mainkaptal

Пользовательский поиск
"Бовойм" деди
"Темир" генерал Феликс Кулов өкмөт башчылыгынан да депутаттык креслону жогору койгондой. Себеби "ар-намысчыл" саясатчыга премьерлик сунушталса аткез кыларын жакындары маалымдашты. А киши Кремлдин сүрөөнү менен ЖоКе босогосун аттаганына ыраазы болуп, тим турайын десе керек. Феликс мырза азыр өкмөт башына ким барбасын, баары бир эч нерсе жасай албасын билген го, сыягы.

Мыктыбектен мыкый саясат
Президент Роза Отунбаева коалициялык өкмөт түзүү вазыйпасын КСДПга жүктөдү. Андан мурдараак мындай сунуш "Ата журт" менен "Республикага" жолдонгон. Бирок эки партия тең ал сунуштан баш тарткан. Күнү кечээ "Ата журттун" лидерлеринин бири Мыктыбек Абдылдаев КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевге жолугуп, сүйлөшүү жүргүздү. Эки лөктүн баарлашуусу кандай өңүттө болгонун так айталбайбыз. Ошентсе да Мыктыбек мырза премьерликти санаалашы Марат Султановго ыйгаруусун өтүнгөнүн эшиттик.

Көрсөтөр жерин эми даана көрсөтсүн
ЖК депутаты Равшан Жээнбековго мамлекеттик мүлк министрлиги сунушталса, ал "аный" деди дешет. Муну тактоо максатында Равшан мырзага телефон чалсак, "Мага расмий сунуш түшкөн жок. Өзүңөр жакшы билесиңер, кезинде аталган министрликти жетектегем. Мага өкмөттүн иши тааныш, эми депутат катары өзүмдү көрсөтүшүм керек. Андыктан, маммүлк министрлигине барбайм" деди.

"Бактысы" тоодой Бакыт
Кечээги экс-"ак жолчу", бүгүнкү "республикачыл" депутат Бакыт Төрөбаев вице-спикерлик креслого көз артып атыр. Анын изги тилеги аткарылат дейт билермандар. Анткени, парламенттеги түштүктүн тыңчыкмалары Эргештин уулун ачык колдошууда. Анүстүнө Бакыт мырзанын кызмат дегенде жантыгынан жата калмайы күч. ЖК төрага орунбасарлыгы үчүн керек болсо миллиондордун көзүн карабай чачып коюшу мүмкүн.

Аялдын амалы миң эркекке жүк
"Ата журт" партиясынын мүчөсү Динара Исаеваны партия лидери кубалап, коркутканына карабастан мандат тагынды. Буга байланыштуу эркин басылмалардын бири: "Экс-премьер Данияр Үсөнов жубайына звандап, депутаттыктан кетпөөгө үндөптүр" таризинде кабарлаган. Ал эми бизге жеткен маалымат боюнча Динара Шертаевна убактылуу өкмөттүн заказын аткарып жатат дешет. Эмнеси болсо да дымып жатып, түштөн кийин жулкунуп чыкканында бир кеп бар. Анда "Ата журттун" "жаназасы" окулабы? Күтө туралычы…

Тапкан экенсиңер бошотчу кишини…
Ичтен иримей илдети "Республика" партиясына да жукту. Тагырагы, партиянын белдүү мүчөсү Роза Акназарова лидери Өмүрбек Бабанов менен катуу тирешкендегиси. Буга Өмүрбек мырзанын жетиштүү добуш топтой албагандар депутаттык орунду бошоткула дегени себеп. Роза айым ага жооп иретинде санаалаштарын чогултуп, Бабановдун өзүнө каршы "согуш" ачты. "Республикачылар" эмитеден эле "мушташып" баштады, аягы эмне менен бүтөөр экен?

Анын саламын сагынган киши жок
Мурдагы "ак жолчу" депутат Жалаллидин Салахудиновго түштүк коогалаңын уюштурду деп айып тагылган. Натыйжада ал чет өлкөгө убактылуу чыгып кеткен. Анын азыр кайсы кырда жүргөнүн билбейбиз. Арийне, Жалаллидин мырза жакын арада президентке жана кыргыз элине кайрылуу жасарын кулагыбыз чалды. Кайрылууда кандай сырлар ачыларына кызыгып турубуз.

"Абысын" айтыш
Акыйкатчы Турсунбек Акун эл өкүлү Турсунбай Бакир уулунун куранды кармап ант бериши мыйзамсыз экендигин жар салды. "Ал ант берүү маалында куранга, ошондой эле дайыма өзгөрүлүп турчу Конституцияга кол коюп ант бердим деди. Мен өлкөнүн акыйкатчысы катары буга кайдыгер карабайм. Мындай жорукка карата катуу чара колдонушун талап кылып Ташполот Балтабаевге кайрылам. Т.Бакир уулу кайрадан расмий ант бериши керек" дейт депутаттын түбөлүк "абысыны" маалымат агенттиктеринин бирине курган маегинде.

Ак терек, көк терек…
Депутаттыктан өз каалоосу менен баш тарткан Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги 1-вице-премьерлик жана финансы министрлигине каралууда. Ак үйдөгү күбүр-шыбырга караганда Жоомарт мырза өзүн 1-вице-премьерликке гана ылайыктуу көрүп атыры. Эске салсак, мындай мартабалуу кызматка Өмүрбек Бабанов да көз артууда.

Бишкек кимдин "багын" ачат?
Азыркы Бишкек мэри Иса Өмүркулов ээлеген ордунан кетет деген сөз кетти. Бошой турган кызматка келчү адамдардын ысымы эмитеден айтыла баштады. Алардын арасында мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов , эл өкүлү Алтынбек Сулайманов менен Акматбек Келдибеков бар. Ал эми Иса Шейшенкулович мэрликтен "учса", кайда барып "конору" белгисиз.

Акун кетсе Акылбек бар
БШК төрагасы Акылбек Сариев өзүнүн позициясынан тайбастыгын парламенттик шайлоодо тастыктады. Мындан улам Ак үйдөгү бир үлкөн А.Сариевди Акыйкатчы институтунун жетекчилигине дайындоонун жол-жобосун караштырууда дейт. Анда эле Турсунбек Акун кызматтан ыргып, баягы таз кейпине түшөбү?

Билип туруп айтпайсың, ээ
10-ноябрда Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы кызыктай сунуш-талапты карады. Көрсө, Бишкекти мыкты кылуу үчүн борбордун көчөлөрүнүн бирине дүйнөлүк улуу композитор Шопендин атын берүү гана жетишпей жатыптыр. Бул демилгени адегенде композиторлор союзунан чыкты деп угуп аякка чалсак, төрагасы Турдубек Чокиев: "мен мындай демилге көтөргөн эмесмин" деп актанды.
Кыргыз маданиятына эбегейсиз салым кошкон Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов деген залкарлардын ысымы эч бир көчөгө, жайга ыйгарылбай турганда Шопендин ысымын көчөгө берүү ким үчүн өтө зарыл болуп атты экен?.. Изилдей келсек, көрсө Шопен аке поляк экен, Польшанын Астанадагы элчилиги кыргыз өкмөтүнө кайра-кайра кат жөнөтүп, ушу маселени чечип коюуну катуу суранып жатышат дейт. Капырай, деги Кыргызстанда Молдобасанов менен Жумакматовго күйгөн киши табылбай атканда Шопенге күйгөн ким болду экен?

"Жаңы Агым - пресс"




Майрамдын эртеси
Сыйлык
Өткөн жумада журналисттер катуу майрамдадык. Министрликтер чакырып, бирине үлгүрсөк бирине үлгүрбөй, айтор, жайыл дасторкондон кол бошободу.

Басма сөз майрамынын кульминациясы 5-ноябрь күнү биртоп журналисттерге берилген сыйлыктар болду. Ооба, сыйлангандардын арасында мен да бар экем. Биздин он беш жылдык эмгегибиз биринчи жолу бааланып жатканына ыраазылыктан башка эмне айтабыз. Дегеле, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында көз каранды эмес массалык маалымат каражаттарынын журналисттеринин мамлекет тарабынан сыйланышы биринчи жолу болду. Бирок ошо күндөрү он беш жыл бою бирге иштеген устаттарым, кесиптештерим, бирге жетишкен ийгиликтерибиз, бийликтен көргөн куугунтук да көздөн өттү.
Кыргызстандын көз карандысыздыгына быйыл он тогуз жыл болсо, ошо он тогуз жыл ичинде сөз эркиндигинин, демократиянын орношуна, дегеле, кыргыз журналистикасында "Асаба", "Агым" гезиттеринин орду өзгөчө экендигин эч ким танбаса керек. Ошон үчүн бүгүнкү күндө бул гезиттер, анда иштеп кеткен мыкты журналисттердин ишмердүүлүгү илимий изилдөөлөрдүн объектилери болуп келет.
Кечээки майрамда ушу гезиттерди түзгөн биздин устатыбыз Мелис Эшимкановду, менин окутуучум, жакшы көргөн устатым Алым Токтомушевди (башкалар таарынбас), устаттарыбыз Шайлообек Дүйшеевди, Түгөлбай Казаковду, Жолдошбек Зарлыкбековду, Төлөгөн Карыкеевди, Баратбай Аракеевди, Сүйүн Курманованы, Мамат Сабыровду, Эрнис Асек уулун жана башка кесиптештеримди эстеп, бир кезде жалаң таланттуулар бирге иштеген жылдыздуу мезгил болгондугуна, мен да ушундай адамдар менен бирге иштеп калганым үчүн тагдырыма ыраазымын. Бирок булардын (Шайлообек Дүйшеев менен Түгөлбай Казаковдон башкасы) бири да мамлекеттик сыйлык алган эмес. Сыйлык алайын деп жүгүрмөк турсун ойлоп да коюшпаса керек.
Чындыгында жогоруда аты аталгандардын бардыгынын кыргыз журналистикасында өз орду бар. Ошого жараша бардыгынын эмгектери бааланышы керек эле, айрыкча Алым байкенин эмгеги бааланбай келатканы ойлонтот. Же эмгек бааланыш үчүн сөзсүз эле өлүш керекпи?! Кыргыз бийлигиндеги коррупцияга, үй-бүлөлүк башкарууга каршы, кыргыз коомчулугунун азыркыдай абалга жетиши үчүн өмүр бою күрөшүп келаткан Алым Токтомушевдей инсанды башкаларды билбейм, мен көрөлекмин. Алым байкенин мыкты аналитик журналист эле эмес, мыкты акын, котормочу, адабиятчы экендигин бул чөйрөдөгүлөр билет. Бирок бул тармактан да эмгеги бааланганын уга элекпиз.
Жүздөгөн адамдардын каны аркылуу бийликке келген президент Роза Отунбаева, мыкты менеджер, маданият тармагын ушул оожалтат деп чоң үмүт менен күтүп жаткан маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз кандай болгон күндө да Алым Токтомушевдей, Шайлообек Дүйшеевдей адамдарга формалдуулуктан тышкары мамиле жасоолору тийиш эле. Садык мырза, эгер калыстык болсун десеңиз эми деле кеч эмес.
Майрамдын эртеси Алым байкеге чалдым. (Анын алдында чалып табалбай койгом). Куттуктасам, "мени сен эле эстейсиң" деп күлөт… Бар болуңуз, аман болуңуз, устат.

Аскер САКЫБАЕВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика