12.11.10 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Таразасы кыйшайган фемида

"Адам өлүмүнөн адвокат, соттор акча жасап жатышат"
Июнь окуясында кыргыздын жүздөгөн улан-кыздары, атургай айрым улгайган адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү баарыбызга маалым. Андан бери беш айдан ашса да зөөкүрлөр колунан өлгөндөрдүн туугандары кылмышкерлерди жазалоодо адилеттик болбой жатканын айтып зар какшап келишет. Жакында редакцияга Ош коогалаңында өзбек балдардын колунан каза болгон маркум Айша Маматисакованын уулу Мирлан Абдурайимов келиптир. Апасы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Мирлан "адам өлтүргөн кылмышкерден пара алып, аны эркиндикке кое берип жаткан кыргыз адвокат, сотторунан эмнени күтүүгө болот" дейт күйүп.


54 жаштагы Айша Маматисакова көп жылдардан бери Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүнүн №322 "А" үйүндө жашап турган. Буга чейин мугалимдик кесипти аркалап келген Айша ал жердеги жалгыз кыргыз үй-бүлөсү болчу. Анын кошуналары жалаң өзбек улутундагылар эле. Кошуналары менен бир туугандай болуп калган мугалим 12-июнь түнү жанындагы өзбек үй-бүлөлөрүнө эч кимди тийгизбей сактап калган. Ошентсе да апасынын өзбектердин арасында жашаганынан чочулаган Бишкектеги уулу Мирлан чөнтөк телефон аркылуу эки күн бат-бат кабарлашып турган. 12-июнда түшкө чейин кабарлашып жаткан апасы менен түштөн кийин уулу байланыша албай калат. Бул убакта кошуна 22-23 жаштагы өзбек балдар үйгө кирип келип Айшаны тепкилеп өлтүрүшүп, денесин төшөккө ороп үй менен кошо өрттөп жиберишет. "Өлтүргөн балдар кийин апамдын чөнтөк телефону аркылуу табылды" дейт муң-зарга муунган Мирлан. Кылмышкерлер табылбайбыз дегенби, айтор, маркумдун чөнтөк телефонун пайдаланып жүрүшүп, ошол аркылуу колго түшүрүлгөн. Алар Валижан Орунбаев менен Улук Жураев эле. Кылмышкерлер Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан туугандары жүгөрүнүн арасындагы чатырга катып, багып жатышкан жеринен табылган.
Эми кылмышкерлер тийиштүү жазасын алар деп турганда, маркумдун кыркы өтө элек жатып, анын туугандары Валижан Орунбаев жашаган жеринен чыгып кетпөө кол каты менен үй камагына чыгарылганын угушат. Буга нааразы болгон Айшанын жакындары, уулу бул ишке катуу кирише баштаганда 6,5 миң доллар пара алган адвокат Зина Алымбекова (маркумдун жакындарынын айтымында) жабык сот кылып Валижан Орунбаевди камактан чыгарганы анык болот. Бул жабык сотко Ош облустук сотунун судьясы К.Маматалиев төрагалык кылып, судьялар Ж.Жумаев, Т.Чикиев күбө, баяндоочу болушкан.
Үч фемида өкүлү алдым-жуттум адвокат Зинанын акчасына азгырылып, сотко жөнөтүлгөн кылмыш ишиндеги "өтө оор кылмыш жасаган" дегенди "анча оор эмес кылмышка" айлантышып, аз дегенде 8-10, көп болгондо 12-20 жылга эркинен ажыратылуучу кылмышкерди эркиндикке кое беришкен. Кыргыз сотунда акча үчүн акты кара кылган фактыларды көрүп эле жүрөбүз, бирок мындай "айкөлдүктү" башка соттор жасай элек болсо керек эле.
Ошентип апасындай аялды өлтүргөн кылмышкер эркиндикке чыгары менен облустан из жашырган. Маркум Айша эженин адилеттик издеген жалгыз уулу Мирлан Абдурайимов менен туугандары Валижан Орунбаевдин камалышын талап кылышып Жогорку сотко арыз жолдошот. Жогорку сот кылмышкерди таап, камалсын деген чечим чыгарып, сот чечиминин негизинде бир жума мурун Валижан Кара-Суу районунан кармалып, кайра камалды.
Бир кылмышкерди чыгарганы аз келгенсип адвокат Зина Алымбекова сентябрь айында Кара-Суу РИИБинин начальниги Адыл Султановду өлтүргөн өзбектердин бирөөсүн 10 миң долларга чыгарам деп жаткан жеринен кармалган. "Азыр кылмышкерлер менен адвокат Зина Алымбекова темир тор артында отурушат. Мен кыргыз адвокаттарынын, судьялардын, прокурорлордун калыстыктан, мыйзамдуулуктан тайып, акча үчүн апасын да сатууга даяр экендигин элге айткым келди. Ошон үчүн сиздерге кайрылдым" дейт Мирлан.
"Биз, Айшанын жакындары, кылмышкерди эмнеге бошоттуңар, силер алардан акча алгансыңар деп судьяларды жарга такадык. Анда сот ишине төрагалык кылган К.Маматалиев "ооба, биз акча алып пара жегенбиз. Бирок биз жесек сөөгүн жедик, этин үстүбүздөгүлөр (облустук соттун төрагасы) жеди" деп бет тырмарлык кылды. Облустук соттун төрагасы А.Тилебалиев болсо "алдым, не кыласыңар, колуңардан келгенин, билгениңерди кылгыла. Мени Азимбек Бекназаров өзү койгон. Эч кимиң эч нерсе кыла албайсыңар" деп бизди кабинетинен кууп чыкты. Сот ишине катышып, адвокаттын айтканын эки кылбаган прокурор Ж.Жороев болсо эч нерсе болбогондой эле жүрөт. Биздин ичибиз ачышканы, кыргыз аял киши колдуу болуп өлүп жатса, андан кыргыз судьялар, адвокаттар акча жасап жатышат. Минтип отурсак деги биз кайда барабыз? Же кыргыз соттору акча үчүн эле иштеп, абийир сотун тоготпой калышканбы? Мындайларга Башкы прокуратура, адилеттикти орнотобуз деген бийлик башындагылар эмнеге маани беришпейт? Валижан Орунбаевди актаган облустук үч судья, прокурор да мыйзам алдында жооп бериши керек эле. Тескерисинче, алар эч нерсе болбогондой кызматтарында жүрүшөт" деп зар какшашат маркум мугалимдин жакындары. Бул түштүктөгү адилетсиздиктин бир гана мисалы. А туугандарынан айрылганы аз келгенсип алардын денесин таппай зарлап жүргөндөр канча?
Мелис СОВЕТ уулу





 "Баскынчылар" заманында

Айла кеткендеги ишпи же атайын уюштурулганбы?

7- ноябрда ордолуу Ошто жүздөгөн адам чогулуп Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу айдоо аянттарын басып алышты. Аталган эки айыл тургундарынын 60%ы өзбек улутунан. Басылып алынган жердин басымдуу бөлүгү да ала допучан туугандарга таандык. Ошондон улам бул окуяны кимдир бирөө атайын уюштуруп, кайрадан этникалык кагылыш отун тутантууну көздөгөнү айтылат.


Ош обладминистрациясынын расмий маалыматы боюнча турак-жай куруу үчүн Сүрөө-Таш (Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү) айылынан 20 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Жашоого ыңгайлуу шарт түзүлбөгөндүктөн, ал жакта байырлоону эч ким каалаган эмес. Ал эми жогоруда басылып алынган аймактан борбордук канализация өтөт. Тактап айтканда, ажерде эл катары жашоого болот. Бирок, маселе өңүтү башкада. "Туткунда" калган айдоо аянты 1996-жылы дыйкандарга үлүш катары чегерилген. Ошондон бери жергиликтүү тургундар дыйканчылык кылып, үй-бүлөсүн багып келет. Эми алар өз энчисиндеги жерин бөлөк бирөөлөргө карматып жибереби? Ай, шегибиз бар. Макул болушкан күндө дагы аларга башка жактан жер чегерип бериш керек. Анүчүн өкмөттүн атайын токтому чыгышы абзел. Мындай процесс өтө узак убакытты талап кылат.

От жаккысы келгендер кимдер?
"Бизге жер керек. Өкмөт бизди карабай койду" деп миңге чукул адамдын капилеттен чыгышы күмөндүү ой туудурат. Буга облус жетекчилеринин да акылы жетпей туру. Маселен, губернатордун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев "Азаттык" үналгысынын суроолоруна жооп берип жатып төмөндөгүдөй кызыктуу маалыматты айтыптыр: "Эмне себептен ушундай окуя чыгып кетти, мунун артында ким турат? Муну укук коргоо органдары иштеп, аныктап жатышат. Бир эле күндө мынчалык адамды алып чыгып, мобилизация кылуу оңой эмес. Мындан да чоң саясый иш-чараларда көп киши чогултуу мүмкүн болбойт, күч, каражат, транспорт сарптаган күндө да. Биздин да күч органдары, айрыкча коопсуздук кызматы ошол Ишкеван айылына ушунча көп киши чогулуп, миңдеген адамдар барганга чейин бизге бир да билдирүү жасаган эмес ".
Кушбак мырзанын бу билдирүүсүнөн көп өтпөй жер "баскынчыларынын" артында Ош мэри Мелисбек Мырзакматов турат деген сөз тарады. Мындай кепке ишенбейин десең, Мелисбек Жоошбаевич карапайым калктын таламы туура экендигин, аларды колдоорун жарыялады. Мэрдин сөзүнө бир чети кошуласың. Турак-жайга муктаждарга жер берилиши талапка ылайык. Бирок мунун бардыгы мыйзам чегинде жасалышы керектигин калаа башчысы билбейби?
Жогорудагыдай көрүнүштү кимдир бирөө атайын уюштурду дегенге аргасыздан ишенип да кетесиң. Себеби, митингге чыккандардын айрымдары бийлик бизге эмес, өзбектерге кам көрүүдө деп каңырык түтөтүшүүдө. Сөзүбүз куру болбосун үчүн бир көрүнүштү мисалдайлы. Өзүн Айгүл деп тааныштырган эже маалымат каражаттарынын бирине: " Биз, ушу жетим-жесирлер, колунда жоктор, ушул жерге келип жер ээлеп жатабыз. Өзбектердин үйүн кайрадан салып, баарын тургузуп берип жатат. А кыргыздар жери жок отурушат. Тополоңдо күйүп кеткен үйлөрүбүз күйгөн боюнча калды. Эч ким карабай койду эле, акыры ушундай кылууга мажбур болдук. Маселен, өзбектер жашаган Он-Адыр айылында жайгашкан менин үйүм күйүп кетип, барар жерим жок. Ал жерге кайра барсак бизди такыр батырбайт" дегени нени каңкуулайт? Башкаларды билбейм, жеке мен мунун артында таасирдүү күчтөр турарын боолголодум.

Жер берилсин, бирок мыйзамдуу түрдө
Нааразычылык акциясына чыккандардын негизги талабы ушул. Ал канчалык деңгээлде аткарыларын өкмөт чечет. Ошентсе да өтө муктаж адамдарга жер тилкеси бөлүнөрүн облус губернатору Сооронбай Жээнбеков билдирди. Губернатордун убадасы качан жүзөгө ашарын убакыт көрсөтөр.
Жогоруда токтолуп өткөндөй, "туткунда" калган 70 гектар (айрым маалыматтар боюнча 90 гектар) - айдоо аянты. Кээ бир дыйкандар түшүмүн жыйнай элек. Митингчилер айтканынан кайтпай, эч жакка жылбай отура беришсе мөмө-жемиштер кар астында калышы ыктымал. Мындан жер ээлери гана зыян тартат. Ошондой эле Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциясы пикетчилердин кесепетинен иш ыргагы жайлап калгандыгын жарыялады. Андыктан, өкмөт бу маселени тез арада чечиши зарыл.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ