17.11.10 - 27-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Олимпиаданы уруп ойнобогондор
Бавариялык 59 фермер Гармиш-Партенкирхен аттуу аймактагы жерлерибизди олимпиадалык спорттук объектилерди курууга бербейбиз. Эч кандай чоң акчага сатпайбыз дагы, 2018-жылы бул жакта олимпиада өтүшүн каалабайбыз. Катышуу үчүн берген арызыңарды алгыла, болбосо Эл аралык олимпиада комитетине өзүбүз кат жолдойбуз деп тырышып жатышат. Немис премьери Хорста Зеехофер алар айта берет, өткөрүү укугун алуучу конкурска катыша бергиле, олимпиада айылын ошол фермерлердин үйүн айланта куруп салабыз деп кол шилтеп койду. Элестетсеңиз, атактуу спортчулар тоодон лыжа менен катуу ылдамдыкта келе жатса, алдынан уй чыга калганын.

Томаш "толковый" экен
Москванын ЦСКА футбол клубунун чабуулчусу Томаш Нецид беттештен кийинки пресс-конференцияда котормочу стадиондогу ызы-чуудан кулагы жакшы укпай калганын байкап, котормочулук милдетти өзүнө алып, журналисттерге адабий тилде мыкты деңгээлде жооп бергени баарын таң калтырды. Томаш мырза бир гана футбол талаасында эмес, адабиятта да көркөмдүктү билгенин далилдеп, тантыраган машыктыруучусунун сөздөрүн оңдоп айтып жатты.

КТРК көрсөткөн футбол
Миландын "Интер" клубу клубдар аралык дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан турнирдин жарым финалында италиялыктар Түштүк Кореянын "Соннам" футбол клубун 3:0 эсебинде кайра үйүн көздөй айдап ийишти. Финалга биринчи жолу сенсация жаратып "Мазембе" аттуу Конгонун командасы чыгып алыптыр. Европалыктар менен африкалыктардын финалдык беттешин эртең кечинде коомдук телеканалда көрсөңүздөр болот.

Муну КМШ дейт, месье
Европа лигасынын алкагында топтук тайпадагы акыркы беттешин өткөрүп жаткан франциялык ПСЖ клубу Украинанын "Карпаты" клубу менен өткөрмөк. Аэропорттон келип түшүп, буюмдарын түгөлдөйүн деген француздар, беттешке кийе турган формалары салынган сумкалардын жоктугун байкашкан. Өмүрүндө мындайды көрбөгөн француздар мекенинен кайрадан форма алдырганга аргасыз болушкан. Ал эми футбол жылдыздарынын кийимдерин аэропортто иштеген жүк ташыгычтар алып койгону интернет барактарында кийин айтылып кетти.

Маска тоо көрүнбөйт
Лыжа менен трамплинден секирүү боюнча үч жолку олимпиада чемпиону австриялык Феликс Готтвальд машыгууга кызуу барып алып, катуу жараат алды. Ал 60 метрдик бийиктиктен секирип түшкөндө туура эмес конуп алып, аз жерден о дүйнө кетип кала жаздады. Бул тармакта жылдызга айланган спортчу экинчи ичпейм деп өзүнө өзү сөз берди. Анткени, соо кезде коркунучтуу көрүнбөгөн сүйгөн спортумдун, мас болгондо аябай кооптуу экенин түшүндүм. Аз жерден аман калган Феликс мырза эми үч жума төшөктө жатат.




  KYRGYZSPORT

Палкина "пачагын" чыгарып атат
Кыргызстандык көзгө басар теннисчи кызыбыз Ксения Палкина россиялык Елена Чалова менен биргеликте жупташып ойноп, Дубайда өткөн эл аралык турнирди жеңип алды. Финалда мекендешибиз менен окемдин сулуусу украиналык жуп Арефьева-Федактарды 6:2, 6:4 эсеби менен жеңишти. Ага чейин алдынан чыккан шериктерди төмөнкү эсептер менен талкалашкан:
Палкина/Чалова - Пираженка (Болгария)/Емельянова (Болгария) - 6:2, 6:2
Палкина/Чалова - Бабилон (Германия)/Перковик (Германия) - 6:1
Палкина/Чалова - Богдан (Румыния)/Наги (Венгрия) - 6:3, 6:3
Мыктылардын символикасы
Кыргызстандын биринчилиги жыйынтыкталып, жалал-абаддык "Нефтчи" сенсация жаратып чемпион болгонун билебиз. Жыл сайын адатка айлангандай жыл ичинде мыкты оюн көрсөткөн оюнчулардын тизмесинен футбол адистери символикалык курам түзүшөөрүн да эске сала кетели. Быйылкы курам төмөндөгүчө түзүлдү:
Дарбазачы - Владислав Волков ("Дордой")
Коргоочулар - Руслан Сыдыков ("Дордой"), Фаррух Абитов ("Дордой"), Азамат Байматов ("Дордой"), Игорь Коряк (Украина, "Нефтчи").
Жарым коргоочулар - Павел Сидоренко (Абдыш-Ата), Эсенкул уулу Чолпонбек (Абдыш-Ата), Евгений Пилипас ("Нефтчи"), Азиз Сыдыков ("Алга").
Чабуулчулар - Таалай Жуматаев ("Нефтчи"), Юрий Волос (Россия, "Дордой").
Машыктыруучу - Александр Крестинин (Россия, "Нефтчи").
Жаңы ысымдар
Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык курамды даярдоо окуу жайында 11-12-декабрда Дуйсекул Ахметовдун жаркын элесине арналган эл аралык турнир болуп өттү. 587 балбан катышкан кызуу беттештерде төмөндөгү спортчулар мыктылыгын көрсөтүштү:
33 кг: Төлөбай уулу Азат (РУОР), 36 кг: Марат уулу Күлчоро (Талас району), 39 кг: Шаршенбек уулу Тынарбек (СДЮСШОР 1), 42 кг: Балбай Дордоков (РУОР), 46 кг: Сардарбек Конушбаев (РУОР), 54 кг: Элеман Нурдинов (РУОР), 58 кг: Жанат Кыйлабаев (РУОР), 63 кг: Шухрат Сайдазимов (СДЮСШОР 1), 69 кг: Атабек Азизбеков (РУОР), 76 кг: Мухамедалы Өмүрзаков (Ош), 85 кг: Улук Пулатов (Беркут), 100 кг: Камбар Жоробеков (РУОР).
Дүйшөндүн мектебиби?
Караколдогу тоо лыжасы мектеби Швейцариядан $5 миң жашылбай турган спорт инвентарды белекке алды. Жаңы жылга чейин мындай жардамдын экинчи агымы келет тура. Андан сырткары 2011-жыл кирээри менен Швейцариядан кыргыз спортчуларын жана машыктыруучуларын окутуучу атайын адис бир жарым айга келет экен. Бул мектепте жакынкы сезондо 100дөй бала лыжа өнөрүнө окутулаарын Ысык-Көл облус губернатору Мирбек Асанакунов мактанып айтты.
Азыр атын, анан атагын угалы
Спорттун таэквондо-ITF түрү боюнча өткөн "Үмүт кубогу" аттуу эл аралык турнир Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн аптада жыйынтыкталды. 200дөн ашуун спортчулардын арасында төмөндөгү мушкерлер байгелүү орундарга татыктуу болушту:
I-дан: Георгий Колесников, түстүү поястар: Улорбек Нурмомат уулу, 8-10 жаштагы балдар арасында; 20кг - Элнур Таалайбек уулу, 23кг - Владимир Пилипенко, 26кг - Евгений Тен, 30кг - Мелис Нурис, 38кг - Эрбол Есинбаев, 10 жаштагылар; 26кг - Владислав Сникин, 30кг - Данил Сникин, 34кг - Антон Мещеряков, 38кг - Амиржан Эсентаев,
11-13 жаштагылар; 30кг - Ашим Эшмат уулу, 35кг - Арофат Зазазиев, 40кг - Дмитрий Голошапов, 46кг - Георгий Колесников, 46дан өйдө - Темирлан Тагайбаев, 14-15 жаштагылар; 45кг - Михаэль Штенгаур, 51кг - Манас Турутбаев, 57кг - Сергей Цупин,
16-17 жаштагылар; 57кг - Кыдыр Карасартов, 69кг - Макамбай Темирлан, улуулар арасында; 50кг - Рысматов Дайыр, 57кг - Акылбек Тургунбай уулу, 64кг - Шухрат Агзамов, 85тен өйдө - Атабек Камилжанов, кыздардан: Садиева Разия, Жылдыз Бектур кызы, Дильшана Донцова, Шкарина Мария, Бектур кызы Жылдыз, Мадымарова Татыгүл, Аксана Абдыраева чемпион аталышты. Жылдын мыкты клубу РДЮКФП "Экимет" болду.
Шериктештердин шеринеси
"Шериктештик Кубогу - 2011" аттуу КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондорунун ортосунда өтүүчү XIX турнирдин чүчүкулак кармоосу болуп өттү. Быйыл алгачкы жолу КР чемпиону болушкан Кочкор-Атанын "Нефтичиси" "А" тобунда Азербайжандын чемпиону "Интер" клубу, "Истиклолом" (Тажикстан) жана "Искра-Сталь" (Молдавия) клубдары менен күч сынашат. Мурунку жылдарга караганда Кыргызстандын командасынын тобу анча күчтүү эмес, андыктан мекендештерибизден татыктуу оюн гана күтө алабыз. Ал эми башка топтордо төмөнкү командалар күч сынашат:
B тобу: "Тобол" (Кустанай, Казакстан), "Сконто" (Рига, Латвия), "Мика" (Ереван, Армения), "Бунедкор" (Ташкент, Өзбекстан).
С тобу: "Зенит" (Санкт-Петербург, Россия), "Небитчи" (Балканабад, Түркменистан), "Шахтер" (Солигорск, Белоруссия), "Флора" (Таллин, Эстония).
D тобу: Россиянын жаштар курама командасы, "Динамо" (Киев, Украина), ХИК (Хельсинки, Финляндия), "Экранас" (Паневежис, Литва).
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ