Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Чыбырчык

Эрнест АБДЫЖАПАРОВ:
"Өзбектердикиндей рынок, казактардыкындай акча жок…"

Өз ишин мыкты билген режиссердун эмгегинен жаралган ар бир тасма көрүүчүнү кайдыгер калтырбай келет. Бүт өмүрүн киного арнап, үй-бүлөсүнө жумшай турган каражатты киного жумшаган таланттуу режиссердун акыркы айларда кабары чыкпай калган. Көрсө дагы деле кыргыз киносун өркүндөтүү максатында чуркап жүрүптүр. Жакында эле Америкадан келген режиссердун акыркы жаңылыктары жана кинотасмасы жөнүндө сүйлөштүк.

- Эрнест мырза, Маданият министрлигине эле чапкылап калыптырсыз, бир долбоордун үстүндө иштеп жаткан окшойсуз?
- Буюрса келечекте Кыргызстанда Голливуд куруу кыялым бар. Өзбектердикиндей өзүбүздүн рыногубуз жок, казактардыкындай акчабыз жок, орустардыкындай индустриябыз түзүлө элек, бирок кыргыз киносу аябагандай күчтүү. Ошондуктан дүйнөлүк деңгээлге чыгууга болгон бир эле жол - Кытай, Америка, россиялыктар менен биргеликте кино тартуу. Мен жактырып жүргөн "Оранжевый блюз" деген сценарий бар болчу. Азыр ал англис, орус тилине которулду. Ал сценарийди мен Америкага барып, ал жердин жашоосу менен кенен таанышмайын жаза албайт болчумун. Ушул сапарымда "Оранжевый блюзду" жазып бүттүм. Буюрса, азыр америкалыктар менен биргеликте ошол кинону тартуунун аракетин көрүп жатабыз.
- Америкада канча убакыт жүрүп келдиңиз?
- Америкага барарымды уккан "Кыргыз клаб" уюмунун өкүлдөрү мени тосуп алып, алдын ала маршруттарды даярдап коюшуптур. Америкада жашап жүргөн кыргыздар үчүн "Уурунун махабаты", "Троллейбус" тасмаларын көрсөтүп келдим. Анан "Оранжевый блюз" менен "Шахрезада из Кукушкина" деген эки сценарийди иштеп чыгып, баш-аягы үч ай жүрүп келдим.
- "Уурунун махабаты" тасмасы менен көп көрүүчүлөр дале жакшы тааныш эмес экен. Борбордо чала көрсөтүлдү окшойт?
- Былтыр "Октябрь" кинотеатрына койгонбуз. Орто жолдон "Сумерки" киносу коюлуп, биздин мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болуп калды. Андан кийин 12-апрелден баштап көрсөтүүнү пландаганбыз, атургай афишаларды чаптап, элди кабардар кылып койгон элек. Тилекке каршы, көтөрүлүш чыгып кетип кино дагы үзгүлтүккө учурады. Эми буюрса кайрадан даярданып жатабыз. Анткени "Уурунун махабатына" абдан көп каражат кеткен, азыр өзүн-өзү актай элек. Жадагалса киного катышкан актерлордун гонорарын дале бере элекмин.
- Пираттарга көз карашыңыз кандай?
- Пираттарга альтернатива түзүп бериш керек деп ойлойм. Алар менен күрөшүүнүн эң негизги жолу ушул. Пираттар аз көлөмдө болсо да салык төлөп, дүкөндөрдү ачып сатсын. Биздин эмгекти жеген болбойт. Убагында "Боз салкын" мына элдин көрүүсүнө чыгат деп жатканда кабинеттин ичинен чыккынчы чыгып сатып ийген. Россия телеканалынан көрсөтүлчү "Гаишники" тасмасын пираттар Украинадан уурдап келишиптир. Ушул сыяктуу көрүнүштөргө бөгөт коюу керек.
- "Гаишники" тасмасына тартылып жатканда орус актеру Сергей Астаховдун биздин актерлорго туура эмес жасаган мамилесинин чет жакасын уккан элем?…
- Эми аны айткандан Астаховдун кыялы оңолуп деле кетпейт. Тартуу учурунда кыялын көргөзүп, туура эмес кылык-жоруктарды жасады. Өзүбүздүн жумушубуз ансыз деле оор, Сергей Астахов аны ого бетер оорлотту десем болот.
Ашар жолу менен тартылган "Уурунун махабаты"
Сүйүү, достук, жашоо үчүн күрөш, өлүм темаларын камтыган "Уурунун махабаты" Эрнест Абдыжапаровдун акыркы эмгектеринен. Көрүүчүлөрдү суусатып, кыска убакытка коюлган тасманы көрө элек болсоңуз, мазмуну, кадр артындагы кызыктарга көз жүгүртүңүз.
Кримавторитеттин арзуусу
Тасма жоокерчилик заманда сулуу кызга ашык болгон каракчы кыз-жигиттин артынан кууп жөнөгөнүнөн башталат. Кыздын жүрөгү бош эмесине моюн сунгусу келбеген каракчы бийкечтин жигитин өлтүрөт. Кыз өзүнө канжар уруп, ошол эле маалда жоокерлер аткан жаа каракчы жигитке тийип, шейит кетет. Тиги дүйнөдө өлүм менен жашоонун дарбазасында шейит кеткен каракчы жигитти кемпир тосуп алып, бөөдө өлгөн кыз-жигит кийинки жашоосунда анын ата-энеси болорун билдирет. Кемпирдин кызы энесине жигитке дагы бир өмүр берүүсүн суранат. Ошентип каракчыга жашоого дагы бир мүмкүнчүлүк берилет.
Каракчы жигиттин жаны азыркы жашоого туура келип, Дамир аттуу "мыйзамдагы ууру" болуп төрөлөт. Кайрадан 18 жаштагы Барчын аттуу бийкечке ашык болгону менен Барчындын жүрөгү сүрөтчү Адилетке арналган. Тубаса жүрөк оорусу бар Адилеттин аз гана өмүрү калганын билген Барчын жардам бере албай айласы кетет. Эгер Адилет көз жумса Барчын да өз өмүрүн кыюуга даяр.
Балдар үйүндө тарбияланган Диля аттуу кыз чакан банданы башкарып, өзү билгендей жан багып жүрөт. Дамирдин бергиси келген жардамынан баш тартып, аны өзүнө өчөштүрүп алганын да байкабайт. Дамир Диляны өлүмгө буюрат. Жаңылыштык менен Дилянын ордуна башка кыз өлүп, Диля Дамирден өч алууну көксөйт. Сүйүүдөн башкага тизе бүкпөгөн Дамир Барчындын жигитине донордук жүрөк салдырып берет. Сооп иш кылып, сүйүшкөндөрдү аэропортто узатып жаткан жеринен Диля Дамирди атып өлтүрөт.
Дилянын огунан каза болгон Дамирди өлүм менен жашоонун дарбазасынан кемпир жылуу тосуп алат. Көрсөтүлгөн ишенимин актаганы үчүн ичи жылып Дамирге дагы бир өмүр берет. Бул жолу "каракчы жигит", "мыйзамдагы ууру" үчүнчү жашоосунда Барчын менен Адилеттин уулу болуп төрөлөт.
Канат менен Заринанын башаты
2004-жылы Канат менен Заринанын сүйүү окуясына таасирленген Эрнест Абдыжапаров Сооронбай Жусуевдин поэмасы менен Жыпар Исабаеванын повестинен улам сценарий жараткан. Өткөн жылдын декабрь айында тартмак болуп, каражаттын жоктугунан токтоп калган. Ага чейин өзү кыялданып жүргөн тасма башка режиссерлор тарабынан тартылган.
Кайрадан кайталангысы келбеген режиссер Канат менен Заринанын окуясынын өзөгүн алып, сценарийди түп-орду менен өзгөртүп жазып чыккан. Тасмада кыз-жигит эле аман калып, режиссер айткандай, калган каармандардын баарын "жайлап" салган. Сүйүү, кайгы, кубаныч, жашоо үчүн болгон күрөш, адилеттүүлүк, карөзгөйлүк кинодо чоң чеберчилик менен сүрөттөлөт.

200 000 долларлык кино
Эң биринчи кино тартууга Эрнест Абдыжапаров өзү чыгынып, буга чейин сактап келген акчасын сарптаган. Андан соң "Кыргызфильм" студиясы техникаларын берип жана 1,5 миллион сом бөлүп берген. Актерлордун тарыхый костюмдарын, башка да кийимдерин бүт "Александра" кийим тигүү фабрикасы мойнуна алган. Атургай айрым костюмдарды өздөрү сатып беришиптир.
"ГазпромнефтьАзия" фирмасы кино тартуучулар тобун 2 тонна май менен камсыз кылышкан. Андан тышкары, "Арбен" компаниясы да акчалай жардам кылган. Кинонун тартылышына ИИМдин салымы да чоң, себеби башкы каармандар колдонгон курал-жарактар менен камсыздап, биртоп көмөк көрсөтүшкөн. Баш-аягы кинону тартканга орто эсеп менен 200 000 доллар кеткен. Көрүүчү тасмага биртоп акча кеткенин айттырбай баамдай алат. Жакында эле режиссер АКШга барып кинону коюп келди.
Айлакер болсоң акчага үнөм
Барчын Адилет менен уруша кетип сууга машинеси менен түшө турган эпизодду аткарууда биртоп эле тоскоолдуктар болгон. Анткени ошол машинени сууга түшүрүш үчүн аны 4 миң долларга сатып алыш керек эле. Каражаттын тартыштыгынан улам режиссер кичине куулук кылып, көрүүчүлөрдү алдаганга туура келген. Кийин бул трюктарды белгилүү каскадерлор да көрүп таң калышкан. Бул эпизодду кантип тартышканын режиссер айтуудан баш тартты. Болгону аны тартууга бир тыйын кетпегенин баса белгиледи. Ушул эле эпизод негизи сентябрь айында тартылмак, орто жолдон режиссер сокур ичеги болуп, декабрдын башына жылдырганга аргасыз болушкан. Кыштын күнү көлдө чабак урган артисттерди тартуу бүткөндөн кийин аракка жуунтуп, оорутпай аман алып калышты.
Кинодогу трюктардын баарын Үсөн Кудайбергенов атындагы каскадерлор федерациясынын жигиттери аткарган. Алар да акча тартыш болгондуктан Эрнест Абдыжапаровго жардам кылып трюктарды бекер аткарып беришкен. Андан да кызыгы, башкы каарман Кубаныч Адылов өмүрүндө атка минип көргөн эмес.
Алгач "мыйзамдагы уурунун" ролуна Азиз Бейшеналиевди сунушташкан. Бирок мурда актер Талгат Асанакуновдун "Райские птички" ("Бейиш канаттуулары") тасмасына тартылгандыктан, Эрнест Абдыжапаров кайра-кайра кайталагысы келбей жаңы жүздөрдү аралаштырууну ылайык көрүптүр.
Кичинекей кыздарды сатып күн көргөн башкесердин ролун аткарган Айбек Дамуров чыныгы жашоосунда касапчы. Эрнест Абдыжапаров Бакуда жүргөндө чоң суммадагы гонорар төлөсөм да кавказ улутундагы актерду тартылууга чакырам деп ойлоп жүргөндө, режиссердун ассистенти кокусунан Айбек Дамуровду көчөдөн жолуктуруп калат. Сырткы келбетин ылайыктап, киного тартылуу сунушун киргизген. Режиссердун багына ал да киного тартылууну дегдеп жүрүптүр. Дароо макулдугун берип, тасмада өз ордун бат эле тапкан.
Кинонун сценарийи жазылып жатканда Асема Токтобекова жаңыдан турмушка чыгып жаткан. Ал эми "Уурунун махабатына" тартыларда актрисанын үч айлык боюнда бар болчу. Чуркап, атыша турган эпизоддордо, сууктун күнүндө жеңил кийим кийип жүрүүдө башкаларга караганда өзгөчө кыйналган.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования