mainkaptal

Пользовательский поиск
  Кырдаал

Терроризм термелери

Кыргызстан бүгүнкү күндө кудум фронттон келген өңдүү элдин эсин чыгарган маалыматтарга толуп чыкты. Мурда-кийин угуп жүрчү терроризм дегендин жыты ордо калаабыз Бишкекти аралап өткөндөн бери (30-ноябрдагы спорт сарайындагы жардырууну айтып жатам) ушуга тектеш делген кылмыш иштери катталууда.

Ош аймагынан мурда болуп көрбөгөндөй ири өлчөмдөгү курал-жарактар, жардыруучу заттар табылды. Аны теледен көрсөтүп, басма сөздөргө сүрөттөрүн бакыйта чыгарып элге жеткирип жатышат. Демейде маалымат каражаттарынан көрүнө бербеген УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев телеканалдар аркылуу 23-ноябрда Бишкекте кармалгандар менен жогорку жардыруунун ортосунда байланыш бар деп ачык айтты. Ошондой эле 11-декабрда Кыргызстандын аймагынан жашыруун аракеттенген террористтик уюмдардын мүчөлөрү кармалды деп билдирди. Кызык жери, ушунун баары элге жарыяланып, Кыргызстандагы террористтик аракеттер жөнүндө жалпыга маалым болуп калгандыгына карабастан Кеңешбек Дүйшөбаев: "айрым саясый ишмерлер "рамкадан чыгып" коомчулукту козутуп жатат. Ансыз деле республикада коомдук-саясый абал жайында эмес. Мындай жагдайда кээ бир ишмерлер тынчытуунун ордуна, теракттар даярдалып жатат деп калкты дүрбөтүүдө. Мен Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду айтып жатам. Бардык эле маалыматтарды элге жарыялай берүүгө болбойт да" деп билдирди. Буга мэр Мелис Мырзакматов чагылгандай тездик менен мындайча жооп берди: "…мен элди чочутуу жолу менен көзгө көрүнөйүн деген саясатчылардын катарына кирбейм. Мен үчүн баарыдан мурда жарандардын коопсуздугу керек. Биз терроризм жана сепаратизмди идеология аркылуу коомчулуктун өзүнүн каршы туруусу менен гана жеңе алабыз. Адамдар коркунучтун кайдан келип жатканын билүү менен укук коргоо органдарына көмөк көрсөтөөрүнө ишенем". Бул эки дөөнүн кимисинин чындыгына ишенерибизди билбей баш катууда.
Ал эми түштүк борбор 29-ноябрдагы эски автовокзалдын аймагындагы жардыруудан, террористти үйүнөн (табылган курал-жарактар анын ушул маанайда жүргөндүгүн далилдейт дейт укук коргоо органдары) жок кылуудан кийин кадимкидей сестенип калды. Аялдарды уурдап жатыптыр деген аңыз кеп арбыды. (Бийликтин билдирүүлөрүндө бул далилденген жок). Атүгүл көчөдөн кимдир бирөө калтырып кеткен баштык (пакет) көрсөңөр албагыла, ал тууралуу тиешелүү жерлерге билдиргиле деген телемаалыматтарга да баарыбыз күбөбүз. Ушундан улам терроризм жылып-жылып кирип келгенин тана албай деле калдык окшойт.
Анүстүнө парламент толук кандуу иштебей, өкмөт түзүлбөй өчөйүп турган чагыбыз. Мындай шарттарда жаман ойлуу ким гана болбосун, өз максатын ашырууга далалат кылат эмеспи. Андыктан аталган бийлик структуралары канчалык эрте ишке киришсе, ошончолук көп иштердин алдын алууга болоор эле. Жогорку окуялардан кийин УКМКнын алдында президенттин буйругу менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын структура түзүлгөн. Бийлик эки күндүн биринде эле алардын даярдыгын телеканалдардан, КТРКдан көрсөтүп калат. Болсун. Бирок терроризм менен күрөшүүдө мамлекеттик масштабдагы башка аракеттер зарыл эмеспи. Мисалы, Америкадагы айтылуу 11-сентябрдагы теракттан кийин бул өлкөгө жаман ойлуу адам канат байлап учуп да кире албай калган. Ал жакка барган ар адамдын көзүнүн карегинен тартып, жети атасына чейин алеки саатта териштирип, шек шыбаасы байкалса шыр эле айдап чыгат. Бүгүнкү биздин экономикабыз ээрден оогон кырдаалда, чек араларда албетте мындай шарттарды түзө албайбыз. Ошентсе да чек арачылар көзүн ачпаса болбой калды. Ушул эле учурда элдин үрөйүн учургандар, чек арадан өтүп келбей эле өзүбүздүн арабыздан чыгып жатат. Фактыга кайрылсак, кечээ эле кол телефондон СМС аркылуу улуттар аралык чагымчылдыкты тараткан Кадамжай районунун тургуну кармалды. Мындайлар көп чыгууда.
Баса, айта кетүүчү нерсе диний экстремизмдин булагы катары таанылган "Хизб-ут Тахрирдин" ишмердүүлүгүнө башка өлкөлөрдөй эле бизде да тыюу салынган. Алардын айрым өкүлдөрү Бакиев заманында эле Ноокат районунда өз аракеттерин ачык жүргүзүп, натыйжада камакка алынып соттолуп кетишкен. Апрель революциясынан кийин атка минген Алмаз Атамбаев элди алайын дедиби, же булар жалган жалаа менен кармалды дедиби, айтор буларды бошотуу керек деп кыйкырып чыкканын баарыбыз эле укканбыз. Көп өтпөй сот кайра карап, аларды бошотуп жиберген. Жакында эле алардын экөө ошол эле ишмердүүлүгү үчүн кайра кылтакка илинип отурат. Бул жерден эгер алар ак болсо ошол соттогон сотторду, кармаган күч структураларынын өкүлдөрүн жоопко тартуу керек эле да. Кур дегенде кармалгандардын ар бирин таза иликтеп туруп чыгарышпайбы десең. Кыргызстанда "Хизб-ут Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн саны артып баратат деген маалымат жашыруун эмес. Күч структуралары күн алыс эле ар түрдүү тыюу салынган баракчаларды тараткан анын мүчөлөрүн кулактан алып сүйрөп чыгууда. Ошентип, Кыргызстанга терроризм деген дене бойду үркүткөн көрүнүш бут салып отурат. Аны шыйрагын сындыра чабуу да өзүбүзгө байланыштуу.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.:38-67-73





Саясый арнография
Депутат Өмүрбек Бабановго
Эки жума күн өттү,
Эчендеген түн өттү.
Коалиция түзө албай,
Колтукташып бүтө албай,
Бабанов деген балакай,
Баарыбызды жүдөттү.

Шайлоо алдында бу бала,
Шаңыраңдап кеп айткан.
Жети пайыз кредит,
Жеткирем элге деп айткан.
Кокуй андай болбойт деп,
Кой десек болбой көп айткан.

Бакырганын укканбыз,
Баасын арзан кылам деп,
Электрдин жарыгын.
Өткөнүн коюп унутуп,
Өкүрөңдөйт кантебиз,
Өзүнүн чаап арыгын.

Өмүке,
Айлыгым аз дейт мугалим,
Бюджет жатат чечилбей.
Кажылдашса парламент,
Калкыбыз турат кечирбей.
Жылдырсаң боло ишиңди,
Жыйнаган баркың кетирбей!

Депутат Өмүрбек Текебаевге
Акаевди көөлөдүң,
Бакиевди жөөлөдүң,
Оппозий тонун жамынып,
Оорутуп турдуң мээлерин.
Бууруккансып турасың,
Бучкагыңа теңебей,
Бу замандын дөөлөрүн.

Курман кылып далайды,
Кубарып өңдөн азганда,
Курманбек элден качканда,
Катуу кеткен болчусуң
Качанкы өчүң барчылап,
Конституцияны кайчылап.

Анан,
Адашып калдың Өмүке,
"Ата мекен" катарын,
Акчалуу менен толуктап,
Ат чабышта партияң,
Араң келди бешинчи,
Артында калып солуктап.

Эми,
Төрага болом дей бербей,
Төбөнү оюп жей бербей.
Ордуңду ушул билсеңчи,
Оппозий тонуң кийсеңчи.
Оруңду казып бийликке
Ошол жакта жүрсөңчү.
Кайышып кетти көрүнөт,
Калкыңа кайра күйсөңчү.





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

Яндекс.Метрика