mainkaptal
Пользовательский поиск
  Көңүл чордонунда

Мегакомду тейлегендер кимдер?
"Балык башынан сасыйт" деген накыл кеп бар элибизде. Анын сыңарындай, бийлик алмашканы бир аз оңолгон Мегаком жаңы жетекчиликтин келиши менен кайра Бакиев убагындай башынан сасый баштады. ММКларга компаниянын башына тажрыйбалуу, иш билги, алысты алты жыл алдыга көрө билген адамдар келди деп жазылганы менен, иш жүзүндө алар мурдунун учунан алысты көрө албагандар. А мындайлардын компания башына келиши Мегакомду эптеп "улутташтырып", башкага сатып президенттик шайлоо алдында ири каражат топтоого аракет кылгандарга майдай эле жагымдуу.


Эми ошол "тажрыйбалуулардын" таржымалына үңүлүп көрөлү. Өткөндө азыркы Мегаком башчысы Азамат Мурзалиевдин билими толук эмес жогорку экенин жазганбыз. Көрсө, анын командасындагылардын деле кыйраткан билими, тажрыйбасы жок экен. Алсак, анын маркетинг жана стратегиялык өнүгүү боюнча орунбасары Айбек Джангазиев кезинде Билайнда иштеп, мыйзамсыз акча жасаган деп шектелип кызматынан кеткен. Башкы директордун(БД) экономика жана финансы боюнча орунбасары Алтынбек Аблабеков борбую ката элек боз бала(1984-жылы туулган). БДнын юридикалык маселелер боюнча орунбасары Илим Карыпбеков болсо кезинде медиа өкүлчүлүк институтунда иштеп, Бакиевди сындап жүрүп, кийин анын секретариатында иштеген. Эми минтип Өмүрбек Бабановго берилип, кара пиар менен ага катуу кызмат кылып турган кези. Ал эми Азамат Мурзалиевдин кеңешчиси Эмилбек Худояров Алексей Елисеевдин өзүндөй көргөн, эң ишенимдүү адамы. Кыскасы, бул адамдардын баары интернет, байланыш жаатын жакшы билбегендер. Анүстүнө булар конкурстун негизинде тандалбастан, көгөндөлгөн койлордой кызматка "оптом" кабыл алынган. Мегакомдун тарыхында минтип кызматка алуу эч качан болгон эмес. Булардын баарын "өзүм билем" кожоюндар Улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун (УМБФ) жетекчиси Даир Кенекеев менен Азамат Мурзалиев кызматка алышканы кызык. Бул аз келгенсип, Кенекеев өзүнүн жээнин (кыз) БДнын катчысы кылып койгону таң калтырат. А өзү болсо атасынан калган мурастан бетер Мегакомдун кызматтык машинесин, компаниянын айдоочусу менен кошо менчиктеп алган. Жардамы тиеби дегенби, айтор, жакында азыркы мегакомчулар Илим Карыпбеков менен бирге Бакиев катчылыгында иштеген Темир Джумакадыров деген "экспертти" коомчулукка алып чыгышты. Ага жашылбайды жакшылап төлөп беришкенби, акыркы убактарда чала молдо дин бузат болуп "көз карандысыз эксперт" аталып, Мегакомду коргой баштады. "Болжолдуу маалыматтарга караганда, 2009-жылы компаниядан бир эле схема боюнча 7 млн. доллар чыгарылып кеткен. 7-апрелден соң дагы ошончо чыгарылган. Бул акчалар кимдин колуна түштү? Бул кимдин кызыкчылыгы үчүн жасалды?" деп Темир мырза суроо коет. Анан өзү айткан миллиондор кайсы система менен, кайсы убакта, канча сумма каякка чыгарылып кеткенин ачык айтып бере албайт. Дагы бир парадокс. "Көз карандысыз эксперт" россиялык Eventis компаниясынын "Алфа-Телекомго" тиешеси жок экенин айтат дагы, ошол эле мезгилде "бул талаш маселенин кандай чечилерин азырынча айтуу кыйын" дейт болбурап. Эч нерсени даана айта албаган соң "эксперт" болуп Мурзалиевдердин этегине намаз окуганы кандай?
Эми кеп кезеги учурда Мегакомдо медиаэксперт, компания башкы директору Азамат Мурзалиевдин оң колу жана анын укуктук маселелер боюнча орунбасары Илим Карыпбеков жөнүндө. Жумгалдын кулуну, 2001-жылы Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган Илим буга чейин бейөкмөт уюмдарда юрист катары иштеп келген. 2008-2009-жылдары ал медиа өкүлчүлүк институтунун эки тизгин, бир чылбырын колго алып, журналисттерди жакшы эле коргомуш этип жүрчү. Кийин Бакиевдин администрациясынын катчылыгында эксперт болуп иштеп, журналисттердин бир кездеги "коргоочусу" таптакыр өзгөрүлүп, алардын "акыл-насаатчысына" айланды. 2008-жылы "парламент жарым саатта коомдук телевидениени түзүү идеясын өлтүрдү" деп бакырып жүргөн юрист 2010-жылы март айында "Азаттык" радиосун, бир катар жергиликтүү телеканалдарды эфирден алууну кош колдоп чыкты. "Кыргыз руху" гезити: "Илимди илимдүү жигит экен деп жүрсөк "ириңдүү" жигит экен. "Заманаң чөө болсо чөө болосуң" дегендей, ал "интеллектуалдуу дүжүргө" айланып баратат. Эми Илим мырзага түшүнсө болот. Ал мекенчил жигит. Акыйкат үчүн тикесинен-тик туруп берип жүрдү. Бирок оокат да керек, анүстүндө ушундай заманда" деп жазган ачык эле. Быйыл да каатчылык күчөп Илим мырза иттей жүдөгөнбү, Мегакомдун колтугуна кирип каражаттын айынан кара пиарды кайнатып туру. И-и баса, 2007-жылы Илим мырза "Телекритика" сайты уюштурган "тегерек үстөлдө": "азыр мамлекет, саясий позициясы бар жеке адамдар, коомдук фигуралар ММКлардын ээлери катары чыгышууда. Ошондуктан журналисттер башынан эле атайын бир рамкага, алкакка камалган. Кимдир бирөөнүн алкагы кенен, дагы бириники кууш. Бизде редакциялык саясат жок. Биздин журналисттер жумушка биринчи кезекте акча табуу үчүн барышат. Ошондуктан, алар менчик ээсине түздөн-түз көз каранды. Ал кандай айтса, так ошондой жазышат" деген болчу. Байкашыбызча, Илим мырзанын Бакиев убагында да, азыр да рамкасы кууш болуп, Мегаком кожоюнуна аргасыз баш ийип отурат. Бакиев убагында барбая түшкөн Илим мырзанын кийин уялбай эле КТРге директор болом дегени да кызык. Ошондо "Алиби" гезити: "Бакиевдин командасында маалымат идеологиясын тейлеп жүргөн Илим Карыпбеков КТРде бийлик талашып директор боло койчумун дегенсип күнү дердейип, түнү ал жердеги байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүн ар кайсы кафеге чакырып жүрөт" деп анын айыбын ачкан эле. Интернет баракчаларында болсо: "Илим кадимки эле бейөкмөт уюмчу. Ал кырдаалга жана элге бат ылайыкташа алат. Ошондуктан, ал пайдага жараша бир туруп тиги менен, бир туруп муну менен боло берет. Балким, ушундай кылган туурадыр. Каптагаев менен анын мамилеси бар - ысыккөлдүк тамырлаштар. А Бабанов менен аны дагы бир үлкөн адам тааныштырыптыр. Анан мындайлардан эмнени күтүүгө болот" деп жазылган. Мына ушундай, замандаш. Андыктан Мегакомду жүз пайыз "улутташтыруунун" артында кандай адамдар турганын аңдасак.

Тимур РУСТАМОВ




  Өз эмес өзгөлөр баалады

Америка Отунбаеванын чекесинен сылап, далыга таптады

Айымдардын март майрамында АКШ мамлекеттик департаменти Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага "Каарман аял" эл аралык сыйлыгын тапшырды. Роза Исаковна эл аралык сыйлыкты дүйнөнүн ар кайсы тарабынан тандалган тогуз аял менен кошо алды.
Аталган эл аралык сыйлык 2007-жылы Американын мамлекеттик секретарлык кызматына келген биринчи афроамерикалык айым Кондолиза Райс тарабынан уюштурулуп, ал аталган өлкөнүн мамдепартаментинин адам укугун коргоодогу жана демократияны жайылтуудагы эрдиги үчүн лидер айымдарга бериле турган бирден бир сыйлыгы болуп калган. Тарыхын карасак, "Каарман аял" жакынкы жылдары эле уюшулганына карабай буга чейин 27 өлкөнүн өкүлдөрүнө, жалпы жонунан 36 аялга ыйгарылган. АКШ мамлекеттик департаментинин интернет сайтында "Роза Отунбаева Борбор Азияда өлкө башына келген биринчи аял катары жана Кыргызстанда апрелдеги бийлик алмашуудан кийин чачыранды оппозицияны өткөөл өкмөттүн курамына бириктире алды, ошондуктан ал бул сыйлыкка татыды" маанисинде сыпатталат.
Сыйлыктын баа-баркын билүү үчүн ага татыктуу болгондордун санын жана ысымдарын атай кетүү жетиштүү. Быйылкы тогуз лауреаттын ичинен кубалык жана белоруссиялык эки активист Вашингтонго келген эмес. ММКда алардын биринчиси жабык өлкөдөн чыга албаса, беларустук 20 жаштагы Наста Палажанка укук коргоочулук ишмердиги үчүн жакында эле абактан бошотулганы айтылат. Ал эми калгандары Ооганстандагы Герат вилайетинин башпрокурору Марийа Башир, Пакистанда алыскы айылдарды өнүктүрүү ишин колго алган коомдук уюмдун жетекчиси Гулам Сухра. Булардан башка Камерун, Кытай, Иордания, Венгрияда аялдар укуктарын коргоого, демократиялык эркиндиктерди жайылтууга салым кошкон айымдарга да аталган сыйлык тапшырылган.
Өзбекстандык укук коргоочу, "Каармандык үчүн" сыйлыгынын 2009-жылдагы ээси Мутабар Тажибаева АКШ мамлекеттик департаменти бул жылы сыйлыкты Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага ыйгарып жаткандыгына каршылыгын билдирип, өзүнүн сыйлыгынан баш тартарын айтып чыкты. Келтирген жүйөсү президент Отунбаева Кыргызстанды башкарып туруп өткөн жылы түштүктө болгон коогалаңды токтотуп калган эмес. Тажибаеванын пикиринде, сыйлык Төлөйкан Исмаилова же Азиза Абдырасуловага ыйгарылса туура болмок.

Зайырбек АЖЫМАТОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ