25.03.11 - 3-бет:
  Сая-саалы

Биз кимге алдатып жатабыз, ыя?
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Россияга иш сапары менен барганда орус тарап күйүүчү майын кошумча бажы төлөмдөрсүз сатууга макулдук берген. Ошол себептүү күйүүчү май кымбаттабай турганы айтылган эле. Экономикалык тескөө министрлиги жүргүзгөн мониторингге караганда, тескерисинче 16-марттан 22-мартка чейинки аралыкта Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында күйүүчү майлар кымбаттаганы байкалган. Тактап айтканда, өлкө боюнча орточо эсеп менен А-80 бензини 1 пайызга, дизелдик күйүүчү май 1,6 пайызга кымбаттаган.

Бүгүн Бакиевдин соту болот
Акмат Бакиевдин соту бүгүн уланат. Мурдагы териштирүүлөрдө сот Акмат Бакиевдин башкоргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды канааттандырган эмес. Мурдагы президенттин инисине 2010-жылдын май айында "массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук менен башкалардан акча өндүргөн" деген айыптар тагылган. Ал жана анын адвокаттары коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келатышат.

Олда байкуш, он миллион
Шаршембиде болуп өткөн КСДП фракциясынын жыйынында Улуттук банк төрайымы Бактыгүл Жээнбаева "АзияУниверсалБанк" ААКсынын дагы бир айыбын ачыктады. Анын айтымында, текшерүү убагында аталган банк Таиланд, АКШ, Жаңы Зеландияда катталган компанияларга кредит берген. Баарынан кызыгы, аларга кызылдай акча карматып жатып АУБ күрөөгө эч нерсе алган эмес. Улуттук банк башчысы буга MGN Group компаниясына берилген 10 млн. жашылбайды мисалга тартты. Анын айтымында, бул сумманы Кыргызстан эми эч кандай жол менен кайтара албайт. Мындан сырткары, АУБду текшерүүдө мурда ооз толтура айтылган 2,5 млрд. сомдук баалуу кагаздар жок болуп чыккан.

Геннадий Павлюктун өлүмү буйрутма эмеспи?
Алматы шаарында кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишти тергөө аяктады. Эң кызыгы, тергөө иштеринде журналист саясый буйрутманын негизинде өлтүрүлгөн деген негиз жок. Павлюктун аялынын адвокаты Акмат Алагушев ушундан улам Алматыга кайра барат. Павлюк 2009-жылы 16-декабрда Алматы шаарында колу-буту байланган оор абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан табылып, көп өтпөй ооруканада эс-учуна келбеген бойдон кайтыш болгон. Ошол кездеги кыргыз оппозициясынын өкүлдөрү муну Павлюктун журналисттик ишмердиги менен байланыштырышкан.

Камбар-Ата 2 "казалдары" кайра башталды
Камбар-Ата 2 ГЭСин куруу боюнча Россия менен түзүлгөн келишимди ишке ашыруу кайра жанданды. Макулдашуунун баштапкы шарттарына ылайык, 1 млрд. 700 млн. доллар эмес, инвестициялык каражатты 4 млрд. долларга чейин көбөйтүү жагы каралып жатат. Бул келишимди ишке ашыруу шарттарын жана мөөнөтүн аныктоо максатында жакында Россиядан атайын делегация келет. Камбар-Ата 2 ГЭСин куруу боюнча келишимге 2009-жылы 3-февралда мурунку президент Курманбек Бакиевдин Россияга жасаган сапары учурунда кол коюлган. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин солгундап кеткенине байланыштуу каражат берилбей келген.




  Крим-аалы

Колуңа шал тийгир
Борбордогу Свердлов РИИБине 21-март күнү шаардык таштанды төгүлчү жайдан эки кишинин күйгөн сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Изкубарлар ал жерден эки кишинин өрттөлгөн сөөгүн көрүп, алардын Космос, Женя экенин такташты. Эртеси аларды өрттөп өлтүргөн Ысык-Ата районунун 23 жаштагы тургуну кармалды. Көрсө ал чырдаша кетип, Космос менен Женя жашаган чатырга бензин куюп өрттөп жиберген экен.

Дос сөрөйдүн кылганы
Борбордогу ооруканалардын бирине башына ок тийген 20 жаштагы жигит түшүп, эсине келбей көз жумган. Ал жигитти башка аткан аны менен чогуу бир батирде жашаган 21 жаштагы досу болуп чыкты. Кылмышкердин үйүн текшерген тартип сакчылары андан газ пистолетин табышты. Учурда кылмышкер шеригин неге өлтүргөнүн айтып берип атат.

Кирпичтен ажал тапкан
Ысык-Ата районунун Киров айылындагы кыш чыгарчу заводдо кароолчу болуп иштеген адамды кыйнап өлтүргөн кылмышкер жакында кармалды. Ал аталган райондун тургуну, мурда да темир тор даамын татып келген кылмышкер болуп чыкты. Кылмышкер кароолчу менен уруша кетип, аны башка кирпич менен чаап өлтүргөнүн мойнуна алды.

Барымта деген бандитчилик
Төмөнкү Серафимовка айылынын жашоочусу үйүнүн жертөлөсүнө 39 жаштагы таанышын камап, колу-бутун таңып, уруп-согуп, өлтүрөбүз деп коркутуп, акча талап кылган экен. Барымтага түшкөн адам Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашаган. Бирок барымтачылардын тилеги таш каап, тез эле изкубарлардын кылтагына түштү. Тергөө иштеринен алар ортосундагы келишпестиктен улам барымтага кармап өч алууну көздөгөндөрү дайын болду.

Алыскы жолдогу азыткы
Казакстандын Акмоло облусундагы Екатеринбург-Алматы автотрассасынан жүк ташуучу эки чоң машине кагылышып, өрттөнүп кеткен. Кырсыкка кабылган унаанын биринде эки кыргыз, бир казак жигит болгон. Окуя болгон жерден машиненин ичиндегилер мерт болушуп, ким экенин такталууда.

Өлө албай жүргөн неме го
Москванын Тухорецкий бульварынан кыргызстандык жигит экстремисттик чакырыктар жазылган "Хизб-ут Тахрир аль-ислами" баракчаларын таркатып жүргөн жеринен кармалды. Колго түшкөн кыргыз анын максаты Москвага мусулман баракчаларын таратуу экенин айткан. Россиянын тартип сакчылары мыйзамсыз иш алпарган кыргызды түрмөгө камап, тергөө иштерин башташты.




  И-тагдаалы

Америка адатынча акыл үйрөтүүдө
Кечээтен бери АКШ эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) Борбор Азия университети менен бирге Ош шаарында жергиликтүү ишкерлердин жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн эки күндүк талкуу өткөрүп жатат. Анда аймактагы экономиканы жандандыруу, июнь коогасынан кийинки абалды турукташтыруу боюнча сунуштар талкууланууда.

Аянтка эстелик коюлат
Бишкектин Ала-Тоо аянтынын батыш тарабына апрель ыңкылабына арналган эстелик коюлат. Шаардык мэрия эстеликтер арасында атайын сынак жарыялап, ага 36 долбоор келип түшүп, ак менен кара таштын ажырашынан турган, кара ташты эл түртүп жаткан элес камтылган эстелик жеңүүчү деп табылды.

"Фронтко" аттанган тынчтык кербени
Кечээ Бишкектен түштүккө "Тынчтык кербени" деп аталган топ жөнөп кетти. Бул иш-чаранын алкагында Бишкектеги Ислам университетинин 20дан ашык мугалими Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы, Ноокат, Өзгөн жана Кара-Суу райондорундагы мечиттерде болуп элди ынтымакка, биримдикке чакырган дарстарды окушат. Кербен сапары 27-марттка чейин созулат.

Үч айга жетпеген убакытта 9 баланы жайлашты
Жыл башынан бери Кыргызстанда балдар аралашкан 116 жол кырсыгы катталып, натыйжада 9 бала өлүп, 124ү жаракат алды. Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы балдар көбүнесе жолдо жүрүүнүн эрежесин жакшы билбегендиктен машинеге урунуп калышат дейт. Аталган башкармалык айдоочуларды балдар көп өтө турган жерлерде сак болууга, ата-энелерди балдарына жолдо жүрүүнүн эрежесин кайталап үйрөтүп турууга чакырды. Былтыр жол кырсыгынан 113 бала каза тапкан.

"Өлбөс баатырлар" даңкталат
3-апрель күнү мамлекеттик Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде Ч.Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты Асан Турсункуловдун Аксы окуясында жана 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон жигиттердин эстелигине арналган "Өлбөс баатырлар" аттуу 97 портреттен турган көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болот. Графикалык жанрда иштелген автордун бул эмгеги, бабалар баскан жолдо баатырларча курман болгон уулдарга таазим кылган жеке көргөзмөсү.

Кыргыз ырчылары АКШны "багындырууда"
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын артисттери Түркиянын Анкара менен Стамбул шаарларында, АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан түрк тилдүү элдердин музыкалык-фольклордук фестивалдарына катышып жатышат. 18-мартта башталган бул иш-чаралар 31-мартта жыйынтыкталмакчы.

"Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат"
Кечээ кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди. Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, республикада 2010-жылы кургак учук оорусу менен 5300дөй адам катталды. Ооруну жуктуруп алгандар Нарын менен Талас облустарында көбөйгөн. Ички миграциянын айынан Чүй облусунда да аталган илдеттин тарашы жогорулаган. Кыргыз түрмөлөрүндө кургак учук оорусун алдын алуу, жайылтпоо маселеси курч турат.




  Жума кабары

Жаңы уюлдук компания жаралат дейби, ыя?
Өкмөт уюлдук компаниялар чырынан өлөрчө тажадыбы, айтор, эми жүз пайыз мамлекеттик болгон жаңы уюлдук байланыш операторун түзүүгө бет бурду. Мамлекеттик байланыш агенттигинин билдиришинче, бүгүн өкмөт жыйынында жаңы компанияны түзүү боюнча мыйзам долбоорун агенттик директору Алмазбек Кадыркулов ортого алып чыгат. Айрым маалыматтарга таянсак, жакында "жарала" турган жаңы компания Кыргызстандагы жыштык ресурстарын тейлөө жана уюлдук байланыш кызматын сунуштоочуларга укук берүү вазийпаларын колго алмакчы. Транспорт жана коммуникация министринин орунбасары Таалайбек Эшалиевдин айтымында, бул маселенин аки-чүкүсү бүгүнкү отурумдан кийин гана билинет. Бирок жүз пайыз мамлекеттики дегенге ишенүү кыйын болуп турат. Мегакомдун кокту-колоттон чыккан кожоюндары болсо, эгер мамлекет жаңы оператор түзсө, бизге он, жүз миллиондогон жашылбайларды төлөп берүүсү керек деп сак-сактап турушат. Ал эми Чубактын кунундай чубалган Мегаком чырына качан чекит коюлары азырынча табышмак.