04.02.11 - 14-бет: Айлампа
Кош жылдыздан кош жүрөк
Урмат менен Неля жаштарга жакшы жөрөлгө баштап берди өңдөнөт. Андан бери баш кошкон кош жылдыздар көбөйүп эле жатат. Алардын катарын быйыл ырчы ЖанЭл менен Азат Болотбек толуктай турган болду окшойт. ЖанЭл "Кайрылбайсың" деген ырына клип тартырып жатканда Азат Болотбекти тузагына түшүргөн экен. Ушул жылы жаштар баш кошуп, бирге түтүн булатуусу да мүмкүн экен.


Демөөрчүң болбосо…
Жыл жаңырары менен "Жомок" аттуу ырынын клибин көрүүчүлөрдүн назарына тартуулап, анын артынан ушундай аталыштагы музыкалык жыйнагын чыгарууну пландап жаткан Дайыр Исмадияров жазында же күзүндө концерт берсемби деп ойлонуп жатат. Маселе баягы эле каражатта. Кийинки концертиме эл келиши үчүн мурункусунан жогорку деңгээлде өткөрүшүм керек деген ырчы жигит демөөрчүлөрдү, колдоочуларды таап алган ырчыларга кантип издеш керек деп кайрылып жатыптыр. Өзгөндөн чыккан жаш таланттын өзгөчө концертине колдоо көрсөткүсү келген "крутойлор" Дайырды деле колдоп коюшса болмок экен.


Кундуздар көбөйгөндө
Жигиттердин эки көзүн төрт кылган сулуу ырчы кызыбыз Кундуз Канатбек кызы акыркы күндөрү ыңгайсыз абалга туш болуп жүрөт. Себеби интернет беттериндеги социалдык желелерде ырчы кыздын атынан бет ачып алган клондор көп болуп кетиптир. "Бая күнү интернеттен мынтип айтпадың беле?" деген сыяктуу сөздөрдү укканда ким болбосун түшүнбөй калары белгилүү. Ошол себептен Кундуз биздин гезит аркылуу эч кандай интернет бетинде менин баракчам жок. Кундуз Канатбек кызы деп катталып алгандарга ишенбегиле. Ошондой баракчаларды ачып алгандардан ал беттерди өчүрүп салуусун суранат. Чектен ашып бараткандарды атайын кызматтар аркылуу издетиши да мүмкүн экен.


Эрке ди-джей Элиза
Казакстанда өтүп жаткан кышкы Азия оюндарынан күнүнө 24 жолу түз алып уктурууну "Тумар" радиосу уюштурду. Ал жакта радионун жана кыргыз угармандарынын эрке ди-джейи Элиза Кененбаева жүрөт. Спортту түшүнбөсө да мындай чоң майрамды кое бергиси келбеген Элиза айым иштин жүрүшүндө баарын түшүнүп, спорт жагынан такшалып калды. Жалаң гана хоккейчилерибиздин ийгилигин кубануу менен кабарлап жаткан башы бош селкибиз кең далылуу хоккейчилердин бирин жактырып калган окшойт.


Өзүбүздөн өтөөрү жок
Москвада жаңыдан канатын кага баштаган жаш ырчы кыз Наргиза Жумагулова окемдердин клипмейкерлерине клип тартып бергиле деп кайрылса, ойдогудай иш аткара алышпаптыр. Кыргызга эмне жагарын кыргыз гана билет турбайбы деген ойго келген ырчы кыз күн жылыса Бишкекке келип өзүбүздүкүлөргө эле тарттырбасам, окемдердики окшобой калат экен деп калды.


"Махабат өмүр көркү"
Акыркы убакта Айдин Шер менен продюсери Динара Эсенгулованын тегерегинде ушак-айың күч алып барат. Экөө тең иштин чоо-жайын такташа элек. Учурда тымызын соттошуп жүрүптүр деген да имиштер айтылууда. Биздин айталы дегенибиз башка. Айдин Шердин сүйүктүүсү сулуулук салондордун биринде иштейт экен. Аты Тахмина. Атургай жайында үйлөнүү тууралуу план куруп жатышкандарынын да чет жакасы угулду. Эми Айдин, мага сүйүү келе элек деп так секирбей, "махабат өмүр көркү" экенин даңазала.


Дархандын тилине тийишпегилечи
Кыргыздын Гу Чжун Песу аталган Дархан продюсери Алексей Филатовдон оолактап өзүнчө иштемей болду. "Мен Алексей Филатов менен иштешсем кыргызча билбейт деп ойлошот экен, чынында кыргызча тилим буудай куурат" деген нааразычылыгын айтты. Ушул эле маселе боюнча Алексей Филатов "экөөбүздүн келишимибиз аяктаганына байланыштуу Дархан менен иштешүүнү токтоттум. Анүстүнө андан башка долбоорлорум толтура" деген кыска жообун узатты. Экөөнүн ортосун кара мышык аралап жүргөнүн мурда уккан элек. Ушундан улам биздин кыргыз шоу бизнесине продюсер деген түшүнүк терең сиңе элек окшойт деген ой кетет экен. Себеби, кайсы ырчы продюсер менен иштешпесин, ысыгы бат эле тарап кеткенин байкачу болдук.


Кенже кең пейилдик кылды
"Кыз бурак" тобунан чыккан каймактар өзүнчө "АГК" тобун түзгөнү белгилүү. Буга "Кыз бурактын" жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова нааразычылыгын билдирип, өз ара тирешүү болгон эле. Андан кийин эне-бала тил табышып элдешкендей болгон. Бирок көп узабай айрым ММКларга Кенжени шыбаган макала чыкты. Бирок Кенже Дүйшеева кээ бирөөлөргө эрегишип, өчөшпөй кең пейилдикке барарын билдирди. "Ак ийилет бирок сынбайт" демекчи, негизгиси өзүнүн уяты таза болсо болгону. Кызуу кандуулукту ушинтип сабырдуулук менен жеңбесеңиз, чырдын башы чубалып эрмек кылчулар четинен табыла берчүдөй.


Бактыгүл эми өз салонунда "эркелейт"
Бактыгүл Бадыева ырчылыктан сырткары кошумча иш тааптыр. Борбордо жакында "Эркеле" деген сулуулук салон ачканын кулагыбыз чалды. Учурда шоу-бизнес өкүлдөрүнө салондун кызматын сунуштап жүргөн кези. Баарынан кызыгы, салонду ачууга ким көмөк көрсөтүп түрткү берди экен? Бактыгүл десе башы менен кудук казчу азаматтарыбыз арбын эмеспи. Бактыгүлдү эркелетип мындай белек тартуу кылган адам ким экени кызык болууда.