11.03.11 - 2-бет: Баягыле "мордалар"
Коалиция бүгүн-эртеңден урайт деп алакан ушалагандардын саны арбып баратыр. Ал эми Ак үйдөгү жеке булактан алынган маалымат боюнча "Ата журт", "Ата мекен" жана "Ар-намыс" фракцияларынын катышуусунда жаңы коалиция куралат. Анын негизинде "темир генерал" Феликс Кулов премьер-министрликке, Курманбек Осмонов ЖК төрагалыгына отурмакчы. Ошентип баягыле "мордалар" бийлик секисине секирик жасашы күтүлүүдө. Ушунун өзү эки эмес эки миллион жолу революция кылсаң деле өзгөрүү болбосун айгинелейт. Анда азыркы өкмөттү кетирүүнүн кажети барбы?

Жолбашчы айтты, эй!
Өткөн жумада 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов өзү түптөгөн "Республика" фракциясынын жыйынына катышты. Жыйында ал мага "атака" башталса силер унчукпай карап отурасыңар. Катылгандардын катыгын колуна карматпайсыңарбы таризинде санаалаштарын үндөдү дешет. Ошондон кийин "республикачыларга" тил бүтүп, тышкы "душмандарынын" "косягын" чукуп киришти. Жолбашчысына болушкандары го жакшы, бирок өздөрүнүн арты таза бекен? Бири биринин артын казып атышып демаралды "сасытып" жиберишпесе эле…

Каптагаевди карыштырышабы?
ЖоКедеги айрым күчтөр президент аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаевге каршы "согуш" ачты. Жөнөкөй мисал, Эмилбек мырза Эсептөө палатасынын аудиторлугуна үч талапкерди президент менен кеңешпей туруп сунуштаптыр деген имиш Ак үйдүн 7-кабатында желдей жортуп жүрү. Ага удаа Каптагаев ажо жарышка тымызын даярдык көргөндүгү тууралуу аңыздын кезектеги сериясы жаралды. Э.К. жемин жедирчү эмес эле, тигилердин соккусуна кандай жооп узатар экен, ыя?

Жандоочулардын жанрынан
"Уккан кулакта жазык жок" дейт кыргыз. Анын сыңарындай, премьер Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиядан келген ишкерлерге Кыргызстанда жаңы уюлдук компания ачышына уруксат бергенин эшиттик. Анын "тер акысы" эле миллиондогон доллар дешет. Аны бажаргандар Атамбаев эмес, жанындагылар экени да айтылууда.

Жалындуу жигит жаза басканбы?
Жаш депутаттардын жалындуу сөз сүйлөп, элим-жерим үчүн жаным курман дегенге чейин барганын карап отуруп аларды "суудан таза, сүттөн ак" патриот турбайбы дейсиң. Бирок мурда жасаганы менен азыркы сөзү төп келбеген эл өкүлдөрү бар. Маселен, парламенттеги "Ата мекен" фракциясынын өкүлү Бакыт Калмаматов Ош мамлекеттик университетинде студенттер кеңешинин төрагалыгын аркалаган кезинде 30га чукул майып студенттин акчасын эмне кылганын өзү билет… Бул боюнча тиешелүү документтер тиешелүү уюмдарда жатат.

Бартияңа байпагым…
Нариман Түлеев , Алтынбек Сулайманов , Равшанбек Жээнбеков , Садыр Жапаров , Марат Султанов сындуу эл өкүлдөрү чакан топ түзүштү. Бу берендердин негизги мүдөөсү - президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкерди сүрөөнгө алуу. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал оң натыйжа берсе, беш "мушкетердин" "атамандыгына" Р.Жээнбеков бекип, так талашка түшүшү толук ыктымал. Ал ушу тапта "чоң казатка" катуу камданып, сырттан финансы издеген кербези.

Баштадыңбы, коркпо
Өткөндө Башпрокуратура тарабынан "Манас" аэропортунун мурдагы президенти Болот Абдырахмановго кылмыш иши козголгон имишин жазганбыз. Эске салсак, Болот мырза "Ата мекен" партиясынын лидерлеринин бири Эркин Алымбековдун жээни. "Ата мекен" менен "Республика" былык чукушмайды катуу баштаган чакта мындай ызы-чуудан аман калгандар аз болот го.

"Спиртсмендер" чогулушу
Парламенттеги "Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановдун арасы сууганы тар чөйрөдө айтыла баштады. Биздин билишибизче, Канатбек мырза жалаң "арак магнаттарынын" башын кошуп үлкөн топ түзүүгө белсениптир. Жакында Исаевдин катарына айтылуу Шаршенбек Абдыкеримов кошулду.

Абдраимов да аламанга түшөбү?
Мурдагы саламаттык сактоо министри Туйгуналы Абдраимов саясат айдыңына кайтып келди. А дегенде эле оппозиция тыңчыкмалары менен биргеликте Отунбаева бийлигин эңип түшүүгө бардык аракетин жумшоодо. Албетте үлкөн креслону эңсеп. Оомат оппозицияга оосо, Абдраимов Чүй губернаторлугуна же саламаттык сактоо министрлигине "кончудай" ою бар.

Баяман тууралуу баян
Кыргыздын кыраан уулу Баяман Эркинбаев тууралуу көркөм чыгарма жазылып атканын кулагыбыз чалды. Анда Баямандын өмүр таржымалы, чоң саясатка кантип аралашканы, кимдердин курмандыгына айланганы кеңири баяндалат. Маркумдун бейнесине арналган китеп жыл аягына чейин жарык көрөт. Ошондо саясат айдыңындагылардын чыныгы жүзү ачылат дейт билермандар. Ал кандай сыр экенин убагы келгенде окуйбуз.

"Жаңы Агым" - пресс




  Ат жалында маек

Мелис ЭШИМКАНОВ, коомдук ишмер:
"Эт кайнады, чийкөбүгүн алып атышат"
- Бүгүн-эртеңден коалиция урары айтылууда. Бул канчалык деңгээлде реалдуу?
- Азыркы коалиция башында эле ээрге кыйшык отурган. Коалицияга кирген партиялар жергиликтүү айыл өкмөттөрүнө чейин устукан бөлүштүргөндөй бөлүп алганы элдин нааразычылыгын туудурду. Ошондой эле жооптуу кызматтарга кайрадан эски, булганган адамдардын дайындалышы коомчулуктун кыжырын кайнатары турган иш. Алар бийликке жулунбай, моралдык жоопкерчиликти сезип үйүндө тынч отурушса жакшы болмок.
Россия Мамдумасынын депутаттары Бишкекке келип 1-вице-премьер Өмүрбек Бабановго карата сын пикир айтышы жөн эмес. Мындан улам Ө.Бабановдун апрель окуясын жүзөгө ашырган карапайым калктын үмүтүн актабай, тескери иштерди жасай баштаганы байкалат. Мына ушуга окшогон көрүнүштөр коалициянын келечегине балта чапты деп эсептейм.
Коалиция бүгүн же эртең тынчыйт деген божомол бар. Менимче, ал чечилген маселе. Учурда кайнаган эттин чий көбүгүн алып атышат. Калганы убакыттын өтүшүнө карата чечилет.
- Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Текебаев, Марат Султанов сындуу лөктөр коалицияны кулатууну көздөйт дешет…
- Эми бу жөн гана аныкталбай айтылган сөз. Жанараакта токтолгондой, коалицияны жардан алыс ыргытууга анын курамындагылар өздөрү шарт түздү. Анүчүн конкреттүү фамилияларды атоо туура эмес. Коалициянын бүгүнкүдөй кейипти кийиши мыйзам ченемдүү көрүнүш.
- Сиздин баамыңызда, жаңы коалиция курамы кандай болот?
- Көпчүлүк жаңы коалиция кеңири болушу керектигин айтып жатышат. Мен дагы ушуну колдойм. Жаңыдан куралчу коалицияга "Ата мекен", "Ата журт", "Ар-намыс" жана "Республика" партиясынын 70%ы кошулат. А КСДПнын кирер-кирбеси Алмазбек Атамбаевдин позициясына байланыштуу. Булардан сырткары, Темир Сариевдин "Ак шумкары", Муктар Өмүракунов жетектеген "Замандаш" сыяктуу партиялар жаңы өкмөттүн өзөгүн түзүшү мүмкүн.
"Ар-намыстын" лидери Феликс Кулов кечээ аксакалдык кебин айтты. Президенттик шайлоого барчу адам премьер-министр да, спикер да болбошу керек деп. Ал ортодо "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев ЖК төрагалыгына барбастыгын билдирди. Эки инсандын мындай акылман сөзү коомчулуктан колдоо табат деп ойлойм.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ