mainkaptal

Пользовательский поиск
  Эксклюзив

Евгений ВАККЕР:
"Улутум башка болсо да Кыргызстандын чыныгы патриотумун"

Бүгүн биз сөз кылган спортчубуз кыргыздын баатыры деген наамга татыктуу инсан. Ал операция болуп чыгаары менен эс алып жатып албай, Гуанчжоудо өткөн Азия оюндарында күмүш медалды ала алды. Казак коңшулар мындай абалда ийгилик жараткан атуулга "Кыргызстандын баатыры" наамын ыйгарбайсыңарбы деп да сунуш кылышкан. Бул жолку күмүш медалы менен Евгений Ваккер Азия континентиндеги Азиянын олимпиадасы болуп эсептелген жарышка 5 жолу катары менен катышып, ар биринде байгелүү орунга ээ болгон жалгыз спортсмен болуп тарыхта кала турган болду. Кыргыздардан кем калышпай мекенинин намысын коргоп келген сары кыргызыбыз менен Германияга телефон чалып баарлаштык.


Толук аты-жөнү: Ваккер Евгений Владимирович
Туулган күнү, жылы: 18.04.1974
Кичи мекени: Фрунзе шаары
Улуту: немис
Бою, салмагы: 175 см, 70 кг
Билими: жогорку
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы
Учурда: Германияда жашайт

- Евгений мырза, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз…
- Менин бала чагым Фрунзе шаарында өткөн. Кадимки борбор шаардын мадырабаштарынан айырмаланбай эле карапайым шаардыктын турмушу менен жашаганбыз. Велоспортко токтолгуча спорттун бардык түрү менен машыгып көрдүм. Бала кезде баары эле велосипедге кызыгат эмеспи, мен деле ошондой эки дөңгөлөктүү күлүктүн үстүндө сейилдеп жүргөн күндөрдүн биринде спорттун бул түрү менен толук берилип машыксамбы деп чечтим. Ошондон бери велоспортту сүйдүм да калдым. Профессионал катары 15 жашымдан баштаган элем, мына быйыл 21 жыл катары менен темир тулпар үстүндөмүн. Спорттун башка түрлөрүндөй эле мен тандап алган велоспортунун да биртоп кыйын жактары бар. Аябай көп эмгекти, чыдамкайлыкты талап кылган, жарат алуу ыктымалдуулугу көп спорт. Менде ар кандай жеңил жана оор жараттар болсо да, ошого чыдап, ушул тепкичке көтөрүлүп отурам.
Учурда Европада жашап жатам. Бул мен үчүн ыңгайлуу жана арзан дагы. Анткени турнирлерди көбү ушул континентте өткөрүлүп, бул жактан дүйнөнүн кайсы бурчуна болбосун чыгып кетүү жеңилирээк. Эгер Кыргызстанда жашасам бул процесс мага кыйынчылыкты жаратмак. Бизде майда-чүйдө ыкы-чыкылар көп болгондуктан чет өлкөгө чыгуу оордой сезиле берет. Анан да самолет каттоочу багыттарыбыз чектелген.
- Эмне үчүн Германиянын эмес, Кыргызстандын намысын коргоп келесиз? Башка өлкөлөрдөн сунуш болду беле?
- Биринчиден, мен Кыргызстандын атуулумун. Кыргызстандык машыктыруучулар, адистер тарабынан тапталган спортчумун. Эгер мен башка өлкөнүн атынан чыкчу болсом, мен аларды сатып кеткен болом. Ал эми менин принцибим мындайга каршы. Акча үчүн башка өлкөгө сатылып кеткен спортчуларды түшүнө албайм. Улутум башка болсо да мен Кыргызстандын чыныгы патриотумун. Башка өлкөлөрдөн сунуштар болгон. Өзгөчө казак туугандарыбыз артымдан калбай айды алып берүүнү деле убада кылып ийишкен. Бирок мен буга бара албасымды жакшылап түшүндүргөм.
- Сиздин пикириңизче, биздин өкмөт спортко тиешелүү деңгээлде көңүл буруп жатабы?
- Мен ойлойм, алар колунан келген аракетин көрүп жатышат. Бюджет тартыш болуп мамлекет кыйналганганына карабай, учурда көрүп жаткан камкордугу албетте көңүл жубатат. Бул спортчулар үчүн стимул, дем-күч боло турган нерсе. Жаңыдан ийгилик жараткан спортчулардын маанайын байкап жүрөм, мекенинде жакшы көңүл бурган жаштар андан да катуу аракет жумшап, андан да жогорку тепкичтерди багындырганга аракет кылып жатышат.
- Быйылкы Кытайда өткөн Азия оюндары жөнүндө кеп кылсаңыз. Сиз үчүн кандай болду?
- Мен үчүн бул Азиада күтүүсүз окуяларга бай болду. Эң көрүнүктүүсүнө көпчүлүк күбө болду окшойт. Бул албетте жарыш өтө турган күнгө аз эле калганда менин сокур ичегимди операция кылып алып салышканы болду. Германиядан Бишкекке түшөрүм менен ичим ооруп калды. Мени дароо эле белгилүү хирург Акрамов Эрнест Хакимовичке алып барышты. Тажрыйбалуу адис мени 6 күндө жарышка жарай турган абалга алып келип койду. Тобокелге салып, ушунча убакыт даярданганыбыз текке кетпесин деп болушунча аракет көрдүм. Жарыш боло турган күнү мен операция болгонумду унутуп, ойдун баарын ийгилик жаратууга жумшадым. Анткени ошол кезде биздин өлкөнүн капчыгында бир да медаль жок болгону мага чоң жоопкерчилик жаратты. Байгелүү орунга жетишсем эле башкалар да шыр кете тургандай туюлуп жатты. Алгачкы мүнөттөрдө кичине өзүмдү аягандай жайыраак кыймылдап жаткам. Кийинчерээк мурункудан эч кандай айырмаланбагандай күч жумшаарыма көзүм жетип катуулай баштадым. Албетте, ичимдеги жарат ойлондурбай койгон жок. Эмнеси болсо да мен үч баланын атасы катары өз ден соолугумду ойлошум керек эле. Тескерисинче, ичим айрылып кетсе да ушул ирет да өлкөм үчүн өз салымымды кошоюн деп улам күч алып жаттым. Муну акыркы айлампадагы көрсөткүчтөр далилдеп турат.
- Бишкек шаардык мэриясы тарабынан берилген бир бөлмөлүү үйдү эмне кыласыз?
- Мен Кыргызстанга келгенде машыктыруучум Эркин Хакимович Акрамовдун үйүндө гана токтолчумун. Эми өзүмдүн турак-жайым болгону жакшы. Бирок мэрия менин көп жылдык эмгегимди, үй-бүлөлүк абалымды эске алып, жок дегенде 2 бөлмөлүү үй берсе болмок. Мен ошентип эле күтүп жаткам. Анткени балдарым чоңоюп калышты. Жыл сайын Кыргызстанга эс алганы келебиз. Ошондо бир бөлмөлүү үйгө батпасыбыз айтпаса да түшүнүктүүдүр. Ал эми президент тарабынан бериле турган акча колума тие элек. Ал тийсе ошол Бишкектеги үйдүн ичин толтурууга жумшайм.
- Сиздей чемпионду тарбиялоо үчүн канча убакыт жана каражат керек?
- Ар кандай ийгилик убакыт менен аракетсиз, эмгексиз келбеши турган нерсе. Ал эми велоспортчуну даярдоо бир команданы баккандай каражаттын көлөмүнө барабар. Бир эле мисал, биздин жарышка минчү велосипедибиздин эң арзаны 10 миң доллар турат. Андан сырткары, машыктыруучу үчүн атайын жасалгаланган машине, жеке доктур сыяктуу көп каражат керектелүүчү элементтерди камтыйт. Каражат жагынан сырткары бул спортто устаты менен шакирти жашынан баштап иштешип, бири-бирине көнүшүп, ата-баладай ынак болушпаса, ийгилик жаратуу оңой эмес.
- Азыр сиз көпчүлүк жаштардын кумирине айланып калдыңыз. Сиздин кумириңиз ким?
- Мен мындан 10 жыл мурун ушул менин кумирим деп ойлочумун. Азыр мен ийгилик жаратуу үчүн эч кимди карабай, өзүң гана аракет кылышың керектигин түшүндүм.
- Сизге Кыргызстандын эмнеси жагат?
- Негизи мен Кыргызстандын атуулу экениме сыймыктанам. Мен ал өлкөдө төрөлүп, өстүм. Мага өмүр тартуу кылган мекениме дагы ушунча медаль алып келсем да анын зор эмгегин актай албайм. Көп эле өлкөлөрдө болдум, биздин тоолордой кооздукту кезиктире албадым. Көгүлтүр Ысык-Көлүбүздүн кудуретин башка жак менен салыштырып көрүп, анын касиеттүү экенине ынанып келем. Кыргызстандын абасындай дем-күч берген таза аба чанда кездешет. Андыктан, менин мекендештерим дүйнөдөгү эң таза, көз жоосун алган жерде жашашаарын көп жакты көргөн адам катары айта кетсем болот.
- Быйылкы окуяларды кандай кабыл алдыңыз?
- Ким кандай келсе ошол сценарий менен кеткени мени таң калтырды. Ар бир кыргызстандык катары жоготуулардын болгону менин да кабыргамды кайыштырып жатты.
- Алдыга кандай максаттарды коюп жатасыз?
- Азыр спортчулардын баары 2012-жылы Лондондо өтчү олимпиадага лицензия алуу аракети менен даярданып жүрүшөт. Мен да алардан калышпай бул ишке кызуу киришем.
- Жаңы жыл босогобузга келип калды, элиңизге эмне каалайсыз?
- Жаңы жылда албетте элиме тынччылык, токчулук, өлкөбүзгө ийгилик, ар бир мекендешиме ден соолук, бакыт жана Ала-Тоонун таза суусундай тунук сүйүү каалайм. Саясатчылар батыраак тил табышып, туруктуулук орношуна чын дилимден тилектешмин.
Мени колдоп, мага ишенген ар бир кыргызстандыкка ыраазычылыгымды билдирем. Бар болуңуздар, бай болуңуздар, тынч туруңуздар! Мен башка өлкөдө турганым менен жүрөгүм Кыргызстан деп согот…
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

Яндекс.Метрика