24.11.10 - 30-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 21-декабрда "АМАНАТ"
ТАПШЫРГАНДАР:

Урматтуу биздин күйөрмандар, туугандар!
Айылдагы ага-туугандын, шаардагы тааныштардын, куда-сөөк, дос-жарлардын жакшылыгына каалоо-тилектериңизди, аманат сөзүңүздү биз аркылуу билдирем десеңиз, "Жаңы Агым" гезитинин 38-67-06 телефону шейшемби күнү 10.00дон 12ге чейин сиздин кызматта. Тилинде калемпир-мурчу барлар да өнөрүңүздөрдү көрсөтсөңүздөр болот.


П-263. Кыргыздын сыйлык-наамын алган толук,/ Таланттар жүрсө дагы жайнап, толуп./ Элинин баасы менен Алыкулум,/ Суурулуп чыга келди гений болуп. Эркин Жаныбеков.
П-264. Кыргыздар! Биз эмне деген ынтымагы жок элбиз? Ынтымагыбыз жоктугунан ар ким биздин тагдырыбызга кийгилигише берет. Мисалы, 1990-жылы июнь айында кыргыз-өзбек кагылышы болгон. Ошондо Москвадагы политологдор телевизордон талдап отурушуп армян фамилиясындагы бир политолог акырын сүйлөп жылмайып, "Кыргызстандын түндүгүн Казакстанга, түштүгүн Өзбекстанга кошуп жибербейлиби" деп биздин тагдырыбызды чечкиси келген. Быйыл июнь айында кыргыздар менен эсептешпестен Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Жалал-Абаддын территориясын автономия кылабыз дегендер чыкты. Ошол аймакта жашаган кыргыздардын өлтүргөнүн өлтүрүп, калганын тоо-ташка айдап салгылары келди. Ошондуктан ушуга окшогон күчтөргө каршы туруш үчүн биз бирге болушубуз керек деп ойлойм. Менин түшүнүгүмдө Кыргызстандын түштүгү жок Кыргызстан деген мамлекет да жок. Биз чакан элбиз жана кичинекей гана мамлекетпиз. Ар кандай күчтөргө каршы туруш үчүн биз өзүбүзгө бекем болушубуз керек. Түндүк-түштүк деп, кокту-колот болуп бөлүнбөй, бири-бирибизди басмырлабай бирге бололу. Оштон Айсалкын эже.
П-265. Белгилүү бизнесменге айланган Бурул Усубакунова, талап-тонолгон элдин кредитин тойгончо жеп, эми "Кош жылдыз" көрсөтүүсүндө ырдагандан уялбайсыңбы? Азыркы адамдарда ыйман деген жоголгон турбайбы. Талап-тонолгон Мария эже.
П-266. Мени түйшөлткөн дагы бир ой бар. Апрель айында курман болгондорго Мекен шейиттери деп аларды баатыр аташты. Алардын туугандарына миллион сомдон жардам берилди. Үй салганга жардам берип жатышат. Балдарын ЖОЖдорго бюджеттик негизде киргизишти. Ошол каражаттын баарын Отунбаева же убактылуу өкмөт өз чөнтөгүнөн бөлүп берген жок да. Мунун баары мамлекеттин бюджетинин эсебинен же бүткүл кыргыз элине тиешелүү акчадан кетти болуш керек. Алар тышкы агрессияга каршы туруп баатыр болушкан жок. Алар бийлик алмашканга салым кошушту. Ал эми июнь айындагы Оштогу алааматтан миңдеген кыргыздын жигиттери набыт болушту. Алардын туугандарына 20 миң сомдон жардам берип гана тим болушту. Алар жөндөн-жөн эле өлүп калышкан жок да. Кыргызстандын бүтүндүгүн сакташ үчүн тышкы күчтөргө каршы туруп набыт болушту. Алар мечиттерге топтолуп башка улуттарды киргизбей чогулуш өткөрүп жатышты. Ошону көрүп-билип туруп убактылуу өкмөттөн эч кандай чара көрүлгөн жок. Убактылуу өкмөттүн алсыздыгынан, Кыргызстандагы башаламандыктан пайдаланып Оштогу алааматты башташты. Миңдеген адамдар эч күнөөсүз өлүп кетти. Канчасынын дайыны алигиче белгисиз. Эми ошол кандуу окуяда набыл болгондорго азыркы парламент жана түзүлө турган өкмөт тиешелүү баасын берер бекен? Ушундай кандуу окуя кайталанбасына шарт түзүп, эл үчүн иштеп беришер бекен? Үмөттөнүп туралы. Оштон Айсалкын эже.
П-267. Классташыбыз Мира Мамбетованы туулган күнү менен куттуктайбыз! Москвада болобу, Бишкектеби, аман-эсен, бактылуу, чын ден соолукта бол. Нурзат, Нуржан.
П-268. Талпынып учкан уям Каптал-Арык,/ Борбордон кырчын кезден конуш алып./ Узанып келем ырдын дүйнөсүндө,/ Эскиртип барат жылдар суудай агып. Эркин Жаныбеков.
П-269. 2011-жылдан баштап бардык кыргызстандыктар салык декларациясын толтурушу керек деген мыйзам бар. Өкмөт эл алдында 9 айдан бери кылып жатканына тың жооп бере албагандан кийин, карапайым эл эмне үчүн өкмөткө жанын кантип багып атканын милдеттүү жооп бериши керек? Биринчи элдин турмушун жакшы калыпка келтирип, анан элден сурагыла. Ал үчүн дагы элдин акчасы болгон бюджеттен жегени турасыңар да. Биз каршыбыз! Нурбек, Турдубек.
П-270. Мамлекетти талап-тоногонго катышпай, эчтеке прихватизация жасабай, канистрлеп май ташып жүрүп бутуна туруп, бүгүнкү күнү кыйналган элине жүздөгөн тонна ун, кийим таратканы аз келгенсип, "45 районго мугалим, доктурларды жиберип аларды багам" деген жана да "шаардагы 50 мугалимге 10 жылга үй берем" деген ишкер Арстанбек Абдылдаевдин жасаган иши ар бир адамдын ичин жылытып, толкундатат. Өмүрлүү болуп максаттары ишке ашсын. Суроо туулат, калган миллиарддарды жеген "акулалар" качан ушу каргадай баладан үлгү алат. Убактылуу өкмөттөн суранат элем, өкмөттү талап-тоногон "дөө-шааларга" Абдылдаев Арстанбекти мисал кылып жегендерин кустурсаңар экен, эл үчүн. Асанкайгы, Ат-Башы.
П-271. Көлмө айылындагыларга, Съездге, Гүлбарчынга, Каныбекке, келинчегине, Акылга, Болотко жана азыркы айыл өкмөтү Айдаралиев Туратка, Раушан байкеге жана кыздарга салам жолдоп, келаткан жаңы жылыбыз менен куттуктаймын. Аларга чын ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгилик каалайм деп Ракила Кашкатаева.
П-272. Кышында жайкы кийимдер 70-80% арзан турат. Дүкөндөрдөн кыя өтпөй жайдын камын көрүп койгула. Бажы союзу, ВТО-мто деп атып импорттун бары кымбаттап атат. Жайында бир футболкага келген акчага азыр үчтү алып жетишип калгыла! Башка түшкөндө мени эстеп ыракмат айтасыңар. Шопоголик.
П-273. Казынабызды шыпкап пулга чыңалган,/ Миллиард жоо болуп сыртка чыгарган./ Өлүм кылып өзүбүзгө жумшашта,/ Кыйрообузду көксөп канга чыланган. Эркин Жаныбеков.
П-274. Апам Кашкатаева Канышай, эжелериме, сиңдилериме, жезделериме, күйөө балдарыма, жеңелериме, акелериме, инилериме, куда-кудагыйларга, Анарбек, Бактыгүл, Гүлнара, Бегимай, Султанга салам жолдоп, келе жаткан жаңы жылыбыз менен куттуктайбыз. Аларга чың ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгилик. Баардык жакшылыктарды каалап Абдимуса жана Ракила. Бишкек шаары.
П-275. 2011-жылга келишимдерди түзүү мезгилинде ЖК бир жаңсыл болбой, эртеңки күнү кандай болуп кетет деп ишкерлер демин кармап турушат. Ким спикер, ким премьер болот деп чечишкиче эл коркуп, жашоосун токтотуп турушу керекпи? Мына, өз кызыкчылыктарын калктыкынан өйдө койгондоруна бажырайган далил. Рекламачылар.
П-276. "Агым" гезитинде мурда иштеп кеткендерге жана азыр иштеп жаткандарга Гүлжан, Аскер, Дамира, Назгүл, Канышай, Жылдыз, баарыңыздарга салам жолдоп, келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Чын ден соолук, иштериңерге ийгилик, калемиңиздер курчуй берсин. Окурманыңар Ракила Кашкатаева.
П-277. Карачы "жүктүүлөрдүн" болуп калың,/ Кубана көргөн жандар тойдун камын./ Сүмбөдөй кылып бордоп союштарын,/ Жайнатсын сары майын карын-карын. Эркин Жаныбеков.
Даярдаган Гүлжан ИЛИЯЗОВА




Чуунун изи менен

Ыргытылган бала болгонбу, же…

Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында Россиянын Новосибирск шаарына иш издеп барган жыйырма жаштагы кыз төрөп, ымыркайын тогузунчу кабаттан ыргытып жибергендиги тууралуу маалымат интернет булактарына чыгып, бир сыйра дуу болгон эле. Интернет сайттарда ал кыз жайында тааныштар аркылуу бала багуу үчүн Россияга барып, арадан үч ай өткөндө төрөп, баласын полиэтилен баштыгына салып ыргыткан деп жазылган. Жарык дүйнөгө келген ымыркайдын жынысы кыз эле. Аны көчөдөн өткөндөр таап алып милицияга кабар беришкен. Россиялык изкубарлар ташталган ымыркайды сотмедэкспертизадан өткөрүшкөндө анын ден соолугу чың, тирүү төрөлгөнү, бирок бийик кабаттан ыргытылгандан улам өлгөнү белгилүү болгон. Мындай иш көмүскөдө калмак беле, укук коргоочулар ыргытылган ымыркайдын кыргыз энесин тез эле таап, темир торго отургузушкан. Ал кыз Россия Федерациясынын КЖКнын 105-беренесине ылайык күнөөлүү деп табылганы ачык айтылган.


Жыл сайын миңдеген кыргыз кыздар Россияга тааныштар, туугандар аркылуу бакыт издеп барышат. Ушунча миңдеген кыздардын арасынан кимиси экени ачык айтылган эмес. Бирок…
Бирок Россияда өз баласын бийик кабаттан ыргытып өлтүргөн деп күнөөлөнүп аткан Азима аттуу кыздын Кыргызстандагы апасы Таалайкан менен жездеси Мирбек мындай дешет:
- Россияда Азима деген ат менен жүргөн кыздын өз аты Сүйүн. Ал мектепти жакшы аяктап, лицейлердин биринде окучу. Ушул жылдын июнь айында Сүйүндүн апасы Таалайкандын лейлектик жердеши Рая аттуу аял Россияда иштеген баласынын үйүнө анын кичинекей балдарын багуу үчүн жаш кыз керек болуп атканын айткан. Анүстүнө Рая айым бала багуучу кызга айына 500 доллардан төлөп, ичкен-жегени, жашаган жери бекер болорун кошумчалаган. Айылдашы Раянын айткан сунушуна Таалайкан макул болуп, июнь айында кызы Сүйүндү сентябрда келет деп макулдашып, Россияга узатып жиберет. Ошол кезде Сүйүндүн паспорту, документтери да жок эле. Бирок Рая поезддеги жүргүнчүлөрдү көзөмөлгө алгандар менен тааныштыгым бар, башка эле паспорт менен бара берсин деп айткан. Ошондон улам Сүйүн эжеси Анаранын паспорту менен жөнөп кеткен. Россияга кеткен Сүйүн бир айга жетпей апасына телефон чалып, ал жакка дагы бир нарындык Назира аттуу кызды да бала бактыруу үчүн алып барганын кабарлаган. Анын айтымында, Назираны Ош базарындагы радиотүйүндүн жанынан сага 400-500 доллар төлөп беребиз, үч-төрт ай иштеп кайра келесиң деп ээрчитип кеткен. Үч-төрт айдан кийин Россиядан акча таап келем деген кыязда Назира ата-энесине айтпай жөнөгөн экен. Ал Россияга кеткенде Нарында атасы катуу ооруп атканын билип Кыргызстанга кетейин десе, бүгүн-эртең деп жибербей, урушканын кабарлаптыр Сүйүн туугандарына. Жездесине телефон чалган Сүйүн мени бул жерден тезирээк чакыртып алып кеткилечи, кантсе да Рая эже апамдын жердеши эмеспи, антпесе бияктагы Назира экөөбүзгө күн көргөзбөй атат деп сураныптыр. Сүйүн менен Назирага Кыргызстан менен байланышууга, сүйлөшүүгө тыюу салгандыктан, алар кожоюндар үйдө жок кезде жакындарына жашыруун телефон чалып, же ошол жактагы кыргыздар аркылуу байланышып турушкан.
Август айынын жыйырмаларында Сүйүн Кыргызстандагы жездесине дагы телефон чалып, бияктагылар мени урушуп, биротоло жок кылабыз деп атышат, эртерээк чакырткыла деп жалдыраган. Андан көп өтпөй эле сентябрь айында Новосибирскиге бала бакканы келген кыргыз кыз төрөп, баласын ыргытып жибергендиги тууралуу кабар Сүйүндүн жакындарына жеткен. Ошол төбө чачты тик тургузган окуяны уккандан кийин Сүйүндүн жакындары Россияга телефон чалып, эч ким менен кабарлаша алган эмес.
- Сүйүн Россияга кетип атканда ал эч кандай кош бойлуу эмес болчу, - дешет аны узаткан жакындары. Эгер ал Россиядан кош бойлуу болуп калса да үч айдын ичинде дени-карды соо ымыркай төрөбөйт болчу. Бул жөн гана жалаа, же биз билбеген дагы бир сыр жатат дейт апасы. Рая болсо ушундай окуя болгон үчүн Сүйүндү камап салганын кабарлап, эч кимге арызданбагыла, азыр ал жактагы балам сүйлөшүп түрмөдөн куткарат, же ал камалат деген. Учурда Сүйүн түрмөдө жатабы же башка жактабы белгисиз, ошол сентябрь айынан бери кабары билине элек. Сүйүндүн жакындары бул жактагы УКМКга арыз жазып, Россиянын ФСБсынан маалымат алуусун өтүнүшкөн экен. Бирок андан деле эч жыйынтык чыгалек. Ал эми биздин Сүйүндү издөөгө алып, улам бир эшикти сүзүп атканыбызды билген Раянын жакындары коркутуп-үркүтүп, ал кызды унуткула, болбосо дагы бирди көрүп каласыңар деп айткан экен.
Карабашыл адам эмес, корооңдо үрүп чыкчу итиң дайынсыз жоголгондо анын кайда кеткенин издейт эмеспи. Ал эми жыйырмага эми толуп, үч-төрт айда келип калам деп кеткен жаш кыздын тагдыры улам барган сайын татаалданып, ата-энелерине жашыруун сыр болгону кейитет. Балким, биздин арманыбызды УКМК кызматындагылар угуп калса, жардам беришээр деген үмүттө экенин жашырышпады. Сүйүн азыр түрмөдөбү же биз билбеген жайдабы, деги аман-эсен жүрөбү деген суроо анын жакындарын түйшөлтүп келет.

P.S. Белгилүү себептерден улам макаладагы каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү.
Назира КУЛМАТОВА