04.02.11 - 16-бет:
  Түндүк Африка түрүлө баштады

Египетте отуз жылдык бийликтин ооматы кетти

Дүйнөгө кооз жаратылышы, тарыхый архитектуралык курулуштары, эстеликтери, тарыхы, жасалма ири Суэц каналы, дүйнөдөгү эң узун Нил дарыясы (6671 км) менен таанылган Египетте азыр акыбал оор. Өмүрү кыш болбогон бул өлкөдө "саясый кыш" башталып, 30 жыл өлкөнү башкарып турган Египеттин 82 жаштагы президенти Хосни Мубаракка коркунуч туулду. Өлкөдөгү башаламандыкка жумушсуздук, азык-түлүк көйгөйү, калктын көбөйүшү, оппозициянын кысымга алынышы себепкер болгонун айтышат египеттиктер. Дегеле, Египет эмне болгон өлкө? Башаламандыктын артында эмне турат?


Нан, дин, бийлик
Египетте жогорку мыйзам чыгаруучу орган - эки палаталуу улуттук жыйын. Башкаруу формасы президенттик-парламенттик башкаруу. Парламенттин төмөнкү палатасы улуттук ассамблея 518 депутаттан турат. Анын 508и мажоритардык система менен шайланса, онун президент дайындайт. Улуттук ассамблеяда жумушчулар, дыйкандар, аялдар үчүн квоталар бар. Акыркы президенттик шайлоо 2010-жылдын 5-декабрында болуп, президент Хосни Мубарактын Улуттук-демократиялык партиясы жеңип чыккан. Буга өлкөдөгү ири оппозициялык Боордош мусулмандар жана Жаңы Вафд оппозициялык кыймылдары нааразы болушканы маалым.
Өлкө казынасынын негизги кирешесин Суэц каналынан өткөн кемелердин төлөмдөрү, туризм, нефть өндүрүү берет. Инвестиция көп тартылган туристтик бизнеске биртоп салыктык жеңилдиктер каралган. Сырткы соода жүгүртүүдө Египет Италия, АКШ, Испания, Сауд Арабиясына чийки нефть, нефть продуктыларын, пахта, текстиль буюмдарын экспорттоп, кайра ушул эле өлкөлөрдөн, Кытай, Германия, Россиядан азык-түлүк, өнөр-жай товарларын, токой материалдарын, химиялык продукцияларды алып турат. Египет жылына 14 млн. тонна буудайга муктаж болсо, анын жарымын сырттан сатып алат. Буудайдын негизги бөлүгүн берген Россия былтыркы ысыктан улам экспортту кескин кыскарткан. Каирдеги митингчилердин баштапкы лозунгунун "Нан жана эркиндик" болушу да ушундан улам дешет.
Египет Сахара чөлүнүн бир бөлүгү болгондуктан территориясынын 96 пайызы чөл. Территориясынын жалпы аянты 1 001 570 чарчы километр. Бул мамлекетте жайкысын көлөкөдө 50 градус ысык болсо, кышкысын 20-25 градус жылуу болот. Түнкүсүн 10 градус жылуу болуп, айрым жерлерде кээде минус 5 градус суук болот. Өлкө калкынын саны 80,5 млн. болсо, калктын 90 пайызы мусулмандар (суннилер), 9 пайызы христиан-копталар. 30 жыл аралыгында эч кандай диний чатактар болбогону менен акыркы эки жылда радикалдык исламчылар менен христиан-копталардын ортосунда тирешүүлөр болуп келет. Христиандар христиан дини Александрияда жаралып, бүткүл дүйнөгө таралган, андыктан Египет христиандардын ыйык мекени деп эсептешет. Ислам дини Египетте кийин жаралганына карабай, өлкөдө ислам дининин, шарияттын таасири күчтүү.

Хосни Мубарак таржымалы
Лейтенанттыктан авиациянын башкы маршалына чейин жетип, элдик баатыр наамына татыктуу болгон Хосни Мубарак 1981-жылы мурунку президент Анвар Саадат атып өлтүрүлгөн соң президенттик тизгинди колго алган. 1987, 1993, 1999-жылдары референдумдар өткөрүлүп, президент Мубарак көпчүлүк добуш менен кайра шайланып турат. Мубарак Садаттын оппозицияга байланыштуу саясатын карап чыгып, оппозициялык партияларга, уюмдарга болгон мамилени жумшарткан. Ошол эле мезгилде ал айрым радикалдык уюмдарды чилдей таратып, баш бербегендерин катуу жазалаган. Мындай чечкиндүү кадамынан соң ага алты жолу кол салуу болуп, бирок аман калат. 1989-жылы Мубарактын аракети аркасында Египет Араб өлкөлөр лигасына кайрадан мүчө болгон. Көп өтпөй Египет лидери мамлекеттин тышкы карызын эки эсеге азайтып, чет элдик туристтердин көбөйүүсүнө шарт түзөт. Ошого карабай өлкө өнүгүү индекси боюнча 2004-жылы 177 өлкөнүн ичинде 111-орунда турган. Президент ишкана, мекемелерди менчиктештирүүдө жумушчулардын кызыкчылыгын эске албагандыгы үчүн сындалып келген. Өткөн жылы мартта Мубаракка ашказан рагы диагнозу коюлуп, өтү алынып, он эки эли ичегисинен операция болгонуна карабай аксакал ажо тактысын дагы деле бергиси жок.

Башаламандыктын артында ким турат?
Россиялык саясатчы Вячеслав Никоновдун айтымында, араб өлкөлөрүндөгү буга чейинки башаламандыктардын артында Батыш, исламчылар же аскер адамдары туруп келген. "Бул жолу үч күчтүн биринин да митингге катышы жок" дейт ал. Демек, жогоруда айткандай, элдик нааразычылыкка жашоо-турмуштун начарлашы түрткү болгон.





Майда бирок маанилүү
?25-январдан бери Египетте 300 гө жакын адам каза болуп, 5 миңге жакын адам жабыр тарткан. Өткөн жекшембиде түрмөлөрдөн миңден ашык кылмышкерлер качып чыгышкан.
?БУУнун маалыматы боюнча египеттиктердин 40 пайызы күнүнө 2 доллардан аз акчага жашаса, калктын үчтөн бир бөлүгү сабатсыз.
?Туризм өлкөдө ИДПнын 11 пайызын түзүп, 10 жумуш орунунун сегизин камсыз кылат.
?2009-жылы Египетте 12,5 млн. турист эс алып, мамлекетке 10,8 млрд. доллар киреше түшкөн.
?Египетте 2008-жылы 30 миңден ашык казакстандык , 40 миңден ашык россиялыктар эс алышкан.
Мелис СОВЕТ уулу




  KYRGYZSPORT

КЫРГЫЗСТАН - ЧЕМПИОН!!!
Ур-р-р-раа-ааа!!! Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы баурдастарыбыздын борборунда өтүп жаткан Азия оюндарынын экинчи дивизионунда чемпион болгонго жетишти. Хоккейи жаңы эле тай-тай басып келе жаткан мамлекеттерди олимпиадалык комитет атайын экинчи топко бөлүп тең-теңи менен кылышты эле, кыргызга бири да тең келе албады. Экинчи топто Кыргызстан, Малайзия, Таиланд, Бириккен Араб Эмираты, Кувейт, Монголия жана Бахрейн бар эле. Ал эми калган командалар биринчи дивизиондо болгондуктан, алар Кыргызстан менен ойношпойт (Айрым жакшы түшүнбөгөн кыргыз журналисттери Кыргызстан казактар менен беттешет, анан утулуп калды деп жүрүшөт. Утулуп калган кыргыздар алар топ менен ойноочу хоккей түрүнөн. Ал эми казактардын хоккейчилери биринчи дивизиондо экенин тактап койбосоңор, күйөрмандар түшүнбөгөн суроолору менен бизге кайрылышууда.) Биздин хоккейчилер бир да оюн ута элек Кувейт командасы менен эле ойной турган беттеши калды. Андан утулган күндө да алар экинчи дивизиондун чемпиону болушат. Бирок колунан келип турганда башын шылкыйтканды жаман көргөн кыкемдер болгон беттештин баарын "айрып" чыгаарын айтпасак да түшүнүктүү. Биздин спортчулардын эң улуусу белгилүү ырчы Турдалы Аскарбеков тура. Эң жашы жаңы эле паспорт алган Саламат аттуу мадырабаш экен. Көп сөздү эмне кылабыз, чоң сенсация жаратып, жалаң арабдардын бай мамлекеттерин шылкыйткан кыргыз спортчуларын мекенине сүйүнүчү менен келгиче атынан таанып алалы деген максатты алардын тизмеси менен тааныштырып коелу




Жашы өткөндөр жарышы
Кожомкул атындагы спорт ордосунун залында 2-февралдан бери СССРдин спорт чебери Эркин Акуновдун атынан уюштурулган волейбол боюнча республикалык турнир өтүп жатат. Кыргыздан чыккан бүркүттөй болуп окемдердин күчтүү командаларын ыйлатып жүргөн мыкты волейболчу абабыз быйыл 75 жашка чыгып калыптыр. Оюн жүрүшүн байкап жүргөн Эркин Акунович дагы деле 35 жаштагы жигиттей чың жүргөнүн көргөндүктөнбү, волейбол федерациясы бул турнирде 35 жаштан өйдөкүлөр ойнойт деп уюштурушкан. Быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жаткан волейбол майрамына Кыргызстандын ар кайсы бурчунан 10 команда катышууда. Ар бир беттеш кызуу жүргөндүктөн зал күйөрмандарга толуп жатат. Күн сайын түштөнүп алып спорт ордосуна багыт алсаңыз, чалдардын чабуулуна күбө болосуз.

Бильярды кыйын кыргыздын
Канат Сыдыков бильярддын "комбинирленген пирамида" түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Өлкө биринчилигине республиканын ар кайсы бурчунан 50 кий чеберелери келип күч сынашты. Финалда Сапар Алыкуловду 6:4 эсебинде уткан Канат Каныбек Сагынбаев менен күч сынашканга жарап калыптыр.

Жети деген жакшы сан
Кыргызстандык тоо лыжачы Дмитрий Трелевский Азия оюндарында 21 спортчунун ичинен слаломдун супергигант түрү боюнча 7-орунга татыктуу болду. Дагы эки жылдан кийин көкүрөгү бош кайтпаарына ишенип калдык. Анткени жаш спортчуга үмүт артыш керек дейт адистер.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ