№01, 07.01.11. • "Агым" гезити, кыргызча...






  Дүрбөлөң

Канкорлор кайдан чыгышты?

Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы атылган октор эки милиционердин далысына, бирөөнүн көкүрөгүнө тийгенин аныкташты. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны Самат Жээнбековго сегиз, милициянын улуу лейтенанты Алмазбек Сулаймановго алты, аймактык милиционер Пиридинбай Исмановго алты ок тийген. Булар ошол күнкү саат 15тен кечки саат 22ге чейинки өз кызматын аткарып жүрүшкөн. Бирок таң калычтуу жагдай, паспорттук текшерүү иштерине чыккан офицерлердин табелдик куралы болгон эмес.

Интерпол иттен чыгарды
Укук коргоочу Чолпон Жакупованын айтканы чын чыкты. Интерполдун Башкы секретариаты Бакиев, анын жакындары, ошондой эле М.Суталинов, Д.Үсөновду кармоого жардам берүүдөн баш тарткандыгын билдирди. Көрсө, Интерполдун Конституциясынын 3-беренесине ылайык саясый, согуштук, расалык мүнөздөгү иштерди аткарууга аларга таптакыр тыюу салынат экен. Эгер бул фигуранттардын экономикалык кылмышы жөнүндө айныксыз далилдер болсо, анда издөө салганга Конституциясы каршы эмес имиш. Ошондой эле мындай билдирүүлөрүн алар өткөн жылдын 7-августунда эле КР ИИМине жөнөтүшкөнүн тастыкташкан. Бийликтин бул документти бекем катып алып, издемиш болуп атканына жол болсун.

Арашандагы атайын операция
Үч милиционерди өлтүргөн кылмышкерлерди жок кылуу операциясы МУККтун "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүмү тарабынан 5-январда Арашан айылында өткөрүлдү. Мөндүрдөй ок жаадырган кылмышкерлер жашырынган үйдүн үстүнө вертолеттон аскерлер түшүрүлгөн. Күч органдарына куралдуу каршылык көрсөткөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахманов тирүүлөй кармалды. Ал эми террорчулардын башчысы, 38 жаштагы Советбек Исламов менен 26 жаштагы Азим Султанкулов окуя болгон жерден өлтүрүлдү. Бул жерден аман чыкпасына көзү жеттиби, бир жанкечти жардыргычтарга жарылып өлдү.