11.03.11 - 3-бет:
  Сая-саалы

Мегакомчулар достошсо болот, бирок…
Спикер Акматбек Келдибеков шаршембиде Мегаком компаниясынын маселеси боюнча атайын топ түзүлгөнүн кабарлады. Анын айтымында, Россия Мамдумасынын депутаттары менен болгон жолугушууда инвесторду коргоо боюнча сөз болгон. "Россиялык кесиптештер компанияга 110 млн. доллар салынганын, акыркы убакта инвестордун укугу бузулуп жатканын айтышты. Бирок болжолдуу маалыматтар боюнча Мегакомдон 50 млн. доллар чыгарылып кеткен. Андыктан буга сот гана чекит кое алат. Мындан саясат жасап кереги жок" деди спикер. Буга улай спикер эгер юридикалык жак мамлекетке тиешелүү сумманы төлөп берсе, эки тарап тынчтык келишимин түзүүгө болорун кошумчалады.

"Маселе, план дегенди уга элекпиз"
"Ата журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев жума ортосунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, учурда коалиция чачыроо алдында турганын билдирди. Буга улай эле К.Ташиев эгер Өмүрбек Бабановдун Мегаком былыгына байланышы бар экени такталса, партия коалициядан дароо чыгарын кабарлады. Коалиция канчалык деңгээлде туруктуу деген суроого "билбейм, кыскасы коалиция өлбө жаным, өлбө деп иштеп атат. Биз бир да жолу премьер-министр менен да, вице-премьер-министр менен да эч кандай маселе, план талкуулаган жокпуз" деп алакан жайды.

Өмүке, мурда кайда элең?
"Ата мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев 9-мартта КТРК эфиринен Бабановдун балбаалаган бизнестерин, кадрдык алмашууларды кескин сындап, коалиция эки-үч күндө ураарын, кайра жаңы коалиция түзүлөрүн шардана кылды. Сөз арасында депутат "Атамбаев менен Ташиев Бабановдун тизгинин тартышабы, же аны менен иштеше беришеби - чечишсин. Бабанов мурда Айдар, кийин Максим менен бөлүшсө, бүгүн да бирөө менен бөлүшүп жатат. Муну токтотушубуз керек" деди Текебаев.

Каарман айым сөзүнө турат
Жума башында президент Роза Отунбаева АКШ сенаторлору Джон Керри жана Джон Маккейн менен жолугушту. Жолугушууда президент Кыргызстандагы саясый кырдаал, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын камсыз кылуу, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелери тууралуу айтып берди. Мындан сырткары, уюшулган кылмыштуулук, сот системасы, демократиялык реформалар маселеси талкууланды. Президенттик шайлоо боюнча кеп козголгондо өлкө башчысы Роза Отунбаева анын мөөнөтү ушул жылдын аягына чейин экенин жана кийинки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди.

Багдасаровдун Бабановдо өчү барбы?
РФ Мамдуманын дагы бир депутаты Семен Багдасаров Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабановдун Россиянын Пенза шаарында үлкөн бизнеси бар экенин ачыктады. "Бул кишинин цемент заводунун продукциясы Пенза курулуш тармагында кеңири колдонулат. Эгер адам бизнес менен алектенсе, ал аны саясатка аралаштырбашы керек" дейт Семен Багдасаров. Бул ишканага кызматтык текшерүү болор-болбосуна журналисттер кызыгышты эле, ал жакын арада текшерүү болорун маалымдады.




  Крим-аалы

Кайсы шордуунун башы болду экен?
9-мартта Жалал-Абад облусунун тартип сакчылары Сузак районундагы Топурак-Бел аймагында жайгашкан "Санпа" пахта иштетүүчү заводунун жанынан жерге чала көмүлгөн белгисиз адамдын өрттөлгөн баш сөөгүн табышты. Эскерте кетсек, өткөн жылы июнь айында болгон түштүктөгү каргашалуу окуяда "Санпа" заводунун жанынан он алты адам өлтүрүлүп, тогуз унаа өрттөлүп, массалык башаламандык болгон. Бул белгисиз адамдын баш сөөгү ошол окуяда көз жумган маркумдардын бирине тийешелүү болушу ыктымал. Учурда баш сөөккө экспертиза жүргүзүлүүдө.

Өрттүн өчү
7-мартта Бишкек шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатыры, сарайы жана ага катар турган дүкөндү тилсиз жоо жалмап кетти. Өрт үйдөгү эмеректен эч нерсе калтырбаптыр. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Торочу айылынан да үй өрттөнүп, тилсиз жоо менен алышкан кожоюн денесинен 3-даражадагы күйүк алып ооруканага жеткирилген.

Мастыктын марасы бычакташуу
10-мартта Сокулук районунун изкубарлары тарабынан 6-март күнү 26 жаштагы адамды бычактап качып кеткен кылмышкер кармалды. Ал мурда уурулук үчүн түрмөгө отуруп чыгыптыр. Кылмышкерден бычак жеген жабырлануучу ооруканага жеткирилип аман калган. Ал эми Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тартип сакчылары 31 жаштагы кылмышкер аялды кармашты. Ал да 6-март күнү 31 жаштагы таанышынын ичине, колдоруна бычак сайган. Аялдан бычак жеген жабырлануучу ооруканага жетип аман калган. Бычакташкандардын баары мас абалында экен.

Энеден айлангырлар
7-мартта Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн алдына чак түштө жаңы төрөлгөн эркек баланы таштап кетишкен. Таштанды баланы көргөн үй ээлери милицияга кабар беришкен. Медиктер ымыркайды текшерип, ал болжолу бир жума мурда төрөлгөн, ден соолугу чың экенин аныкташты. Ымыркайды талаага таштаган эне сөрөй издөөгө алынды. Ал эми Москвага Кыргызстандан барган 22 жаштагы Айсалкын аттуу кыз жаңы төрөлгөн ымыркайын көчөгө таштап, бейкапар үйүнө кетип калган. Айсалкын Москванын Красный Маяк көчөсүндө кыргызстандык он адам менен чогуу жашап, чачтарачканада пол жууп иштечү экен. Ал таштаган ымыркайды таң атпай короо шыпыргыч болуп иштеген кыргыз жигит таап алыптыр.

Жумурткада кеп бар го
Оштон Россиянын Новосибирск шаарына тирүү тоок менен корозду ала барган кыргызстандык жарандын иши чатакка айланды. Ал тоок менен корозду эч кандай документсиз алып чыгыптыр. Документсиз канаттуулар чегарадан өталбай, Россия тарап аларды кайра артка, Кыргызстанга кайтарышты.




Айланайын, абайла
Март айынын башында Кыргызстанда 3 миң 385 ВИЧ/СПИД менен ооругандар катталган. "СПИД" республикалык коомунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн маалыматына таянсак, алардын 3 миң 212си кыргыз жарандары, 2 миң 364ү эркектер, 848и аялдар, 2 миң 92си баңгизатын колдонгондор. СПИД диагнозу коюлгандар - 354. Акыркы эки жылда СПИД оорусунан 161 адам каза болгон.

Аксы ак калпагын булгалайт
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 5-март ак калпак кийүү күнү андан ары улантылып, раймамадминистрациянын башчысы К.Өмүрбеков Аксы районунун аймагында калпак кийип жүрүүнүн бир айлыгын жарыялады. Ал эми жаштардын кыргыз калпагын бардык жетекчилердин кийип жүрсүн деген сунушу колдоого алынды. Ошондой эле Ноорузга карата Аксыда улуттук кийимдердин, тамак-аштын, ырлардын конкурсу уюштурулат.

Күйүтү күчтүү күйүүчү май
Учурда өлкөнүн жазгы талаа жумуштарына болгон даярдыгы мышык ыйлагыдай. 5-мартка карата Кыргызстанда 30 пайыз гана күйүүчү май бар. Тактап айтканда, керек болгон 40 миң тонна күйүүчү майдын 11 миң 700 тоннасы гана даяр. Анын ичинен дыйкандардын Талас облусунда 60,5, Баткенде 47, Жалал-Абадда 35 пайызы күйүүчү май менен камсыз болгон. Бирок ал апрель айына чейин эле жетет. Ошондой эле учурда мамлекеттик резерв фондунда жеңилдетилген баада сатыла турган 7,5 миң тонна күйүүчү май бар. Депутаттардын айтуусу боюнча 15-февралда Россиядан келет делген майдан алигиче дайын жок.

Кылым соту кайрадан уланат
7-апрель окуясы боюнча башталган соттук процесс 18-мартта Бишкек аскердик соту тарабынан уланат. Жогорку соттун билдиргенине караганда, соттук курам өзгөргөн эмес. Процесс ГУИНдин залында жүрөт. Учурда соттук отурум өткөрүүгө болгон даярдык аяктады. Коопсуздук маселеси эске алынып, соттук териштирүүгө катышкысы келген тараптар тыкыр текшерүүдөн өтмөкчү.

Жумакени унуттуңарбы?
Нарында Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Ж.Шералиевдин облустук алкакта музейин уюштуруу ар кандай себептер менен жылдан жылга унутулуп келет.16 жылдан бери 600 обондун ээси Жумамүдүн Шералиевдин музейи ачылбай, бирок Нарын шаарындагы музыкалык мектепте залкардын баалуу буюм-тайымдары, аспаптары, ноталары сакталууда. Ал эми музей ачуу үчүн чегерилген имарат атайын капиталдык оңдоого муктаж.




  Жума сүйүнчүсү

Акматбек, Алмазбек, Өмүрбектин бешик боосу бекем болсун!
Айтылуу айгүл гүлдүн, өрүк, кара өрүктүн мекени Баткен облусунда жаш үй-бүлө үч эм балалуу болду. Балдардын ата-энеси Кыргызстанда ынтымак болушун каалап, балдарынын аттарын парламенттеги үч фракция лидерлеринин атынан Акматбек, Алмазбек, Өмүрбек коюшкан. Бул тууралуу кечээ парламент жыйынында кызуу кеп козголуп, "республикачыл" депутат азыркы коалицияны, анын лидерлерин колдогон энени материалдык жактан колдоо сунушун билдирди. Буга парламент спикери жибип кеттиби, депутаттарга төраганын резервдик фондунан 1 млн. сом бөлүп берүүнү колдоп берүүгө чакырды. Депутаттар спикердин сунушун бир добуштан колдошуп, жаш үй-бүлөнүн үй куруп алышы үчүн айтылган сумманы бөлүп берүүгө макул болушту. Сөз ооздон чыккыча адамдын кулу, а ооздон чыккан соң адам сөздүн кулу дейт. Эми миллион сом кандай берилерин карап туралы. Ага чейин ылайым үч эмдерге парламент, өкмөт ушинтип жардам кыла берсин дейли. Кыргызда сүйүнчүлөгөн адамга "болсун, болсун!" дечү эле. Болсун, болсун!