№03, 21.01.11. • "Агым" гезити, кыргызча...






Улуттук Комиссия укурукту узун таштады
Июндагы Ош коогалаңын иликтөө боюнча Улуттук Комиссия төрагасы Абдыганы ЭРКЕБАЕВ: "Өзбек диаспорасынын жетекчиси Кадыржан Батыров президент Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев менен жолугуп сүйлөшкөн. Батыров менен агездеги бийлик төбөлдөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев телефон аркылуу байланышып турган. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Кадыржан менен кандай мааниде баарлашканын тактай албадык. Түштүктө абал оор экендигин, улуттар арасында от чыгып кетиши мүмкүн экендигин какшап, УКМК президентке кат жүзүндө тогуз ирет кайрылган. Бул боюнча Роза Отунбаева неге чара көрбөдү? УКМК окуяны кабарлап гана жөн калбай, анын алдын алуу керек эле. Ошон үчүн УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев, экс-коргоо министри Исмаил Исаков, экс-вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров, экс-ички иштер министри Болот Шерниязовду саясый жоопкерчиликке тартуу керек"