mainkaptal
Пользовательский поиск
  KYRGYZSPORT

Билеги күчтүү "борчиктер"
Ирандын Киш аралында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде жалпы командалык эсеп боюнча мекендештерибиз экинчи оорунга татыктуу болушту. Биринчиликти турнир кожоюндары ирандык балбандар эч кимге алдырткан жок. Алар жалпысынан 69 упай чогулта алышса, кыкемдер 47, америкалыктар 42 упай менен артта калышты. Иран, КЭДР, Россия, АКШ, Монголия, Кыргызстан жана Түркиядан келишкен 112 мыкты спортчунун ичинен алтын медалды жеңип алган мекендешибиз Базар Базаргуруев менен Айаал Лазаревдин ийгилигин баса белгилеп коюшубуз керек. Алардын кармаштары баарынан кызык өткөнүн уюштуруучулар жашырышпады.

Кыйкырсак да айла болбоду
9-мартта Бишкектин борбордук стадиону болгон "Спартакта" эл кумурскадай жайнап жүрдү. Кыргызстан үчүн эки жылда бир болуучу мындай маанилүү беттештерди кое бергиси келбеген миңдеген күйөрмандардын агымын көргөн адамдар үчүнчү революция башталып кеттиби деп чочуп жатышты. Анткени, калпак күнүн уланта жалаң улуттук баш кийимибизди кийип алып, кызыл туубузду көкөлөтө көчө бойлоп келе жатышкан жаштар "Кыргызстан!" деп ураан чакырганды беттешке чейин эле баштап алышты. Туптуура 15:00дө оюн калысы ышкырыгын ышкырганда дүйнөнүн башка бурчунда да Лондондо өтчү олимпиадага тандап алуу беттештери старт алды. Буга чейин жаш футболчуларыбыз Иранга барып, алардан 1:0 эсебинде жеңилип келгенин жазганбыз. Өз үйүбүздөгү бул беттеште же эки топ айырма менен жеңишибиз керек эле же негизги убакытты 1:0 эсебинде утуп, кошумча убакытта тырышып туруп, 11 метрлик тебишүүдөн жеңишибиз керек болчу. Эмнегедир оюн башталганда эле Кыргызстандын командасы алдыга жалгыз Мирлан Мурзаевди коюп, калгандары коргонууга жатып алышты. Бул көрүнүш ирандыктарга ой да жага берди да, каалашынча чабуулун кое берди. Биздин дарбазачы мыкты болбогондо биринчи таймда эле 3 жолу башты шылкыйтмакпыз. Эмнеге чабуулга барбайт деген күйөрмандар булар бир болсо бай өлкө болуп эсептелген Ирандын акчасын алып алышты деп шектенип жатышты. Ар кандай чакырык, ураандар менен оюндун биринчи бөлүгү бүтүп, тыныгууда спорт агенттигинин башчылыгына жаңы эле шайланган Үмөталы Кыдыралиев менен Улуттук олимпиада комитетинин башчысы Мурат Саралинов Азия конфедерациясынын атайын сыйлыгын футболдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Советбек Сакебаевге тапшырышты. Кыргызстанда өтүп жаткан чоң футбол майрамы менен куттуктайм деп сөз алган Мурат Саралинов орусча кепти салды эле, бүт стадион "кыргызча!" деп кыйкырып туруп алганынан аргасыз эне тилинде киргизче аралаштырып сөз айтты. Бул кадам акыркы күндөрү мекендештерибиздин өз тилине кайдыгер карабай, патриоттук сезими ойгонгонунан кабар берип жатты. Ошентсе да, жаштар гана "Кыргызстан алга!", "Гол керек!" деп кыйкырып жатышса, 30дан ашып калгандар бир сөз чыгарбай былтыйып отурушту. Ушундан патриоттук сезим, мекендин аброю, келечек тагдыры бир гана жаштарга, ал эми улууларга байлык менен бийлик эле керек экенин билип койсок болот эле. Анткени ошол жерде тууну оронуп алган балдар "ай, байкелер, футбол күндө эле болуп жаткан жок, бир үнүңөр айрылгыча колдоп бергилечи!" деп суранып жатышты. Мындай өтүнүч менен талаа үстүндөгү футболчулар да катуураак деп колдорун өйдө көтөрө жалгап кайрылып жатышты. Анткени Иранда өткөн беттеште ызы-чуунун сүрү менен эле Кыргызстанга бир гол согуп алганга үлгүрүшкөн. 0:0 эсеби менен аяктаса да беттеш кандай кызык өткөнүн сүрөттөрдөн көрүп алсаңыздар болот. Анткени кыргыз футболисттери башы жарылгыча ойноп, буту түйүлгүчө чуркап, үнү айрылгыча кыйкырып жатышты. Оюнчулардан Мирлан Мурзаев менен капитандык милдетти аткарган Азамат Байматовду баса белгилеп, дарбазачыбызга терең таазим кылып коюуну унутпашыбыз керек.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ



Чоң ойногон чоң футбол
Чеченстандын президенти эрке бала Рамзан Кадыров 2002-жылы дүйнө чемпиону болушкан Бразилия курама командасынын ошол мезгилдеги курамы менен өзү команда түзүп, беттеш уюштурду. Бразилиянын курамында Кафу, Бебетто, Денилсон, Дунга жана Ромарио сыяктуу 90-жылдардын жылдыздары болсо, Кадыровго Лотар Матеус, Руд Гуллит, Владимир Бесчастных, Андрей Федков сыяктуу футболчулар ойношту. Оюн жүрүшүндө өлкө башчысы эки ирет 11 метрлик көрсөткүчтөн пеналти киргизе албады. Ошентсе да үчүнчү мүмкүнчүлүгүн кетирбей 11 метрлик белгиден гол киргизип, андан соң оюн жүрүшүндө атаандаштарынын дарбазасына таамай сокку узата алды. Жалпы эсеп 6:4 менен аяктап, чечендер карып бараткан футбол жылдыздарынын өнөрүн "живой" көрүп алуу бактысына ээ болушту. Баса, беттеш кадимки футболдогудай 90 мүнөт эмес, 25 мүнөттөн эки таймга пландалган. Кызып кеткен оюндун убактысына президент Кадыровдун буйругу менен дагы 15 мүнөт кошулган. Эмкиде азыркы учурда ойноп жүрүшкөн футбол жылдыздарын чакырып беттеш кылабыз деди бекер отурган президент.

Жердештик менен жеңген кыз
Россиялык биатлончу кыз Анна Богалий-Титовец Россиянын Ханты-Мансийскинде өтүп жаткан дүйнө кубогунда марага аз калганда мекендеши Ольга Зайцеваны менден ашпачы, мага упайлар керек эле деп суранып, алдыга озгонун жашырбады. Көрсө, финиш сызыгы көрүнө баштаганда жанында тытынып келе жаткан спортчуну караса эле өзүнүн командалашы экен. Жалпы жыйынтыктардын упайлары боюнча мыкты жыйырмалыкка кире албай кыйналып жаткан Титовец "айнанайын Ольга эже, бир жеңишиңизди мага бериңиз. Бул упай сизге караганда мага көбүрөөк керек болуп атыр" деп чуркап баратып жалынып ийиптир.

Эриккен бала эмне кылчу эле?
Жогоруда айтылган Россиянын Ханты-Мансийскинде дүйнөнүн мыкты спортчулары жарыштардын сериясын өткөрүп жатышат. Үч күндө бир ат салышып жаткан спортчулар башка убакта атайын олимпиада айылчасында жашашып, эртеден кечке жата берип зеригишет тура. Норвегиянын биатлончулары дүйнөлүк жарышта биринчи, экинчи орунду эч кимге алдырбай келе жатышкан Эмиль Хегле Свендсен менен Тарьей Бе россиялык сулуу Светлана Слепцованын машинасын уурдай качышыптыр. Кымбат баалуу күлүгүнөн айрылдым окшойт деп дароо кызыл шапкечендерге даттанып ийсе, беркилер бул тамаша болчу деп өздөрү кайра машинаны ордуна токтотуп коюшту. Бул тамашанын шылтоосу менен эки дос Светаны кечки бийге чакыруу бактысына ээ болушту. Эми кимиси Мажит, кимиси жигит экени белгисиз. Себеби, Слепцованы спортчулардын бири сүйүп калганы белгилүү болду.

Акчанын баары "Анжиде"
Махачкаланын "Анжиси" акылынан азды. Команданы күчтөнтүү үчүн 4 бразилиялыкты сатып алганын буга чейин жаздык эле. Эми "Атлетико Минейро" клубунан Бразилия курамасынын чабуулчусу Диего Тарделлини сатып алышты. Быйыл эле "Анжини" сатып алган Сулейман Керимов миллиондорун чачып болсо да бул клубду Россиянын чемпиону кылам деп туру. Жаңырып, күчтөнгөн "Анжи" футбол клубунун Россия биринчилигинин алкагында өткөн бул жылдагы алгачкы беттеши 12-мартта "Краснодарга" каршы өтөт. Ошондо Роберто Карлос баш болгон жылдыздардын өнөрүнө күбө болобуз. Баса, саны көп, сапаты жок орустар менен кавказдыктар Роберто Карлосту 1,5 жылга өзүнө капитан кылып шайлап алышты.

Месси десе мендей эле киши тура
Улуу Британиянын The Sun таблоиди Adidas фирмасын рекламалаган роликте баштан аяк Леонель Месси эмес экенин жазып чыгышты. Көрсө, "Барселонанын" чабуулчусу ролик тартылып бүтө электе шашылып кетип калганда, бетин көрсөтпөй дублер катары мектепте эле дене тарбиядан сабак берген Хусейн Исаны тартып коюшкан. Эгер ошол роликти көрүп калсаңыздар, бети көрүнбөгөн жердеги футбол кыйыны сизге окшогон эле карапайым күйөрман экенин эстеп коюңуз. Бул акысы үчүн Мессинин дублеру миң эсе аз акча алган. Ошондой эле карапайым мугалим күнүнө 129 доллар тапса, Мессинин бир күндүк айлыгы 291 миң доллар экенин бул маалымат каражаты жазып чыккан.
Месси Adidas фирмалык белгисинен сырткары Storkman, MasterCard, Xbox, McDonald's жана Danone соода маркаларын жарнамалайт.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ