04.02.11 - 2-бет: Камчыке всегда прав
Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри Алмаз Абытов "ата журтчу" депутат Камчыбек Ташиевдин кабинетинен маанайы чөгүңкү чыкты. Мунун себебин иликтесек, Камчыбек мырза жакын адамдарын министрликке кызматка ал деген экен, ЖоКеде жалаң аткаруучу болуп жүргөн Алмакең алар үчүн орун бошото албай колун жайыптыр. Ташиев адатынча ага ишеничти актабайт окшойсуң таризинде күпүлдөгөнү. Баарынан да мен деле министр болгом, жетекчи всегда прав дегенди унутпа дегени кызык болду.

Темике темине баштадыбы?
Жазды утурлай массалык нааразычылык акциялары орун алары айтыла баштады. Бу саам алардын көч башында "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев турат дешет. Темике парламенттеги айрым депутаттар менен жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Аргенбай атанын уулунун катуу темингенинде бир мандем жокпу? Анүстүнө "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров , экс-вице-премьер Азимбек Бекназаров сындуу лөктөрдүн Т.Сариевге кошулары көп нерседен кабар берет.

Мусаев кайда? КУУда!
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин жетекчилиги алмашары күтүлүүдө. Ак үйдөгүлөрдүн айтымында, КУУ ректорлугуна мурдагы Билим берүү министри Абдылда Мусаев тапталып жатыптыр. Абдылда Инаятович ректор болсо жакшы эле болмок дегендер арбын. Анткени аны президенттик аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев сүрөөнгө алды.

Эсти оодарган "челюсть"
Өткөндө эл өкүлү Нариман Түлеев президенттикке аттанары, анын командасында "парталашы" Нарынбек Молдобаев бар экенин жазганбыз. Андан көп өтпөй "республикачы" депутат Алтынбек Сулайманов Н.Т. тобунун катарын калыңдатканын эшиттик. Муну кулагы чалган "Республика", "Ата журт" фракциясынын "атамандары" Сулаймановго тымызын кекенип, аны "сындыруунун" планын талкуулашууда. Алтынбек деле жөн жигит эмес, каршылаштарынын мизин кайтарууга дарамети жетээр.

Урушпайбыз, талашпайбыз
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Алманбет Шыкмаматов менен "Ата мекен" партиясынын тыңчыкмаларынын бири Асылбек Текебаевдин ортосун "кара мышык" аралаганы гезит беттеринде шардана болгон. Арийне, бул жөн гана жөө жомок экенин Алманбет мырза өзү "Асылбек экөөбүздүн талаша турган нерсебиз жок, сый мамиледебиз. Анан эмнеге тирешмек элек" деп кабарлады.

Исанын иши "быштыбы"?
Ушу кезге чейин Бишкек шаарын Иса Өмүркулов убактылуу башкарып келди. Азыр эл өкүлдөрү Нариман Түлеев менен Алтынбек Сулайманов мэрликке ат салышары айтылууда. Кечээ спикер А.Келдибеков президентке бүгүнкү мэр дайындоону жокко чыгаруу боюнча кайрылып, бул Конституцияга, мыйзамдарга каршы келерин билдирди. Эгер президент кайрылууну орундатпаса, зарыл мыйзамдар даяр болгончо премьер Атамбаевден мэрди убактылуу бекитүүнү суранарын айтты. Бул сунушту 89 депутаттын 72си колдоду.

Отунбаева менен "обед" ичкендерге оомат оойбу?
Курманбек Бакиевдин заманында райбашчылыкты 4 млн. сомго беш жылга сатып алгам деп ооз көптүргөн кадимки Курманбек Байтерековду кочкорлуктар унута элек. 7-апрель кандуу окуясынан соң район башчылыгына өзүн КСДПданмын деген Рыспай Сарыбаев аттуу берен "конуп", кадрдык саясатты өзү каалагандай калчап, атургай Кочкордогу Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчылыгынан тарта өзүнүн кишилерин дайындап, мыйзамсыз иштерин бетке айткандарга "мен Отунбаева менен "обед" ичишкем" деп төш кагып, өзүм билем саясатына өткөндүгү тууралуу куш тилиндей кат редакциябызга келип түштү. Рыспай кайсы ырысына антип атканын иликтей баштадык.

Акем бар, эй!
7-апрелден кийин кадимки Азимбек Бекназаров ветеринардык департаментке ошол департаментте завхоз болуп иштеген, жетекчилик жөндөмү байкалбаган К.Мамыралиев аттуу бирөөнү отургузуп койгон. Ошондон бери Кыргызстанда малдын жугуштуу оорулары өтө ылдамдыкта көбөйүп, калкка миллиондогон сомдук чыгашаларды келтирүүдө. Эми К.Мамыралиев Азимбек акем мени Өмүрбек Бабанов менен бекем сүйлөшүп койду деп мактанып жүрөт. А.Бекназаровдун көңүлү үчүн деп эле иштин көзүн билбеген ачендик отура береби, же ишти билгендер келеби?

Көл толкуну
Бизге жеткен маалыматка ылайык өткөн жумада экс-депутаттар Бакыт Иманалиев , Кубанычбек Кадыров жана президенттик аппарат ачендиги Эмилбек Каптагаев көлдүн кыйынчыкмаларын сыйлады. Акырында чогуу бололу, башкаларга алдырбайлы, өзүбүздүн кадрларды бийликке көбүрөөк түртөлү сыяктуу сөздөрдү сүйлөп тарашты.

Болот кетсе Эрик бар
"Манас" аэропортунун президенти Болот Абдрахманов жакын арада майлуу ордунан ажырачудай. Бошогон креслого Эрик Чыныбаев аттуу берен тапталууда. Анын талапкерлигин 1-вице-премьер Ө.Бабанов колдоп жатканын эскерте кетели.

Неудобный суроого жооп
УӨ МҮЧӨЛӨРҮ КАНЧАЛЫК АКТАНЫШПАСЫН, АЗЫР БУЛ КАССЕТА БИР ГЕНЕРАЛДЫН КОЛУНДА ДЕП АЙТКАНЫҢЫЗДЫ ТАНБАЙСЫЗБЫ ДЕПСИҢЕР. АЛБЕТТЕ ТАНБАЙМ. Бул каргашалуу окуянын ак-карасы качандыр бир кезде ачыкка чыгат. Муну бөркүмдөй эле көрөм, анткени тарых барактарында бардыгы ачык-айкын айтылат. Эгер ошол окуянын себепкери Кадыржан Батыровдун башы аман болсо өзү да айтып чыгар. "Калк айтса калп айтпайт", кайсы генералда бар болсо ал эртедир-кечтир элге жарыяланаарына мен ишенем. Эгер К.Батыров өлкөбүзгө келип калса, балким ал ошол кассетаны көрсөтөөр. Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү Кадыржан Батыров менен соодалашканын мен 2010-жылдын 30-июлунда айтып чыксам, мага чейин эле укук коргоочу Азиза Абдрасулова 2010-жылдын 25-июнунда АКИpress маалыматында айтып чыкканы баарыңыздарга маалым.

ЖК депутаты Ж.ЖОЛДОШЕВА
Уйку тынч эмес
Жакында бир сайтта Ош шаар башчысы Мелис Мырзакматов делген бирөөнү өзбек кримавторитети кантип чапканын бир катар гезиттер "сүйүнчүлөштү". Мелис Мырзакматов бул чын эле аны "ачумарить" эткиси келгендердин жасаганы экенин билдирди. Анан калса калппы-чынбы, кыргыз жыгылса кымыңдап тургандардын жолу болсун. А чындыгында Ош окуясында ким кандай роль ойногонун азыркы жайнаган комиссиялар эмес, тарых качандыр бир кезде өз ордуна коет. Эгер шаар башчысы ошогезде Мырзакматов эмес башка бирөө болсо, окуя балким башка өңүттө өнүкмөк. 2011-жылды Ош шаарында ынтымактын, биримдиктин жылы жарыялап, шаар тургундары менен байма-бай жолугушууларды өткөрүп, чет элдик уюмдардын өкүлдөрүн да эки тарапка калыс мамиле кылууга чакырып, өз позициясын кандай шартта болбосун коргой билген Мелис Мырзакматов кимдердин түн уйкусун бөлүп жатты экен?..

Азимбектен ачередной айкырык
Апрель революциясынын "бульдозеру" Азимбек Бекназаров унутулуп баратам дедиби, айтор, кечээ айкырып чыкты. "Бийликтин криминалдык структуралар менен биригүүсү Бакиевдин учурунда башталган" деди уялбай. А Бакиев учурунда ким Башпрокурор болду эле? Рысбек Акматбаевдин бийликке шарт коюшуна ким жол ачып берди эле? Эки революцияда тең Башкы прокуратураны башкарган адам азыр криминалдын төбөгө чыкканы үчүн эмнеге жооп бербейт? Айтор, суроо көп.
Эң кызыгы, Роза Отунбаева эмне үчүн Бекназаровду кайра-кайра жогорку кызматтарга кое берет? Же эмне, коркок билиши барбы?

"Жаңы Агым" - пресс