04.02.11 - 10-бет:
  Көңүл чордонунда

Заман менен кошо өзгөргөндөр

Бишкектеги №95 кесиптик лицейи жаңы багыт ачып, алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарды. 30 жылдан бери иштеп жаткан окуу жай кийим тигип-бычууга үйрөтүп келген. Эми бардык каалоочулар чачтарач кесибине ээ боло алышат. Ал эми Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң райондорунун жана Балыкчы шаарынын жумушсуз калган жашоочулары акысыз жаңы кесипке ээ боло алышат. Ал үчүн калкты иш менен камсыз кылуу борборунун жолдомосу керек. Окуу жайдын учурдун талабына ылайык изденүүсүн коомдогу жумушсуздук менен күрөшүүнүн алгылыктуу аракети катары баалайбыз.

Кесиптик лицейдин директорунун орунбасары Дариха Абдугафарова биринчи бүтүрүүчүлөрдүн экзаменин кубаныч менен кабыл алып, эң жакшы деген бааларды коюп жатты.
- 2009-жылы демөөрчүлөрдү таап, алгачкы реабилитация тобун ачканбыз. Ал топто жумушсуздар акысыз окуй алышат. Анда атайын тикмечилик жабдууларды алсак, бул жолу биз үчүн жаңы багыттагы чачтарач кесибине ылайык окуу бөлмөсүн жабдып, окута баштадык. Айыл жергесинде иш менен камсыз кылуу, жаңы жумуш орундарын уюштуруу кыйын. Суроо-талаптарды иликтеп көрүп, чачтарачтар дайыма керек экенин аныктадык. Айыл өкмөттөрү иш менен камсыз кылуу борбору жиберген бүтүрүүчүлөргө иштөөгө шарт түзүп берүүнү убада кылышкан. Кыска мөөнөттүү курста беш айдын ичинде 11 окуучу чыгардык. Алар келишим боюнча 5000 сомдон төлөштү. Нарын, Ош жана Чүй облустарынан 9-класстын бүтүрүүчүлөрү окушту. Алардын ичинен Оштон келген үчөө шарттарына байланыштуу үч айда эле бүтүрүп кетип, учурда жаңы кесиби боюнча эмгектенип жатышат. Бир топто 15 адамга чейин окута алабыз, андыктан 14 жаштан баштап бардык каалоочуларга эшигибиз ачык. Муктаж болгондорго айына 200 сом төлөнүүчү жатакана бере алабыз. Реабилитация тобундагыларга бөлмө акысыз. Курсту аяктагандан кийин сертификат беребиз.
Чач кыркуу, боео, жасалгалоо сырларына окутуучу, чачтарач чебери Манзура Барпиева үйрөтөт. Мугалимдик айлыктан коркпогон эжейге баа беришибиз керек. Борбор калаанын сулуулук салондорунда төлөнчү кыйла көп акчага карабастан, өз тажрыйбасы, билими менен бөлүшүп жатат. Анын айтымында, чачтарачтык кесипке ниеттенген ар бир адам үйрөнө алат экен. Анын сөзүн Нарын облусунун Жумгал районунан келген 16 жаштагы Эрлан да далилдеди.
- Лицей жөнүндө апам биринчи угуп, мага багыт берди. Өзүм иштеп акча таба аларыма абдан кубанам. Башында бир аз оор болуп кыйналганым менен, кесибим мага абдан жагат. Беш ай студент болуп, кызыктуу нерселерди үйрөнгөнүмө кубанам. Буюрса Жумгалга кайтсам, иштей турган жеримди таап койгом. Жаңы жылда үйгө барганда классташ кыздарымдын чачтарын жасалгалап бердим. Өз кесибим менен сыймыктанам. Келечекте өзүмдүн салонумду ачсам деген кыялым бар.
Кызарттан келген Айзат болсо өзүнүн балалык кыялын орундатып, чачтарач кесиби менен үй-бүлөсү ачып жаткан салондо иштемекчи. "Жаңы келгенде таракты туура кармаганды билчү эмесмин. Азыр болсо балдардын да, кыздардын да чачы менен иштей алам. Баарынан оору - үйлөнүү үлпөтүнө чач жасалгалоо. Мага баарынан балдардын чачын кырккан жагат" дейт Айзат. Он алтыдагы күлмүңдөгөн кыздын келечеги өзүнө так элестейт. Ар бир кардары Кочкордо 120-150 сомдон, эркектер андан бир аз азыраак төлөөрүн да тактап алган. "Башында журналдардан карап үйрөнсө, азыр өзүнүн фантазиясы менен иштегенди үйрөндү" деп эжейи мактады.
Өлкөнүн алыскы аймактарынан келген кыздар-балдардын кыялын орундатуу үчүн ?95 лицейге 218 миң сомдук чачтарачтык жабдуусу бар бөлмө керек болгон. Каражат маселесин "Кумтөр Оперейтинг Компани" чечип берген. Ишкананын менеджери Керим Шатмановдун билдирүүсү боюнча реабилитация топтору аркылуу акысыз окутуп, андан ары дароо жумуш менен камсыз кылуу шарттары кызыктырган. "Кумтөрдө" иштегиси келгендердин баарын ишке алуу мүмкүн эмес, ал эми ушундай жол менен жумушсуздук маселесин чечүүгө болот. Эми лицей жаштарды окутуп, Жети-Өгүз, Тоң райондорунун айыл өкмөттөрү аларды иш орундары менен камсыз кылмакчы.
Февраль айынан баштап реабилитация топторунда аймактардан келген студенттер акысыз негизде билим ала башташат. Чачтарач кесибин өздөштүрүп алышса кайда болбосун иш табуу оңой болмокчу. Өзгөчө айыл жергесинде. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей, жумушсуздар ушул жаңылыкты байкап көрсө кандай болот?..
Нуржан АЛЫМКАНОВА




  Балдар үйүндөгү бардак

Жетим да бир күнү жетилээрин Жеңишкүл ойлойбу?
Ар бир ата-эне өз баласына татыктуу билим, тарбия берүүгө умтулуп, ага бар күчүн жумшайт. Ал эми ата-энесинен эрте ажырап балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдарга ким кам көрүп, аларды турмуштук чыйырга ким багыттайт? Бул жолу белгилүү болгон фактыларга таянуу менен Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу балдар үйүндөгү айрым "көнүмүш адаттарга" токтолсок.


1989- жылы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 120 балага ылайыкталып, айланасы курчоого алынып бардык шарты менен Ак-Суу балдар үйү ачылган. Учурда мында 6 жаштан 19 жашка чейинки 83 бала тарбияланып, айылдагы эки мектепке барышат. Бул жерге мамлекеттик камсыздандыруудан сырткары кайрымдуу адамдардын, жеке ишкерлердин, райондук жетекчиликтин жана ар кандай коомдук уюм, мекемелердин жардамдары да арбын берилет. Бирок тилекке каршы, анын баары балдар үчүн пайдаланылбайт.
Ак-Суу балдар үйүнүн тарбиялануучулары жыл сайын 15-июндан 31-августка чейин Көл жээгиндеги "Келечек" лагеринде эс алышат. Бирок эс алды деген эле аты болбосо, бул жерде да абал такыр башка.
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 8-июнундагы "Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө" ?96 буйругунун негизинде 9-июлда раймамадминистрациянын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райсанэпидкөзөмөлдөө борборунун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү "Келечек" лагерине барышып төмөнкүдөй көрүнүшкө күбө болушкан. Текшере келгенде лагердеги балдар тизмеде 57 болсо, эс алгандар 44 болуп чыккан. Бул аз келгенсип "Келечектин" айланасы, ашканасы иретке келтирилген эмес. Ошондой эле лагердин кампасынан үч коробка колдонуу мөөнөтү небак өткөн, үч коробка мөөнөтү көрсөтүлбөгөн печеньелер табылган. Кулк-мүнөздөрү оор, ар дайым көңүл бурууга муктаж балдардын күндөлүк режими, тийиштүү тарбиялык сааттардын пландары да түзүлгөн эмес.
Ойноочу, сууга түшүүчү жайлары талаптагыдай даярдыкка келтирилбей, тарбиячылардын (директор, лагерь жетекчиси, күндүзгү-түнкү нөөмөттөрдөгү тарбиячылары, ашпозчусу, медициналык кызматкери, санитар, сууга түшүрүүчү жетекчиси жана айдоочусу) дээрлик басымдуу бөлүгү өз иш орундарында жок болуп чыккан. Оюндан "от чыгып" денесинен жаракат алган тарбиялануучу эч кароосуз калтырылган. 2010-жылдын 16-июлунда райадминистрацияда бул боюнча коллегия өткөрүлүп, балдар үйүнүн директору Ж.Ниязовага сөгүш жарыяланып, райондук прокуратурага, Билим берүү жана илим министрлигине атайын каттар да жөнөтүлгөн. Бирок бардык маселелер төгүндөлгүс фактылар менен далилденип, Билим берүү жана илим министрлиги Ак-Суу раймамадминистрациясынын токтомундагы "сөгүш жарыялансын" деген бөлүгүн жокко чыгаруу маселесин койгон.
Ушундай эле талапка жооп бербеген көрүнүштөр мурдагы жылкы жайкы каникул учурунда да (08.08.2009-ж.) кайталанып, бирок андан да эч кандай тыянак чыгарылбагандыгы быйылкы текшерүүдөн улам таасын көрүнүп турат.
"Көнгөн адат калабы..." демекчи, мындай көрүнүш мурда да нечен жолу катталып, үстүбүздөгү жылдын 27-майында курамына облпрокуратура жана санэпидкызматынын өкүлдөрү кирген облустук комиссия тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, балдар үйүнүн ашканасынан 415 кг мөөнөтү эчак өткөн азык-түлүк табылып, директор Ж.Ниязовага, бухгалтери Г.Молдурановага, кампа башчысы Р.Истакеевага 1 000 сомдон, башкы ашпозчу А.Турдумамбетовага 500 сом гана айып салынган.
Акыйкат издеген жеткинчектер
2010-жылдын 10-августунда кечке маал "Келечек" лагеринен качкан 10 тарбиялануучу эртеси таңкы саат беште Ысык-Көл облмамадминистрациясына келип, "өгөй энелеринин" каардуу чеңгелдеринен сактап калууну өтүнүшкөн. Облус жетекчиси Ак-Суу балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын кайрылуусун текшерүү жөнүндө атайын тескеме кабыл алып, облустук комиссия түзүүгө мажбур болгон (тескеме ? 513-б. 11.08.2010-ж.).
Аталган тескемеге ылайык түзүлгөн комиссия мүчөлөрү 11-август күнү түштө "Келечек" лагерине барып, балдардын лагерден качуусу ал жердеги чоңдорду таң калтырбаганы, камырабаган жетекчилик түнү менен жоголгон балдардын кайда кеткенине эч кейибегени жана милицияга да кабарлап койбогону кайдыгерликтин жеткен чеги экендигине ынанышкан. Комиссия мүчөлөрү менен бир унаада баруудан баш тарткан балдар дагы кандай кыйноолорду жонтерилери менен тартканы белгисиз. Арадан эки күн өтпөй алар өз айткандарынан кайра баш тартышып, теңирден тескери көрсөтмөлөрдү берүүгө аргасыз болушкан.
Керек болсо өзүн өзү билген балдар үйүнүн "ханышасы" балдарды өз билгенинче "тарбиялоодон" сырткары алардын тагдырын да өзү чечет экен. Дегенибиз, балдарды багып алуу максаты менен балдар үйүнө келген айрым ата-энелерге да өзү жаңы "мыйзам-шылтоолорду" таап, багуусундагылардын санын азайтпоого аракеттенет. Көрсө, балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын саны азайса мамлекеттик каржылоо өлчөмү да төмөндөп, директор айымдын "өтүгү тарыйт" тура.
Өз дарегине айтылгандардын бирин да моюндабаган жетекчи айым учурда иштеги шалаакылыгы үчүн адилеттүү чара колдонгон раймамадминистрациясынын өкүлдөрү менен "бет тырмашып", колунан келген "жактоочуларын", "колдоочуларын" ортого салып, ишенген "крышаларына" таянып кайра аларга күнөө жаап келүүдө. Жогорку инстанцияларга жиберилген каттар да "табышмактуу" тынчып, текшерүү болмок тургай кайра директорго тик карап кеп айтуучу киши жок болуп, раймамадминистрация коллегиясынын чечими аркылуу ага берилген сөгүш да прокуратура органдары тарабынан жокко чыгарылды. Башында эле сырга да, чырга да бай бул короо азыр такыр эле өзүнчө арал, мамлекет ичиндеги мамлекет сыяктуудай абалда турат. А балдардын тагдыры эртең эмне болору белгисиз.
Азамат КАЛЫСБЕКОВ, Ысык-Көл облусу