mainkaptal

Пользовательский поиск
  Азыркынын анык баатыры

Жанарбек Кенжеев:
"40 миң доллардан баш тарттым"

Толук аты жөнү: Кенжеев Жанарбек Салимбаевич
Туулган күнү, жылы: 5-август, 1983-жыл
Кичи мекени: Талас облусу, Манас району, Покровка айылы
Билими: КУУнун юридика факультетин бүтүргөн
Бою, салмагы: 174 см., 84 кг
Учурда: Грек-рим күрөшү боюнча КР курамасынын мүчөсү, үй-бүлөлүү, бир баланын атасы
Жетишкендиктери: Кадеттер арасында Азиянын эки жолку чемпиону, өспүрүмдөр арасында өткөн олимпиаданын чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону, чоңдор арасында дүйнө чемпиондугунун үч жолку коло медалчысы, бир жолу вице-чемпион аталган. Дохадагы Азия оюндарында 3-орунга татыктуу болуп, Гуанчжоудо өткөн Азиадада коло медаль тагынып кайтты.


Бала чагы, үй-бүлөсү
Салимбай аба 6 балалуу. Улуулары эчак эле үйлүү-жайлуу болуп кетишкен. Кыздардын кенжеси чемпион агасына өзгөчө жакыныраак болгондуктан, учурда жеңесине бир туугандай болуп Жакенин колунда турат. Атасы Салимбай кичүү уулу Жанарбекти өзгөчө жакшы көрсө да, мыкты спортчу кылуу үчүн болгон аракетин жумшаган. Болочок чемпиондун ата-бабалары илгертен аш-тойлордун байгелерин жеңип жүргөн белгилүү балбандар болушкан. Каныбызда бар, сен дагы атагы алыска кеткен спортчу болушуң керек деп Жанарбекке ошол кездеги бүт дүйнө чемпиондорунун кармаштарын көрсөтүп, алар жөнүндө кеңири маалымат берип, белгилүү спортчу болууга тарбиялаган. Жакшы тамактанган адамда гана ал-күч болот деп Жанарбектин тамак-ашын өзгөчө караган. Ошол себептенби, Жакебиз көп учурда оор салмактагы балбандар менен күрөшүп, жемин жедирбей келет. Ден соолугу да жакшы каралгандыктан, жараттары бат бүтүп, кээде майда-барат жараттарга да карабай беттештерге чыга берет.

Келинчеги
Машыгып жүргөн күндөрдүн биринде залга келип калган бир селкиге көзү түшүп калат. Кийинки жолу көргөндө аны жактырып баратканын байкайт. Бул кыз кимге келип жатат деп териштирсе, Ахметов Майрамбек деген КР эмгек сиңирген машыктыруучусунун кызы болуп чыга келет. Жанарбек өзү айылда өскөн жөнөкөй бала болгондуктан алгач шаарда чоңойгон кыз карабай койсо эмне кылам, андан да машыктыруучунун кызы болсо деп тартынып калат. Негизи спортчулар машыктыруучусун сыйлап, көп учурда алардан сестенип турушат эмеспи. Сезимдин күчтүүлүгүн ушундан билиңиз, баарын тобокелге салып жактырган селкиси менен жакындан таанышып, ага да жагып, баш кошконго жетише алган. Бул Жанарбектин спорттон башка тармактагы маанилүү жеңиштеринин бири. Анын ою боюнча сүйүп жүргөн адам эч нерседен коркпой, тартынбай, күчтүү болуп калат экен. Андыктан алдыга максат коюп, чын ниеттен бир нерсеге жеткиңиз келсе, сиз ойлобогон кыялдар орундалып кетиши мүмкүн дейт.

Машинелерден...
Көпчүлүк спортчулар сыяктуу "БМВ" үлгүсүндөгү машинени тандабайт. Бул маркадагы унаа катуу жүрүү үчүн алынарын эске алып, колуңда турган күлүк бары бир чабылат да деп ага кызыга бербейт. Учурда карапайым кыргыздардан кем калышпай эле жөө жүрөт. Негизи үй-бүлөлүү адам катары кооптуу кырдаалдарга туруштук бере алган, жер-сууда танктан кем калышпай жүргөндүгү, кооз дизайны, ыңгайлуу салону менен өзгөчөлөнгөн "Лексусту" жактырат. Өзүн сыйлаган колунда бар адам сөзсүз түрдө ушул үлгүдөгү унааны айдаш керек деп ойлойт.

Бош убакта
Бардык мырзалар сыяктуу эле тоого чыгып, ат минип, балык кармап эс алганды жактырат. Баарынан да балык кармап отурган учурда ойго батып, болуп жаткан, өткөн-кеткен окуяларды талдап, келечекке коюлган пландарды калчаганды туура көрөт. Эмгек менен табылган оокат даамдуу болот деп эсептеген Жанарбек мырза өзүң кармаган балык аябай татуу болот деп эсептейт.

Байлык
Байлыкка кызыкса азыркыга чейин биртоп эле ирденип алмак. 2006-жылы Дохада өткөн Азия оюндарында араб өлкөсүнүн балбанынан жеңилип берүү үчүн 40 миң доллар сунушталган. 4 пачка жашылбайды көрсөтүп турса да, патриот балбаныбыз өлкөсүнүн намысы үчүн жеңилбей койгон. Кыргызстанга келгенде бул ийгилигин мамлекет 5 миң эле долларга баалаган. Жанарбек сыяктуу башка өлкөнүн спортчулары өз өлкөсүндө байлардын катарына кирип, особняктарда жашап, акыркы үлгүдөгү кымбат баалуу машинаеде жүрүшсө, биздин чемпион маршрутка менен жүрүп, кышында от жагып, жер тамда эле турмуш улап келет. Чебер спортчу катары алган 15 миң сомдук маянасы бир айдан экинчи айга чейин жашоо үчүн гана коротулат. Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн биздин атыбыздан чык, байлыкка көмүп коебуз деген сунуштар болгон. Акчаны эмес, Алланы жүрөккө киргизген спортчубуз азыркысына топук кылып, ал сунуштан баш тарткан.

Кумири
Кумир деп деле эч кимди эсептебейт. Бирок кыргыз балбандарынан жөнөкөй айылдан чыгып, дүйнөдөгү эң күчтүү спортчулардын бири болгон ыраматылык Раатбек Санатбаевди сыйлайт. Жаш кезинде ошол инсанга карап түздөнүп, андан үлгү алчу.

Чет элге чыкканда...
Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө болгон. "В гостях хорошо, дома лучше" деп эсептейт. Кыргызстандын абасы менен суусундай тазалыкты эч жерден кездештирген эмес. Башка жакта көпкө жүрө албайт. Жакындарын, туулган жерин бат сагынат. Кыргызстанда ынтымак орноп, тынчтык өкүм сүрсө эле экономика көтөрүлүп кетерине ишенет. Өнүккөн экономика спорт үчүн да жакшы шарттарды түзүп бере алат деп ойлойт. Ошол себептен кыргыз элин биримдүүлүккө, ынтымакка чакырат.

Криминал
"Кара дүйнөдөгүлөр" өздөрүнө титулдуу спортчуларды имергиси келгендерин билет. Ар кимдин башы өзүндө деп эсептейт. Бул жакка көп деле кызыкпайт. Алдыга бир максат койсо, башка эч нерсеге көңүл бурбайт. Азыркы максаты - Лондондон ийгилик жаратуу.

Балбан болбогондо...
Ар ким колунан келгенин жасаса алга жылуу батыраак болмок деп ойлойт. Спортчу болбогондо юрист болуп күч структураларынын биринде иштемек. Ошентсе да спорттун көп сырларын билип калган балбан карьерасын жыйынтыктаган соң жаш балдарды тарбиялап чыксам, Кыргызстанга көбүрөөк пайдам тиймек деп эсептейт.

Жылдыз оорусу
Убактылуу нерсе деп ойлойт. Канчалык бийик көтөрүлсөң ошончолук катуу түшөсүң, жүрөгүндө Алла Таала бар адам эч кандай ооруга чалдыкпайт. Анын ичинде жылдыз оорусу да бар. Ыймандуу адам таза болот, анын эмгектери үчүн жараткан сөзсүз ийгилик тартуулайт деп эсептейт.

Килем үстүндө...
Атаандаштарынын көбүнчө бою узун болот. Эң башкысы - коркпогон жүрөк, анан даярдык болуш керек. 2 метр болуп титиреп турсаң баарыбир чабыласың. Андыктан бойго шылтоологон болбогон нерсе деп ойлойт. Жакшы көргөн ыкмасы - тик көтөрүп артты көздөй ыргытуу жана тегирмен сыяктуу айлантып чабуу.

Саясатта
Карапайым адам президент Отунбаева, премьер Атамбаев, спикер Келдибеков экенин эле билиши керек. Ар ким өз ишине жоопкерчиликтүү болуш керек. Ашыкча кийлигишүү чыр-чатакты жаратат. Чыр-чатак ызы-чууну жаратат. Бир жолу кыйкырык чыккан үйдөн кырк күн ырыскы качат. Андыктан саясатчылардын ар бир кадамын талкуулай бербей, иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек деп эсептейт.
P.S.: Жанарбек Кенжеев кыргыз спортунда 1996-жылдан бери эмгектенип, биртоп абройлуу жеңиштерге жетишип, өлкөнүн намысын коргоп келет. Азия оюндарында мурункусунда да, кийинкисинде да балбаныбызга ири суммадагы акча сунуштаганда өлкөнүн намысы үчүн баш тартып койгон. Быйыл Кытай жеринде өткөн Азия оюндарынын коло медаль үчүн болгон беттеште да Жакебизге жеңилип бер деп 2 бөлмөлүү үйдүн акчасын сунушташкан. Ошол кезде Ваккер, Пароль сыяктуу кыргыз эмес, кыргызстандыктар ийгилик жаратып жатканын көрүп, бул сунуштан дароо баш тарткан. Балким Жанарбек эмес башка спортчу болгондо ушинтип жөө жүрүп, жер тамда жашагандан көрө акчаны алып, жаш бала менен келинчегимди кыйналтпай көп кабаттуу үйдөн үй алып алганым оң деп жеңилип бермек. Мекенин сүйгөн чыныгы кыргыздын жигити бул өмүрдүн ар кандай кыйынчылыктарына туруштук берип, бүт нерсени өз эмгеги менен багындырып келет. Гуанчжоуга шагырап жөнөгөн спортчуларыбыздын бешөө гана медаль тагынганда чоңдор ар бирине бирден үй беребиз деп "балп" этип салышкан. Сөзүнө турушпады. Алтынга тете болгон биздин ар бир медаль тагынган спортчуларыбызга болгон мындай мамиле эл арасында деле нааразылык жаратып келет. Александр Пароль го мейли, көзгө басар ийгиликтерди эми жарата баштаптыр. 14 жылдан бери өмүрүн спортко арнап, башка өлкөгө сатылбай, ийгилик жаратып жаткан спортчубузга Азиададан медаль албаган күндө да, спортко кошкон зор салымы үчүн үй беришибиз керек эле. Байдын байлыгын байкуш аяйт болуп, чоңдорубуз өз чөнтөгүнөн кетип жаткансып, чыныгы азаматтарыбызды татыктуу сыйлай алышпаганын көргөн спорт жылдыздарыбыз башка өлкөнүн намысын коргоп кетчү болсо, аларды күнөөлөбөшүбүз керек. Анткени ар бир адам өз бүлөсүн колунан келген жол менен багууга милдеттүү да. Бул жөнүндө менден Жанарбек Кенжеев жаз деп суранган жок, анткени намазга жыгылып, өзүн түз алып жүргөн спортчубуз Алла Тааладан башка эч кимден суранбайт. Өз жолунда ак эмгеги менен аракет кылганы үчүн аны жараткан ийгиликтер менен сыйлап келет. Ошол жетишкен ийгиликтери үчүн мамлекет аны татыктуу сыйлап ала албаганы көңүл ирээнжитет...

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика