Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Күлазык

"Маданияты артта калгандын экономикасы өнүкпөйт"
Көпчүлүк басылмалар КР эл артисти Гүлнур САТЫЛГАНОВАдан интервью ала албай убара болушканын айтышчу эле. Буга чейин кенен маекти акыркы жолу "Агымга" бердим эле, АКШга сапар тартаардын алдында кайра эле силердин гезитке сүйлөп берейинчи деп, көпчүлүк күйөрмандардын кумири биз менен жаңылыктарынан бөлүштү.


- Акыркы жарым жылдан бери ММКларга көп чыкпай калды-ңыз? Себеби эмнеде?
- Эми мунун себеби баарына эле маалым. Акыркы убактарда өлкөбүздөгү болуп өткөн окуялардан улам көрүнбөй жүрдүк. Жеке мен эле эмес, башка ырчыларга да кыйын болду десем болот. Телевидениедеги концерттер, көңүл ачуучу берүүлөр токтоп калды. Жалаң эле саясатты көрсөтүп калбадыбы. Эл бизди майрамдарда, музыкалык кечелерден көрүшөт. Көрүнбөй калганыбыз убактылуу эле нерсе деп ойлойм. Өлкөбүздөгү жагдайга байланыштуу концерттердин көбү токтоду. Мисалы, мен 7-апрелге чейин жаңы аппараттарды алып, жеке концертимди берсемби деп даярданып жаткам. Анан кооптуу кырдаал өкүм сүрүп турганда концертке ким келмек эле. Азырынча ырларыбыз бир эле радиолордон кетип жатат. Чыгармачыл адам жакшы ыр жаратыш үчүн жакшы маанай, тынчтык, илхам келиш керек. А биздеги окуялар буга жол берген жок. Биз анын ордуна эл менен кошо кайгырып отуруп калдык. Көпкө көрүнбөгөнүмдүн негизги себеби ушул.
- Ош окуяларынан улам Юлдуз Усманованын чыгарган ырына айрым ырчылар жооп жазышты. Жеке сиз өзбек ырчысынын чыгармасын кандай кабыл алдыңыз?
- Юлдуз Усманова эркин ырчы. Кааласа ырдай берсин. Ага теңелип, эрегишип эмне кылабыз? "Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба" дешет эмеспи. Менин оюмча, дүйнөлүк деңгээлдеги ырчы андай ыры менен өзүнүн биртоп күйөрмандарын жоготуп, кадырын түшүрүп алды. Биздин ырчылардын ага кылган жообун мен деле гезит беттеринен окуп жаттым. Андан көрө элдин башын бириктирип, ынтымакка чакырган ырларды жараткан жакшы жыйынтык берет. Менин жакында эле "Жаңыруу" деген патриоттук сезимдеги жаңы ырым чыкты. Ошол чыгарма аркылуу Кыргызстанда жашап жаткан бардык улутту биримдикке чакырам. "Бир" деген аталыштагы уюм бар, ошолордун демилгеси менен жаздык. Учурда "Жаңырууга" клип тарттыруунун аракетинде жүрөм.
- Концертке даярдандым эле, өлкөдөгү окуяларга байланыштуу токтоп калды деп жатпайсызбы. Элди сагындырып концерт бергениңиздин себеби эмнеде?
- Концерт коюш оңой-олтоң иш эмес. Көп түйшүктү көп акчаны талап кылат. Коммерциялык максат менен концерт бергим келбейт. Бийик деңгээлде болуш үчүн бир жылдан ашык убакыт даярданам. Жаңы программа, декорация, костюмдарды иштеп чыгыш үчүн эле канча убакыт керек. Күйөрмандарымды жоготуп албаш үчүн же алардын көңүлүн ирээнжитип албайын деп чыгармачылыгыма кылдаттык менен мамиле жасайм. Эки күндүн биринде деле концерт бере берсем болот. Бирок элдин "жаңы деле ыры жок, концерти начар өттү" деген сөзүн уккандан көрө жакшылап даярданып, аларды сагынтып туруп концерт бергеним артык.
- Гүлнур акчага көп кызыкпайт. Сыйлыктын эң жогоркусун деле эрте алып алды. Эми ал көп деле чыгармачылыкта тытынбай калат деп айтып калышат…
- Эл артисти наамын алганым - өзүмө мурункудан да чоң жоопкерчиликти жүктөдү деп түшүнөм. Эми мен ошол наамга татыктуу ыр жаратып, концерт берип, ошого жараша жүрүшүм керек. Андыктан, жогоруда айтылган ойго кошулбайм. Элдин какшап турган мүдөөсүн орундатыш үчүн учурга жараша ырларды жаздыруу эл артистинин милдети болуп калат деп ойлойм.
- Эки муундагы ырчылар менен тең мамилеңиз жакшы. Бул эмнеден?
- Азыр чыгып келе жаткан жаш ырчылар концерттерине чакырганда "Гүлнур эже мени колдосо, концертимдин деңгээлин көтөрүп берсе" деген жакшы тилеги менен чакырат. Мени менен дуэт ырдагысы келген ырчылар көп. Жогорку деңгээлдеги концерт берип жатса эмне үчүн ырдап, салымымды кошпошум керек. Эгер кайрымдуулук концертине чакырса баш тартпай барам. 7-апрелден кийин биртоп эле ошондой концерттер болду, баарына активдүү катыштым. Улуу-кичүү, жакшы-жаман деп эч кимди бөлбөйм. Баары менен жакшымын. Ошол себептен мени эки муундун тең иш-чараларынан көрүп жүрөсүздөр.
- Кайрымдуулук иштерин көп уюштурдуңуз. Турнеге чыгып концерт коюп акчасын балдар үйүнө берип, Камбар-Атага жардамыңызды берип дегендей, концерттен акча таппай эле отчет берүү үчүн койсоңуз, кирешеңиз каяктан?
- Байлык топтогонго кызыкпаганымды себеби деле жөнөкөй. Ашыкча байлыктын кереги жок тура. Тиги дүйнөгө элдин батасынан башка эчтеке алып кете албаган соң, үстүңдө үйүң, астында машинаң, күнүмдүк турмушка жетчү кирешең болуп турса, ошого шүгүр кылыш керек. Мен деле заңгыраган 4-5 үй салдырып, банктарга акча чогултсам болот. Анын эмне кереги бар? Андан көрө кыйналып жаткан адамдарга колуңдан келген жардамыңды аябасаң, ошондон өткөн бакыт жок болуш керек. Мисалы, мен 10 бир тууганмын. Аларга каралашып, жардам берип жүрүп деле көп убактым ошолорго кетип калат. Болбосо, биртоп кайрымдуулук иштерине салымыбызды кошмокпуз. Кирешем… Көпчүлүк ырчылар сыяктуу эле кээде тойлорго барам. Өзүмдүн статусума жараша төлөшөт.
- Сыр болбосо канча төлөп беришет?
- Акча тууралуу көп сөз кылгым келбейт. Тойлорго чакырганда да мен өзүм соодалашпайм, атайын жардамчыларым бар. Эми муну айтпай эле коеюн. Айрым учурларда аябай суранып келгендердин абалын түшүнүп бекер деле ырдап калам.
- Акчаны уулуңуз экөөңүз эле коротосуздар да?
- Баламдын эч нерседен кем болбошуна аракет кылам. Кудайга шүгүр, тапканым экөөбүзгө жетет.
- Улуу муундагы ырчылар балдарын чыгармачылыкка аралаштырышат. Сиз балаңызды кайсы тармакта көргүңүз келет?
- Уулум азыр Кыргыз-Түрк университетинде тогузунчу класста окуп жатат. Тил жагын жакшы өздөштүрүүдө. Түркияга барып тил боюнча эл аралык фестивалга катышып келди. Бир ай жүргөн уулума аябай кабатырландым. Биринчи жолу уулумду алыскы сапарга жибердим. Башында санааркап турганым менен ушинтип көнгөнү өзү үчүн жакшы деп калдым. Ырга көп деле кызыкпайт. Эгер ырдайм десе каршы болбойм. Ар бир ата-эне өз кесибин баласы уласа нааразы деле болбойт болуш керек.
- Азыркы жаш ырчыларга кандай мүнөздөмө бересиз?
- Эски нерсе жаңыга ордун бошотот. Заманага жараша баары өзгөрөт экен. Улуу муундагы ырчылар азыр жаштар минтип ырдап жатат, тигиндей басып жатат дей бергенибиз деле туура эместир. Балким баары заманга жараша өзгөрүп жаткандыр. Муун да өзгөрүп жатат. Жаштардын арасында чыныгы таланттар бар. Эл кайдагы ырчылар чыгып жатат, же үнү жок, кыйшаңдап бийлегенин эле көрөсүң деп нааразы болуп жатпайбы. Мунун да кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар. Союз убагында көркөм кеңеш деген бар болчу. Ырдап чыгам деген эле киши чыга берчү эмес. Ошол кеңештен өтүп, үнүн текшерип, ырын угуп, кебетесин сынап, анан гана уруксат берчү. Азыр анын бири жок, коррупция бизде мыкты өнүккөн да. Акчалуулар каалаган жол менен ырдап чыгып жатышат. Бирок баары бир эл бар, ылгап, тандап алат. Элден өткөн калыс жок деп ойлойм. Адам бийиктикке оңой чыга алат, бирок ар ким эле ошол бийиктикте кармала албайт. Бийиктикте кармалыш үчүн талыкпаган эмгек кылыш керек. Биздин жаш ырчылар акындар менен иштешпейт, өздөрү сөз жаза коет, же орустардын, казактардын, түрктөрдүн ырларын которот. Андай ырлар бүгүн угулуп, эртең унутулуп калат. Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуш үчүн иштеш керек. Эмгек гана ийгиликке тепкич боло алат.
- Акыркы убактарда "Тамашоунун" туруктуу калысы болуп калдыңыз.
- Эми менин оюмча, бул жакшы нерсе. Орустардын КВНине 50 жыл болуптур, эмне үчүн бизде андай болбош керек? Элге ушундай тамашаны жеткирип жатканына ыраазымын. Таланттуу балдар көп, өзүм күлүп шайыр жүргөндү жакшы көрөм, тамашоуга келгенде кадимкидей эс алып калам.
- Өзүңүзгө айтылган тамашаны кандай кабыл аласыз?
- Туура эле кабыл алам. Мени жаман мааниде тамашалагандар боло элек. Өзүм түз жүрсөм эмнеге антишет эле. Тамашөкөй адамдардын катарына киргендиктен, ар бир тамашаны кое бербей угуп отурам. Тамашоунун жигиттерине мындан ары да алга жылганга стимул болсун деп колдоо көрсөтүп турам.
- Калыстарда тартып коймой барбы?
- Мен калыстык менен карайм. Балким мен жок учурда болушу мүмкүн. Ал жерде баары алаканга салгандай, кимиси кайсы орунга татыктуу экени көрүнүп турат.
- Мыкты оюнчуну аныктоодо талаш пикирлер болуп калат да…
- Менимче, дайыма эле мен сунуштаган вариант өтөт. Эгер бирөө туура эмес тартып жатса, ага жол бербейм. Калыстыкты жакшы көрөм.
- Ырларыңызды көпкө ойлонуп жүрүп жаздырасыз. Биринчи идея келеби же обон жаздырасызбы?
- Биринчи авторлор даяр болгон ырларын сунушташат. Мен сөздүн маанисине карайм. Кээде обону жарашпай калат. Эгер сөзү начар болуп обону уккулуктуу болсо, анда сөзүн өзгөртөм. Кээде алгач идея келет, анан акынга барып оюмду айтам, ал ошого жараша сөзүн жазып берет. Дагы бир вариант, Эркин Мээрканов менен иштешип жүрөм. Ал обон жазат. Бир нече жолу угуп отуруп эмне жөнүндө ыр болуш керек экенин элестетем. Ошондо гана сөзү жаралат.
- Кыялбек Урмамбетов менен көп иштешесиз. Кандай шарттарда кызматташасыз?
- Ал кишинин талантына баа берип сыйлайм. Ырлары абдан жагат. Көп жылдан бери иштешип келе жатабыз. Албетте, ал мага бекер жазып бербейт. Анын да жашоосу, бала-чакасы бар дегендей. Өзүнүн сураган акчасын төлөп берем. Негизи, Кыялбек байке менен иштешкен оңой. Кээде мага ыр жазып бергенде бир куплети же кайырмасы жакпай калса оңдойлу деген сунуш киргизем. Ошондо туура түшүнүп, оңдоп берет. Анткени, акындар көп учурда андай оңдоо-түзөөлөрдү жактыра беришпейт.
- Союз убагында акындар мамлекет тарабынан каржыланышчу эле. Сиз маданият министри болуп калсаңыз эмне кылат элеңиз?
- Менин оюмча, Көркөм кеңештин ишин жандандырышыбыз керек. Ошондо чыныгы акындардын жумушу көбөймөк. Маданияты артта калган өлкөнүн экономикасы өнүкпөшүн жакшы билебиз. Бизде маданият тармагына анча көңүл бурулбай келгени үчүн бүгүнкү окуяларды башыбыздан кечирип жатабыз. Театрларды чаң басып жатат. Тарбиялык зор мааниси бар акындардын эмгектери окулбайт. Ушул нерселер элди тарбиялап, алга жылганга үндөйт эмеспи. Ошентсе да, мен анча деле бийликке кызыга бербейм. Бирок сырттан жүрүп деле колдон келген салымымды аябаганга аракет кылам. Азыркы маданият министри тууралуу айтсам, чыныгы кыргыз деп жүрөгү соккон, маданиятты баалай билген адам. Андан көп ийгиликти күтсөк болот жана ал инсандын бул кызматты татыктуу алып кетээрине ишенем.
- Америкага жөнөп жатыпсыз?
- Ал жактагы кыргыз диаспорасынын чакыруусу менен кетип жатам. Эки ири шаарда концерт берем. Эң башкысы, элдин баары эле барып жатат, мен деле Американы көрүп келейин да деп койбоймбу…

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования