11.02.11 - 22-бет:
  Талкаланган тагдыр

"Акылымдын амандыгын гана тилеп калдым"

Өткөн жылдын июнь айында болгон түштүктөгү эки элдин урушу канчалаган адам өмүрүн алып, жер канга боелду. Ошол каргашалуу окуянын азабынан азыркыга чейин дайынсыз жоголгон балдарын зар какшап күтүп отурган ата-энелер аз эмес. Жалал-Абад шаарында жашаган Марсияна МАМАЕВА ошол окуяда жоголгон уулун балким табылып калар деген үмүткө жетеленип редакция менен байланышты.

- Өзүбүз Жалал-Абад шаарында жашайбыз. Эки уул, бир кызым бар эле. Өткөн жылдагы өзбек-кыргыз согушунда 24 жаштагы уулум Акыл 13-июнда үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Биздин үй чоң жолдун боюнда болгондуктан өзбек-кыргыздардын топтошконун, урушун даана көрүп турдук. Негизи абал өтө кооптуу болгондуктан кошуналардын баары бойго жеткен балдарын сыртка чыгарбай атышкан. Мен деле уулумду кармап отургам. Бирок ошол каргашалуу күнү намазга деп мечитке кеткен. Арадан бир аз убакыт өткөндө санаабыз тынбай телефон чалсак, азыр келем деп айтты. Андан кийин эле телефону өчүп калды. Ошол күнү Жалал-Абад шаардык ооруканасынын арыраак жагында жайгашкан өзбектер жашаган Таш-Булак айылына кыргыз жигиттери кирип, кайра сүрүлүп чыгышканын көрдүк. Ал деле ызы-чууга катышмак эмес. Ошол кезде көчөдө жүргөн кыргыз жигиттерди башкалар намысына тийген сөздөрдү айтып, өзбектерге каршы алып кетип атышкан болчу. Угушума караганда, уулумду ошондо бир машинеге салып алып кетишиптир.
Базарда жүк ташыгыч болуп иштеген балдар аны уруш болгон жердеги өрттөнүп аткан үйлөрдөн чыккан түтүндөн бетине чүпүрөк байлап турганын көргөнбүз дешти. Алардан бөлөк эч ким көрбөптүр, дайынсыз…
Акыл жоголгондо издөөгө алып укук коргоо органдарына кайрылып, өзбектер жашаган Таш-Булак айылына кирели дедик. Биздин ошол кездеги арыз-арманыбызды, эки-үч күнгө чейин эч ким уккан жок. Арызыбызды милициядагылар да кабыл албай коюшту. Биз болсо өзбектердин айылына кире албадык.
Азыр Акыл июнь айындагы коогалаңда дайынсыз жоголгондордун катарында издөөгө алынды. Албетте уулумду жамандыкка кыйбайм. Кудай ар бир энеге боорунан жаралган баланын жамандыгын көргөзбөсүн. Уулумдун күйүтүнөн күндүн кантип өтүп атканын билбей калдым. Улгайган таенеси да Акылдын дайынсыз жоголгонун уккандан кийин инсульт болуп каза болду.
Үмүт кургур жаман экен. Аны аман-эсен табылып калабы деп издебеген жерим калган жок. Акыры аргам түгөнгөндө мен кыйын деген көзү ачыктарга бара баштадым. Баары бир ооздон Акылдын тирүү экенин айтышат. Аны формачандар кармап турат, абдан кыйналып ооруп атыптыр, сени сагынып атат деп айтышса жүрөгүм жарылып кетчүдөй туйлайт.
Биздеги укук коргоо кызматкерлери начар иштеп атышат. Ошол окуяда жоголгон балдарды издөөгө деле алышпады. Кээ бирөө балким Россияга качып кеткендир деп да айтып атышат. Балам мени таштап бейчеки басып кеткендерден эмес болчу. Анүстүнө бардык документтери үйдө калган. Документтери жок Кыргызстандын сыртына чыгалбасы белгилүү.
Жалал-Абад шаарындагы курулуш материалдарын саткан "Рахат" базарында Акыл, мен, жолдошум үчөөбүз иштечүбүз. Акыл беш маал намазга жыгылган, калп айтпаган, көп сүйлөбөгөн, боорукер жигит эле. Өзү бирөөгө катылчу эмес, бирок ага катылгандын катыгын берчү.
Ошол июндагы каргашалуу окуяда канчалаган адамдар кан жутуп ыйлап калышса, бирөөлөрдүн көз жашынан байыгандар да көп. Кырчындай жигиттердин өмүрүн алган кылмышкерлерден акча алып, аларды эркиндикке чыгарып качырган жергиликтүү милиционерлер кымбат машине минип байып калганын эл көрүп эле турат. Буга ким күнөөлүү экенин биз билебиз. Ошол окуяга беш-алты күн калганда Кадыржан Батыров куралчан адамдарды топтоп, борбордук аянтка чуркатып, кантип даярданып атканын көрүп жамандыктын жышаанын байкап, бирок колубуздан эч нерсе келбей карап турган элек. Ушундай жамандык болорун сезсек да, мынчалыкка барарын билген эмеспиз.
Азыркы күнгө чейин биздин үнүбүздү уккан адам жок. Айлабыз кетип президент Роза Отунбаевага кат жаздык. Ал да эне, биздин күйүтүбүздү түшүнөт дедик. Бирок андан да пайда болгон жок…


Тагайбектин тагдыры эмне болду?
13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын жашоочусу, 1980-жылы туулган Тагайбек Эргешов да теңтуштары менен улут урушуп аткан жакка жөнөшкөн. Жалал-Абад шаарына жакындаганда теңтуштар бөлүнүп кетишиптир. Тагайбек борборду көздөй кеткен экен. Ошол боюнча аны көргөн-билген жан болгон эмес.
- Ал жаңы үйлөнүп өзүнчө түтүн булатып, келечекке жакшы максаттарды койгон эле, - дешет Тагайбектин туугандары. Отузга чыккан уулунун өлүү-тирүүсү билинбегенде ата-эне, бир туугандары күйүткө батып, жаңы алган жаш жубайы да күтүүдөн тажап төркүнүнө кеткен экен.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, тел.: 38-67-13




  Жолтикен

Машиненин мандемдүү айдоочусу

Үстүбүздөгү жылдын 28-январында Ысык-Ата районундагы Д.Курманалиев айылындагы бетон арыктан 40-45 жаштагы белгисиз аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар табышкан.

Маркумдун мойнунда катуу бир нерсе менен байланган так калгандыктан анын муунтулуп өлтүрүлгөндүгү байкалып турган. Аялдын сөөгүн көргөн күбөлөр дароо эле милиция чакыртышты. Окуя болгон жерге келген изкубарлар аялдын сөөгүн соттук медициналык экспертизага жиберишип, анын ким экендигин дароо такташкан. Маркумдун кийген кийимдери таза, тыкан болгондуктан аны үй-жайы жок селсаяк деп айтууга болбойт эле. Аны Ысык-Ата РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тез эле тактап чыгышты. Белгисиз себептер менен өлтүрүлгөн аял Ысык-Ата районуна караштуу Интернационал айылынын кырк эки жаштагы Венера аттуу тургуну экен.
Венеранын үй-бүлөсүнүн айтымында, 26-январь күнү ал Токмок шаарындагы туугандарыныкына конокко кетиптир. Анын уюлдук телефонуна чалып ала алышпаган жакындарынын ою жамандыкка деле кетпегенин айтышат. Себеби эч кимге зыяны жок аялдын киши колдуу өлөөрүн ойлошкон эмес. Кыраакы тергөөчүлөр анын Токмокко туугандарыныкына барарда кайсы унаага түшкөндүгүн иликтөөгө алышат.
Ошол эле айылдын тургуну, мурда-кийин өз унаасы менен эл ташып иштеп жүргөн отуз жети жаштагы Каныбек аны Токмокко жеткирем деп алып кеткени белгилүү болду. Кан кое бермек беле, Каныбек бейкапар иштеп жүргөн жеринен изкубарлар колго түшүрүштү. Адегенде ал аялды Токмокко чейин жеткиргем, андан ары эмне болгонун билбейм деп актанып, атүгүл көргөн да эмесмин деп жанын жеген неме тергөөчүлөрдүн кылтагынан оңой эле кутулуп кетем деп ойлосо керек. Бирок ошол күнү анын унаасы Токмокко жетпей, орто жолдон канга боелуп кайтып келгенинен эч ким шек санаган эмес. Изкубарлардын суроолорунан чаташкан Каныбек акыры сөзүнөн жаңылып, айткан сөздөрү төгүнгө чыкты.
Ошол күнү Токмокко кеткен Каныбектин унаасында ашыкча киши болгон эмес. Орто жолдон экөө сүйлөшүп келатып, сөздөн сөз чыгып уруша кетишкен. Каныбекти кайсы шайтан азгырганы белгисиз, айтор, унаасында келаткан аялды ур-тепкиге алган да, каршылык көрсөткөнүнө карабай муунтуп, акыры жантаслим кылган. Аялдын өлгөнүнө көзү жеткенде гана Каныбек өлүктү кайда таштаары тууралуу ойлонот да, коңшу айылдын жээгинде жайгашкан бетон арыктын ичине ыргытат. Андан кийин эч нерсе болбогонсуп айылын көздөй жол тарткан.
Маркум менен айдоочунун ортосунда өлүмгө алып келе турган кандай сөз болгондугу тууралуу так маалымат бериле элек. Бирок бир айылда жашап, үй-бүлөсүн, бала-бакырасын жакшы тааныган айылдашына ажал алып келген айдоочунун кылыгына айылдыктардын баары таң. Анүстүнө ал машине айдап жүргөндүктөн куландан соо болчу, арак ичип, мастыктын кесепетинен жасалган кылмыш деп актанганга да негиз жок.
Азыр Каныбек күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөөчүлөргө сурак берип отурат. Анын үйүндө аялы, бала-чакасы түрмөдөн качан келет деп санаага батып отурса, көз жумган аялдын жаш балдары энесин жоктоп, жер карап аткан кези.
- Акыркы кезде менчик унаа менен эл ташып иштеген айдоочулардын да, аларга түшкөн жүргүнчүлөрдүн да өмүрү кооптуу. Ушул сыяктуу адам өмүрүнө кол салган фактылар көп кездешүүдө. Кээде айдоочулар, кээде жүргүнчүлөр жабыркашат, - дешет укук коргоо органынын кызматкерлери.
PS. Белгилүү себептер менен каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү.
Назира КУЛМАТОВА