![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Эсеңгиреткен эсеп-чот Казына бош, ага каржалган бийлик жок 2009-жылы көпчүлүк дүйнө өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстанды экономикалык каатчылык кыйнаса, быйылкы жыл мамлекет үчүн андан да оор жыл болду. Ансыз да араңжан болуп турган өлкө экономикасына апрель окуясы катуу сокку урса, июнь коогалаңы мамлекеттин өнүгүү жолуна таккесе эле бөгөт койгондой болду. Учурда көп нерсеге көзү жетип калган жаштардан тартып, үйүндө отурган карыларды да мамлекеттин эртеңи, экономикалык абалы, мамлекеттик казына кызыктырат. Буга апрель айынан тарта эл аралык банктарга, бюджетке, тышкы соодага байланыштуу имиштер, фактылар себепкер. Ушундан улам эл арасында финансы маселесине байланыштуу суроолор өтө эле көп. Биз ошондой суроолордун айрымдарын каржы министринин орунбасары Самат КЫЛЖЫЕВге узаттык. - Самат мырза, жакында президенттин басма сөз кызматы "Республиканын 2010-жылга карата бюджети жана 2011-2012-жылга божомолу тууралуу" мыйзамына өзгөртүү, толуктоо киргизилерин билдирди. Бул мыйзам долбоорунда кандай өзгөрүүлөр каралган? - Бюджеттин такталган долбоорунда чыгашаларды 1,9 млрд. сомго кыскартуу каралган. Мындан сырткары, бир катар административдик структураны жөнөкөйлөтүү менен учурдагы чыгашалар 351 млн. сомго азайтылды. Буга улай айрым мамлекеттик инвестициялар программасынын (ПГИ) долбоорлорун ишке ашыруу планын оңдоп-түзөөнүн негизинде капиталдык чыгымдар 1,5 млрд. сомго төмөндөтүлдү. Быйылкы жылы ПГИ гранттарын кошкондо республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 54 521 млн. сом болот. Ал эми жалпы чыгаша 76 190 млн. сом өлчөмүндө долбоорлонууда. - Тышкы донорлор убада кылган каражаттардын канчасы келип, канчасы Кыргызстанга берилбей калды? Алардын канчасы инвестиция, кредит, грант түрүндө берилди жана берилмек эле? - 27-июлда Бишкекте өткөн донордук конференциянын жыйынтыгында Эл аралык өнүгүү ассоциациясы (ЭӨА) Кыргызстанга 80 млн. доллар жардам берүү келишимине кол койгон. Анын 70 миллиону өлкөгө чукул жардам үчүн берилип, анын 32 миллиону грант, 38 миллиону кредит болду. А калган 10 миллион доллар Ош-Баткен-Исфана жолдорун оңдоого багытталып, 4,5 млн. доллары грант, 5,5 миллиону кредит катары берилди. Ошондой эле ЭӨА "Айыл чарбалык инвестициялоо жана кызмат көрсөтүү" долбоору үчүн 6,7 млн. евро грант түрүндө берген. Буга улай Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 100 млн. доллар эсебинде бизге чукул жардам көрсөткөн. Анын 51 миллиону грант болсо, 48,5 миллиону кредит. Буга кошумча АӨБ 23 миллион АКШ акчасын транспорт секторуна кредитке берди. Эл аралык өнүктүрүү фонду (ЭӨФ) тарабынан дагы 33 млн. доллар 23-сентябрда Улуттук банктын эсебине түштү. Түркия өкмөтү менен 10 млн. долларга гранттык келишим түзүлүп, бул сумма 3-сентябрда Улуттук банкка которулду. Ага куйрук улаш эле Россия менен бюджетти бекемдөө максатында 10 млн. долларга гранттык келишим түзүлүп, ал октябрь айында Кыргызстанга келип түшкөн. - Министрликтин болжолунда 2011-жылга бюджет кандай болушу мүмкүн? - Республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорунда 2011-жылы бюджеттин кирешеси 52 289 млн. сом болору көрсөтүлгөн. Анын ичинен салыктык киреше 35 604 млн. сом болсо, салыктык эмес акча түшүүлөр 9 535 млн. сом. Алынган официалдуу трансферттер, ПГИ гранттары 7 149 млн. сом болушу кажет. 2011-жылы мамлекеттик аппаратты финансылоого 3,4 млрд. сом, реалдуу секторго 22,9 млрд. сом, социалдык чөйрөгө 23,5 млрд. сом, күч структурасына 9,0 млрд. сом жумшалмакчы. Кыскасы, 2011-жылы бюджет тартыштыгы 20 492 млн. сом болушу болжолдонууда. Бул тартыштыкты жабуу үчүн ички каржы булактарынан 2158,1 млн. сом, сырткы булактардан 9 649 млн. сом каралган. - Кыргызстан көп эл аралык уюмдарга мүчө. Учурда мүчөлүк акылар толук төлөнүп жатабы? - Бүгүн Кыргызстан жүздөн ашуун эл аралык уюмдарга мүчө. Жылдан жылга эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер тарабынан каржылануу муктаждыгы өсүп баратат. Ошого байланыштуу жыл сайын мүчөлүк акылардын көлөмдөрү өсүп жатат. Бюджеттин тартыштыгынан улам Кыргызстандын учурда финансылык милдеттемелерин толук аткарууга чамасы жетпейт. Ошол себептен 2010-жылдын январь айында өлкөнүн мүчөлүк акылар боюнча карызы 998 млн. сомго чыккан. Биз азыр мындай карыздан чыгуунун бир гана жолун көрүп турабыз. Ал мүчөлүк акыны бекитүү механизмин ар бир мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша өзгөртүү. - Ортодо парламент, өкмөт иштебей калып казынабыз үнөмдөлдү эле. Эми парламент, өкмөт толук курамы менен иштей баштаса алардын маяналары кандай чечилет? - Азырынча жаңы парламенттин, келечектеги өкмөт кызматкерлеринин айлык маселеси чечиле элек. Мурда эски Конституция боюнча алардын маянасы президенттин токтому менен бекитилчү. Жаңы Конституцияда мамлекеттик кызматкерлерге маянаны кайсы орган бекитери каралган эмес. Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүп жатканына байланыштуу жаңы парламент бул маселени кечиктирбей чечиши керек. - Тышкы карызыбыз дээрлик 3 млрд. долларга жакындап калды. Министрлик тарабынан аны азайтуу боюнча кандай пландар бар? - 2010-жылдын 30-сентябрын-да өлкөнүн тышкы карызы 2 618,1 млн. долларды түзгөн. Быйыл сырткы карызды азайтуу боюнча бир катар иштер аткарылды. Алсак, ушул жылдын 23-февралында Анкарада Кыргызстандын Түркияга болгон карызынын пайыздык ченин эки эсеге азайтуу келишимине кол коюлду. Мурун пайыздык чен 2,72 пайыз болсо, ал 1,36 пайызга төмөндөтүлгөн. Мындан сырткары, мартта АРИС, немец өнүктүрүү банкы менен Кыргызстан ортосунда кыргыз мамлекетинин 5 млн. еврого чамалаш карыздык милдеттемесин конверсиялоо келишимине кол коюлду. Мунун негизинде өлкөдө "Карыз конверсиясы II - Коммуналдык инфраструктура" долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул долбоор толугу менен ишке ашса, Германия өкмөтү карызыбызды 5 млн. еврого кечүүгө даяр. Учурда Каржы министрлиги Кыргызстандын Кореяга болгон карызын Париж клубунун протоколунун алкагында реструктуризациялоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле министрлик эки тараптуу кредиттик макулдашуулардын милдеттемелерин, шарттарын өз убагында так аткарып келатат. Буга улай биз ТИМге ар башка өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөр, элчиликтер менен биргеликте Кыргызстандын тышкы карызын жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштадык. - Убактылуу өкмөт милиция кызматкерлеринин айлыгын 50 пайызга көтөрдү эле. Бул эмненин эсебинен болду? Кийин бул кайра төмөндөтүлбөйбү? - Бул каражат республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүдө каралган, анан бекитилген. Андыктан алардын маянасы азайтылбайт. - "АзияУниверсалбанкынын", дегеле кыргыз банк системасынын келечеги мындан ары кандай болушу мүмкүн? - Өзүңүздөр билгендей, "АзияУниверсалБанк" ААКсы оор финансылык абалдан, апрель окуясынан соң капиталдардын сыртка агып кетүү коркунучунан улам кредиторлордун, акча салуучулардын активдерин сактоо үчүн улутташтырылган. Эми өкмөттүн "2010-жылдын сентябрь-декабрь айларына карата экономикалык, финансылык саясаты" меморандумунун негизинде АУБду экиге: активдери, приоритеттүү милдеттемелери бар "жакшы" банкка жана көйгөйлүү активдери "жаман" банкка бөлүү маселеси каралат. Жалпысынан өлкөнүн банк, финансы системасы акырындап турукташат. Бирок бул үчүн финансы тармагына ири инвестициялар керек. Азыр өкмөт эл аралык донорлорго финансы секторуна жардам көрсөтүү өтүнүчтөрү менен кайрылып жатат. - 2010-жылдын октябрына чейин жалпысынан салык кирешеси жана чыгашалардын жалпы суммасы канча болду? - Отчеттук маалыматтар боюнча 2010-жылдын январь-сентябрында республикалык бюджетке ресурстардын (атайын каражаттарсыз) түшүүсү 42 441,6 млн. сомду түздү. 2010-жылдын январь-сентябрына республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарсыз жана мамлекеттик карызды эсепке алганда) 42 638,1 млн. сом суммасында аткарылды. - Экс-министр Темир Сариев кезинде апрель окуясынан жабыр тарткан ишкерлерге компенсация берилет деди эле. Ал канчалык деңгээлде аткарылды? - 13-августтан тарта жабыр тарткан ишкер-ижарачыларга улуттук комиссия түзгөн тизме боюнча компенсациялар төлөнүп жатат. Мындан сырткары, талкаланган субъектилерге кредиттик кызматтар, компаниялар аркылуу жеңилдетилген зайымдарды берүү каралган. - Сиздин эсебиңизде түштүктү калыптандырууга канча каражат керек? Бүгүнкү күндө анын канчасы элге берилди? - Июнь окуяларында келтирилген чыгымдарды баалоо комиссиясынын актысы боюнча Ош, Жалал-Абад облустарына келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 2 млрд. 742 млн. сом. Талкаланган объектилердин саны 2323 болду. Ноябрь айына чейин Каржы министрлиги тарабынан Ош, Жалал-Абад шаарларын калыптандырууга 433 млн. сом которулду. Анын 100 млн. сомун жабыр тарткандарга узак мөөнөттүү, үстөк пайызсыз ссуда катары берүү каралган. Бүгүнкү күндө үстөк пайызсыз берилген ссудалардын жалпы суммасы 79,2 млн. сом болду. - Карапайым эл, мамлекеттик кызматкерлер бюджеттин тартыштыгынан маяна, жөлөк пул, пенсияларды төлөп берүү үзгүлтүккө учурашына кабатыр. Буга кандай жооп кыласыз? - Пенсия, мамлекеттик пособиелер, жеңилдиктердин ордуна берилүүчү акчалай компенсациялар соцфонддун, социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигинин документтеринин негизинде өз убагында каржыланат. Майыптарга, көп балалуу ата-энелерге, аскер кызматкерлерине жана пенсияга болгон кошумчалар, мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөөнү каржылоо биринчи орунга коюлган. Бул жагынан карапайым калкты кабатыр болбоого чакырат элем. Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||