12.11.10 - 26-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Ылайым оорубагыла, адамдар…

Бишкектеги №10 орто мектепте жашы элүүгө таяп калган Суранбүбү АЛМОЛДОЕВА эжей эмгектенет. Бул эжейди окуучулар энесиндей аяп, жакшы көрүшөт. Ал башка мугалимдердей доскага жазып, тыкылдап ары-бери баспайт. Оорунун айынан басалбай, эки уулу күнүгө мектепке көтөрүп келип, көтөрүп кетишет. Жаны кыйналып ооруп турса да сабакты калтырбай мектепке барат экен. Суранбүбү эженин эрктүүлүгүнө, кайраттуулугуна баа берип, аны менен баарлаштым. Көзүнө жаш алып, ушундай тагдырга кантип кабылганын айтып берди.

Мен деле эл катары элем
- Мектепти аяктагандан кийин эле Фрунзедеги кыз-келиндер институтуна тапшырып өтүп кеттим. Институтту 1984-жылы аяктап, Талас районунун Талды-Булак айылындагы мектепте мугалим болуп эмгектендим. Бул учурда турмушка чыгып, үй-бүлө күттүм. 1990-жылы Бишкекке көчүп келип, №10 орто мектепте мугалим болуп иштеп жүрдүм. Жолдошум экөөбүз үч балалуу болгондон кийин ар кандай себептерден улам ажырашып кеттик. Чындыгында жолдошум ичимдик ичип, тынчтык берчү эмес. 2002-жылдан тартып катуу ооруп калдым. Ангинам бар болчу, жетишпеген жашоодон улам убагында дарылана албай жүрүп күчөтүп жибериптирмин. Азыр басалбай, өз алдынча кыймылдай албай, коляскадамын. Жүрөгүм, бүткөн боюм бүт ооруйт. Мамлекет майыптыгыма карата пенсия чектеп берген. Бирок 2400 сом дарыма да жетпейт. Жыйырма алты жыл эмгек тажрыйбам менен мектепте иштеп, 3300 сом маяна алам. Менин бир ичкен дарым 2000 сомдун тегерегенде. Эки уулум ЖОЖдо сырттан окуп, иштешет. Кичүү уулум 8-класста окуйт. Бир айда ичкен дарым он беш миң сомдон ашат.

Уулдарым кийинтип, киринтишет
Таптакыр басалбай калганыма бир жылдын жүзү болду. Дарыгерлер 9000 долларлык дары бар, ошону ичсең жакшы болосуң деп айтышкан. Андан башка да 620 миң сомдук дары бар экен, аны кан тамырыңа тамчылатсаң таза айыгарыңа кепилдик бар дешти. Бирок бул сумманы кайдан табам? Москвадан 40 миң сомго дары алып дарылангам. Андан майнап чыккан жок. Эгер дары сатып алып дарыланалбасаң, операция жасап, муундарды темирге алмаштырыш керектигин айтышты. Бирок менин кайсы жериме салат, баары ооруйт, анда муундарымдын баарын алмаштырууга туура келет. Анүстүнө каным да аябай аз экен, операцияга да жарабайт.
Өзүм басалбасам да бир колума таяк алып, экинчи жагыман балдарым жөлөп-таяп машине менен мектепке алып келип, кайра алып кетип турушат. Өз алдынча кыймылдай албагандыктан жуунуп, кийинип, чачымды да тарай албайм. Дааратканага баралбайм. Балдарым таң атпай мени кийинтип, жуунтуп, дааратканага алпарып, тамагымды берип, мектепке алып келишет. Улуусу иштеп акча таап, бизди багат. Ортончу уулум менен кичүүсү менин түйшүгүмдү бүт мойнуна алышкан. Алар мени жуунтуп, киринтишет. Балдарымдан уялганда айла жок. Үйдөгү бүт жумушту балдарым жасашат. Кудайга шүгүр, балдарым жакшы, үчөө тең көзүмдүн кареги менен тең айланып, дарыларымды үзбөй алперип турушат.

Үмүттүн жолу кууш
Арча-Бешик жаңы конушунда жашайм. Жалгыз иним, эжем, апам бар, алар айылда турушат. Атам кайтыш болуп кеткен. Бир туугандарым деле каралашып турушат, бирок ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн түйшүгү бар да. Мен иштеген мектептин директору Гүлжан Үмөталиева, коллектив менин оор абалымды көрүп, көңүлүмдү көтөрүп турушат. "Жакшы сөз жан эргитет" дегендей, алардын жылуу сөзүнөн да каниет алам. Мени сен ооруп атасың, ордуңду бошот деп айтпайт. Тескерисинче, иште, отура берсең ооруй бересиң деп айтышат. Алардын жылуу мамилеси, жакшы сөзү, мектептеги окуучуларымдын ызы-чуусу мага дем берет. Эгер иштебей үйдө ооруп жата берсем, анда эчак эле көз жумат белем…
Жашоо өтө берет экен, оорунун кадырын соо адам билбейт тура. Учурда экинчи топтогу майыпмын. Мага эч кандай жеңилдиктер деле каралбаптыр. Болгону бир жылга 700 сомго жеңилдик иретинде бекер дары берилет. Коомдук унаада жол кирем бекер, бирок өз алдымча басалбасам, аны деле пайдалана албайм.
Бул оору кантип өөрчүп кетти деп көп ойлойм. Тамагым ириңдеп, эки айга чукул ооруп, буттарым шишип кеткен эле. Доктурга кайрылсам, алар деле бул оору ушундай коркунучтуу экенин айтышкан эмес. Агезде жолдошум да иштечү эмес, балдарым ачка калбасын деп ооруганыма карабай иштеп жүрдүм. Көрсө, балдар деле ачка калбайт экен, өз убагында дарылансам болмок деп өкүнүп калам. Ар бир баланын бешенесине жазган ырыскысы бар тура. Бул оору жүрөккө, бөйрөккө зыянын тийгизет экен. Алты ай сайын дарыланып, ооруканага жатып турам. Ай сайын кан тапшырып, дарыларымды алмаштырам. Адам баласы үмүт менен жашайт экен. "Дабасы жок дарт болбойт" дегендей, айыгам деген үмүт менен күрөшүп келатканыма көп болду. Эми мени оору жеңеби же мен аны жеңемби билбейм… Бутум баспай, таптакыр кыймылдабай төшөктө жатканда аябай депрессия болдум. Ар кайсыларды ойлодум. Адегенде эле балдарыңды ойлойт экенсиң. Мен өтүп кетсем, үчөө эмне болот, чоңураак экөө эптеп "апа" таап алышаар, а кичинекейим кантет, ушул байкушум энеси жок кор болот го деп санаага батып, бир туугандарым келсе аларга айтып, ыйлап дайындайм. Тааныштар ден соолугумду сураса эле көзүмдүн жашын агызып ыйлачумун. Бир жолу туугандарым келип, эркелетип көзүңдү караган сайын болбой калдың, антпей кайраттуу болуп, балдарыңды ойло, сен өлүп калсаң үч балаңды ким карайт деп урушканда кадимкидей чыйралып, кайраттанып, кайрадан оору менен күрөшө баштадым. Өз алдымча басалбай, тепкичтен араң түшчүмүн. Бүгүн таяк менен акырын тепкичтен кыбырап чыксам, уулум көрүп алып, "апа, сиз басасыз" деп аябай сүйүндү. Балдарымдын кубанганын көрүп өзүмчө кубат алып, мен да кубандым.




Басынтпаган ата-энелерге, окуучуларга ыраазымын
Мектептеги агартуучуларга квартира берилет деп кезекке тургам. Экинчи уулумдун да буту ооруйт. Эч кандай шарты жок, жаңы конуштагы үйүмдө жашайм. Тааныштар мэрияга үй сурап барбайсыңбы дешет. Бирок, заман ушундай башаламан болуп атса үй алат элем деп баргандан уятым чыдабайт. Элдин баары пикетке чыгып, өкмөт өзү кыйналып атса, мен аларга кошул-ташыл болуп чыкканым туура эмес го дедим. Негизи дарыгерлер менен мугалимдер абдан тынч, чыдамкай калк болушат.
Азыр 3-класстын класс жетекчисимин. Класска балдарым көтөрүп келип отургузуп кетишет. Ошол боюнча балдарым түштө алып кетишет. Ага чейин ордуман жылбайм. Доскага чыгып жазалбайм. Ошондуктан батман кагазды төрткө бөлүп, аркасына катуу нерсени коюп, жазып, окуучуларга түшүндүрөм. Класстагы балдарым башка окуучулардай эле тез кабыл алышат, мага көнүштү. Сабакта жетишкендиктери да жакшы. Алар менин басалбаганымды билишет, андыктан ашыкча тентек кылышпайт, тынч, сабакты жакшы окуганга аракеттенишет. Мектепке келгенде "эже, ооруган жоксузбу?" деп сурашат, кетип баратканда "эже, оорубаңыз" деп айтканы мага чоң күч берет. Окуучуларымдын ата-энелери да жакшы, баспаган мугалим окутат деп айтышпайт. Негизи бул окуучуларымды басып жүргөндө кабыл алган элем. Класстагы балдарды үйрөтүп койгом. Алар мени кыйнашпайт, түшүнбөгөнүн акырын келип сурап турушат. Ушул окуучуларымды 4-классты бүтүртүп, анан жумуштан чыксамбы деп ойлойм. Антпесе өзүмдүн балдарым да таң азандан туруп мени жуунтуп, кийинтип, аларга деле оор.
Кыш келатат, майыптарга жеңилдиктер каралып, бекер көмүр берилет деген. Ушуга чейин бир да жолу жеңилдик катары мамлекеттин жардамын алып көрбөпмүн. Квартал башчысы Сапаркүл деген келинден көмүр тууралуу сурасам, ана беребиз, мына беребиз деп создуктуруп келатат. Эки баламдын иштеп тапкан акчасы деле аз. Менин дары-дармегимен, ичкен тамагыбыздан ашпайт. Электр жарыгына жеңилдиктер бар деп айтышкан, бирок ал деле билинбейт. Басалбай калганда биринчи топтогу майыптыкка өт деп айтышкан. Анүчүн бейтапканага барып бардык адистерден медициналык кароодон өтүш керек экен. Андан өтөйүн десем басалбайм. Бейтапканадагы адистердин бири экинчи, бири үчүнчү кабатта. Тепкичтен улам чыгып-түшүү мен үчүн кыйын. Балдарымды жиберсем, аларга документ бербейт экен өзү келсин деп. Ошону менен биринчи топтогу майыптыкты алалбай атам.

Жакшылыктан үмүт үзбөйм
Майыпмын деп догумду артып отуруудан да уялам. Балдарым үйдө жок болуп калса кыштын күнү көмүр жагалбай үшүп калам. Кээде үйдө балдарым болбой калса дааратканага баралбай, жуурканымды жамыналбай же жаздыгымды түздөй албай кыйналып, зээним кейиген күндөр болот.
Катуу ооруганда таякты да таяналбай калам. Ошондо балдарым көтөрүп келип, көтөрүп кетишет. Жазында, күзүндө ооруп, шишийм. Гормоналдык дарыларды ичкендиктен денемдин баары шишик. Кээде дары да жардам бербей калат. Ошондо эч кимге көргөзбөй ыйлап алам.
Жашоодон жакшы эле кыйналдым. Кудайым мага жакшы жашоо бербесе да ден соолук берсе болмок деп тагдырыма наалат айтам. Бирок кайра Кудайдан кечирим сурап, ден соолук тилейм. Адам болгондон кийин жакшыны да, жаманды да ойлойт экенсиң. Тирүү кишиге өлмөйүнчө акча жетпейт, андан көрө ден соолугуңарды сактагыла деп элге кыйкыргым келет. Балдарым маянасына мага дары-дармек алып келсе кадимкидей ичим ачышат. Ушинтип мага дарыга акчасын короткончо өзүнө кийим-кече алып, керегине жумшаса жакшы болбойт беле дейм. Алар болсо "апа, бизге жетет, эң негизгиси сиз оорубаңыз, биздин маңдайыбызда аман болуңуз" дешет. Кээде балдарыма ашыкбаш жүк болуп атамбы деп кейийм. Жаман нерсени көп ойлогон сайын оорум күчөй берерин түшүндүм.
Жашоомдо жаман адамдарга да кездештим. Ооруп атканда кыбырап басып, автобуска отуруп, кайра түшкөндө аябай кыйналчумун. Ошондо "батыраак түшпөйсүңбү!" деп түртүп, сөккөндөр да болду. Кээде автобустан түшө албай атсам айдап кеткендер да болду. Ушул оорудан аябай көп запкы көрдүм. Кээ бир айдоочулар күтүп, шашпай түшүңүз дечү. Азыр коомдук унаага деле түшпөйм. Өткөн жылы февраль айында операция болдум. Ичегилерим айрылып кетиптир, анысы аз келгенсип сокур ичегим да жарылып кетти. Операциядан кийин таптакыр баспай, мага аябай оор болуп, "бечелге жөтөлдүн кереги не" дегендей болду. Адам баарына көнөт экен. Кудайдын ушунусуна да тобо келтирем. Өлүп калгандан көрө баспасам да балдарымды көрүп отурам. Адам ит жандуу деген чын экен. Мен дайыма ооруйм, оорубаган күнүм болбойт. Бирок жакшылыктан үмүтүмдү үзбөй жашап келем…

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА