12.11.10 - 18-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Эне-бала элдин черин жазат
Комузчу Самара Токтакунова уулу Актан Исабаев менен 12-ноябрда Германияда жашаган кыргыздарга чоң программадагы концерт тартуулашат. Концерт комуздун коштоосундагы кыргыздын классикалык ырларын жана Актан Исабаевдин репертуарындагы ырларды камтыйт. Чыгармачыл үй-бүлөнүн сапары Германия менен эле чектелбейт. Андан ары бир канча мамлекеттерди кошо кыдырып, кыргыздардын черин жазышмакчы. Бизге берген маегинде Актан Исабаев жакында чоң рояль сатып алып, чыгармачылыкка башка нук менен киришээрин баса белгилеген эле. Балким ушул сапарында бир ок менен эки коенду жайлап келээр…

Селсаяктарга деле сезим керек
"Жашоо фонтаны" кайрымдуулук фонду "Бакубат жашоо үчүн" деген аталыштагы кайрымдуулук концертин өткөрөт. 26-ноябрда Спорт ордосунда өтүүчү иш-чарага кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү ырчы-бийчилери катышат. Баарынан кызыгы, концерттен түшкөн каражат көчөдө жүргөн селсаяктарга жумшалат. Уюштуруучуларга ММКлар арасынан "Манас FM" радиосу чоң колдоо көрсөтүүдө. Продюсер, ди-джей Кундуз Авашова учурда уюштуруучулук ишти мойнуна алып, жаны тынбай чуркап жүргөн кези.

"Жараланган турналардан" жабыркагандарга
Бир эмес эки ырчынын, дасыккан актерлордун башын бириктирип тартылган тасма көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алыныптыр. Айталы дегенибиз, "Жараланган турналар" кайрадан көпчүлүктүн суранычы менен 10-ноябрдан 20-декабрга чейин улуттук тарых музейинде кайталанып көргөзүлөт. Заматта канча киреше түшөөрүн эсептеп жибердиңерби? Бир айдын ичинде түшкөн каражат режиссердун да, чыгармачылык топтун да чөнтөгүнө түшпөйт. Анткени түшкөн кирешенин чып-чыргасын коротпой 7-апрелде жабыр тарткандарга жардам катары таратып бермей болушуптур. Белгилей кетсек, акыркы чыккан жаңы кинолордун ичинен көп киреше тапкан да ушул "Жараланган турналар" экен.

Баяндын баркын билген Эрлан
"Кайгырба", "Сүйүп калдым кантейин" деген ыры менен кыздардын сүймөнчүлүгүнө айланган Эрлан Андашев буга чейин баян менен ырдаарын айтып эле келген. Эми ошол максатын ишке ашырып баяндардын коллекциясын чогулта баштады. Акыркы жолу отуз жылдан бери колдоно элек эски баянды сатып алып ырчы кудуңдап турган чагы. Ошол баян менен аткара турган ырды орус досу Павел Курганскийге жаздырыптыр. Орусча да, кыргызча да ырларды ырдагысы келген Эрландын акыркы эмгеги сөзү, обону Жаныш Кочкоровго таандык "Сагындырба" деген ырын жаңы вариантта жаздырды.

Замир Мырза айымдуу болду
Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде студенттерге сабак берип келген ырчы Замир МЫРЗАга далай эле кыздар ашык болуп жүрүштү эле, эми жандары тынды окшойт. Себеби, 13-ноябрда ырчынын үлпөт тою болот. Жакын туугандардын, сахналаштардын башын бириктирген салтанат Ош шаарындагы ресторандардын биринде өтөт экен. Бишкектен атайын чакырылган коноктор эмитеден узак жолго чыгышууда. Замир келинчеги менен достору аркылуу таанышып, 10-июнда эле баш кошкон. Тилекке каршы, түштүктөгү коогалаң башталып кетип тойду кийинкиге жылдырууга туура келген. Жакшылыктын эрте-кечи жок демекчи, эми убактысы чыгып отурат. Ырчы жубайынын атын сыр кылып жашырды, ал эми кесиби боюнча юрист экен. Азыр кызматынан бир аз оолактап келиндик милдетин аткарып жатыптыр.

Драматург+диктор = бешик той
Кыргызга күз келсе эле болду, тойлор биринин артынан бири баштала берет. Драматург Кайрат ИМаналиев менен диктор Кыял Шаршеева баш кошкону беш жылдын жүзү болгону менен балалуу боло элек болчу. Көптөн күткөн наристеси 5-сентябрда жарык дүйнөгө келип, ата-энесин кубанычка бөлөдү. Эки айга толгон Айтаажы 3,5 кг салмакта төрөлгөн. Өзгөчө атты кызына атасы ыйгарыптыр. Ымыркайга бешик тойду 14-ноябрь күнү борбордогу ресторандардын бирине бермей болушуптур. Учурда Кайрат бешик тойдун камын жеп жүрөт.

Күн санаган Жылдыз Тутуева
Улуу кызы тогуз жашка чыккыча жолдошу Касым менен чыгармачылыктын артынан жүргөн ырчы Жылдыз Тутуева азыр күн санап отурган кези. Буюрса, ушул айдын аягында көз жарып, кыргыздын санын дагы бир адамга көбөйтөт. "Нан таап жей турган булагыбыз эле чыгармачылык болгондон кийин оокат кылалы деп жүрүп ортодон тогуз жыл өтүп кетиптир. Кызымды жалгызсыратпай төрөйүн деп чечтим" дейт ырчы. Жылдыз айымдын аман-эсен көз жарып алышына биз да тилектешпиз.


Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА