11.03.11 - 6-бет:
  Айтса-айтпаса төгүнбү?

Парламенттик башкаруунун жоопкерчилиги кимде?
Өткөн жума аягында "Супара" этнографиялык комплексинде "Парламентаризм, көп партиялуулуктун көйгөйлөрү жана келечеги" аталыштагы саясый партия лидерлери, бир катар депутаттар, жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер, эксперттер катышкан "тегерек үстөл" болуп өттү.


Жыйынды башкаруучу Таттуу Мамбеталиева айткандай, талкуулануучу тема өтө олуттуу болгону менен негедир чакырылгандардан Данияр Нарымбаев, Темир Сариев, Галина Скрипкина, Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Акылбек Жапаров, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Кубат Байболов, Аида Салянова, бир катар саясат таануучулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, жарандык коом өкүлдөрү келишкен жок. Алгачкылардан болуп жыйында USAID өкүлү Кэрри Гордон, андан соң эл аралык республикалык институтунун (IRI) жетекчиси Жейсон Смарт сөз сүйлөп, алдыда боло турган жергиликтүү бийлик органдарын, президенттик шайлоону кантип ачык өткөрүү маселесине токтолду. Андан соң "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев доклад окуп, суроолорго жооп берди. Суроо-жооп арасында ал президент менен өкмөт парламенттик системаны калыптандыруу реформаларын аягына чыгарган жок деп айыптады. Өмүрбек Текебаевдин пикиринче, учурда парламенттик баалуулуктар колдонулбай тепсендиде калган. "Биз Конституцияны кабыл алдык, бирок эч кандай реформа болгон жок. Коомдук-саясый системаны масштабдуу реформалоо үчүн өкмөт бир да сунуш киргизе албады. Өкмөт эмдигиче бийлик системасындагы өз ордун, башка органдар, парламент менен иштешүү механизмин аныктай элек. Өкмөт тууралуу мыйзамды киргизе элек. Техникалык өкмөт да, азыркы өкмөт да жаңы саясый система боюнча реформа жасашкан жок. Өкмөт каржылоочу орган катары эле болуп калды. Президент менен өкмөт бүгүн парламентти күнөөлөп атат. А эмне үчүн парламент өкмөттүн ишин жасаш керек? Азыр реформа коркунучта. Ошондуктан азыркы өкмөткө акыбалды түшүндүрүп, алар кантип, эмне үчүн бийликке келишкенин эскертишибиз керек" деди Өмүрбек Текебаев.
Сөз арасында экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев азыркы карама-каршылыктар Конституцияда мурун кетирилген катачылыктардан улам эмеспи деген суроону койду эле, Өмүрбек Текебаев "эртең Атамбаев президент болуп, Бабанов премьер-министр болсо эмне өзгөрөт? Азыркы оор кырдаал бийлик системасынан эмес, бийликтегилердин ары жагында бир нерсе жоктугунан улам болуп атат деп эсептейм" деди.
Жыйында кеп тизгинин алган "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов учурда өлкөдө партиялык система эмес кландык система болуп жаткандыгын баса белгиледи. Буга ал Алай району боюнча эле 12 депутат бар экенин мисал тартты. "Азыркы парламенттик башкаруу системасы эч кандай оң жыйынтык берген жок. Менимче, президенттик шайлоодон соң Конституция кайра жаңырышы мүмкүн" деп дагы бир нерсенин башын кылтыйтты Аликбек Жекшенкулов. Буга улай сөз арасында "Акыйкат" лидери парламенттик шайлоодо айрым партиялар криминал менен иштешкенин, буга бийлик эч кандай чара көрбөгөндүгүн кошумчалады.
Таң калычтуусу, "тегерек үстөлдүн" негизги темасы парламентаризм болгонуна карабай, негедир бул жыйында алдыда боло турган президенттик шайлоого, элдик курултайга, Конституцияга кызыккандар көп болду. Курултай тууралуу суроолор көп болгондуктан, Аликбек мырза учурда өткөрүлүп жаткан элдик курултай бийликти алмаштырууга максатталбаганын айтып актанып да алды. Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев "баарына саясый система күнөөлүү деп атасыңар, а эмне үчүн ошол саясый системаны түзгөн, анын башында турган саясый элитанын жоопкерчилиги тууралуу маселе коюлбайт? Мына, жакында эле кечээги революционерлердин кыска мөөнөттө бир жарым миллион долларды жегенин жазып жатышат. Эртең силер бийликке келсеңер укмуш болуп кетериңерден күмөнүм бар" деп Аликбек Жекшенкуловго бир тийди. Буга жооп катары "Акыйкат" партиясынын жетекчиси системанын, бийликтин мындай болушуна карапайым адамдар да кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү экенин билдирип, акыйнек айтышуудан качкан түр көрсөттү. Жыйын аягында "Болуш" коомдук бирикмесинин төрагасы Аргымбек Сапарбаев азыркы саясый элитада эч кандай жоопкерчилик жок экенин, саясатчыларда мамлекеттик эмес корпоративдик, партиялык кызыкчылык гана бар экендигин "балп" эткизди. "Биз азыр парламенттик башкаруунун алгачкы этабында турабыз. Борбордук бийликтегилер айрым бийлик рычагдарынан айрылып калып, Конституцияны өзгөртөлү деп бакырып жатышат. Алар Акаев убагында бийликке келишип, жогортон башкарганга көнүп калышкан. Президенттик башкарууга так ошолор умтулуп жатышат" деген оюн ортого салды. Эң өкүнүчтүүсү, жыйынга келген саясый лидерлерге "кокус өлкөдө парламенттик башкаруудан улам башаламандык башталып кетсе саясый элита катары жоопкерчиликти моюнга ала аласыңарбы?" деген суроого талкан сугунуп алышкансып депутаттар да, саясатчылар да ооз ача алышкан жок. Эгер эч кимде жоопкерчилик болбосо, анда бизге парламенттик башкаруунун канчалык зарылчылыгы бар?

Мелис СОВЕТ уулу




  Брутчулук

Бизде теңирден тескери. Ээрчиген сөз күбүсөң кетпейт. Эсеби маселең, азыркы 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы жанар май королу экендиги айтылып да, жазылып да жүрөт. Айдар Акаев, анан Максим Бакиев менен алака-катышы да дайын.


Тилекке каршы, мисалы, мен бул жаатынан эч кандай өзгөрүштү көргөн жокмун. Бардыгы 1-революциянын таңындагы схема менен баратат. Эсеби маселең, Курманбек Бакиев Акаевден арткан "Абийирдүү башкаруу" өңдүү 3-4 органга кошуп Коррупцияга каршы улуттук агенттик ачкан. Арийне, бир коррупциянын бети ачылып, кимдир бирөө кармалып, жазаланган эмес. Азыр деле ошондой. Революция ишке ашканына бир жыл болду, коррупция боюнча 180 өлкөнүн ичинен 164-орунда турган Кыргызстанда кимдир бир коррупционердин иши сотко аштыбы? Атүгүл чет мамлекеттерге кире качкан А.Елисеев, С.Балкыбеков ж.б. өңдүү кылган кылмышы айдан ачык, бештен белгилүү жарандарыбызды Кыргызстан сотуна кайтарып берүүдөн баш калкалаган өлкөлөрү аткез берди. Эртең М.Бакиев, Ж.Бакиев, Д.Үсөнов ж.б. аткез берет. Коррупцияга каршы күрөштү туу тутсак, менимче, Европарламент трибунасынан Роза Исаковна ошол сыяктууларды кайрууга эл аралык уюмдардан жардам сураса болмок.
Же оозго сала бергенин айтайын, атактуу "закондуу вор" Камчы Көлбаевди кайра-кайра актап, амнистия үстүнө амнистияга кабылткан соттордун бирине жок дегенде эскертүү берилдиби? Атүгүл жаза өтөгөн жеринен качып Араб Эмиратында жүрсө да актап жиберип атышты. Анан ким аны батынып, кай сотко ишенип кармайт?
Айтыла берип ашмалтайы чыккан чындык: коррупцияга каршы күрөш бийлик башындагылардан башталышы шарт. Украинада Ющенко ошентип баштаган: "мен жебейм" деп ачык айтып, ант берип, касам кармаганга чейин барган. Ошентти. Толгон токой душмандары болсо дагы артынан сөз ээрчиген жок. Сөз ээрчите алышпады.
Бизде теңирден тескери. Ээрчиген сөз күбүсөң кетпейт. Эсеби маселең, азыркы 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы жанар май королу экендиги айтылып да, жазылып да жүрөт. Айдар Акаев, анан Максим Бакиев менен алака-катышы да дайын.

Айныксыз акыйкат экендигин аныктоо, албетте биздин ыкыбалдагы иш эмес. Өмүрбек Токтогуловичтин жанар май жаатындагы ишмердиги тууралуу айтылып, жазылып жүргөндөрдөн башка маалыматтар интернет сайттарында, айрым брошюларда арбын кездешет. Кечээ жакында интернеттен бир маалыматты "Вечерний Бишкек" (4.03.11.) жарыялады. Ал боюнча ТЗК "Манас" ишканасы өткөн жылдын август-октябрь айларында болжол менен "Мега ойл" ОсООсу аркылуу 13 млн. 491 доллар кунундагы 16 миң тонна май Кыргызстанга киргизген. Окурман жадында болсо керек, ТЗК "Манас" мамишканасы өткөн жылдын июнь айында ишке кирген. Президент Роза Отунбаеванын тынымсыз аракетинин аркасы менен ТЗК "Манас" америкалык базага зарыл авиа майдын 50%ин ташып сатып, салыгын мамлекетке төгүп турмак. Анда эмне үчүн "Мега ойл" аркылуу ташып атат дээрсиз. Анткени "Мега ойл" Пентагондун заказын аткарган ишкана катары мамлекетке салык төлөбөйт. Кыргыз өкмөтү менен АКШ департаментинин ортосундагы келишим ошондой түзүлгөн. Байкадыңызбы, "иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн". Андан алынар салык мамлекеттин казнасына эмес, ТЗК жетекчиси, Ө.Бабановдун жээниби, таякесиби, Сагадылда уулу Жаныбектин чөнтөгүнө, демек 1-виценин ороосуна куюлуп атыр. Өмүрбек Текебаев ошол сыяктуу коррупция схемасынын жоорун чукууда.
Өмүрбек Чиркешович аны мурда билбейт беле? Ай, шегибиз бар! Бул жаатынан Бабановдун командасы туура: Ө.Бабанов Ө.Текебаевге да брутчулук кылган. Коалицияга чыпалак алышып, анын партиясы Өмүрбек Чиркешовичти спикерликке өткөрбөй койгон. Өмүкөң дасыккан саясатчы катары оңуту келгенде өмгөккө салып жөөлөп, бычак малып өттү. Брутчулук кылды. Ал жарат качан, кантип айыгат - башка маселе.

Өмүрбек Токтогулович "Азаттык" радиосу аркылуу Ө.Текебаев мырза менен 1-вице-премьер болгону кимдин бизнесин тартып алыпмын, көрсөтсүнчү маанисинде наалыды. Көрсөткөндөн эмне опо? Бир кезде апасы Анипа Бабановага, кийин жээни Сагадылда уулу Жаныбекке катталган "Мунай мырза базис" ОсООсу аркылуу ишкер Валерий Хондун нефтебазасын документ будамайлап кантип тартып алганы тууралуу гезиттер көп жазды. Ишкердин даттанбаган мекемеси калган жок, соттон сотко сүйрөп, эмдигиче жыйынтык чыгалек. Ал унутулуп баратса, эсине салып коюу максатында өткөн жылкы макаласын "МК Азия" гезити дагы кайталап басты (Царская охота. 1.03.11). 1-вице-премьер мырза мүмкүн анын жайын кулак кагыш кылар?
Дегинкиси Өмүрбек Токтогуловичтин жанар май ишмердиги тууралуу тактап кое турган кызык маалыматтар бар. Кызыккандар чыкса. Мисалы, досу Дмитрий Лысенконун наамына катталган, бирок Бабановдуку делинген "Авиэйшн фьэл сервис" ишканасы Россиядан ар тоннасын 566 доллардан баалап 176 тонна авиакеросин сатып алат да (контракт ?09/А196/6. 20.11.2009 г.) Кыргызстанга киргизет (МБД ?10610052/210310/0001132. 9.06.2010). Бажыкана документине (?10312040/020710/0003865. 15.07.2010) "Лукойл-Волгограднефте-переработка" ОООсунан тоннасын 815 доллардан 97,9 тонна авиакеросин сатып алды деп катталат. Аны болсо кыргыз авиакомпанияларына тоннасын 1050 доллардан сатат. 2010-жылдын июнь-июль айларында эле "Авиэйшн фьюэл сервис" болжол менен 6700 тонна майды 1050 доллардан сатууга жетишкен. Бул сыяктуу көптөгөн мисалдар далил тапса Ө.Текебаевдин эмоционалдуу сөзүнө эң сонун иллюстрация болмок.
Сөздү кыскарта чабалы. Баарыбыз билебиз, Цезардын тизгинин тартуу үчүн Брут жана анын шериктери террорчулукка барган. Тилекке каршы, Цезарь өлгөндөн кийин Римге алар ойлогондон алда канча катаал диктатура орногон. Демократия дөөлөттөрүнө жетүү үчүн Кыргызстанга кайра-кайра революция керекпи? Анткени антип оолуккандар көп.

Алым ТОКТОМУШЕВ