11.02.11 - 20-бет:
  Быйыл кар да каат

Лыжа байлап бутуна
узак сапар аттанган...

Жайында көлгө, кышында тоого ыктап эс алгысы келгендер үчүн быйылкы кыш көп деле кубаныч тартуулаган жок өңдөнөт. Быйылкы кары аз жааган кышка базанын кызматкерлери деле ыраазы эмес. Анткени алардын ишинин жүрүшү, кардардын канчалык аз же көп болгону аба ырайына, карга түздөн-түз көз каранды.

Ысык-Көлдөн жети чакырым алыстыкта жайгашкан "Каракол" тоо-лыжа базасы совет маалында олимпиадалык оюндарга даярдык көрүүчү мыкты аянт болуп эсептелчү. 2004-жылдан бери тоо-лыжа базасына айланып, эс алуучуларга кызмат кылып келет. Аталган базада эс алуучу сезон ноябрь айынан башталып апрелге чейин созулат. Асма жолго, лыжаларга атайын коюлган баалар төмөндөгүдөй: иш күндөрү канаттын баасы 700 сом болсо, дем алыш күндөрү 100 сомго кымбаттайт. Кичинекей балдарга арзан.
Көпчүлүктүн суроо-талабына ээ болгон тоо-лыжа базаларынын бири - "Ноорус". Анткени шаардан анча алыс эмес жайгашкан эс алуучу жайга бир-бир жарым сааттык жол болсо, башкаларга салыштырмалуу баасы да бир аз төмөн. Асма жолдун баасы 350 сом болсо, балдарга 200 сомдун тегерегиндеги акча жумшалат. Лыжа менен сноуборддун ижара акысы 450-600 сомдун тегереги.
Тоо-лыжа базалардын кызматкерлери жылдагыга салыштырмалуу быйыл аба ырайы аларга көп пайда алып келбегенин маалымдашты. Быйылкы кышта кар аз жааганы өзү эле кардардын аз экенинен кабар берет. Мисалы, башка жылга салыштырмалуу 2010-жылы кар калың жаап кардарлар базаларга суудай агылып келген. Болжол менен дем алыш күндөрү 200-400дөн ашуун адам баш бакса, иш күндөрү эки жүзгө жакын адам келип эс алчу. Ушул кышта жогорудагы көрсөткүч эки эсе аз. Албетте кардан сырткары элдин капчыгын да эске алууга туура келет. Бир эле эс алууга келгенде жок дегенде алты-жети миңге чейин сарптаган учурлар болот. Ар бир базанын өзүнүн тамактануучу, эс алуучу жайлары шарттары менен ылайыкташтырылган. Ошого жараша баасы да бир аз жогору. Ар бир базанын лыжа, сноуборддорду ижарага берүүчү жайлары бар. Орточо баасы 400 сомдон 1500 сомго чейин жетет. Кээсинде лыжаны ижарага алыш үчүн күрөөгө документин же буюмун коюп алышат. Себеби көп учурда туура эмес пайдалангандыктан сындырып алышып жоопкерчиликтен оолактаган кездер көп кездешерин базанын кызматкерлери маалымдашты. Жаңы лыжага туруп жаткан үйрөнчүктөр үчүн атайын үйрөтө турган инструктор жалдоонун да машакаты чоң. Бир күн бою сиз менен алышкан адамга миң сомдун тегерегинде пул төлөйсүз. Бул кеңири таанылган лыжа базалардын шарты жана баасы.
Адамдан амал качып кутулбайт эмеспи, Алыбай алына жараша деп тоого чыгып чана тепкендердин саны андан арбын. Эң эле "популярдуу" тоонун бири - Чоң-Таш.
Тоодо элдин шары менен кошо кадимки баллондорду үйлөтүп, саатына отуз сомдон берип өзүнчө кирише таап жан баккандар да бар. Шаардан баргандардын кызыгуусун кандыргысы келген боз балдар ат менен эшектерин тизип коюп, беш мүнөт минип келгениңе он беш сом деп турганына күбө болдук. Кепилдигиңе албетте эч ким жооп бербейт, бирок мүмкүнчүлүгүнө жараша эс алып, чана тебүүгө аздыр-көптүр шарттар бар. "Былтыр кар калың жаап киши марттын башына чейин үзүлгөн эмес, эле быйыл жааса да суу кар жаап эл көп келбегени байкалат. Ушул жерде баллондорду ижарага берип бир күндө орто эсеп менен 1800-2000 сомдун тегерегинде каражат тапса болот" дейт Медет аттуу баллон ижарага берген "жеке ишкер".
Тоо-лыжа базалардын баасы
?"Орловка" базасы: Күндүзү 700 сом, балдарга 500 сом. Асма жол иш күндөрү тогуздан төрткө чейин, дем алыш күндөрү бешке чейин иштейт.
??"Төө-Ашуу" базасы: Асма жолдун баасы иш күндөрү 500 сом, эс алуу күндөрү 700 сом. Он эки жашка чейинки балдарга бекер, ал эми студенттерге 400 сомго арзандатуу бар.
??"Тогуз-Булак" базасы: Чоң кишиге жети жүз сом, он эки жашка чейинки балдарга 500 сом. Бир жолу көтөрүп чыгарганы 200 сомдун тегерегинде.
??"Ак-Таш" базасы: Дем алышсыз эртең мененки ондон кечки бешке чейин иштейт. Асма жолдун баасы 500 сом, он эки жашка чейин балдарга элүү пайыз эскертүү менен 250 сомдун тегерегин түзөт.
??"Кашка-Суу" базасы: Асма жолдун баасы күндүз 500 сом, балдарга 250 сом. Асма жолго отуруп саякат жасоо 1500 сомду түзөт.
??"Политех" базасы: Асма жол 300 сом, эс алуу күндөрү 500 сомго чыгат. Лыжалар ижарага берилип, муз тебүүчү аянттын баасы саатына 150 сомду түзөт.
Бегайым БАЙБОСУНОВА





  KYRGYZSPORT

Чемпиондордун угуту
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Азиаданын экинчи дивизионунан чемпиондукка жетип келгенден кийин бул спорт массалык кызыгууну жаратты. Учурда өлкөдө жайгашкан алты муз аянтчасынын баарына хоккейге жазылгысы келгендер кайрылып жатышыптыр. Андан сырткары, темир жолчуларга караштуу "Локомотив" клубу муз аянтчасын курууга киришсе, атактуу олигарх Аскар Салымбеков да бул спортко салымын кошоорун билдирген. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жети хоккей клубу бар. Алардын төртөө Нарындан, экөө Бишкектен болсо, бирөө Чолпон-Ата шаарынын муз үстүндөгү баатырлары экен. Учурда КР чемпионатына даярданышып, бул клубдар достук беттештерди өткөрүп жатышат. Алсак Кыргызстандын чемпиону "Хан-Тенгри" командасы "Ак жолтой" клубун 5:0 эсебинде утуп алышкан.

Аймактар да көрүшсүн
Өлкөнүн волейбол федерациясы Кыргызстандын III чемпионатын башка өңүттө өткөрө башташты. Бул жылы жогорку лигада ойногон клубдар бири-бири менен эки жолудан беттешип, оюндар үч турга бөлүнүп өткөрүлөт. Бул системаны лига деп түшүнсө да болот. Анткени ар бир команда оюндун жыйынтыгына карабай бардык чемпионаттын катышуучулары менен ойноп чыгат. Биринчи тур 8-13 февраль күндөрү Токмок шаарында өтүп жатса, экинчи тур май айында Ошто өткөрүлөт. Жыйынтыктоочу үчүнчү тур борбор шаарыбызда июль айында болот. Мындай кадам аймактардагы спорт сүйүүчүлөрүнө жогорку сапаттагы беттештерди көрсөтүү менен спортко болгон кызыгууну арттыруу максатында уюштурулган.


Аты ардакталган афганчы
СССРдин спорт чебери, Афган согушунун катышуучусу Виталий Гвардеевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнир 7-9-февралда спорт ордосунда болуп өттү. Ага жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн 200дөн ашуун атактуу спортчулар келишти. Жыйынтыгында төмөнкү спортчулар байгелүү оюндарды багынта алышты.
52 кг салмакта
1-орун - Канжанов Беймбет (Казакстан)
2-орун - Абдырахманов Бактияр (ДЮСШ, Октябрь району)
3-орун - Тургунбаев Кайрат (Сокулук) жана Канг Чонг Вон (Түштүк Корея)
57 кг салмакта
1-орун - Муса уулу Тилек (СДЮШОР, Ленин району)
2-орун - Анарбаев Акжол (Ош)
3-орун - Артыкбай уулу Нурсултан (СДЮШОР, Октябрь району) жана Эстебесов Кулунбек (Ысык-Көл)
62 кг салмакта
1-орун - Жаркынбай уулу Элдияр (СДЮШОР, Ленин району)
2-орун - Эралиев Нурлан (СДЮШОР, Ленин району)
3-орун - Жаманаков Талгат (БГУ) жана Камчыбеков Арсен (КГАФКС)
68 кг салмакта
1-орун - Собуров Ажыгул (Кодокан)
2-орун - Мамонтов Роман (СДЮШОР, Ленин району)
3-орун - Токторбаев Руслан (СДЮШОР, Ленин району) жана Мамбетжан уулу Урмат (Кайтаруу департаменти)
74 кг салмакта
1-орун - Эралиев Мирлан (СДЮШОР)
2-орун - Бекжанов Мирбек (ИИМ)
3-орун - Абдраимов Рахман (АО БСМ) жана Темирбек уулу Тынчтык (Тосор)
Ошондой эле жогорку салмактарда Кожобеков Нурбек (Динамо), Рахатбеков Бекболот (Кайтаруу департаменти), Токтогонов Болот (РУОР), Бапиев Кенжебек (ИИМ) чемпион аталышты.