04.02.11 - 9-бет:
  Күнгөй-тескей

Алыскы туугандан жакынкы коңшу
Президент Р.Отунбаеванын Казакстанга визити натыйжалуу болду десек жарашчудай. Анүстүнө коңшулар өткөрүп жаткан кышкы Азиада оюндарынын ачылыш аземине биздин президенттин барып катышуусу да эки элдин кылымдардан берки жакшылык-жамандыкта баш кошо калган салтына ылайык келе калганы. Биздеги маанилүү окуяларда да Н.Назарбаевдин келип калганын көрүп жүрөбүз.

Президент Н.Назарбаевдин өзү да, тили, дили бир Борбор Азия өлкөлөрү коңшу катары "бир жеңден баш чыгарсак" болот эле дегенди көп айтат. Бирок сен кыйын, мен кыйын деген тымызын тирешүүдөн улам алдыга жылалбай аксап келебиз. Бул өлкөлөр саясый жана экономикалык кызматташуунун жаңы деңгээлине чыкса көп маселе өзүнөн өзү эле чечилет эле. Бул жолу Астана мунай заттарын үстөксүз берип турууга убада кылды. Премьер-министр А.Атамбаев туңгуч визитин Орусияга жасап, алар мунайдын баасын арзандатты деген күнү Казакстан бизге берилчү күйүүчү-майлоочу майын дароо кымбаттатып жиберген. Мунун артында быякта мен турсам оруска аттанып дегендей ишарат жатканын учурунда жазганбыз.
Сүйлөшүүлөрдө Р.Отунбаева кыргыз-казак инвестициялык фондусун ишке киргизүү маселесин койду. Бул фонддун алдында 100 млн. доллар каралган. Иштеп кетсе сонун эле болмок. Сыягы, Казакстан буга да макулдугун берди окшойт. Экономикалык жактан алганда эки коңшу өлкөнүн ортосунда эчендеген "ачылбаган сандык, бычылбаган кундуз" бар экендигин баарыбыз эле билебиз. Учурда электр энергиясын Казакстандан башка эч кимге сата албай жатабыз.
Кылым коңшубуз бүгүнкү күндө өздөрүнчө бажы союзун түзүп кеткен мамлекеттерге кирет. Демек, бизге да ойлоно турган мезгил келди. Анткени коңшуң менен ысык болмоюн колуңду алыска суна албайсың. Мисалы, Оштогу Кара-Суу базарына белгилүү саясый окуялардан улам өзбек туугандардын келим-кетими тыйылып калгандыктан, берекеси учуп турат. Шаардык бюджетке акча түшпөй калды. Бул "базар" боюнча калчу майда-барат маселе эмес. Мамлекеттер аралык сүйлөшүү менен чечүүчү көйгөйгө айланып баратат. Эми И.Каримовго кимиси барып чегара, электр энергиясын өткөрүү, газ, суу маселесин чечишип келет, билбейбиз. Бир сүйлөшүү менен бул маселелерди чечүү да мүмкүн эмес. Кептин кыскасы, коңшулар менен коңшудай жашагандан башка жол жок.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ





Казактар кай-кайлап турганда
Караңгыда көз тапкан Назарбаев
Н.Назарбаевдин президенттик мөөнөтүн референдум жолу менен узартып алуу боюнча казак калкынын демилгесин бул өлкөнүн конституциялык соту четке какты. Мыйзамга жатпайт имиш. Бул демилге көтөрүлгөндө АКШ башында турган өлкөлөр, эл аралык институттар "демократияга окшобой калды" деп чуу көтөрүп чыккан. Апыраңдаган казак журту "ишиңер болбосун" деп туруп миллиондогон кол топтоп жиберишкен. Ошо боюнча өттү-өттү кылып коюшса деле болмок. Анткени референдумдун өзү мыйзам.
Бирок президент Н.Назарбаев бир жагынан "эл басылап" кыйкырып турган элинин демин суутпай, экинчи жагынан дүйнөлүк коомчулуктун да көңүлүн тапкан жолду таап кетти. Парламенттин Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамына кол койду. Ага ылайык мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө мүмкүндүк ачылып отурат. Н.Назарбаевдин президенттик мөөнөтү 2012-жылы аяктамак. Нураке темирди кызуусунда согуп, быйыл эле мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө ниеттенүүдө.
Учурда Казакстан ар тараптан өнүгүү жолунда баратат. Президент Н.Назарбаевдин жыйырма жылга чукул жетекчилиги астында сакталып турган саясый-экономикалык туруктуулук коңшуларыбызды өргө сүйрөөдө. Бүгүнкү күндө Казакстандын ички дүң кирешесин жан башына бөлгөндө ар бир жаранга 9 миң доллардан тийет. Бул азырынча биздин түшүбүзгө кирбеген көрүнүш. Ошондой эле Н.Назарбаевдин дүйнөлүк саясатта да салмагы сайдын ташындай экенин эч ким тана албайт. Ал ядролук куралдан баш тартуу идеясын айтып эле тим болбой, аны аткарган ааламдагы жападан жалгыз саясатчы. Ядролук куралды колтугуна кысып, "ушуну эмне кылсак" демиш болуп жүрө берсе деле болмок. Нураке антпеди. Бир жагынан ушул кадамы менен дүйнөлүк коомчулукту имерип алды десек да болот.
Капилетте сөз, караңгыда көз тапкан бул лидер Астана шаарын салдырып жиберүү менен аймагынын бүтүндүгүн сактап калды. Анткени батыш Казакстандагы орус шовинисттери референдум өткөрүү жолу менен Орусияга кошулабыз дей баштаган эле. Кремль да ачык-жабык аларга көз кысып турган. Бүгүнкү күндө Астана Евразиянын чордону болуп турган кези.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ




"Үч тамга" үрөй учурду
Дүйшөбаев кимди тескеп, кимди "тергеп" атат?
Кылмыш дүйнөсүнүн отоо чөпкө окшогон бир табияты бар. Кайсы мамлекеттин бийлиги алсыз, мыйзамы иштебесе ошол жерде коолап жакшы өсөт. Өлкөнү бура бастырбай буту-колун чырмооктой тушап турат. Бизде деле ушул көрүнүш.
К.Бакиевдин тушунда кылмыш дүйнөсү Ала-Тоо аянтын титиретип, Ак үйдү аңтарып кое жаздаганын, азыр эле мыйзамдын темир калканы болуп аткан Ф.Кулов премьер башы менен аларга беттешип чыга албай койгонун унуткан жокпуз. Ал окуялардын моралдык запкысы ушунчалык болду дейсиз, кылмыш дүйнөсү көпчүлүк жаштардын кумирине айланып кеткен. Мектеп рэкети дегендин пайдубалы ошол күндөрдө бекемделе баштаган. Апрель окуяларынан кийин деле криминал атка минбесе эле түшпөптүр. Алардын Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуяларда оңбогондой роль ойногонун президент Р.Отунбаева өзү айткан. Саясатчы Ө.Текебаев парламентке шайлоо учурунда кылмыш дүйнөсү тизеге чапты деген доосун экрандан далай айтканын укканбыз. Күн өткөн сайын кылмыш дүйнөсү менен киндиктеш депутаттар, мамлекеттик кызматта иштегендер бар деген сөздөрдүн арааны артып баратат. Муну кийинки кездерде эки ооз сөз айтса, бири криминалга каршы күрөшүү болуп калган президент Р.Отунбаева көп жолу кайталады. Эмнегедир чычалап чыга келген депутат К.Ташиев президент анчалык эле билет экен, андай адамдарды ачык эле айтпайбы деди. Ырасында эле кылмыш дүйнөсү менен табакташ деген сөздөр көп. Бирок "бул дүйнөнүн" күчү ушунда экен, сөөмөй менен эч ким эч кимди көрсөтүп бере албайт.
Жакында "ата мекенчилер" президент Р.Отунбаевага, Башкы прокурор К.Байболовго, УКМК төрагасы К.Дүйшөбаевге расмий кайрылып жиберишти. Анда өлкө саясый бийлигинин үлкөн чиновниги жаңы жылды Ысык-Көлдөгү "Каприз" эс алуу жайында кылмыш дүйнөсүнүн белгилүү лидери менен бирге тоскону, бул боюнча токтоосуз чара көрүү зарылдыгы айтылат.
"Ата мекенчилер" анчалык биле турган болсо "жолугушуучулардын" аты-жөнүн "үлкөн чиновник", "кылмыш дүйнөсүнүн лидери" деп тергебей эле ачык жазса болмок экен. УКМК төрагасы К.Дүйшөбаев берген жообунда "үлкөн чиновник" ЖК спикери А.Келдибеков экенин тергебей айтат да, берки кылмыш аталыгынын аты-жөнүн айталбаптыр. Ошентип атын укканда жүрөк титиреткен УКМК да кылмыш дүйнөсүн "тергегенге" өтүп алган. Басма сөздөр ал кримавторитет К.Көлбаев деп эле жазып чыгышты. К.Дүйшөбаев кайып каскагынан "Капризге" барып калган ал кримдүйнөнүн өкүлүнө карата укук коргоо органдары тарабынан кандайдыр бир "претензия" болбогондуктан улам эч кандай чара көрбөдүк, эң негизгиси, ал А.Келдибеков менен "кепилешкен" эмес дейт. Ушуга ишенүүгө болобу?
Эс алган киши ары-бери басат. Балконго чыгып чылым түтөтөт. Ашканасына кирет дегендей. Анан кантип эле "эки үлкөн" бирин-бири байкабай калсын. Макул жолугушпаптыр дейли. Бирок кылмыш лидери менен өлкөнүн биринчи адамы бир жерде эс алышына кандайча шарт түзүлүп калат? Бүгүнкүдөй саясый кесепетин айтпаганда да УКМК коопсуздук чарасы үчүн буга жол бербеши керек эле го? Спикер башы менен А.Келдибеков деле же тигил эс алсын, же мен эс алайын дегенге жарабаптыр. Айтор бул жерде суроолор арбын, жооп жок.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ





Баалар "бакырганда"
"Кымбатчылык бийликтин кулашын шарттайт"
Жаңырган жылдан тартып керектүү тамак-аш наркы кымбаттады. Айрыкча эттин кили 400 сомду чапчып, картошка менен пияздын "куну" 30-40 сомго чыгышы кара курсактын айынан каржалган калктын калың катмарын ого бетер жүдөттү. Мындан улам коомчулукта өкмөт, анын ичинен Монополияны жөнгө салуу агенттиги (МЖСА) буга көңүл бурбай эшек такалап отурабы деген нааразычылык күч. Тилекке каршы, МЖСАда деле баа саясатын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү чектелүү экен. Муну аталган мекеменин жетекчиси Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ өзү билдирет.
- Биздин башкы милдет - өндүргөн продукция өлчөмү 35%дан жогорку өлчөмдү ээлеген ишканалардагы баа саясатын жөнгө салып туруу. Кыргызстанда андай "монстр" мекемелер саналуу. Алардын басымдуу бөлүгү азык-түлүк чыгарбайт, кызмат көрсөтүү менен гана чектелет.
Жашырганда эмне, базардагы бааларды бир калыпта кармап туруу үчүн биздин мыйзам чегинде укугубуз, колубузда механизм жок. Болгону азыктардын наркын кагазга түшүрүп, кымбаттоонун себебин иликтейбиз.
МЖСАнын маалыматына караганда, эттин кили 300, картошка менен пияздын баасы 30-40 сомду түзөт. Мында эч кандай жашыруун сыр жок. Жаш койдун эти Иранга самолет менен кетип жатат. Бөлөк жандыктардын эти Казакстанга дүңүнөн сатылууда. Картошка, пияз деле коңшу мамлекетке жөнөтүлөрү жашыруун эмес. Ошонун эсебинен баалар космостук ылдамдыкта өстү. Кычыраган кыш мезгилиндеги көрүнүш ушундай. Жазды утурлай тамак-аш наркы ого бетер кымбатташы мүмкүн. Ошон үчүн өкмөт аны алдын алуунун камын көрүшү абзел.
Сыртты көздөй агылган продуктуларды ооздуктоонун жөнөкөй жолу бар. Былтыр апрель окуясынан кийин Россия күйүүчү майга бажы төлөмүн киргизди. Анын кесепетинен жанар май наркы опсуз жогорулады. Биз деле ошондой практиканы жүзөгө ашырсак неге болбосун? Натыйжада бааларды туруктуу кармап турмакпыз. Жаңы өкмөткө ушул сунушту жолдодук. Ал тараптан кандай жооп келерин убакыт көрсөтөт. Баса, бааларды арзандатуу боюнча мыйзам долбоорун мурдагы утурумдук жана техникалык өкмөткө жолдогонбуз. Арийне, экөөсү тең буга маани бербеди.
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев жогорудагы сунушубузду колдойт деп ишенем. Каалайбызбы-каалабайбызбы, кыргыз бийлиги баа саясатын өз ордуна коюуга милдеттүү. Анткени Бакиев режими дал ошо бааларды эселеп көтөргөнүнүн айынан кулаганын унутпайлы…
Монополияны жөнгө салуу агенттигинин аброюн арттыруу зарыл. Менин жеке пикиримде МЖСАны өкмөт курамына кошуп, анын статусун министрликке чейин жеткирүү абзел. Ошондо гана бааларды ооздуктоого толук жол ачылмак. МЖСА агенттик бойдон кала берсе бүгүнкүдөй көрүнүш токтобойт. Тескерисинче күчөйт. Бул элдин бийликке болгон ишениминин кетишине алып барат.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ