12.11.10 - 15-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Биринчи беш жылдык

КТРК кылчылдап турат, ЭлТРдин эртеңи барбы?
2005-жылы 40 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан Ош облустук телерадиостудиясын алгач "Ош-3000" МТРКсы деп атап, андан кийин ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясына айландырышкан эле. Арадан беш жыл убакыт өттү. Биз канчалык ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясы коомдук болбой эле УТРК көчүрмөсүнө айланып калды дегенибиз менен, аталган канал жасаган көрсөтүүлөрүнүн сапаты, продукциясынын көлөмү, камтыган аудиториясы менен бул беш жыл аралыгында 50 жылдан ашык тарыхы бар биринчи каналдан ашса ашып, асти кемибей калды. ЭлТРдин бүгүнкү күндөгү оош-кыйышы тууралуу анын жетекчиси Шайырбек АБДЫРАХМАН менен баарлаштык.



- Азыр ЭлТР коомдук телекөрсө-түүсү республиканын канча пайызын камтыйт?
- Биздин канал учурда республикабыздын 70 пайыздай аймагында көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары "ЭлFM" радиобуз да бар. Аны алгач Ош, Жалал-Абад, Баткенде обого чыгарганбыз. Буюрса ал жакындан бери Бишкек шаарынан "ЭлFM" 89.6 жыштыгында жаңыра баштады. Аты айтып тургандай, радиобузду элдик ырлар, саамалыктар камтылган, элдин рухун көтөрүүчү радио кылсак деген ниетибиз бар. Азыр ЭлТР 54 мамлекетте спутник менен чыгып келет.
- Бул сөз жүзүндө элеби же иш жүзүндөбү? Дегеним, айрым өлкөлөрдө кыргыздар ЭлТРди көрө алышпайт экен. Өзүңүздөр кай жерде кандай көрсөтүлөрүнө кызыктыңыздарбы?
- Албетте, кандай көрсөтүлүп жатканы боюнча иликтөө жүргүзгөнбүз. Айрым жерлерде түзүк, айрым жерде начар, кээ бир аймактарда таптакыр тартпайт экен. Эгер каражат болсо эле чагылдыруу жолдорун жакшыртып, бардык жерде жакшы көрсөтүлгөндөй кылмакпыз. Азыр өлкө бюджети мындай мүмкүнчүлүктү түзүп бере албайт, азырынча ушунусуна шүгүрчүлүк кыла туралы.
- Мамлекет силерди кандай каржылайт?
- Учурда ЭлТРдин бюджети болгону 54 миллион сом, КТРКныкы - 350 миллион сом. Бирок КТРК берген 18 сааттык продукцияны ЭлТР да берет. Коомдук каналдын 64 автоунаасы бар. Анын сегизи жаңылыктар кызматында. ЭлТРде бардыгы болуп 8 автоунаа бар. Анын экөөсү жаңылыктар кызматын тейлейт. Бирок болуп аткан окуяларды берүүдө жетишкендигибиз дээрлик бирдей. Кээде биздин аталган каналдан ашып кеткен учурларыбыз да жок эмес. Анткени биз Ош, Баткен, Жалал-Абаддын күнүмдүк жаңылыктарын да алабыз. Бишкек, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүйдү да камтыйбыз. Биздин компаниянын кызматкерлеринин убактысы аябай тартыш. Чынын айтканда өтө кыйналып, зор мээнет менен иштейбиз. Мен өзүбүздөгү камералардын, монтаждоочу столдордун аздыгын, кызматкерлерибиздин санын айтпай эле коеюн. Эң жөнөкөй эле маселе ЭлТР студиялардын тарлыгынан да кыйналат. Биздин компаниянын Ошто башкы офиси турат. Бишкекте да мекемебиз бар. Бирок борбордогу студияларыбыз өтө тар. Куркулдайдын уясындай эле. Бирок ушул жерлерде биздин өз ишине чын дилинен берилген кызматкерлерибиз коомдук улуттук каналдагы кесиптештери менен теңтайлаша иштеп, өз программаларын даярдап обого чыгарып жатат.
- Силерде жалпы кызматкерлердин саны канча?
- Штатта 198 киши иштейт. Мындан сырткары өзүбүздүн атайын эсеп менен кармаган кадрларыбыз да бар. Бир топтор штаттан сырткаркы кабарчылар. Жалпы республикага чыга турган телекөрсөтүү үчүн 200гө жетпеген штат кармоо аз.
- Таарынсаң Таласка бар дегендей, бир учурда КТРК жетекчилиги менен иштеше албай калган таланттуу кадрлардын дээрлик көпчүлүгү ЭлТРге келген. Силер аларды кантип кармап атасыңар? Жакшы кадрды жакшы айлык акы менен кармаш керек эмеспи?
- Бизге КТРК эле эмес башка каналдардан деле келишет. Биз аларды акча менен азгыра албайбыз. Ага өзүбүздүн материалдык абалыбыз деле жол бербейт. Менимче бизге келген жакшы кадрлар мурда деле айлык акы үчүн иштеген эмес. Эң негизгиси чыгармачыл адамга чыгармачыл адамдай мамиле, чөйрө, анан чыгармачылыгына жакшы шарт зарыл. Мен деле кезегинде ЭлТРге УТРКдан келгем. Мыкты деген журналисттер Бейшенбек Бекешов, Султан Абдрахманов, Эрнис Кыязов, Рахат Сулайманов, Мыктыбек Арстанбек, Болот Абдыжапаров да УТРКдан келишкен. Буларды бир кездерде куугунтукташты, кодулашты, ар кандай интригага аралаштырышты. Курулай убадаларды беришти. Жетекчилик тарабынан адамкерчиликтүү, туруктуу, түшүнүктүү мамиле болгон жок. Мындай мамиледен ар кандай эле чыгармачыл адам жүдөйт да, өзүнүн чыгармачылыгы менен алектене албай калат. Анан "тойдум байдын кызына" деп, элдир-селдир айлыгы бар ЭлТРге баса бергенбиз.
- Ошентсе деле ар бир эле иштеп жүргөн адам түзүгүрөөк акча таап үй-бүлө баксам дейт да. Дегеле ЭлТР элитасынын айлыгы канча?
- Мисалы азыр бизге радионун алып баруучусу керек, айлыгы -3581 сом, режиссердун ассистенти -2875 сом, жооптуу редактор-3061 сом, кабарчы-3550 сом. Өзүңүз элестетип көрүңүз, бул жарытылуу айлыкпы? Ал эми сиз айтып жаткан ЭлТР элитасынын орточо айлык акысы мисалы, башкы продюсер 8 миң сомдой алат. Бирок бизде атайын эсеп деген бар. Ал рекламадан түшкөн акча. Ошол акчадан жогорудагы маянага кошумча акча, гонорар кошуп беребиз. Тактап айтканда, өзүбүз тапкан акчанын эсебинен кызматкерлерибиздин айлыктарын көбөйтүп турабыз. Демек компания жарым жанын өкмөттөн алган акча менен, жарым жанын өзү багып жатат. Мыкты иштегендер 8-9 миңге чейин акча алышат. Айлык гонорардын эсебинен көтөрүлөт. Баса, мурда техникалык кызматкерлер айлыгынын үстүнө 1500 сом кошумча акча алышчу экен. Азыр бул сумма эки эсеге көтөрүлгөн. Мындан сырткары быйыл июндан баштап ар бир техникалык кызматкерге сүт азыктары бериле баштады. Себеби алардын иши ден соолукка зыяндуу. Телерадиодо иштеген техникалык кызматкерлерге мындай камкордук союз учурунда гана болгон.
- Айдоочулардын айлыгы канча?
- Алардын айлыгы 4-5 миңдин тегерегинде.

- Студияларды жасалгалоого деле оңбогондой акча керек. Жакындан бери студияларыңар өзгөрүп калды…
- Шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү-дө бир аз тыйындуу болуп калдык да. Ошол каражаттын эсебинен студияларыбызды оңдодук. Аны көрөрмандарыбыз байкап жаткандыр. Бул жолу студияларыбыздын ички жасалгасын оңдоодо батыш кандай кылса ошондой кылбастан, ошол эле технологияны пайдаланып, батыш менен чыгыштын жакшы материалдарын айкалыштырып, кыргыздын оюмдары түшүрүлгөн столдорду жасаттык. Алып баруучуларыбызга кыргыздын улуттук белгилери түшүрүлгөн форма тиктирдик. Азыр жаңылыктарды алып барган кыздарыбыз эфирге улуттук жүзү менен чыга баштады. Көрсө өзүбүздүн улуттук жүзүбүздү заманбап техника менен айкалыштырсак болот экен.
- ЭлТРдин кошумча каржы булактары кайсылар? Өлкө казынасынан бөлүнгөн 54 миллион сом жетеби?
- Мамлекет бөлгөн 54 миллион сомдун 39 миллиону биздин продукцияны элге жеткиргени үчүн РПО РМТРге төлөнөт. Калган 13 миллион сом биздин техникабызга, күйүүчү майыбызга, айлыгыбызга жана башка биртоп керектөөбүзгө себеленет. Ал эми калган финансы булагы бул биздин коммерциялык бөлүмдөн түшкөн кирешенин эсебинен чечилет. Биздин коммерциялык бөлүм канчалык жакшы иштесек ошончолук көбүрөөк акча түшүрүп, өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул эң жөнөкөй эле арифметика. Биз өз рейтингибизди өстүрүш үчүн мыкты продукция бере турган алдыңкы кадрларды боорубузга тартышыбыз керек. Алдыңкы кадрлардын артында сөзсүз көрөрмандар, реклама берүүчүлөр болот. Ал адамдан мыкты идеялар, программалар чыгат. Ушундай жолдор менен иштесек рейтингибиз көтөрүлүп, реклама берүүчүлөрүбүз көбөйөт. Ошондуктан биз азыр ЭлТР каналына мыкты журналисттерди, мыкты операторлорду, мыкты режиссерлорду дээрлик топтоп койдук. КТРКдагы эң мыкты деген режиссерлор Алтынбек Айылчиев, Бекбол Кылычбеков, Раэл Дөөлөталиев сыяктуу алдыңкы чыгармачыл жана техникалык кызматкерлер азыр биздин каналда иштешет. Ошондой эле ЭлТРдин өзүндө да Бекмамат Көчкөнов, Лунир Капкаев, Жыргалбек Якубов сыяктуу илгертен иштеп келаткан мыкты техникалык кызматкерлер бар экен.
- Чыгармачылык жамаат табында экен. Эми техникалык базаны оңдоого кандай аракеттер көрүлүп жатат?
- Буюрса азыр техника сатып алуу боюнча тендер өткөрүп, он беш видеокамера, эки ПТС аппаратын, ж.б. каражаттарды сатып алганы турабыз. Булар өтө кымбат турат. Биздин бир эле микрофонубуз 700 доллар, бир камерабыз 4500 доллар, ПТСтин эң арзаны 15 000 доллардан жогору турат. Мындан башка да так ушул техникалык тармакка байланышкан биз чече турган биртоп маселелер күтүп жатат. Жогоруда айткан техникалар менен кошо 3-4 автоунаа алсак деген оюбуз бар. Буларга өзүбүз тапкан каражат жумшалат.
- Эл аралык деңгээлде кайсы өлкөлөр менен иштешесиңер?
- Жакында эле Кытайга барып келдик. Биз буга чейин деле алар менен мамиле түзүп келгенбиз, дагы деле түзө бермекчибиз. Алардын бизден кетип жаткан бир сааттык программасы бар. Биз жакында барганда алар менен ЭлТРдин коммерциялык иш-чараларын такташып келдик. Ошондой эле түрктөр менен да иштешүү алдында турабыз. Алар жакында бизге келип кетишти. Эми түрктөрдүн жетекчилигин күтүп жатабыз. Алар менен бир пикирге келсек ишибиз андан ары уланмакчы. Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы менен да иштиктүү пландар боюнча сүйлөшкөнбүз. Ал келишимдерге кагаз жүзүндө кол коюла элек. Буюрса парламент отурукташып алса ишибиз андан ары уланат.
- Шайырбек мырза, сизди коомчулук буга чейин тележурналист гана катары билчү. Апрелден бери жетекчи болуп турасыз. Ал эми жетекчи башкаруучу эле эмес, менеджер да болушу зарыл. Сизде бул касиет барбы же…
- Албетте, менеджерлик сапат сөзсүз зарыл. Телевидениеде иштеп баштагандан дасыккан, тажрыйбалуу жетекчилердин иштерине күбө болдум, сабак алдым, үйрөндүм дегендей. Айрымдарына атайын барып акыл-насаат уккан күндөр болгон. Азыр деле телевидение жаатында менеджерлик жөндөмгө ээ адамдарды атайын чакырып, акыл-кеңеш сурап, ошого жараша финансы жагдайын жакшыртуунун аркетиндебиз. Ички акыл ресурстарыбыздан пайдаланып жатабыз. Башкача айтканда, кесиптештеримден да кеп-кеңештер көп болуп жатат.
- Сөзүбүздүн акырында жеке чыгармачылыгыңыз тууралуу бир-эки ооз сөз айта кетсеңиз. "Добуш" эмне болду?
- Мен бир иштин артынан түшкөндөн кийин экинчи бир ишке алагды боло албайт экем. Жетекчилик, менеджерлик жумушту аркалап жаткандан кийин аны көңүл ыраазы боло турган тепкичке жеткирүү максат.
Зайырбек АЖЫМАТОВ