай иштерге бакиевдик кландын, сепаратисттик уюмдардын себепчи же жардамчы болуп бериши турган иш. Айтор, кийинки мезгилдеги окуялар, мисалы, май айларындагы түштүктү автономиялуу республика кылууга болгон чакырык, андан кийинки үсөновчул идеялар, убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн телефонгейттеринин ачыкка чыгып элди кыжырлантышы, кыргыз-өзбек чабышы ж.б. жашыруун жана ачык жүргүзүлүп жаткан ар кандай саясый оюндар, учурдан пайдаланып Кыргызстанды мамлекет катары жок кылууга аракеттенген кайсы бир олуттуу сырткы күч бар экенин далилдейт. Анын башында кайсы мамлекеттердин атайын кызматы турганын деле түкшөмөлдөсө болот...

Үчүнчү күчтү кыргыз же өзбек эмес, Кыргызстан кызыктырат
Июнь окуяларына байланышкан маалымат майданында Кыргызстан жеңилип келатат. Батыш ММКсы кыргыздар өзбектерди геноцидке учуратууга аракет жасады дегенге чейин барды. АКШ акырынан жем жеген укук коргоочулардын бардыгы эмнегедир бир гана өзбек улутундагыларга токтолуп, кыргыздарды дүйнөгө жаман көрсөтүүгө аракеттенип жатышат. Мисалы, Human Rihts Watch уюму бул ишти өтө активдүү жүргүзүүдө. Аталган уюмдун билдирүүлөрүнө караганда, Ош жана Жалал-Абадда өзбек улутундагылардын гана укуктары бузулуп атат. Коомчулукта эгер эл аралык полиция күчтөрү дал ушул негизде өлкөгө киргизилсе, ансыз да араң турган абалды кайра курчутат деген пикирлер арбын. Биздин жеке пикирде балким батыш мындай бир жактуу маалыматтарды пайдаланып, бир тарапка жан тартымыш болуп экинчи жакты күчөтүү аракетин жасап аткандыр...
Жогоруда белгилегендей, Human Rights Watch уюму Кыргызстандагы кырдаал боюнча изилдөөсүндө бир эле улут өкүлдөрүнүн укугун коргоп келет. Аталган уюм кыргыз бийлигинен тез арада өзбек улутундагы жарандарды жөн жеринен кармап-камоону, кыйноолорду токтотууну талап кылып жатат. Мындай маалыматтарды сөз болуп жаткан уюм аталган аймактагы кызматкерлеринен, тактап айтканда, өздөрүнүн ишенимдүү булактарынан алып атканын билдирген. Бирок Human Rights Watchтун баяндамасында денеси көгала болгондордун сүрөттөрү жана өзбек тектүүлөрдүн айтып бергендеринен башка конкреттүү фактылар көрсөтүлгөн эмес.
Албетте мындай коогалаңдын залакасы эң биринчи карапайым калкка тийет. Эл башына түшкөн мүшкүл кайсы улут экендигиңе карабайт. Ошол күндөрдө Кыргызстандын жараны болгону менен улуту өзбек болгону үчүн үй-бүлөсү менен качып-бозуп, жол азабын, көр азабын тартып, Өзбекстандын чегарасынан ары өтө албай турган баео балдарды, кары-картаңдарды, энелерди көргөндө ар бир эле адамдын жүрөгү сыздады. Ошол эле учурда антип качып бара турган башка өлкөсү жок, автоматтын огунан чочуп өз үйлөрүнүн жертөлөсүндө жашынып же курмандыкка чалынып жаткан кыргыздардын укугун ким коргойт? Ошон үчүн алааматка жалаң гана өз үйү, шаары өрттөлүп, Ата мекени жабыркап, бара турган башка мекени жок калган жергиликтүү элди күнөөлөш бери дегенде акмакчылык. Албетте кимдир бирөө мындай акмакчылыкты чын эле "акмак" болгону үчүн жасабайт. Анын артында жашырылган максаттар болот.

Алакушту атынан айтпайлыбы
Кийинки кездерде Кыргызстандагы оор кырдаалдан пайдаланып Фергана өрөөнүн жалынга айланткысы келген динди курал кылган күчтөр бар экени, Өзбекстан Ислам Кыймылы, Талибан, "Хизб-ут Тахрир" сыяктуу күчтөр чогулуп, Борбор Азияга чабуул коюуга даяр болуп калганы тууралуу айтыла баштады. Чынында эгер маселе өзбек менен кыргыздын ортосунда гана болсо, анда түштүккө сырттан күч киргизүүнүн кажети жок. Оор күндөрдө ага өзүбүздүн күч органдарынын алы жетери далилденди. Эгер ушул тирешүүдөн пайдаланып халифат куруу планын ишке ашыруу аракети менен ызы-чуу чыгаруу үчүн эки элдин ортосуна от жаккысы келгендерге бөгөт коюу болсо, анда биз чындап эле ЕККУ сыяктуу тынчтык орнотуучу күчтөрдүн киришине муктажбыз. Анда бул маселе жеке эле Кыргызстандын эмес, терроризм, сепаратизм, экстремизм сыяктуу карапайым элдин жашоосуна бүлгүн салган уюмдарга каршы күрөшөбүз деп кыйкырып жүргөн бүтүндөй өлкөлөрдүн проблемасы болууга тийиш.
Дагы бир жагдайдан алып караганда, ЕККУ полициясынын Кыргызстанга киргизилип, болуп өткөн окуя тууралуу изилдөө өткөргөнүнүн жакшы жагы да бар. Дегеним, эгер эл аралык полициянын 52 кишиси чындап эле эч кандай саясаты жок калыс адис катары жардамга келип, бул окуя ким тарабынан уюшулганын, кимдер алдын ала курал-жарак камдап койгонун, "Ош өзбектердин ватаны" деген ураан кимдер тарабынан даярдалганын ачык-айкын айтып чыгышса түзүк. Антпесе жогоруда айтылгандай кыргыздарды жаман көрсөткөн бир тараптуу маалымат ааламга таркап, дүйнөлүк коомчулуктун алдында маалымат согушунун жеңүүчүлөрү гана салтанат куруп туру. Кыргыздын дүйнө таанымын, башкача айтканда, коногун төргө чыгарып эркелеткен айкөлдүгүн, бири-бирине караганда бөлөк улуттагыларды сыйлаган меймандостугун билбеген батыш өлкөлөрү үчүн кыргыздар өз өлкөсүндө жашаган аз улуттарды баса калып эле сабап жаткандай сезилиши толук мүмкүн. ЕККУ кыргызга каршы курал көтөргөн өзбек тектүү сокур саясатчылар, улутчулдар, мисалы, Кадыржан Батыровго окшогондор тууралуу эмне дээр экен? Эл аралык комиссия бул окуя боюнча элди нааразы кылган жыйынтык чыгарып коюп басып кетсе, биз кимге арызданабыз?
Ачыгын айтканда, ЕККУ полициясынын мониторинги жок эле кыргыз-өзбек тирешин жараткан күчтөр кимдер экени анык болуп калды. Булар - сепаратисттик күчтөр. Ар бир мамлекеттерде бул күчтөргө каршы катуу күрөш жүргүзүлөт. Мисалы, ошол эле АКШда, Техаста, Кытайда уйгур сепаратисттерине карата, Индияда да. Дүйнө жүзү боюнча мындай проблема бар. Бизде дагы ушундай күчтөрдүн пайда болуп калганын түштүктөгү окуялар көрсөттү. Бул жерде күч органдары эч кандай улутка эмес, ал улуттагы айрым сеператисттик көз караштагы лидерлерге жана аларды ээрчигендерге каршы күрөш жүргүзүш керек. Эмне үчүн биз аларды өзбек сепаратисттери деп айта албайбыз?
Даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ, тел.: 38-67-19, zairajimatov_76mail.ru




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!