12.11.10 - 27-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Бей таалай


Үстүбүздөгү жылдын 13-август күнү борбордогу Ак-Ордо жаңы конушунда жашаган Бердибаев Асылбектин эшигинин алдына алты айлык баланы кимдир-бирөө таштап кеткен. Үй ээсинин бойго жеткен эки кызы болгондуктан, эркек балалуу болсок деген кыялын кошуналарынан башка тааныштары, туугандары билчү эле.

Талашка түшкөн наристе
Болпоюп торолуп, талпынып калган эркек баланын эшигинин алдында пайда болушун үй ээлери Кудайдын бергени деп сүйүнүп багып алышты. Албетте, адегенде эшиктин алдына калтырылган баланын ата-энесин издөөгө салып, балким бизди билген бирөөлөр тамашалап таштап кетиштиби деген да ойго кетишти. Наристенин ата-энесин издөөгө салып, эч кимден эч кандай шек билинбегенде гана үйгө пайда болгон кичинекей наристени бапестеп багып атышты. Эшиктин алдына ташталган наристенин аты-жөнү, кимден, эмнеге калтыргандыгы тууралуу эч кандай маалымат болгон эмес. Ошондон улам анын жакындары келип алып кетишеби деген ойдо документтерин даярдап, баланы өзүнө каттатып алууга ашыгышкан жок.
Таштанды бала да жаңы үй-бүлөгө көнүп, күнүгө өнөрү чыгып эркек бала күткөн ата-эненин кубанычына айланды. Мүмкүн оорулуу бала болуп калбасын деген ойдо наристени доктурга текшерүүдөн өткөрүштү. Куландан соо, эч жери оорубаган, алты саны аман баланы эч ким издеп келбегендиктен, Асылбек менен аялы Сыйда наристеге Адилет деген ат коюп, документтерин топтоп жаңыдан өздөрүнө каттатып алалы дегенде ызы-чуу башталды.
Наристенин келгенине эки айдан ашып калганда аны издеп, энесимин деген Калича аттуу жаш келин пайда болду. Албетте, кичинекей Адилетке көнүп калган бакма ата-энеси энесимин деп келген келинге берүүдөн баш тартышты. Эки жаат болуп катуу урушуп, баланы неге таштаганын сураганда Калича көзүнүн жашын көлдөтүп төмөнкүлөрдү айтып берген:
- Нарынбек деген жигит менен сүйлөшүп жүрүп, кош бойлуу болуп калдым. Адегенде аны боюман алдырайын деп деле ойлогом. Бирок кийин төрөбөй каласың деп курбу кыздарым айткандыктан аборттон баш тарткан элем. Ал эми баламдын атасы Россияга иштеп кетип, ошол боюнча дайынын билдирбей койду. Балыкчыда жашаган ата-энем кош бойлуу экенимди билишкен эмес. Аларга курсагым билине электе барып келгем. Менин кош бойлуу экенимди туугандарымдан деле эч ким билген жок. Бишкекте Ак-Өргөө жаңы конушунда үч кыз батирде турчубуз. Жанымдагы кыздар да төрөп ал дешкенинен макул болдум. Март айында көз жарып, уулумдун атын Нурсултан койгон элем. Август айына чейин баламды жалгыз багып, аябай кыйналдым. Адегенде уулумду төрөтканага таштап кетейин деп деле ойлогом. Бирок кыйналсам да өзүм багам деп чечкем. Балким менин төрөгөнүмдү Нарынбек укса, ал Россиядан келип, экөөбүз баш кошобуз го дегем. Бирок ал Россиядан башка кызга үйлөнүп алганын уктум. Августтун орто ченинде ата-энем шаарга келебиз дешкенинен айлам жок, уулумду бирөөлөрдүн үйүнүн эшигинин алдына таштап кеткем. Ак-Ордодогу эң кооз үйдү көрүп, ушулар эч нерседен кем кылбай багып алышат го деп ойлодум. Бирок мен үчүн уулумсуз жашоо абдан оор болду. Күнүгө акмалап, силердин үйүңөрдү карап, Нурсултанды кээде көрсөм, кээде үнүн укканына кубанып кетип калчумун. Баарын унутуп, турмушка чыгайын деген оюм бар болчу, бирок ал да болбой калды, - деп актанды. Анын ыйлап, баласын сурап келгенин Асылбек менен Сыйда да түшүнгүсү келген жок окшойт, мыйзам чегинде жоопко тартыласың деп милицияга арыз жазды.
Бишкек шаардык Ленин райондук жарандык укуктарды коргоо боюнча соту учурда наристенин бакма ата-энеси менен биологиялык энесинин ортосундагы чырды карап атышат. Ал эми наристе жаңы үй-бүлөсү менен жашап аткан кези. Кичинекей наристеге ушунчалык көнүп алган үй-бүлө аны эч кимге бергиси келбегенин билдиришти. Тогуз ай омурткам сыздап көтөрүп, толгоо тартып төрөгөн уулумду башка бирөөлөргө бербейм деген Каличага баланы кароосуз калтырып таштап атканда эмнени ойлодуң эле дегендер көп.
Уулун кайра кайрып алуу оор экенин түшүнгөн Калича Балыкчыдагы ата-энесине кабарлап, жардам берүүсүн өтүнгөн экен. Кыз кезинде боозуганынан коркуп, ушунча убакыт жаап-жашырып келген Калича, ата-энесинен кантип жардам сурап, аларды кантип ийге келтиргени да белгисиз. Айтор, никесиз төрөгөн кызынын укугун коргоп алар да соттун эшигин тешип жүрүшөт. Мындай кабар жерде жатмак беле, Каличанын башка туугандары да бул тууралуу угушуп, уулун кайрып алсын деген максатта адвокат жалдап беришиптир.
Бирок мыйзам боюнча өз алдынча жашай албаган, жашы жетелек наристени кароосуз калтырып, энелик жоопкерчиликтен качкан Калича да жооп берерин сот кызматкерлери айтышууда. Эмнеси болсо да бир кезде энесине кереги жок, белгисиз үйдүн эшигинин алдына ташталган наристе азыр талашка түштү. Бул чырдын акырына сот чекит коюп, наристе кимде калаары анык болот.

P.S. Наристенин энесинин аты соттук териштирүүнүн кызыкчылыгына байланыштуу өзгөртүлүп жазылды.
Назира КУЛМАТОВА




  Жунгли закону

Ыйык жайларга кол салган айбандар
Күз башынан тарта Кыргызстан боюнча бир катар диний мекемелерге чабуул жасалып, тонолгон эле. Бетине беткап кийген, куралчан алты-жети адамдан турган топ 15 протестанттык сыйынуу үйүнө, 2 мечитке кол салып, кароолчуларды токмоктоп, ал жактагы баалуу буюмдарды, акчаларды алып кетишкени коомчулукка белгилүү болгон.

Арам оокатты көздөгөндөрдүн катуу ур-токмогунан Бишкектеги "АДРА" адвентисттик агенттигинин кароолчусу да көз жумган болчу. Бул кылмыштуу толкун мамлекеттик деңгээлге чейин чыгып, ал тургай башка өлкөлөрдөгү христиан өкүлчүлүктөрүнөн кыргыз бийлигине кылмышкерлерди тизгиндеп берүү ноталары келип түшкөн. Бишкек шаарындагы, Чүй облусундагы диний мекемелерге болгон талоончулук чабуулдарды иликтөө үчүн ИИМ министри Зарылбек Рысалиевдин көрсөтмөсү менен атайын оперативдик-иликтөө тобу түзүлгөн. Ал топко ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн тажрыйбалуу кызматкерлери, тергөөчүлөр, эксперттер тартылышкан эле. Жакында алардын дыкат иликтөөлөрүнүн натыйжасында бул чабуулга тиешеси бар 16 адамдан турган кылмыштуу топ кармалды.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Алымжан Козубаевдин айтымында, бул талоончу топтун бирөөсү буга чейин тууганы менен протестанттык чиркөөлөрдүн бирине келип-кетип жүргөн. Ал чиркөөлөрдө акча болоорун, ал жерлердин кайтаруусу начар экенин жакшы билген соң, оңой олжого маруу максатында тааныш, жердештеринен атайын топ түзүп, максатын ишке ашырууга киришкен. Тоноочулар таанылбас үчүн беттерин чүмбөттөп алып, сыйынуу үйлөрүнүн эшигин талкалап киришип, кароолчуну сабап, сейфтерди ошол жерде ачып же көтөрүп кетип турушкан. Тутулуп калуудан сактанышкандыктанбы, алар окуя болгон жерден тез эле номери жок машине менен изин жашырып турушкан.
Кылмыш үй-бүлөгө, тууганга карабайт
Кылмыштуу топтун эң улуусу 28 жаштагы Кой-Таш айылынын тургуну Шайлообек Жаманкулов болсо, эң кичүүсү 19 жаштагы Нарын облусунун Эки-Нарын айылынын жашоочусу Эрлан Шаменов. Таң калычтуусу, бул топто бир тууган Шаменовдордон бир эмес, төртөө бар. Алар Урмат, Эрлан, Мурат, Кубат Шаменовдор. Урмат, Эрлан Шаменовдор Мурат, Кубат Шаменовдорго аталаш бир тууган. Жалпысынан 16 кылмышкер кармалса, анын 15и Нарын облусунун Эки-Нарын, Он-Арча, Жылан-Арык, Жаңы-Талап, Коңорчок, Пионер айылдарынын тургундары болуп чыккан. Топтун арасындагы Мирлан Надырбеков бир жаштагы баланын атасы болсо, Кубан Мамырбаевдин 4 жашар кызы бар. Учурда булардын үстүнөн тергөө иштери жүрүп, кылмыштуу топко 26 пункттан айып тагылып отурат. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орунбасары Асан Абдылдаевдин айтымында, буларга өнөктөш Баястан, Таабалды аттуу балдар азыр издөөдө. Тергөө убагында колго түшкөндөр кылмыштуу топтун ана башы Эрлан аттуу жигит экенин, а Таабалды болсо мурун Сокулук районундагы чиркөөлөрдүн биринде иштегендиктен "тоноо планын" жакшы билгенин айтып беришкен. Учурда кармалгандардын алтоо сегиз христиан чиркөөсүнө кирип, тоногондорун моюндарына алышты. ИИМ министринин орунбасары Мелис Турганбаевдин билдиришинче, бул топ буга чейин жеке эле протестанттык чиркөөлөргө кол салбастан, май куюучу жайларга, айрым акчасы бар мекемелерге кол салып, тоноп кетишкен.

Каракчы топ кантип кармалды?
4-ноябрь күнү саат тогуздар чамасында Свердлов РИИБине Бишкектин Магадан көчөсүндө жайгашкан адвентисттер чиркөөсүнө түн ичинде беткапчан 8 адам кол салганын кабарлашкан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлерине ок атуучу курал, бычак менен куралданган кылмышкерлер 60 жаштагы аялдын колу-бутун байлап, 158 000 сому бар сейфти, "ASER" ноутбугун алып кетишкени анык болот. Оперативдүү-издөө иштеринин натыйжасында Баялинов көчөсүндөгү чиркөөгө кол салууга шектүү делинип Нарын облусунун Коңорчок айылынын тургуну Теңиз Жусупов кармалат. Аны суракка алып, жашаган жерин тинте келгенде жеке эле анын кылмышы эмес, буга чейин карматпай жүргөн ири тоноочу топтун бети ачылган. Тинтүү убагында шектүүлөрдүн үйлөрүнөн териден тигилген беткаптар, кесилген мылтык, анын 9 огу, 14 миң сом, Магадан көчөсүндөгү чиркөөдөн уурдалган "SONY" видеокамерасы, үй жылыткыч, "ADIDAS" күрмөсү, Баялинов көчөсүндөгү чиркөөдөн кымырылган "PARAGON", "LG" DVD плеерлери, бузулган сейф, чөнтөк телефондор жана башка чиркөөлөргө тиешелүү буюмдар табылган. Кылмыштуу топ мүчөлөрүнүн айтымдарына караганда алар эки-үч машина менен кыдырышып, сыйынуу үйлөрүн кечке жуук акмалашкан. Түн ортосунда гана алар пландаштырылган сыйынуу үйүнө киришип, сейфтерди алып чыгып кетип турушкан. Аларды шаардын сыртына алып чыгып ачышып, сууга чөктүрүп жиберип турушкан. Учурда булардын калган мүчөлөрүн табуу, шектүү деп кармалгандардын айыптуулугун тактоо боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүп жатканын кабарлайт, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы.

Өткүр Ашымов