18.03.11 - 15-бет:
  Эстутум


Учурда маданий коомчулук Кыргыз эл артисти, чыгаан телережиссер, актер, айжаркын адам Балташ Кайыповду эскерүүдө. Көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак экен. Жакында өзү өмүрүн арнаган КТРК, анда иштеген шакирттери, кино, театр искусствосунун өкүлдөрүн катыштыруу менен "Режиссер Балташ Кайыпов" деген көрсөтүүсүн тартуулады. Көрүп отуруп көп нерсе эске түшүп жатпайбы.

Баскан изине бадам гүлдөгөн Балташ Кайыпов
Режиссер Балташ Кайыповдун ассистенти катары бирге иштешүү унутулгус, эстегенде көкүрөктү кандайдыр бир жылуулук аралап өткөн, кайталангыс "сонун" күндөрүм болгонун эми аңдап отурбаймынбы. Андан бери чейрек кылымдай мезгил өтүптүр. Айтып жүрүшкөндөй кыргыз телесинин тузу оор. Бир иштеп кеткен адам ар кайсы жерде адашып жүрүп, кайра эле темселеп барып калмайы бар. Барбаса дагы КТРКнын ийгилигине кубанып, кемчилигине кейип, жүрө-жүрө күйөрманына айланат.
КТРКнын адабий-драмалык редакциясында режиссердун ассистенти катары иштеп жүргөн учурумда Балташ Кайыпов менен маңдай-тескей отуруп, бирге иштөө бактысына туш болгом. Мен ал кишинин ассистенти элем. Жанында жүргөн жарым күнүң майрамдай болгон бул киши менен катардагы адабий-маданий телекөрсөтүүлөрдөн, татаал драмаларга чейин тартышып калдым.
Ал мезгилде кыргыз академиялык драмасында коюлган ар бир драма телеге тартылып алынчу. Бирок телеварианты театр сахнасына караганда таптакыр башка эле. Балташ Кайыпович мындай чоң көрсөтүүлөрдү тартканда пультта дайыма өзү отурчу. Мүмкүн окурмандар байкабайт чыгар. КТРКда кичинеби, чоңбу ар бир көрсөтүүнү режиссер, үн режиссер, редактор, оператор, сүрөтчү, монтажер болуп, бери болгондо 10-15тей киши даярдайт. Режиссер ошолордун ар бири менен тил табышып, чыгармачылык чынжыр түзө билиши керек. Антпесе "жыргаткан" көрсөтүү жаралбайт. Ал эми Балташ Кайыповдун иштөө процессин карап отуруунун өзү эле бийик тарбия, бир жагынан ырахат болчу. Беш-алты камера иштеп жаткан бир нече сааттык масштабдуу көрсөтүүлөрдө кабагым-кашым деп койчу эмес. Операторлорду шыктандырып, жазып-тайый калган актерлорду келиштире мактап, күлүп-жайнап отуруп эле бир дем менен жазып салчу. Иш бүткөндө чарчаган эч ким жок, баары эле жадырап-жайнап тургандай туюлчу мага.
Балташ Кайыпович кыргыз телефильминин тарыхында "Алымкан" киносун тарткан алгачкы режиссер. Убакыт өткөн сайын улуу Токтогулдун суктанарлык махабатын, кабырга кайыштырган тагдырын ачып берген бул кинонун маани-маңызы артып баратат. Баарыдан мурда Бакен Кыдыкеева, Искра Раимкулова, Дооронбек Садырбаев өңдүү залкар таланттардын жалындуу жаштыгын, чыгармачылык жигерин көрөбүз. Булар 60-жылдарда искусствого бир келген, кыргыз маданиятын көкөлөткөн алп таланттардын ири өкүлдөрү болчу. Алардын катарында кыргыз телесинин жылдызын жандырган Балташ Кайыпович да бар эле. Москвадан Луначарский атындагы искусство институтунун кино жана телеактердук бөлүмүн бүтүрүп келген Балташ Кайыповичтин жаңыдан түптөлгөн кыргыз телесин көтөрүү үчүн жиберилиши утуш гана болгон. Маданияттын очогу болгон азыркы КТРК Балташ Кайыповичтей залкарлардын эмгеги менен бутуна турганын эстен чыгарбашыбыз керек. Балташ Кайыпович актер катары да кыргыз искусствосунда из калтырган инсан. "Процесс" кинотасмасында соттун, "Шайтандын мөөрүндө" мамлекеттик жетекчинин (кинодо ушундай аталат) ролун ийине жеткире аткарган. Мындан тышкары да көптөгөн ролдорду жараткан. Кинорежиссерлор эң биринчи кинодогу ролуна айкалыша түшкөн Балташ Кайыповичтин салабаттуу сымбатына (адамдын да сындуусу эле), бийик интеллектуалдуу деңгээлине, айланасын жаркытып жиберген жандүйнөсүнө кызыгышар эле. Аткарган ролунда ушунун баары көрүнүп турчу.
КТРКнын бүгүнкү техникалык жетишкендигин жакшы билебиз. Бирок мыкты телекөрсөтүүлөрдү даярдоо үчүн техникадан мурда талант керек окшобойбу. Балташ Кайыпович техникалык мүмкүнчүлүктүн чектелүүсүнө карабастан ар кыл темадагы көрсөң көңүлүндү толкуткан көрсөтүүлөрдү тартуу менен КТРКнын алтын казынасын байытып кетти. Өкүнүчтүүсү, ал учурда кадимки эле тасма (пленка) жетишчү эмес. Ошонун айынан эфирден кеткен көрсөтүүлөр өчүрүлүп, ошол эле тасмага башкасын тартууга туура келчү. Ушул себептен Балташ Кайыповичтин элине асыл мурас, бүгүнкү жаш телережиссерлорго үлгү, чыгармачылык мектеп боло турган эчендеген мыкты эмгектери өчүрүлүп кеткени арманга салат.
Кийин басма сөзгө өтүп кеткенимде, башка жумуштарда жүргөнүмдө не бир атпай журтка аты угулган баш редакторлор, директорлор менен иштештим. Бирок Балташ Кайыпович түзгөн чыгармачылык чөйрөнү эч жерден кезиктире албай келем. Ак аралаган чачы ашкере жарашкан өтө жылдыздуу, бир жагынан абдан сүрдүү да көрүнгөн бул адам КТРКнын сыймыгы болчу. Баскан изине бадам гүлдөгөнсүп Балташ Кайыпович көрүнгөн жерден эле теле кызматкерлеринин кимиси болбосун, операторубу, режиссерубу, сүрөтчүсүбү, баары эле тегеректей калчу. Учурда КТРКда Балташ Кайыповичтин ондогон шакирттери иштеп жатат. Алардын бири Нуралы Турапов жогорку аталган "Режиссер Балташ Кайыпов" деген телекөрсөтүүсүндө Балташ Кайыповичти Дзержин гүлбагында турган телемунарага салыштырыптыр. Туура баамдаган экен. Ал киши ошондой бийик адам болчу.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-73




  Сактансак сактайт

"Жер титирөөгө дайым даяр болушубуз керек"

Япониядагы зилзаланы, цунамини көргөндөр тынчсызданып, Кыргызстанда да ошол сыяктуу жер силкинүүсү болот экен деген сөздөр желдей тарады. Табигаттын айттырбай келген кырсыгы тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору Канатбек АБДРАХМАТОВду кепке тарттык.

- Кыргызстан айттырбай келчү зилзаладан сактанууга даярбы?
- Эгер бир-эки ай мурда ушундай суроо менен кайрылсаңыз, биздин эл зилзалага даяр эмес деп жооп бермекмин. Учурда элдин зилзалага даярдыгы жок деп айтууга моралдык укугум жок. Себеби, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын комплекстүү планды кабыл алганбыз. Катуу зилзала учурунда адамдар өзүн кандай кармоону үйрөтүү планын иштеп чыктык. Бул комплекстүү планга элди кантип даярдаш керектиги үчүн комиссия түзүлүп, ага атайын адистер кирген. Бүгүнкү күндө биздин институттун төрт адиси борбордун төрт районунда иштеп жатат. Алар балдар бакчасын, мектептерди, окуу жайларды текшерип, имараттардын катуу жер титирүүгө туруктуулугу канчалык экенин изилдөөдө.
- Бизде да жакын арада жер титирөө күтүлүүдөбү?
- Чүй өрөөнүндөгү эң катуу зилзала 1885-жылы болгон. Кийинки катуу жер титирөө 1992-жылы Суусамырда болгон. Менин логикам боюнча илгертен бери болуп келаткан жер титирөө бүгүнкү күнү токтоп калбайт да. Ал келечекте боло берет. Жер титирөө болобу деген суроого болот деп айтышым керек. Бирок зилзаланын качан болорун так билүү мүмкүн эмес. Абдан өнүккөн Япония деле зилзаланын так убактысын билген эмес. Ошондуктан жер титирөө бир күнү болорун билип, биз ага даяр болушубуз керек. Кээ бирөөлөр түшүнбөй эле атайын элди дүрбөлөңгө салып атат деп мени күнөөлөп атышат. Жер титирөөгө даяр болушубуз керек деп айтып келатканыма беш жыл болду. Мына, 2008-жылкы Нурада болгон жер титирөөдө 79 киши көз жумду. Анткени биздин элдин даярдыгы жок болчу. Зилзаладан коргонушту алдын ала билишибиз керек эле. Жер титирөөдөн кантип сактаныш керектиги тууралуу маалымат тарагандан бери көпчүлүк тынчсызданып, ойлонуп калышты.
- Учурда шаарда салынып жаткан үйлөрдүн сейсмологиялык туруктуулугу кандай?
- Мамлекеттик архитектура мекемесинин курулуш адистери, инженерлер шаардагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр 8-9 балл зилзалага туруштук бералат деп жатышат. Алардын айтканына ишенбөөгө аргам жок. Себеби, өзүм ал боюнча адис болбосом, курулуп жатканда күнүгө барып көзөмөлдөбөсөм, аны мен тигиндей же мындай деп айтууга укугум жок. Бирок бир эле факт айтайын. ММК булактарына мамлекеттик көзөмөл жетекчиси Мирбек Акматалиев азыркы курулуп жаткан үйлөрдүн сапатын текшерип, 2010-жылы 2999 жаңы курулуп жаткан имаратты текшерип, эң көп кемчиликтер катталганын, жыйынтыгында 1393 имарат талапка жооп бербесин айтыптыр. Эми ушул фактыга таянып жыйынтыгын өзүңөр чыгаргыла.
- Биз тоолуу аймакта жашайбыз. Кокус чоң зилзала болуп калса Кыргызстандын ар кайсы жериндеги тоолордун башында топтолгон суулар каптап кетүү коркунучу жокпу?
- Биздин көлмөлөр анчалык чоң деңгээлде эмес. Цунами бул чоң океандан пайда болду. Океандын жанында биздеги көлмөлөр тамчы болуп калат. Андай көлмөлөр ташкын болуп кетсе, жакын жайгашкан аймактарды алып кетиши ыктымал. Алар шаарды басып калат же айылды агызып кетет деген коркунуч жок.
- Мындан жети-сегиз жыл мурун ММК булактары 2011-жылы Кыргызстанда катуу жер титирөө болот деген маалыматтарды таратты эле. Учурда 2016-жылга чейин катуу зилзала күтүлүүдө деген кептер жүрүүдө...
- Аны биздин институттун адистери изилдеп, жыйынтык чыгарышкан. Өткөн кылымдын башынан тартып, өлкөбүздөгү зилзала активдүүлүгүн жана тынчып калган мезгилди аныктап атайын график түзүшкөн. Мисалы,1902-жылдан 1919-жылга чейин катуу жер титирөөлөр болгон. 1920-жылдан 1937-жылга чейин тынчыган да, кайра 1938-1957-жылдары зилзала активдүүлүгү күчөгөн. 1958-1973-жылдары тынчыган.1974-жылдан тартып 1992-жылга чейин активдүүлүк күч алган.1993-жылдан 2007-жылга чейин тынч болсо, эми 2008-жылдан 2025-жылга чейин зилзала активдүүлүгү башталат. Ушул графиктеги көрсөткүчтөрдүн баары болуп келген. Эми ушул графикке таянып божомолдоп атабыз. Эгер алардын ортосу ушундай болсо, 2025-жылга чейин активдүүлүк күч алып, анан тынчыйт. Бул активдүүлүктүн башталышынын белгиси 2008-жылы Нурада катуу жер титирөө болгон. Бул далилденип атат.
- Зилзала болор алдында элдин психологиясы өзгөрүп, эмоция, ызы-чууга жакын болуп кетет деп окумуштуулардын айтканы бар...
- Анын кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар. Мисалы, зилзала жер кыртышында тектоникалык чыңалуу топтолгондо пайда болот. Бир тоону экинчи тоо басып калган учурда экөө кысылышат да чыңалуулар пайда болуп, чогулуп уюп турат. Анан убагы жеткенде ошол чыңалуулар түркүгү пайда болуп, алар бошогондо жер титирөөлөр болот. Чыңалуулар топтолгон жерге жайгашкан эл өзүн-өзү ыңгайсыз сезип, эмне болуп атканын түшүнбөйт. Көңүлү чөгүп, кыжыры бат келип, эмоцияга алдырып, психологиясына таасир берет. Жер титирер алдында башка жаныбарлар алдын ала сезип, иттер улуп, мал тынчсыздангандай эле адамдар да сезишет. Бирок биз психологиянын өзгөрүшүн башка жактан издеп шылтоо табабыз. А негизи бул зилзала болору жөнүндө белгилер болушу мүмкүн. Ошондуктан дүрбөлөң болгон жерлерде жер титирөө көп катталат. Мисалы, өткөн жылы Ошто болгон коогалаңдан кийин беш баллдагы жер титирөө болду, бирок элдин көңүлү ызы-чууда болгондуктан ага көп маани беришкен жок. Эми мунун теория катары кабыл алса болот.
- Негизи Кыргызстанда жылына канча зилзала болуп турат?
- Бир жылда үч миңге жакын билинбеген силкинүүлөр болуп турат. Көбүнчөсү билинбей өтүп кетет. Бирок 15-20га жакыны сезилерлик деңгээлде катталат. Кээде 4-5 балл, кээ бирде 6 баллга жетет.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА