mainkaptal
Пользовательский поиск
  Аткарылбай калган арман

Кубатбек БАЙБОЛОВ, экс-башпрокурор:
"Роза Отунбаевага кылмыш ишин козгогом"
Бийликтегилердин тиреши күчөп баратканын коомчулук көрүп турат. Өзгөчө Башкы прокуратура боюнча айтылган сөз көп. Экс-башпрокурор Кубатбек Байболовдун да жетерине жеткизишкенби, кызматтан кетээр алдында "Жаңы Агымга" агынан жарылды.


- Кубатбек Калбекович, жакында УКМК Meгакомго байланыштуу Башкы прокурордун "тууганы" мыйзам чегинде суракка алынып жатканын билдирген. Ал киши сиздин жубайыңыз Нуржамал Байболова экенин жакшы билебиз. Кыргызда аялын тууган деп айтчу эмес эле. Сөз сыйлаган адам катары айтсаңыз, УКМКнын бул эмне деп тергегени?
- Кызык экен. Жубайыңды тууган деп айтууга болобу-болбойбу мурун-кийин ойлобоптурмун. Сыягы, болбойт окшойт. Себеби Нуржамалдын иши чатак эле.16-мартта Мегакомдун тышкы башкаруучусу Азамат Мурзалиев менин жубайым Нуржамал Байболованы Мегакомдогу шектүү операцияларга катыштыгы бар деп билдирген. Мен дагы башында алардын аракетин кызматымды талашып жаткандардын, көрө албастардын жапкан жалаасы катары кабыл алгам. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгында Мегакомдун 400 миң доллары "Сарамжал транс" компаниясы аркылуу Нуржамал Байболовага таандык компанияга "сыйкырдуу" жолдор менен өтүп кеткени аныкталды. Кыскасы, Н.Байболова менин атымды кызылдай сатып, жогорудагыдай жол менен карапайым адамдын түшүнө кирбеген акча тапкан. Мен дароо кылмыш ишин козготтургам.
- Нуржамал жеңебизгеби? Өзүңүздүн жубайыңызгабы?
- Бул жерде таң кала турган эчтеме жок. Эгер күнөөсү далилденсе өзүмдүн атама деле кылмыш ишин козгомокмун. Анткени коомчулук канча жылдардан бери менин позициямды, ким экенимди жакшы билет. Ал эми чуусу Чубактын кунундай чубалган Мегакомго келсек, анын айланасындагы көз боемочулук көптөрдүн көзүн тазалайт окшоп калды...
- Муну менен эмне айткыңыз келет?
- Мына өзүңөр көрүп турасыңар, эшикте жаз. Бирок менин эркиме коюшса ушул жаздын көктөмүн кыргыз саясатында жүргөн, аты таш жарган далайлар темир тордун ар жагында тосуп калышмак. Ток этер жерин айтканда, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, президенттик аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев, ЖК депутаты Курсан Асанов, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев мурдагы убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров деген үлкөндөргө кылмыш иши козголгон. Буларың каза берсе түгөнбөгөн Кадамжай экен тимеле. Ар биринин кылмыш иши алтымыш том болуп кетти.
- Далилиңер барбы? Чыга албай турган көздөй болуп араң турган коомчулук эртең жарылып кетпесин...
- Коомчулук тескерисинче, Байболовго ырахмат айтсын. Айталы, Өмүрбек Бабанов Мегакомду менчиктейм дегени аз келгенсип, биртоп кирешелүү ишканаларга рейдерлик жасаган. Азыркы ЖК депутаты Искак Пирматов экөө "Кыргызнефтегаздын" тегерегинде коррупциялык система түзүп алып, мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирген. Ал эми Эмилбек Каптагаевге тээ илгери Ысык-Көлдүн администрация башчысы болуп турганда мыйзамсыз аракеттерди жасаган деп кылмыш иши козголуп, бирок түшүнүксүз себептер менен жабылып калган экен. Ошону чукуп чыксак, ар жагынан чубалганы канча?! Убактылуу өкмөттө жүргөндө аппаратка берилген 43 миң долларга да "колкабыш" кылып жиберсе керек. Тажрыйбалуу неме мунун баарын жиксиз жасаган да. Ошондой эле кай бир кызмат орундары үчүн "теракы" суроо Каптагаев үчүн картөшкө жегендей эле болуп калганын тастыктаган фактылар да чыгып жатат. Ал эми ажылыкты уюштурууда да ата-бала Каптагаевдердин калтасына 10 млн. евро агып кирип жатпайбы...
- Кубат Калбекович, айткандарыңыз чын болсо, ишенген кожолорубуз сууга аккан экен да?
- Көбүн айтпай жатпаймбы. Мисалы, Азимбек Бекназаров 7-апрелден кийин Бакиевдердин жана алардын жакындарынын мүлкүнө, акча эсептерине арест салган. Ошол эле учурда айрымдарга негизсиз арест салса, чындап эле арест киргизе турган мекемелер тескерисинче бошотулган. Албетте бекер эмес. Алар ошол жагдайдан пайдаланып өздөрүнүн мүлктөрүн башка адамдарга каттап, оңбогондой акчаларды чет мамлекетке чыгарып кетишкен. О-уу, айта берсек Азикенин кылбаганы барбы. Бу, эргулуң Ысык-Көлдөгү пансионаттарды улутташтыруу учурунда да эки пансионатты өзүнө энчилеп бөлүп кеткен эмеспи. Эми минтип чыгып атпайбы. Азимбекти барактай берсек бүтпөйт. Андан көрө башка сурооң барбы?
- УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев эмнесинен жазды экен? Биздин билишибизче, УКМК менен Башкы прокуратура тирешип жаткандай болду эле. Кылмыш иши сиздин ага болгон жеке таарынычыңыздан улам келип чыккан жокпу?
- Эсиңиздерде болуш керек, былтыр күзүндө "Ата журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге УКМК тарабынан кол салуу болгон. Бул боюнча аскер прокуратурасында эки берене боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчиси, бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү, экинчиси, кызмат абалынан пайдаланды деп. Ушулар боюнча тергөө жүргөн. Буга чейин "Ата журт" партиясынын кеңсеси өрттөлгөнү тууралуу козголгон кылмыш иши да тиркелген. Ушул иштердин артында УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин карааны турган. Ал тергөөнүн жүрүшүндө маалым болду. Учурда К.Дүйшөбаев башка иши түгөнүп калгансып, кызмат адамдарынын телефонун мыйзамсыз тыңшап, кулагы да узарып баратат. Кулагын түбүнөн үзүш керек, же кесиш керек эле. Жаңыдан Отунбаеванын былыктарын таап, анын Англиядагы вилласы жөнүндө фактыларды жыйнап, кылмыш ишин козгогондо, минтип кызматтан алып салбадыбы.
- Акыркы суроом, сиз актер катары айрым кинолорго тартылып жүрөт элеңиз. Кийинчерээк тартылбай калдыңыз, кызмат жолтоо болдубу?
- Эгер жакшы роль сунушталса убакыт тапмакмын, кашайып акыркы жолу мага сунушталган сценарийде мен бир жаш кыз менен төшөккө жатышым керек экен. Ошондон бери кино жакка жолобой жүрөм.
Муктар Азимов




  Бопоросуң барбы?

Алтын унитаз, 10 миң долларлык аттар жана массажист жигит
Карапайым адамдар белгилүү саясатчылардын жеке жашоосуна кызыгаары белгилүү. Бул жолу окурмандардан түшкөн айрым суроолорго саясатчылардын өздөрүнөн жооп алып бердик.
Каниет
КЕЛДИБАЕВ,
Алай району:
- Жогорку Кеңештин спикери Акматбек Келдибековдун ар бири кеминде 10 миң доллар турган 20 аты бар экен деп уктук. Ошол чынбы, билип бересиздерби?
Акматбек КЕЛДИБЕКОВ,
ЖК төрагасы:
"10 миң долларлык
10 атым бар"
- Каниет иним улакты сүйгөн жигиттерден окшойт. Анткени улактын азартына кирип кеткен адамга 4-5 ат да аздык кылып калат. Күлүгүң чарчаганда улам "сипсвежийин" минип чаап турган - улакчы үчүн чоң ырахат. 20 ат деп аша чаап жибериптир. Туура, менде мыкты, кымбат баалуу аттар бар. Алардын саны болгону 10 эле даана. Аларды таптап, суутуп турган атайын жигиттер да бар. Мен тоолук кыргыздар мекендеген Алайдын кулуну катары ат үстүндө чоңойгон баламын жана ушул убакка чейин ар бир жекшемби сайын Бишкектин четинде улак тартып эс алып келем. Мындан эч кандай саясат жасоонун кереги жок. Ар бир кыргыз жигити чет элдик кымбат баалуу унаалары менен мактанбай, асыл тукум күлүктөрүбүз менен мактанышса, кыргыз эли түпкүлүгүн жоготпойт эле.
Мээрим
ЖАРКЫНБАЕВА, Ысык-Көл облусу,
Саруу айылы:
- Бизде "Республика" партиясынын башчысы, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун үйүндөгү унитазы алтындан экен деген кеп жүрө баштады. Өмүрбек Токтогулович ушул кептин калп-чынын айтып берсе болот эле, анткени мен курбу кызым менен андай эмес деп мелдешип алгам.
Өмүрбек БАБАНОВ,
КР биринчи вице-премьер-министри:
"Алтын унитазым бар"
- Эми жашырганда эмне, парламенттик шайлоодон кийин биздин партияны "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" директору Роберт Вандер мырза куттуктап келип, мага тамаша иретинде Кумтөрдүн алтынынан жасалган унитаз белекке берген. Анан мен аны унутулгус белек катары үйгө коюп алгам. Ошону көрүп калган коноктор элге айтып коюшса керек. Вандер мырза аны бербесе деле меникиндей байлык менен алтындан унитаз жасатып алсам болот. Анткени мен миллиондогон доллар байлыкты өзүмдүн ак эмгегим менен иштеп тапкам.
Бактыгүл
КАРЫМШАКОВА, Арабаев атындагы КМПУ студенти:
- Былтыркы түштүктөгү каргашалуу окуяда элдик баатырга айланган КСДП депутаты Курсан Асанов биздин окуу жайда 5-курста окуган Айгерим аттуу сулууга үйлөнүптүр деген кеп угуп ишенбей койгом. Анткени ал киши менин жердешим болгондуктан, анын үй-бүлөлүү экенин билчүмүн. Өткөндө ал өзүнүн "KG" номурлуу кызмат машинеси менен жанагы кызды Агропромдун жанындагы окуу жайдын имаратына жеткирип келгенде чын окшойт деп ойлоп калдым. Өзү буга кандай жооп берет болду экен?
Курсан АСАНОВ, ЖК депутаты:
"Дагы 10 балалуу
болобуз"
- Сиз айткандай эле мен Арабаевде окуган Айгерим аттуу сулуунун колун сурап, экөөбүз баш кошконбуз. Анын ак сүйүүсүн акташ үчүн эл алдында мен аны жашырганым туура эмес. Ооба, менин үй-бүлөм, алты балам бар. Мусулманчылыкта эркек адам эгер бага алса төрт аял алса деле уруксат берилет. Көрүнгөн кызга тийип качкандан көрө мыйзамдуу түрдө төшөк жаңыртса эмнеге болбосун. Буюрса, кеминде 10 балалуу болуп, кыргыздын санын көбөйткөнгө салымымды кошом.
Бердибек
ШАБДАНАЛИЕВ, Бишкек шаары:
- Буга чейин саясатчылар премьер-министр болгондо эле төшөк жаңыртчу эле. Бул жолу Алмазбек Атамбаев да жогоруда айтылган салтты бузбады окшойт. Өткөндө Атамбаев той берди деди эле, үйлөндүбү?
Өкмөттүн басма сөз катчылыгы:
"Атамбаев
той берген"
- Алмаз Шаршенович жакында эле уулун үйлөнткөн. Окурман ошол той жөнүндө кеп салып жатса керек.
Санжар
ЧОТКАРАЕВ,
Бишкек шаары:
- Президент Роза Отунбаеванын массаж жасаган жапжаш жигити бар экен деген чынбы?
Султан КАНАЗАРОВ, президенттин басма сөз катчысы:
"Дарыгер
желкесин укаласа эмне экен"
- Мындай суроону мамлекет башчысына узаткандын өзү уят да. Берет десе эле ар кайсы суроону узата бербей маданиятка туура келген суроо бербейсиңерби. Биз деле журналист болгонбуз, субординация дегенди билесиңерби? Кандай гана президент болбосун өзүнүн жеке дарыгери, чачтарачы жана башка жардамчылары болот. Ал эми президент чарчаган учурда дарыгер анда-санда желкесин укалап бериши мүмкүн.
Арстан ДЕГЕНБАЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ