![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Кайрылгыс күндөр Жаштыгым жашыл тон кийген... Журналисттердин бир адаты бар. Карылар күнү болсо карылардан кабар алып, мугалимдердин күнү болсо аларды чагылдырып дегендей. Алдыда кайсы майрам болсо ошол тармактын өкүлдөрүн жазышып, алардын көйгөйлөрүн көрсөтүп беребиз. Бул жолу 17-ноябрь - студенттер күнү тууралуу жазыш керек болуп калды. Өмүрүңдүн эң кызык учуру дал ушул күндөргө туш болгонун эске алып, студенттик күндөрдөгү эсте каларлык жагымдуу учурларды чагылдырууну туура көрдүк. Таттуу күндүн ачуу тарыхы 1939-жылдын 17-ноябры тарых барактарында фашисттик режимге каршы көтөрүлүшкөн чех жаштарын массалык жазалоо күн катары калган. Фашисттик бийлик тарабынан жогорку окуу жайдын бардыгы жабылып, миңдеген студент, окуучулар концлагерге айдалып, көбү атууга өкүм кылынган. 1946-жылы Прагада, 1939-жылдын 17-ноябры фашисттик оккупанттар тарабынан массалык кырылган чех студент патриотторунун жаркын элестерине арналган күн катары Бүткүл дүйнөлүк студенттер конгрессинде бекитилип, эл аралык студенттер күнү болуп калган. Статистика 1991-жылы Кыргызстанда 12 жогорку окуу жайы болгон. 10 миң адамга 130 студент туура келген. Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайларынын саны 50нү чапчып түштү. Алардын ичинен 53 пайызы мамлекеттик, 27 пайызы жеке менчик окуу жайлар. Студенттердин 92 пайызы мамлекеттик университеттерде, 7,5 пайызы жеке менчик окуу жайларда окушат. СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен студенттердин саны боюнча Кыргызстан Украина менен Россиядан кийинки үчүнчү орунда турат. Бизде 10 миң адамга 405 студент, Украинада 500, Россияда 412 студент туура келет. Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу орто мектепти бүтсө, анын 5600ү гана бюджеттик орунда окуйт жана мамлекеттин эсебинен 250-350 сом өлчөмүндө стипендия алат. Кимдер кайда? Чулдурактар - инфакта Май жыттанган - химфакта Тил тиштегич - филфакта Гүл өстүргүч - биофак Жер кыдырган - геофак Кудайлаган - теофак Мээ чаккычтар - матфакта Адам сойгуч - медфакта Бала тоскуч - педфакта Жер чукугуч - исфакта Ток өткөргүч - физфакта Чыйылдаган - музфакта Баарын жазган - журфакта Соттоп ийгич - юрфакта Пул санагыч - эконом Калгандарын жөн коем. Студенттин күндөлүгүнөн Ыр жазып баа алгам Высшая математика сабагынан модуль башталып калды. Гуманитардык багытта окуган биз балакетти "вышматты" билебизби? Бири-бирин жалдырай тиктеп, күйгүлтүктүү үшкүргөн студент көп. Кагазды тиктеген менен баары бир мээңде эчтеке жок болсо балакетти жазасыңбы? Анан "тобокел" дедим да, кагаз бетине арман төгө баштадым. Кыйнайсыз агай, кыйнайсыз, Катуу коюп талапты. Кур калдым жакшы модулдан, Калтырып эки сабакты. Лекцияңыздын бардыгын, Жаттагам кечээ кечинде. Жазайын десем оо арман, Калбаптыр бири эсимде. Кирпиктерим сүзүлүп, Мен отурам алдыда. Үмүтүм небак үзүлүп, Акыры сизге айтарым, Бычаксыз мени сойбоңуз, Балчайтып "эки" койбоңуз ГАКка кирбей калбайын, Суранам, аны ойлоңуз, - деп жазып текшерүү ишимди тапшырып салдым. Акыры модулдун жыйынтыгын угузганда 35 балл (эң жогорку) койгонун угуп төбөм көккө жетти. Азыр ойлосом корком, сөз кадырын билбеген башка бирөө болгондо эмне болмок?.. Махабат, Бишкек шаары Сабалаган "С"лар Студент Самат Сокулуктук студент Самат сабагынан суранып, соко салып сегиз сотыхка сабиз септи. Сабиздин сабактары сеңселгенде сууну сиңире сугарды. Соодагерлер Саматтан сабиздеринин салмагын сегиз сомдон сатуусун суранышты. Самат сүйүнүп сразу сатты. Себеби сабиздерин саткан сомун сессиясына сарптамак. Самат сумкасына сомдорун салыштырып сессиясына сабалады. Сессияда сумсайган сөөлөттүүлөр Саматтан сынамакка СССРдин сулаган себебин сурашты. Самат сүрөөнү созбостон сөөлөттүүлөрдүн сейфине сексен сомдон сырттагыларга сездирбей салды. Сейфтери семирген сөөлөттүүлөр Саматты сессиядан сразу секиртишти. Сүйүнгөн Самат секирип сыртка суурулду… Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны: "Немис овчаркасы чаңымда калган.." - Агай, сизди студент кезде куюндай чуркаган деп күлүп калышат го... - Ал окуя мындай болгон. Биз Турусбеков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жерине жакын газонго мандаш токунуп алып вино ичкени жатканбыз. Стипендия алган күн болчу. Жаңыдан эле куюштуруп көтөрөлү деп атканда так маңдайыбызга сары мотоциклчен милийса килейген овчаркасы менен келип токтоду. Филфактын жатаканасын көздөй зыр эле койдум. Милийса өзүнүн жетпесин билген соң итин кое берди. Ошондо күлүктүгүмдү көрдүм. Немис овчаркасы чаңымда калды. Ошентип жатакананын оозуна он кадам калганда бир жак туфлийимдин боосу үзүлүп кетип жаза басып чалынып жыгылдым. Ошондо жетти ит, милийсасы биртоптон кийин келди… Жаныбек Алыкулов, куудул: "Ошондоле бастырчу экем" - Негизи ар бир аткан таңың майрам. Биздин убакта студенттик күн деген жок болчу. Кайгы-капа, санаа дегенди билбеген көңүл ток кез да, көпчүлүктүн башынан өткөн ачка калуу, кыздардын тамагын уурдоо деген нерсе менде болгон эмес. Себеби эжемдин үйүндө шорпого курсакты кампайтып алгандыктан көп деле ачка болгон жокмун. Кыздарды сүйгөндүн ордуна сабакты сүйөөр элем. Себеби мен сабакка көңүл бурсам кыздардын көңүлү менде болот деген ойдо окуудан баш көтөргөн жокмун. Сабакты го "5ке" окуйт элем, бирок нанга тийген стипендиямды арак ичип койчубуз да. Ошондо эле бастырган жакчу экен. Сүф! Сүф! Студенттер колдонуучу ырымдар Сессия учурунда канча экзамен берсеңиз да бир кийген кийимди чечпей, аягына чейин ошол кийимиңиз менен жүрүү керек. Кокус биринчи эле экзаменде начар баа алып калсаңыз, кийип жүргөн кийимди башкасына алмаштырыңыз. Белгилей кетчү нерсе, экзаменди эртең берем деген күнү башты жууганга, сакал алганга болбойт, анткени окуганыңдын, жаттаганыңдын баарын унутуп каласың. *** Үйдөн чыгып бара жатканда кичинекей отура турган отургучтардын баарын көмкөрөсүнөн коюп коюш керек. *** Кечинде жатаарда жаздыктын астында китепти же эртеңки сабактан бере турган экзамендердин жоопторун жазданып жатуу зарыл. Анткени китеп жазданып жатпаган студентке билим жукпайт деп айтылып келет. *** Үйдөн оң бутуңуз менен чыгардан мурда кара нандан бир кесим жеп, андан кийин экзамен бүткүчө оозго даам албаганыңыз оң. *** Жакшы окуган студенттин зачеткасына кичине отура турсаңыз да болот. Өзүңүздүн зачеткаңызды сессия бүткүчө эч кимге көрсөтпөгөнүңүз оң. Көз тийиши мүмкүн же назар түшүп калат. Студенттик анекдоттор 5-курс сүйлөсүн! Жатакана. 1-курстан 5-курска чейинки студенттер жашаган бөлмө. Эртең менен саат чырылдайт. 1-курстун студенти: - Балдар, сабакка баралыбы? 2-курстун студенти: - Эй койчу, дагы бир аз уктайлычы. 3-курстун студенти: - Андан көрө сыра ичпейлиби. 4-курстун студенти: - Мүмкүн арак ичебиз... 5-курстун студенти: - Токтогула, мен азыр тыйын ыргытам. Эгер тыйын сан жазылган жагынан түшсө сыра ичебиз. Герб тартылган жагынан түшсө арак ичебиз. Эгер кырынан турса уктайбыз. Ал эми жерге түшпөй абада калкып калса, анда окууга барабыз. Мыйзамсыз "5" Студент: - Агай, мен сиздин бир дагы сурооңуздун жообун билбейт экем. Калыстык үчүн мен да сизге 3 суроо берейин, жооп берсеңиз чыныгы профессор болосуз дагы мага балчайта "2" коесуз. Жооп бере албасаңыз "5" коесуз. - Макул, бер сурооңду. - Логикага эмне туура келбейт, бирок мыйзамга туура келет. Экинчиси, эмне логикага туура келет, бирок, мыйзамга туура келбейт. Үчүнчүсү, эмне логикага да, мыйзамга да туура келбейт? - Чын эле оор суроо экен. Келе зачеткаңды "5" коюп берейин. Эми жообун айтчы. - Агай, сиздин аялыңыз 25 жаштагы селки. Бул мыйзамга туура келет, бирок логикага туура келбейт. Күйөөсү карып калган жаш кыздын сөзсүз түрдө ойношу болот. Бул логикага туура келет, бирок мыйзамга туура келбейт. Ал эми сиздин келинчегиңиздин ойношуна "5" коюп бергениңиз мыйзамга дагы, логика дагы туура келбейт. Камасутра Айыл чарба академиясына тапшырган шаардык студенттерди лабораториялык ишке киргизип, букадан уйду "качыруу" тапшырмасын берет. Студенттер агайдан уялып аткандарын айтып, профессорду сыртка чыгарып ийишет. Бир убакта агай чыдамы кетип кирип келсе бука өлүп жатат, уй болсо бир бурчта эч нерсеге канааттанбагандай маанайсыз турат. Профессор студенттерге байкоо жүргүзүп отурган лаборанттан сурайт: - Буларга эмне болду? - Бул тормуздарыңыздын уйду чалкасынан талтайтып жаткыра албай убара болгонун көргөн букаңыз боору эзилгиче каткырып атып өлүп калды. Ал эми уй болсо сууга барып суу ичпей калган абалда турат, - дептир жылмая. Кимисине барайын? Кыздар жатаканасына жигит кирип бара жатат. Вахтерша: - Чоң жигит, кимге баратасыз? - Кимге бар деп кеңеш берет элеңиз? Кошоматчы Министрдин уулу ЖОЖго тапшырып жатат. Экзаменатор: - Орус-казак согушу кимдер менен кимдердин ортосунда болгон? Чогулткан ЧОРОБЕК
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||