12.11.10 - 23-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Көкөй кести

КАРАМОЛДОНУ УНУТКАНДЫК КУДАЙДЫ УНУТКАНДЫК

Кыргыз үчүн Карамолдо комуз өнөрүнүн Кантеңири. Анын бийиктигине жетээрлик комузчу эми жаралабы белгисиз. Төмөндө музыка иликтөөчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Балбай АЛАГУШЕВ аксакал менен улуу Карамолдо, анын мурасына байланышкан айрым маселелер боюнча аңгеме-дүкөн курдук.

- Балбай ага, кыргыздын элдик өнөрпоздорун жакшы билген, аларга замандаш болгон эки киши калса, бирөөнү сиз деп билебиз. Карамолдо боюнча эмне айталасыз?
- Багым бар экен, Карамолдо менен 1955-60-жылдары ата-баладай мамиледе жүрдүм. Ушуга аябай сыймыктанам. Ал киши жөнүндө үч китеп жаздым. Эми бул кишидей комузчу чыкпайт. Кыргызда комуз чертүүнүн эки багыты, мектеби бар. Бири комузду чакмак алып, кол ойнотуп чертүүнүн туу чокусу болгон Ниязалынын мектеби. (Жеңижоктун айтымында Ниязалы миңден ашык күү черткен). Буга Токтогул, Коргол, Атай, Шекербек, Эркесары, Айдаралы ж.б. комузчулар кирет. Экинчиси кол ойнотпой күүнүн маани-маңызына басым жасап чертилген залкар, кара күүлөр. Бул багыттагыларга Арстанбек, Муратаалы, Абак, Каптагай, Кыдыр, Карамолдо, Чалагыз өңдүү комузчуларды кошобуз. Эзелтеден эле Көл өрөөнү манасчылардын, бүркүтчүлөрдүн, даңазалуу саяпкерлердин, мүнүшкөрлөрдүн мекени болуп келген. Кара күүнүн алптары да ушу жактан чыккан. Карамолдо ошолордун соңкусу. Бекеринен Карамолдо менен жолугушканда улуу Токтогул "күү сиздерде, ыр бизде турбайбы" деген эмеспи. Токтогулдун өзү да "алты ат сууну кечкендей" комузду кол ойното чертчү да. Бирок Карамолдонун кара күүсүнүн алдында жогоркудай баасын берип олтурбайбы. Муратаалы "күүнүн атын айтып чертсең, тай энчилегендей болот" деп айтчу экен. Кара күүдө күүнүн кыскача гана тарыхы айтылат. Анан кайрыктар аркылуу айтайын деген оюн берет. Карамолдо өзүнчө эле оркестр болчу. Күүнү кайруунун, толгоонун, колду капкакка тийгизбей чертүүнүн кайталангыс чебери болгон. Бул жагынан анын теңдеши жок. Кыргыздын ырыскысына Карамолдонун күүлөрү дээрлик жазылып калды. Көп күүлөрү жазылбай калды деп жаңылыш айтып жүрүшөт. Менин баамымда анын "Эл тилеги тынчтык", "Дүнүйө" деген күүлөрү анын акыркы чыгармалары. Жеке өзүм Карамолдонун 33 күүсүн нотага түшүрүп, магнитофонго жазып калдым. Мага чейин Виноградов, Затаевич жазып калган. Тилекке каршы, өнөрдү баалай албаган эл экенбиз, кийин эле өткөн Карамолдону телеге же киного тартып калбаптырбыз. Ошол кезде кыргыздын теле, кино тармагы тирденип эле калган. Ушунубуз маңкуртчулук болуп калды.
- Карамолдо такыр эле каралбай калдыбы?
- 1994-жылы Корумду айлындагы мектепке Карамолдонун аты берилди. Т.Садыков эстелигин койду. Мен өзүмдүн каражатыма эки класска музей уюштуруп, сүрөтчүсүнө 120 сүрөт бердим. Жакында барсам класс жетпейт деп ыргытып жиберишиптир. Олжобай, чоң чарык деп коет буларды (Карамолдо Шаботодон). Айыл өкмөтү алмаша берип ашмалтайы чыгып, Карамолдону карабай калышты. Патриоттук сезим бу корумдулук туугандарда жок экен. Маданияттын очогу, ордо шаар Бишкекте деле кыйратып жиберген жокпуз. Анын атына коюлган көчөнүн бир жеринде Орозова, башка жагында Орозов болуп жазылып жүрөт. Карамолдону тергейбизби эми. Эмне үчүн Карамолдо Орозов көчөсү дебейбиз? Ушу жерде айта кетейин, Карамолдо көзү өткөндө Каракол шаарынын бир көчөсүнө, Ананьево айылына, өзү туулуп өскөн Корумду айылына, Нарын музыкалык мектебине, Бишкекте (ал кездеги Фрунзе) өзү жашаган көчөгө аты коюлсун, паркка же скверге айкели орнотулсун, эл аспаптык оркестрге ысмы ыйгарылсын деген өкмөттүн чечими чыккан. Ырас, оркестрге аты коюлду. Калганы аткарылбады. Мына, 90 жылдыгы болду, 125 жылдыгы болду, эстеп койгон бирөө жок. Айттым, жаздым. Аракетимден майнап чыкпады. Деги эле Карамолдону унуткандык кудайды унуткандай кеп эмеспи.
- Улуу комузчунун комузу кайда, билесизби?
- Аны тактай албадым. Карамолдонун комузу кайда калганын эч ким билбейт. Менде Карамолдонун 1928-жылдан, көзү өткөнгө чейинки сүрөттөрү бар. Аларды музейлерге өткөрдүм. Анын 60тай күүсү радиого жазылып калган. Ошондой эле кыргыз радиосунда иштеп жүргөн жылдарымда күүлөрүнүн тарыхын, "Кербездер", "Камбаркандарын" өз оозунан жазып калганбыз. Бир күүсүнүн тарыхына, айтылуу "Көкөй кестиге" токтолсок бу Капалдын күүсү. Капал Көл өрөөнүнөн чыккан комузчу. Аялы сулуу киши болгондуктан, колунда бар бирөө зордук менен тартып алып, өзүн казак жакка кубалап жиберет. Ошондо жеримден айрылдым, элимден айрылдым, сүйгөн жарымдан айрылдым деп арман кылып кайрыган экен. Карамолдо анын өзөгүн алып, 7 мүнөт 30 секунддук узак күү кылып кайра иштеп чыккан. Бул азыр арман күүлөрдүн атасы. Өмүрдүн өксүгүн бул күүдөй эч ким айтып бералбайт.
- Карамолдонун "Дүнүйө" деген да керемет күүсү бар. Көпчүлүк чоң комузчулар да өздөрүнүн "Дүнүйөсүн" черткен. Мисалы, Коргол. Комузчулардагы "Дүнүйө" темасынын келип чыгышына эмне себеп?
- Корголдун "Дүнүйөсү" да өзүнчө бийиктик. Кыргыздын салттуу чоң өнөрпоздору (ыр-күү түрүндө) санат-насыят, терме, дүнүйө темаларына кайрылбай койгон эмес. Бул темаларда өздөрүнүн өчпөс издерин калтырып кетишкен. Айталы, Арстанбек, Жеңижоктон, кийинки Калык, Корголго чейин бүгүн бар, эртең жок дүнүйө темасына кайрылбай койгон эмес. Кара күүдө деле ошондой. Бу түбүң түшкүр дүнүйө темасын Карамолдонун жандап өтө албагандыгы да ошол себептен. Анын "Дүнүйөсү" терең философиялык маңызга бай, улуу күүлөрдөн.
- Кара күү мектебинин тамыр-башаты кайда?
- Кеп Карамолдонун чөйрөсүндө. Карамолдо, Каптагай, Орозакун, Чалагыз булар баары кара күүнүн кылымдык тарыхын, бай салтын улантуучулар. Бул төртөө жүргөн жерлерде ыр-күү суудай агып, майрамга айланып кетчү экен. Баары бир айылдан. Орозакун өзү ырчы да болсо керек. Чалагыз Иманкулов Орозакундун обону деп радиого жаздырган. Каптагайдан эч нерсе калбады. Кадимки Кыдыр аке да чоң комузчу болгон. Анын айтылуу "Төгөчү" деген күүсү бизге жетти. Муратаалы Көлдүн Сары-Камышынан чыккан. Атасы Күрөңкөй да чоң комузчу болгон. Булардын баары кара күүнүн алптары эле. Карамолдонун "Байгазынын арманы" деген күүсүн "Сынган бугу" деп Муратаалы койгон. Анткени бугудан чыккан Байгазы өзүнүн турмуштан сынгандыгын күүгө салган да.
- Муратаалыны Карамолдонун окутуучусу десек болобу?
- Болот. Себеби, таалим алган.Үзөңгүлөш жүргөн. Муратаалы да бир кылымда бир келчү залкар комузчу. Өкүнүчтүүсү анын аткаруусунда бир гана "Кер Өзөн" деген (1939-ж) кыяк күүсү жазылып калган. Башка бир да күүлөрү жазылып калган эмес. Анын көпчүлүк күүлөрү Саид Бекмуратов аркылуу бизге жетти.
- Муратаалы качан өткөн?
- 1949-жылы.
- Кийин эле өтүптүр. Анан эч ким жазып албаптырбы?
- Жазбаптыр. Кызыккан да бирөө болбогон го. Муратаалы 70ден ашык күүсүнүн тизмесин композиторлор союзуна өткөргөн экен. Бирок эч ким жазып калалы дебептир. Мен кыргыз радиосуна 1960-жылы ишке кирдим. Павлик Үсөнов деген жетим балдар үйүндө тарбияланган орус тилдүү жигит, дагы бир Анвар деген уйгур кыргыз музыкасынын тагдырын чечип жатыптыр. Анан башкы редактор Асанкан Бөрүбаевге жылдыздай суюлуп бараткан кыргыздын элдик таланттарынын үнүн жазып калалы деген сунуш киргизип, ошол эле 1960-жылы Осмонкул, Алымкул, Эркесары, Шекербек өңдүү залкарларды жазып калдык. Аларды атайын отуруш уюштуруп, кезек менен ырдатып жаздык. Кийин бул өзүнчө пластинка болуп чыкты. Кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталып калды. Райкан Шүкүрбеков менен биргелешип иштеп, эл шайырларын жаздырууну колго алдык. Менде азыр кыргыз музыка чеберлеринин 1000 сааттык үнү, 2000 миңден ашык сүрөттөрү сакталуу. Аларды "Азаттык" радиосу аркылуу "Талант тагдыры" "Баба мурасы" деген темаларда уктуруп жатам.
- Жогорку сөзүңүзгө караганда кыргыз эли Карамолдо өңдүү доорлордо бир келчү залкарын баалай албай калгандай…
- Кайдан. Карагылачы, биз күү атасы Карамолдого оңчулуктуу эстелик кое албай жүрсөк, казактар элдик өнөрпоздоруна арнап 9 музей ачып салган. Бул эле Узун-Агачта Жамбылдын 9 гектар музейи турат. Сүйүнбайдын, Кенендин, Үмбеталынын үй-музейлери бар. Атургай эл аспаптар оркестринин музейи бар. А биздечи? Мына көзгө басар Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониябыз турат. Ушунун бир жак капталын "Пекин" деген ресторан ээлейт. Ал эми филармониянын өзүндөгү чакан музейде биздин эл шайырларыбыздын анча-мынча буюмдары, комуздары тургансыйт. Анын бар экенин көпчүлүк билбейт. Ушул филармониянын бөйрөгүн оюп кирип алган "Пекин" ресторанынын ордуна жакшынакай музей уюштуруп коюуга неге болбосун? Мен бул маселе боюнча барбаган жерим, жазбаган гезитим калбады. Президентке кирейин дедим, киргизбеди. Эми, Саякбай менен Жамбылды салыштырып болобу. Мына, Манасты кытайлар каттатып алды деп чуркурап жатасыңар. Мен сооп болуптур деп жатам. Маданиятка күйбөсөңөр, улуттун улуу адамдарын, өнөрүн, обон-күүсүн сыйлай албасаңар, алардын мурасына кызыкпасаңар ошо болосуңар да. Өзүбүздүн маданиятыбызга өзүбүз күйбөсөк "Пекин" рестораны күймөк беле. Дагы Манасты өздөрүнө каттатып алды деп килейген кытайга таарынымыш, кыр көрсөтүмүш болобуз. Бу жердеги "Пекин" ресторанына алыбыз келбей жатып, Бээжинди чапчудай күпүлдөгөнүбүз курусун.
Дагы бир жагдай, эстелик койгонду билбейт экенбиз. Койсок жазганды билбейт экенбиз. Береги Эркиндик бульварындагы Темиркулдун эстелигине Темиркул деп эле жазып коюшкан. Аалынын эстелигинде А.Токомбаев (Балка) деп жазылып турат. Алардын ким экендиги жөнүндө бир ооз маалымат жок. Ой, эстелик деген бир күндүк эмес, миң жылдык болуш керек да. Кийинки муундар кандай маалымат алышат мындай эстеликтерден? Кур дегенде бир ооз болсо да кимдигин, туулган, өлгөн убактысын жазып коюшпайбы. Көчөлөрдүн атын карагылачы Сыдыкбеков, Орозбеков, Орозов дешет. Алар жөнүндө эч кандай маалымат жок.
- Балбай ага, Карамолдо калып калды окшойт...
- Калбайт. Мен ошол Карамолдо өңдүү залкарлардын маданий мурасы калса деген ойду айтып жатам. Жалпы эле маданиятка болгон мамилени айтып жатам. Жазсаң-койсоң өзүң бил. Дагы айтайын, кыргыз аялга түндүк көтөртпөйт. Т.Садыков Майрам Акаеванын анык өзү кылып, жумуртка бастырып эстелик жасады эле, кайран Ленинди алып ыргытып, анын ордуна коюп алдыңар. Ушубу эстеликти, анын маанисин, элдин маданиятын, каада-салтын түшүнгөндүк? Ал эми Карамолдого келсек комузун, буюм-тайымдарын, күүлөрүнүн антологиясын бир музейге, жанагы "Пекин" ресторанын кубалап чыгып, эл шайырларынын музейин ачсак, ошол жакка эмне үчүн коюуга болбосун? Ошондо Саякбай, Калык, Осмонкул, Алымкул өңдүү залкарлардын туугандарында жүргөн, алардын өрнөктүү өмүрүн чагылдырган экспонаттар бир жерге чогулуп, улуттук маданиятыбызды толуктаган эң мыкты музей болуп калат эле. Биз го аларды көрүп калдык. Бул кийинки муундар үчүн керек.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел:, 38-67-13