01.04.11 - 10-бет:
  Эрөөл

Кыргыз коомчулугунда көптөн бери Белоруссия, Россия, Казакстан 2009-жылы түзгөн Бажы союзуна Кыргызстандын кирүү же кирбөө маселеси кызуу талкууга алынып келет. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дегендей, бул маселе боюнча эки үлкөн экономист агаларыбызга кайрылдык. Кимисиники жөндүү, а кимисиники жөнсүз экенин талдоо окурмандардын эркинде.


Айылчы САРЫБАЕВ, Экономика илиминин доктору, профессор:
"Ач-жылаңач тентип калабыз"

- Айылчы мырза, айрым эксперттер Кыргызстан бирдиктүү бажы союзуна кирбесе каржы кургуйуна кулап түшөт дешет. Бул боюнча сиз кандай пикирдесиз?
- Бул тек гана куру кыйкырык. Бажы союзуна кирген Белоруссия, Россия, Казакстан өз ара чегараларын ачып коюп иштеп атышат. Бирок алардын башка өлкөлөр менен болгон чегаралары жабык. А Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) мүчө болгондуктан, бардык өлкөлөр үчүн чегарасы ачык. А союзга кирсек, биз Кытай, Түркия, Иран, Пакистан менен болгон кызматташтык чегарасын жабышыбыз керек. Кыргызстан бажы союзуна киргенде Казакстан, Россиянын деңгээлиндеги айлыкты бере албаса, алардын бааларын эл кантип көтөрөт? Биз азыр Кытайдан келген арзан товар, продукциялар менен оокат кылып атабыз. Эгер биз бажы союзуна кирсек, ага мүчө өлкөлөрдөн арзан товар алганыбыз менен кытай товарларына өтө жогорку бажы төлөмдөрүн коюшубуз керек болот. Ага Кытай макул болобу?
- Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев былтыр бажы союзу 2015-жылга чейин Россия, Белоруссия, Казакстандын ИДПсын 15 пайызга жогорулатууга шарт түзөрүн айткан. Ал муну тегин жерден айтпаса керек?
- Казакстан союзга кирсе-кирбесе деле өлкөнүн ИДПсы нефть, газ, алтын, металл өндүрүүдөн көбөйүп атат. Бул болгону Россия, Белоруссия менен эле болгон саясат. Анткени Россия, Казакстан азыр дүйнө жүзүнө нефть, газ сатып байып атышат. Кыргызстан эми ошол нефть, газ үчүн эле союзга кириши керекпи? Анүстүнө өзүбүздүн экономикабыз талкаланып калып, элибиз жумуш издеп тентиген сайын ого бетер буларга көз каранды болуп, союзга кире калсак эле баары чечилип калчудай сезилип атат. А 2012-13-жылдарга Москва менен Астана БДСУга мүчө болуп кирүүнү пландап койду. Бул ишке ашса бажы союзу өзүнөн өзү тарайт.
- Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Юруслан Тойчубеков бажы союзуна кирүүнү өнүгүүнүн бирден бир жолу деп жатпайбы?
- Бул эми таяктын эки учундай да. Кирсең да утуласың, кирбесең да утуласың. Кыргызча айтканда, өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат болуп турат. Ошон үчүн биз өзүбүздүн ички ресурстарыбызга, акыл-эсибизге таянашыбыз керек.
- Айрым экономисттер Кыргызстан бажы союзуна кирип, реэкспортту токтотуп өз продукциясын чыгарууга киришпесе экономика эгерим өнүкпөйт деп атышпайбы?
- Бажы союзуна кирсек эле өндүрүп кирет бекен? Ошол экономисттер мага механизмин айтып берсинчи. Экономиканы союз эле кармап турса, анда Кыргызстанды киргизишсин.
- Негизи эле союзга киргенибиз туура болобу же кирбегенибиз жөнбү?
- Экөө тең туура. Эгер кирсек, башка өлкөлөр менен кызматташтыгыбызды жоготуп албагыдай кылып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир оптималдуу вариант менен киришибиз керек. Анан жөн эле сүзүп кирип барган болбойт.
- Кокус биз бажы союзуна кирип кытай товарын реэкспорттоону токтотсок, экономикабызга доо кетиши мүмкүнбү?
- Доо кетмек түгүл ач-жылаңач тентип калабыз.
- Жергиликтүү экономисттер кытай товары экономикабыздын 30 пайызын гана түзөрүн, калган жашоо-турмуш өзүбүздүн тармактар менен толукталарын айтып жүрүшпөйбү?
- Таптакыр андай эмес. Кытайдын арзан товарын демпинг деп коет. Башкача айтканда, Кытай арзан товарларды чыгарып дүйнөлүк рынокту ээлеп атат. Бул алардын страгетиялык саясаты. Ошо Кытайдын демпинг саясаты биздин экономикабызды эбак эле өлтүрүп салган. Эгер Кытайдан келген товарларды жапсак Кыргызстандагы курулуштун баары токтоп, базарлардагы кийим-кече кымбаттап, тартыш болот. Ошону элибиз көтөрө алабы? Туура, муну жабыш керек. Бажыканага экономикалык тоскоолдуктарды коюп өзүбүздүн экономиканы көтөрүүгө аракет кылуу керек. Бирок муну ойлонулган, комплекстүү чаралар менен чечишибиз зарыл.
- Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жакында эле реэкспорттоо менен жашай албасыбызды, бажы союзуна кирүүнүн пайдалуу жагы көп экенин айтты го.
- Балким анын өзүнчө стратегиялык пландары бардыр. Бирок союзга кирбесек деле эмне үчүн Россия, Казакстандан бизге гумжардамдан башка экономикалык инвестициялар жок? Чет өлкөлөрдөн келген каражатты биз эки бөлүп карашыбыз керек. Грант менен гумжардам - бул өлкөнү өлтүрө турган нерсе. Ал эми энергетиканы, айыл чарбасын, өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган инвестиция болсо, бул жакшы нерсе. Тилекке каршы, андай процесстер байкала элек.
- Кокус биз бажы союзуна кирип калсак кандай өзгөрүү болушу мүмкүн?
- Казакстанга окшоп кытай товарларын контрабанда менен алып калабыз.


Юруслан ТОЙЧУБЕКОВ, Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын жетекчиси:
"Бажы союзуна кирсек Кыргызстан кыйла оңолот"

- Юруслан мырза, бажы союзуна кирүүдөн биз эмне пайда табабыз?
- Бажы союзу - бул өзүнчө экономикалык аянт. Кандай кыйын мамлекет болбосун 5 млн. калкы менен ортодо туруп өнүгүп кете албайт. Азыр Сингапур, Түштүк Корея, Тайвань, Гонконг өлкөлөрүн укмуш өнүктү деп атабыз. Анткени булар биригип иштеп, ушундай ийгиликке жетишип отурушат. Ошондуктан биз жакшы өнүгүп кетишибиз үчүн башка мамлекеттер менен жакшы бир келишимде болушубуз керек. Мисалы, Россия, Казакстан, Белоруссия менен бириксек биз үчүн жакшы эле болчудай. Себеби аларда өндүрүлгөн өндүрүш, айыл чарба продукциялары бизде жок. Алсак, Россияда лен, суу май чыгара турган күн карама өсөт. Тескерисинче, бизде өскөн беденин, капустанын, кызылчанын уругун өндүрүү ал жакта кыйыныраак. Башка жакта биздегидей өрүк, төөбуурчак, коон, дарбыз жакшы өспөйт. Эгер биз бажы келишимине келип экономикалык бир аянтка бириксек, бизде өндүрүлбөгөндү алардан алып, биз өндүргөн продукциябызды аларга сатып өнүкмөкпүз.
- Айрым экономисттер бажы союзунун пайдасынан зыяны көп деп атышпайбы?
- Биз мындай мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланышыбыз керек. Мисалы, Кыргызстан биринчи улуттук валютасын киргизип, алгачкылардан болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирди. Бирок экөөнү тең туура пайдалана алган жок. Өнүгүп келаткан мамлекеттен өнүгүп кеткен өлкөгө өтүүдө да бизде стабилдүүлүк болбой атып артта калдык. Мисалы, Малайзияда эч качан "кетсин" деген болбойт, бирөөнүн мүлкүн бирөө тартып албайт, өрттөбөйт, бандиттик топтор жок. Ошон үчүн ал өлкө өнүгүп жатат. Экинчиден, бизде шартка жараша туура бийлик жүргүзүү, реформа кылуу деген болбой атат. Азыр ким болбосун өрттөп кетеби же алып коюшабы деп жаңы ишкана ачуудан коркуп турат. Ошондуктан биз бажы союзуна кирүүгө канчалык деңгээлде даярбыз, союзга мүчө өлкөлөргө кандай талаптарды коюп, кайсы багыттарда өнүгүп кеталабыз деген маселелерди ойлонуштуруп койсок, бул бирикмеден эч кандай зыян болбойт. Анан көрөлүчү, киреличи дей берсек, натыйжа чыкпайт. Киребиз же кирбейбиз деп так жооп кылышыбыз керек.
- Бажы союзунун бирдиктүү бажы тарифинин 92 пайызы Россиянын азыркы бажы тарифинин эле көчүрмөсү. Андыктан бажы союзуна кирүү менен Кыргызстан Россияга башын байлап берет дегендер да жок эмес. Буга не дейсиз?
- (Күлүп) Биз анда азыртадан экономикалык келишимди Кытай, Америка же Россиянын бирөө менен түзөрүбүздү аныктап алышыбыз керек. Карап көрсөк, биз темир-тезек, техника, тактай, күйүүчү майды Америка менен Кытайдан эмес, Россиядан алып жатпайбызбы. Ушундай эле көп нерсени Казакстандан, трактор, керектүү жабдыктарды Белоруссиядан алып атабыз. Бажы союзуна кирсек, ушунун баарын арзан, салыксыз алганы жатпайбызбы. Учурда ушул нерселердин баарын кымбаттатылган баа менен алып атабыз. Анан биз неден тартынып, коркушубуз керек?
- Бажы союзуна кирсек Кытайдан келген товарлар азайып, реэкспорттун эсебинен күн көргөн кыргыз экономикасы кыйрайт дегендерге кандай жооп кыласыз?
- Реэкспорт менен жашайбыз деген бул шылтоо. Биз аны менен жашаган жерибиз жок. Кытайдан түшкөн бир аз товарды реэкспорт деп кантип айтабыз. Реэкспорт менен жашайт деп калкынын саны биздикине барабар Сингапурду айтсак болот. Бул өлкө азыр өнүккөн мамлекеттердин алдыңкысы. Бүгүнкү күнү Сингапурга 117 млрд. долларлык товар, продукция сырттан кирет, а кайра 138 млрд. долларлык товар тышка чагарат. Мына ушуну реэкспорт менен жашоо десек жарашат. А Кыргызстандыкын карасак, сыртка чыгарганынан тыштан киргизгени кыйла көп. Анан кантип биз реэкспорт менен жашап атабыз деп айта алабыз?
- Бажы союзуна кирсек баалар асманга чыгат деген кооптонуулар бар. Эл кыйналбайбы?
- Азыр өлкөдөгү азык-түлүк баалары дүйнөлүк баалар менен барабар болду. Эми мындан да жогорку баа болбойт. Бажы союзуна кирсек, тескерисинче ун, май, кумшекер, күйүүчү май арзан болот. Бизди мүчө өлкөлөр тартипке чакырып, коррупция азаят. Мунун баары ишке ашарына көзүм жетет.
- Бажы союзу түзүлүп калса кылмыштуу топторго жакшы шарт түзүлүп, баңгизаттары эркин өтө баштайт деген кооптонуулар бар. Бул боюнча эмне айтасыз?
- Жок, андай болбойт. Тескерисинче, бажы союзуна кирсек Россия менен антитеррористтик борбор түзүлсө, мунун баары азаят го деп ойлойм. Кыскасы, биз илгертен тыгыз алакада келаткандыктан ушул мамлекеттер менен гана бирге өнүгө алабыз.
Мелис СОВЕТ уулу