mainkaptal
Пользовательский поиск
  Берки жээк

Канат ИСАЕВ,
"Республика" фракциясынын лидери:
"Ата журттун" айрым депутаттарын криминал коркутуптур…"
ЖоКедеги "Республика" фракциясынын жетекчиси Канатбек ИСАЕВ айрым "ата журтчу" депутаттарды Араб эмираттарында бөгүп жаткан кримдүйнө лөктөрү коркутуп атканын билдирди. Ошондой эле кылмыш чөйрөсү менен карым-катнашта жүргөн эл өкүлдөрүн тийиштүү органдар аныкташы зарылдыгын кошумчалады. Бул боюнча "Республика", "Ата журт" фракцияларынын лидерлери ойлорун төмөнкүчө ортого салышты.


- Курама өкмөттүн алдына койгон орчундуу максаттарынын бири - уюшкан кылмыштуулуктун тамырын кыркуу эле. Өкмөт айткан сөзүнө туруп, кримдүйнөгө каршы күрөш жарыялады. Криминалдык чөйрөнүн жетимиштен ашуун активдүү мүчөсү кармалып, айрымдарына издөө салынды.
Өкмөттүн, анын ичинде Ички иштер министрлигинин аракети натыйжа бере баштагандан кийин негедир "Ата журт" фракциясынын кээ бир депутаттары негизсиз эле коалициядан чыгарын жар салышты. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Араб эмираттарында жашырынып жүргөн кылмыштуу топтун лидерлери "Ата журттун" айрым өкүлдөрүнө кысым көрсөтүп атыптыр. Ошонун негизинде парламенттик көпчүлүктү уратып, жаңы өкмөт куроону пландаганы тууралуу бизде маалымат бар.
- Криминалдын кысымына кабылган кесиптештериңиздин ысымдарын ачык айтпайсызбы?
- Эми ал этикага жатпайт. Анүстүнө бул такталбаган маалымат болгондуктан конкреттүү айтыш кыйын. Муну маалымат каражаттары изилдеп, аныгына чыкса керек.
- Парламентте кримдүйнө менен тыгыз алака курган адамдар бар экендиги буга чейин эле айтылып келет. Неге ага карата чара колдонбойсуздар?
- Кесиптештерибизге чара колдоно тургандай механизм жок. Муну сот органдары аныктасын.
- "Ата журт" фракциясы 10 талап койду. Алардан бөлөк да "көмүскө" талаптар бар дейт. Маселен, 1-вице-премьер, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду кызматынан кетирүү "ата журтчулардын" негизги мүдөөсү экен. Эгер өкмөт башчысы буга макул болсо, сиз жетектеген фракция кандай чара колдонот?
- "Ата журттун" талабы баарыбызга белгилүү. Ал эми андан бөлөк дагы кандай талаптар бар экенин билбейм. Бирок Бабановду кызматынан кетсин деген талап "Ата журт" фракциясынан түшкөн эмес. Анткени "Ата журт" менен КСДП фракциясынын добушу көпчүлүктү түзбөйт. Демек, алардын аракети жүзөгө ашпайт. Биз деле оозубузду ачып отура бербейбиз, кырдаалга жараша иш жасайбыз.
Өмүрбек Бабановго күнөө коюудан мурда ириде аны далилдеш керек. Тагылган айыптар аныкталса, анда фракциянын чечимин чыгарып, өзүбүз эле Өмүрбек Токтогуловичти кетиңиз дейбиз. Арийне, бүгүнкү күндө ага негиз жок.
Жума башында 12 депутаттан турган коалициялык кеңеш түзүлдү. Ал 10 талапты талкуулайт. Коюлган талаптар коалицияга кирген партиялардын позициясына, программаларына дал келсе, аларды сөзсүз түрдө колдоп беребиз.
- "Республика" фракциясы коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзүүгө далалат кылгандай. Бирок, парламенттик көпчүлүктүн кээ бир мүчөлөрү буга бут тосконсуйт...
- Биздин фракция жүргүзүп аткан саясатка ачык каршы болгондор жок. Балким, тымызын бут тосууга аракеттенсе аракеттенишкендир. Тоскоолдуктарга карабастан, коррупцияга бөгөт коюунун үстүндө иштеп атабыз. Алсак, "Республикадан" сунушталган жигит "Манас" аэропортунун президенттигине дайындалды. Ал баргандан кийин эле буга чейин аэропортто калыптанган коррупциялык схеманы аныктады. "Манастан" миллиондор уурдалып, өлкө казынасына зыян келтириптир. Далилдүү документтер тиешелүү органдарга жөнөтүлгөнү тууралуу кабарым бар.
Ошол эле Мегаком компаниясында апрель окуясынан кийин 143 млн. сом уурдалганы ачыкка чыкты. Ошого карабастан Башпрокуратура кылмыш ишин козгогон жок. Тескерисинче, кыргыз өкмөтү дайындаган эки адамга кылмыш иш ачты. "Республика" фракциясы мындай көрүнүшкө кайдыгер карабай, башпрокурор Кубатбек Байболовду кызматтан кетсин деген талап коюп атабыз. А кишинин үй-бүлөсү Америкада жашайт. Өзү деле Кыргызстандагы бизнес объектилерин сатып бүтөр замат Америкага кетерин жакын санаалаштарына айтканын уктук. Минтип ишине көңүл кош мамиле жасаган адам кимди жыргатат? Мамлекетибиз үчүн жакшы кызмат кыла алабы? Элин, жерин таштап кетем деген адамдар мамлекеттик кызматта турбашы керек.




  Аркы жээк

Камчыбек ТАШИЕВ,
"Ата журт" фракциясынын лидери:
"Исаев өзү коркуп жүрбөсүн…"

- "Республика" фракциясынын жетекчиси ошондой интервью берсе, анда ал кайсы депутатты ким коркутуп атканын ачык айтышы керек эле. Канат Исаев далилсиз маалыматтын негизинде "Ата журт" фракциясына көө сүрткөнгө акысы жок. Эч ким эч кимди коркутпайт жана эч ким эч кимден корккон жери жок. Кимдир бирөөдөн коркуш же коркпош биздин маселе эмес. Ага ошо корккондор баш оорутушсун.
- Негедир "Ата журттагы" айрым лөктөрдү кримчөйрө менен жылуу алакада дешет. Дегеним, Канат мырза деле жөн айтпагандыр…
- "Ата журт" партиясынын криминалдык чөйрө менен байланышы жок. Бул биринчиси.
Экинчиден, туура, биздин партияда жаш, спорттун түрү менен машыккан жигиттер арбын. Алар таланттуу спортчуларга демөөрчүлүк кылып келишет. Ошондон улам эле "ата журтчуларды" криминалга байланыштырыш жакшыбы? Менимче, бул калпыс түшүнүк. "Ата журт" кылмыш дүйнөсүнүн жардамын алган эмес жана албайт дагы.
- Кесиптешиңиз Канат Исаев "кээ бир "ата журтчу" депутаттар криминалдын кысымына чыдабай атышат. Анын кесепетинен коалиция ыдырашы ыктымал" дейт.
- Коалициянын тараш-тарабашын криминалга байланыштырган туура эмес. Саясатка тиешелүү иш-чараларды кылмыш дүйнөсүнө аралаштырбаш керек. Исаеви болобу же башкасыбы, эгер криминалдар айрым депутаттарды коркутуп атканын көрсө ачык айтышсын. Божомолду урдуруп, коомчулуктун башын айландырган жарабайт.
- Анда коалицияны кулатуу демилгеси неге көтөрүлдү?
- Канат Исаев парламенттик көпчүлүктүн башчысы. Анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу коалиция ыдырайт-ыдырабайт маселеси козголду. Себеби, ушу кезге чейин коалициянын жобосу бекилбей, кеңеши түзүлбөдү. Бул коалиция эмей эле эки барактын негизинде куралган бирикме болуп калды.
Бир дагы мамлекеттик масштабдагы саясый жана экономикалык маселелерди алып чыгып талкуулабаса, анда ал коалициябы? Жок. Мындан улам биз он талап койдук. Он талап аткарылса гана коалиция толук кандуу иштейт.
Шейшембиде коалициялык кеңеш куралып, иш акырындап жандана баштады. Өзүбүз баш көтөрүп талабыбызды айтпасак, коалиция иштемек эмес. Балким, кимдир бирөө үчүн жалган сүйлөп, "криминал жүрөк үшүбүздү алып атат" деп отура бериш керек болгондур…
"Ата журт" фракциясынын жыйынында коалициялык макулдашууну бүт элге жарыялоо чечими кабыл алынды. Бүгүнтөн тартып коалициялык макулдашуу коомчулукка таратылат. Ошондо жамы журт, журналисттер аны талкуулайсыңар.
- Фракция жыйынында Нурлан Сулайманов мандатынан ажыратылышы мүмкүндүгүн айттыңыз. Ал чындап эле депутаттыктан "куулабы"?
- Фракциянын өзүнүн жобосу бар. Жобого ылайык, бардык чечимдерди фракция мүчөлөрү аткарууга милдеттүү. 15-марттагы жыйында 22-мартка чейин талаптарыбызды коебуз. Ага чейин эч ким комментарий бербейт деген чечимге токтолгонбуз. Ал эми Нурлан Сулайманов кимдир бирөөлөрдүн шыкагы мененби, айтор, алдын ала эле коалиция тарабай тургандыгын жарыялады. Мен "Ата журттун" жетекчиси катары тартипти сакташым керек. Кимде ким жобону сактабаса, жоопкерчиликке тартылышы абзел. Мындан улам Сулаймановго фракция катарынан чыгуу жана депутаттык мандатын тапшыруу боюнча сунуш бердим. Бул маселе жакын арада фракция жыйынында талкууланып, чечим кабыл алынат.
- Он талаптан сырткары Башпрокуратура менен Жогорку сотту "Ата журтка" ыйгаруу маселеси кабыргасынан коюлганы чынбы?
- Азырынча Жогорку сот, Башпрокуратура башчысы иштеп атат. Эгер алар кызматтан алынса, биз өзүбүздүн талапты айтышыбыз мүмкүн. Жетекчилиги алмаша элек мекемени талашпайбыз.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru,
тел.:38-67-19




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ