mainkaptal

Пользовательский поиск
  Күлазык

Бактыбек МАМЫТОВ:
"Мушташып, окуудан чыгып кете жаздагам…"

Кыргыз телевидениесинде кырк жылга чукул эмгектенип, элге жагымдуу коңур үнү менен жакшы маанай тартуулаган диктор, КР эмгек сиңирген артисти Бактыбек МАМЫТОВду кыргызстандыктардын баары таанышат. Жакында Бактыбек мырза алтымышка толду. Учурда жубайы Жамиля экөө беш бала, сегиз неберенин бактылуу чоң ата, чоң апасы. Бактыбек мырзанын алтымыш жылдык өмүрүндөгү эсте калган көз ирмемдерин угуп, жандүйнөсүнө баш бактык.


- Алтымышка чыгып, өткөн жашооңузга саресеп салсаңыз, бала чагыңыздан эмнелер көз алдыңызга тартылат?
- Албетте балалык чагым өткөн Ысык-Ата районунун Алмалуу айылы көз алдыма тартылат. Агезде Кант району деп аталчу. Балалык кезим, чогуу ойногон досторум, ата-энем, бир туугандарым, айылдын аксакалдары, карапайым эл эсиме түшөт. Адам баласынын эң бактылуу, жыргал турмушу бул балалык чагы эмеспи. Колдон келсе эне-атаңа эркелеп, эч нерседен капарсыз, оюнга тойбой бала болуп жүргөнгө не жетсин. Үйдө Калдык деген чоң апама жакын элем, экөөбүз бир бөлмөгө жатчубуз. Конокко барганда дайыма мени ээрчитип алчу. Агезде чоң ата, чоң апам мен өз ата-энеме жакындасам эле, "чаар ичеги" деп койсо туура эмес иш жасап койгонсуп уялып калчумун. Көрсө алар бизди өз ата-энебизден кызганышчу тура. Ошондуктан ата-энеме көп жакындаган жокмун. Бирок бир эле үйдө чогуу жашадык. Чоң энем 1972-жылы мен студент кезде көзү өтүп кетти. Чоң эне өз апаңа караганда жакын болуп калат экен.
- Кичинеңизде кыялыңыздагы оюнчукка жетпей арманда калган жок белеңиз?
- Чындыгында бала чакта оюнчукка, велосипед тепкенге анча кызыккан жокмун. Көрсө ошондо эле мен техникага кызыкчу эмес экенмин. Кийин деле машина айдаганга кызыкпадым. Мектепти аяктагандан кийин төрт жыл окууга өталбай айылда жүрдүм. Ошондо мени менен теңтуш балдар Кантка келип, үч-төрт ай айдоочунун окуусун окуп үйрөнүшсө, аларды күтүп бош жүрө берчүмүн. Баары тең машина айдаганды үйрөнүп, айылда айдоочу болуп иштешти. Азыр эмнеге ошол учурда башка балдарга кошулуп машина айдаганды үйрөнүп алган жокмун деп өкүнүп калам.
- Кичинеңизде тентек белеңиз же?..
- Мүнөзүм токтоо, көп сүйлөчү эмесмин. Балдар менен кошулуп тентектик кылбасам, өз алдынча шоктугум жок болчу. Атам абдан шайыр киши эле. Ал калпты чындай апырта сүйлөп, элди көп күлдүрчү. Элдин баары анын калп айтып атканын билишсе да күлүп, жыргап отура беришчү. Мен деле элге кошулуп күлгөнүм менен эмнеге мынча калп айтат деп ыңгайсыз болчумун. Көрсө, ал да өзүнчө өнөр турбайбы. Ошондо элдин баары анын сүйлөгөнүнө күлүп, Камчыбектин калпы ий деп калышчу. Атам ошондон ырахат алчу экен.
- Окуучулук күндөрдө кыздарга кат жазып, балалык сүйүүнү башыңыздан өткөрсөңүз керек…
- Бир куракта балдар кыздарга кат жазмай өнөр болот экен. Кыздарга жазган бири-бирибиздин катыбызды көчүрүп алып, үстүндөгү атты өзгөртүп, алардын сумкасына салып, партасына койгон тамашалар көп эле болду.
- Эми студенттик кезге кайрылсак, кайсыл сабак сиз үчүн оор эле?
- Университетте кыйын сабак болчу эмес. Окугум келгенде окучумун, жалкоолугум кармаганда кыймылдабай жүрө берчүмүн. Мисалы, англис тилинен биртоп балдарга караганда эң алдыңкысы болбосом да жоон тобуна кирчүмүн. Окуганым, аракетим да жакшы эле. Бирок эмнегедир эжейим менден көп талап кылып, жакшы жооп берсем да төмөнкү бааны коюп, эптеп эле ооз ачкан балдарга жакшы бааларды койчу. Бул эмнеси деп эжейге нааразы болгон күндөр болду. Ошол англис тилинен улам эки семестрде стипендия албай калгам. Мурда жогорку стипендия алып жүрчүмүн.
- Сизди көргөн адам жайдары мүнөз деп айтышат, көңүлүңүздү ооруткан адамдарга өзүнө жараша көңүл оорутарлык мамиле жасай аласызбы?
- Турмушта ар кандай адамдарга жолугасың. Бирок менин көңүлүмдү ооруткан адамдарга кек сактабайм. Алардын баарына капа болуп жүрсөк, кыйналып кетпейсиңби. Чоң апам да бөлөк бирөөлөрдүн айткан жаман сөздөрүнө күлүп жооп берип, жүрөгүнө жакын кабыл алчу эмес. Ошондуктан чоң апамдын мүнөзүн жактырчумун. Ал эми өз апам адамдардын кемчилигин бетине айткандыктан андан көпчүлүк чочулап турчу. Мен андай боло албадым. Ачуум келгенде эле токтоно албай, түз бетине айтпасам, бирөөнүн кемчилигин бетине айталбайм. Жаш кезекте мага айтылган калыс эмес сын-пикирлерге чычалап, сөз кайрып өзүмдү актаганга аракет кылчумун. Кийин андан пайда деле жок экенин билдим. Актанып, канчалык чычалаган сайын тескерисинче болгондой сезилет экен. Азыр болсо мезгил көрсөтөт деп коем. Бирок таптакыр эле кара өзгөй болуп теңирден тескери тартып турса анда албетте айтышканга туура келет.
- Сиздин кыжырыңызга тийген адамдар менен мушташкан учурлар болду беле?
- Жаш кезде балдар менен мушташып милицияга түшүп, атүгүл окуудан чыгып кала жаздаган күндөр болду. Агезде милиция да башкача эле. Чини жогорку милициялар менен сүйлөшүү жеңилирээк болчу. Ал эми кичирээктери чокчоңдоп урушуп, кыйын болушчу. Азыркы милиция кармаган жерден кан чыгарат, күнөөлүүлөрдөн да, күнөөсүздөрдөн да акча алышат. Өзүм түшпөсөм да тааныштардан улам көрүп жүрөм.
- Үйдө кандай атасыз, балдарыңызды катуу кармайсызбы?
- Мен балдарга катуу болалбайм. Келинчегим менден, мен андан өткөн баласаакпыз. Биринчи кызыбыз төрөлгөндө апам айылга алып кетти. Апам алып кеткенден кийин келинчегим экөөбүз каңгырап жер карап, бири-бирибиз менен сүйлөшпөй, үйдө трагедия башталды. Бир маалда келинчегим кызымды сагынып ыйлады. Эртеси күнү айылга барып, кызымды алып кетсем, апам томсоруп калды.Ошондо менин ушунчалык баласаак экенимди апам да байкаптыр.
- А өзүңүздүн атаңыз сизди кандай кармачу эле?
- Негизи ата-энем мени көп урушчу эмес. Атамдын бир-эки жолу колу тийген. Кичинемде аябай оюнкараак элем. Кышында таң атканда үйдөн кетип, ошол боюнча караңгыда келчүмүн. Муз тээп ойноп жүрүп, эски өтүгүм суу болуп калды. Кечинде суук түшкөндө баягы суулар тоңуп, өтүгүм бутума жабышып калыптыр. Атам темир мешке бутумду салып отко кактап, тоңгон өтүгүмдү чечалбай убара болду. Ары жакта айры жөлөнүп турган экен, ошонун сабы менен мени төшкө тиреп, өтүктү араң чечти. Ошондо мени айрынын сабы менен төшкө урганы эсимде. Атам мени оюндун суусун ичкен деп урушчу. Жайында деле таң аткандан тартып, үйдөн кантип качып кетем деп ойлочумун.
- Сизди дайыма жөө көрөбүз, эми темир тулпарлуу болдуңуз, машина айдаганды үйрөнүү оюңузда жокпу?
- Азыр темир тулпарлуу болсом деле жөө жүрөм. Машина айдаганга анча деле кызыгуу жок. Бирок турмушта машина айдаган ашыктык кылбайт экен. Буга чейин деле балдарым машина айдап, мени тартып жүрүшчү. Бирок алардын мени тартып жүргөнгө дайыма эле убактылары болбойт экен. Менин бир теңтушум мектепти бүткөндөн кийин эле айдоочунун окуусун окуп, айылда иштеп калды. Ошол айтып калчу эле, мен дааратканадан башканын баарына машина менен барам деп. Машина айдаганга азыр өзүмдө ишеним да жок. Туура эмес айдап алып, кырсыкка кабылбайын деп чочулайм.
- Ушунча жашка чыгып, жашоодон эмнеге жеттиңиз, эмнеге жетпей калдыңыз?
- Жашоодо жетпеген, жеткен нерсе көп эле болду. Кээде оюңда жок жакшы нерселер аткарылып калат экен. Мисалы, дикторлукка капысынан келип калдым. Кичинемде телевидениеде диктор болуп иштесем деп ойлогон эмесмин. Жаш кезекте спортчу болсом деп да кыялданчумун. Азыркыга чейинки эң жакшы көргөн спортум биатлон. Эгер кайра жаш болуп, спорт менен машыксам биатлончу болмокмун. Анан кичинемде эч кимге көргөзбөй ыр жазып жүрүп, акын, жазуучу болсом деп да кыялданаар элем. Бул кыялдарым аткарылбай калды.
- Эмнеге өкүнөсүз?
- Жаш кезекте бир туугандарың жаныңда, ата-энең кашыңда болуп, чоң ата, чоң энелер, бакандай болгон айылда баары жакшы болчу. Азыр айылга барсам баягы кишилер, үйдүн куту, ата-энем да жок. Ошондуктан айылга тургуң келбей калат экен. Турмуштагы эң жагымсыз көрүнүш жакындарыңды жоготуу. Атаң өлсө да аны көргөн өлбөсүн дегендей, айылдагы ата-энемдин теңтуштары суюлуп, чандасы гана калды. Кичинемде жанагынтип муздакта ойноп жүрүп, ден соолуктан да ажырап калганыма өкүнөм…
- Жакында сиздин 60 жылдык мааракеңиз өтүп, Коомдук биринчи канал чоң колдоо көрсөттү. Мурда мындай болбосо керек эле…
- Кыргыз телевидениесинин тарыхында ал жерде иштеген кызматкерлердин юбилейин администрация колдоп өткөргөн эмес экен. Менин юбилейимди өткөрүүнү өздөрү сунуш кылышкан. Мен мартта алтымышка толуп, май айында юбилейди өткөрөлү деп пландап атканбыз. Бирок апрелдеги коогалаңдан кийин токтоп калган. Күз келгенде шайлоо өтүп, эл кичине тынчыганда айткан сөздү аткаралы деп калышты. Биздин телевидениенин башкы директору Кубат Оторбаев баш болуп жаштар демилге көтөрүп, юбилейди өткөрүүнү уюштурушту. Баарын өзүбүз көтөрөбүз, сиз конок болуп бериңиз дешти. Аларга ыраазы болдум. Бирок конок болуп берейин деген күндө деле андай болбойт экен. Эми кандай өтөт деп үй-бүлөбүз менен сарсанаа болуп кыйналганда кээде өкүнүп да кетип аттым. Анткен менен канчалык түйшүктүү болсо да жагымдуу, баары ойдогудай болду. Бул юбилейдин сценарийин Б.Мамбетакунов менен К.Иманалиев экөө жазышты. Жолуккан элдин баары жакшы пикирлерин айтышууда. Телевидениедеги жамаат жакшы мээнет кылышты. Ушул жакта иштегенден бери жамаатка ыраазымын, бир кезде кезексиз үй берүүгө колдоо көрсөтүшкөн эле. Биздин жамаатка үй-бүлөбүз, бала-бакырабыз менен ыраазычылык айтып атабыз. Өзүлөрү темир тулпар мингизишип, жакшы сыйлашты, аларга сөөгүм агарды. Азыр тааныгандар да, тааныбагандар да көчөдөн, автобустун ичинен куттуктап атышат. Мурдагыга караганда ушул 60 жылдыкты өткөргөндөн кийин популярдуу болуп кеттим окшойт. (Күлдү)
Эми кыргыз элим кыйын кезеңди башынан кечирип, кан төгүүгө чейин барып атат. Ушул кыйынчылыктын баары калыбына келип, элдин турмушу оңолуп, тынччылык,токчулук, жакшылык орносо экен. Бала кезде коммунизм келип, жыргал заманда жашайбыз деп күтчү элек. Эми коммунизм болбосо да, тынчтыкта, бакубат жашоого жетсек экен деп көп ойлойм.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

Яндекс.Метрика