![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Кылым соту кандай өтөт? Сырттан өкүм чыгарып сыздатабыз17- ноябрда Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөн сот процесси башталмакчы. Күтүлүп жаткан сот процессинин тарыхый чындык алдындагы мааниси зор. Ошондой эле мамлекеттин келечегине, коомдун турмушуна түздөн-түз таасир этүүчү, саясый жетекчиликке сабак болчу жагдайлары арбын. Учурдагы саясый бийликтин эртеңи да ушул сот процессинин дурус же буруш өтүшүнө байланыштуу болуп турат. Ошондой эле башкы жоопкер К.Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрүнүн сыртта качып жүрүшү, аларды кылтакка илүүнүн оңой эместиги, бул ишке сырткы саясый күчтөрдүн жана дүйнөлүк кылмыштуу мафиянын кызыкдарлыгы да сот процессине кыйла таасир тийгизбей койбойт. Баарыдан мурда көп адам катышкан (500дөн ашуун) бул сот процессин талаптагыдай өткөрүү да оңой эмес. Бул жөнүндө кеңири маалымат алуу максатында КР Жогорку Сотунун басма сөз катчысы Бактыбек РЫСАЛИЕВге кайрылдык. - Бактыбек мырза, алдыдагы сот процесси тууралуу кандай маалымат бере аласыз? - Буга чейин мындай масштабдуу сот процесси болгон эмес. Бакиев режими 7-апрелде кан төгүү менен кулаган. Бөөдө 89 адамдын канына забын болгон. Ушул сотто кан төгүүгө барган мурунку бийликтин айрым өкүлдөрү жоопкерчиликке тартылат. Сотту Бишкек шаардык гарнизондук аскердик соту жүргүзөт. - Сотко көп адамдардын катыша тургандыгы күтүлүүдө. Коопсуздук чаралары жетиштүүбү? - Чындыгында бул сотко баш-аягы 500дөн ашуун адам тартылмакчы. Сотто 28 соттолуучунун иши каралат. Ошондой эле 7-апрелде каза болгон адамдардын жакындары, 306 ок атуудан жаракат алган адамдар, 129 күбө, 18 адвокат жана 7 прокурор катышат. Мынчалык сандагы адамдардын коопсуздугун сактоо жана сот процессинин мыйзамга ылайык жүрүшүн камсыз кылуу үчүн атайын борборубуздагы Кожомкул атындагы спорт сарайы тандалып алынды. - Эми, Кожомкул атындагы спорт сарайы чоң да. Аны алты курчап эле албасаңар коопсуздукту кантип сактай аласыздар? - Ырас, спорт сарайы чоң. Бирок ичине "Дастан" ишканасында жасалган темир торчолор орнотулат. Соттун, адвокаттын, күбөлөрдүн орундары да дайындалууда. Сот жообуна тартылуучулар ошол темир тордун ар жагына отургузулат. Алардын коопсуздугу үчүн да чаралар көрүлгөн. - Мындай кылым сотунун ачык-айкын өтүп, басма сөздөрдө талкууланышы зарыл эмеспи. Журналисттердин катышуусу кандай болот? - Журналисттер сөзсүз катышат. Алар үчүн да атайын жай, шарт түзүлөт. Ошондой эле процесстин ачык айкындуулугун камсыз кылуу максатында өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү да катышмакчы. Катыша тургандарынын саны такталып жатат. - Сот процессинин жүрүшү түз эфир аркылуу көрсөтүлөбү? - Сот процесси баштан аяк түз эфир аркылуу көрсөтүлбөйт. Бирок күндөлүк басма сөздөрдө, теле көрсөтүүлөрдө чагылдырылып турат. Бул үчүн сот процессин чагылдырууну каалаган журналисттер атайын аккредитациядан өтүшү керек. - Соттун жүрүшүнүн коопсуздугун сактоо кайсы күч органдарына тапшырылган? - Спорт сарайы ошол күндөрдө болуп көрбөгөндөй коргоого алынат. Анын ичи-тышын ИИМдин, УККнын, кылмышкерлерди коштоп жүрүү департаментинин кызматкерлери, мындан тышкары атайын тартылган элдик кошуундар катуу көзөмөлгө алат. - Оштогу июнь окуяларына байланыштуу сот процесстеринин жүрүшүндө адвокаттарды сабап койгон, коркутуп-үркүткөн учурлар кездешти. Бул жолу андай болбойт деп ким кепилдик бере алат? - Ооба, алгач ошондой учурлар болгон. Ош окуяларында туугандарын жоготкондор адвокаттарга кол көтөрүп ийгени ырас. Бирок Ош окуяларынын күнөөлүүлөрүн адвокаттар менен камсыз кылууда, алардын коопсуздугун сактоодо бийлик бардыгын жасады. Муну адвокаттардын өздөрү айтып жатышат. Бул сот процессинде мындайга жол берилбейт. - Башкы күнөөкөрлөр (К.Бакиев жана анын жакындары, М.Суталинов, Д.Үсөнов ж.б.) сыртта качып жүрөт. Алар кандай соттолот? - Өткөндө вице-премьер министр Азимбек Бекназаров өзүнүн пресс-конференциясында аларга сырттан өкүм чыгарылат деп айтпадыбы. Мындай өкүм башка өлкөлөрдө баш калкалап, ачык-жабык жашап жүргөн качкындарга чоң эле жолтоо болот. Эл аралык укуктук нормаларга ылайык аларды жоопкерчиликке тартууга да жол ачылат. Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел,: 38-67-13 P.S. Кечээ Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары Ак үйгө чогулганда аларды 7-апрелде курман болгондордун жакындары кандай кабыл алганын көрдүк. Бакиевде иштегенсиң, ошондо эмне унчуккан эмессиң деп жумуртка менен койгулашты. Эми бул кылым сотунда 7-апрелдеги кан төгүүлөргө түздөн-түз тиешеси бар делгендерди алар кандай кабыл алаар экен?.. Коопсуздукту сактайбыз деген азыркы алсыз бийликтин сөзүнө ишенич жок. Аңга түшкөн айыл чарбасы Кооператив кыймылы козголобу? Кезегинде Кыргызстан 450дөн ашык колхоз-совхоздору бар, агрардык өлкө катары таанылчу. Айыл чарбасы Кыргызстандын экономикасын, өнөр жайын, маданиятын өргө сүрөгөн талылуу тармак эле. Буга чейин өкүнүч, арман менен көп айтылып келгендей эгемендиктин эртесинде эле туташ менчиктештирүүгө өтүү менен калкыбызды багып турган кайран тармакты кыйратып алганбыз. Натыйжада жылда алтын, күндө күмүш тапкан миңдеген гектар жерлер 2,7 млн. адамга менчикке берилип, майдаланып кетти. Бергени жакшы болду дейин десек, жылдан жылга айдоо жерлеринин куну качып түшүмдүүлүгү азайып баратат. Кээ бир жер аянттары таптакыр эле каралбай, жыл сайын айдоого жарактуу жердин 150 миң гектарга жакыны айдалбай кысыр калууда. Азыр Кыргызстан өзүн-өзү буудай менен камсыз кылалбай калган. Жыл сайын 150 миң тоннага жакын буудайды Казакстан, Орусиядан сатып алууга аргасызбыз. Мындай шарттарда майда дыйкан чарбаларын кайрадан ирилештирүү зарылдыгы келип чыгууда. Анткени техникалык базасын, айдоо жерлерин, мыкты айыл чарба адистерин сактап калган айрым чарбалар бүгүнкү күнү деле ат үстүндө. Мисалы, Тоң районундагы "Айкол" кооперативдик чарбасы учурда ийгиликтин гана үстүндө. Атургай топоздун, койдун, жылкынын жаңы пародаларын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун чыгарып, мамлекеттик завод статусун алып отурат. Чарбанын жетекчиси Замирбек Мукашев айыл чарбасына илимий негизде мамиле кылмайын өнүкпөйт дейт. Ал үчүн техникалык база, эң мыкты айыл чарба адистери зарылдыгын айтат. Тилекке каршы ар ким өз арбайын соккон жерлерде абал кыйын. Айрыкча калк жыш жайгашкан түштүктө жерди менчиктештиргенде айрымдарына 5 сотыхтан ашпаган жер үлүштөрү тийген. Ал жерлерге арык тарта келгенде, баягы пахта, тамеки айдалган кең талаа миңдеген каршы-терши казылган арыктарга айланып, берекеси качып отурат. Канча жерлер арыктын астында калды. Ушунун баары дыйкандарыбызды ойлонтуп турат. Бүгүнкү күндө жалпысынан 1424 миңден ашык кооперативдер иштейт. Мунун ичинен 52си кайра иштетүү, 123ү тейлөө багытында. Ал эми 1249 кооператив өндүрүшчүлөр болуп эсептелет. Алардын жер үлүшү республика боюнча алганда 5%ды гана түзөт. Ал эми өндүргөн продукциялары деле көзгө толо бербейт. Болгону айыл-чарба дүң жыйымынын 2%ын гана өндүрүшөт. Буга салыштырма катары 200 миңден ашык кооперативдери бар Германияда айыл чарбасына жарактуу жердин бирден үчү аларга тиешелүү. Ошол эле убакта айыл чарба продукциясынын жарымынан көбүн өндүрүшөт. Баарыдан мурда биздин дыйкан-фермерлер агротехникалык, ветеринардык тейлөөгө, арзан күйүүчү майга, сапаттуу үрөнгө муктаж. Ошондой эле өндүргөн продукцияларын сатуу алар үчүн көйгөйдүн көйгөйү. Айласыздан ортомчулардын бүтүндөй бир армиясын багып келет. Колдон колго өткөн айыл чарба продукциясы акыры керектөөчүгө асмандаган баа менен келип жетет. Мунун өзү эт, сүт, жумуртка өңдүү биринчи керектелүүчү азыктардын баасынын күн санап өсүшүн камсыз кылууда. Кыргыз катары бир гана этти алсак, акыркы алты айда 195 сомдон 250 сомго чейин өсүп кетти. Бул баа ак төөнүн карды жарылган күздүн күнүндө да түшпөй турат. Демек, мамлекет айыл чарбасына көңүл бурмайын өспөй турганыбыз көрүнүп калды. Бул үчүн ошол эле дыйкан-фермерлер өндүргөн продукцияны мамлекеттин сатып алуусу зарыл болуп отурат. Учурда мамлекет буудайдын килин 10 сомдон сатып ала баштады. Бул дыйкандын буудай өндүрүүгө кеткен чыгымын актайбы-актабайбы, айта албайбыз. Ошондой эле пландуу өндүрүш аталган союз мезгилинде сыналган ыкма бар эле. Анда ким эмнени өндүрөт, канча өндүрөт деген маселелердин башы ачык болоор эле. Мамлекет, айрыкча айыл чарба министрлиги бул багытта туруктуу мониторинг жүргүзүп, дыйкандар менен келишим түзүп, алардын белгиленген продукцияны өндүрүшүнө жардамдашып, (кредит, техника, күйүүчү май, үрөн, асыл тукум мал) ургаалдуу иш алып барса дурус болмок. Азырынча бул багытта алгылыктуу иштерди көрө албай турабыз. Айтмакчы, мамлекетибиздин, дыйкандарыбыздын дагы бир өксүгөн жери кайра иштетүү тармагы болуп саналат. Биздин экологиялык жактан таза продукцияларыбызды кайра иштетип, сыртка чыгарууну колго алаар мезгил жетти. Баягыдай күндөп-түндөп иштеп турчу эт комбинаттары, пахтаны, жүндү кайра иштеткен ири ишканаларыбыз эми жок. Болгону чакан ишканаларга тишибиз өтүшү мүмкүн. Бирок эгемендиктин жылдарында Кыргызстандын бренди болуп берүүгө жарактуу бир дагы чакан ишкана ача албаганыбыз өкүнүчтүү. Бир сөз менен айтканда, айыл чарба кооперативдерин жандандыруу кечиктирилгис маселе болуп турат. Бүгүн-эртең Жогорку Кеңештин ишке киришин күтүп жатабыз. Анда айыл чарбасына көңүл бурулабы, жокпу бирдеме деш кыйын. Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел:, 38-67-13
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||