01.04.11 - 12-бет:
  Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?

Бир кесиптешим жыл башында "жолборс жылы жоболоңдуу болду, коен жылында коркуп жүрүп өтөбүз го" деди эле. Оозуна сала бергендей болуп жыл башынан бери ар бир өлкөдө элдик толкундоолор, ага куйрук улаш жаратылыш кырсыктары болуп келатат. Ошондон уламбы, азыр ичте, тышта жүргөн ар бир кыргызда башаламандыктан, жаратылыш кырсыгынан санаркоо бар. Бу жолу Япониядан убактылуу мекенине келген Васеда университетинин докторанты Сейтек КАЧКЫНБАЕВге кулак төшөдүк.

Сейтек Качкынбаев:
"Мамлекетти, улутту кайра курушубуз керек"
Японияда
Үй, имараттарды зилзала эмес, топон суу талкалап кетти

Жапонияда февраль, март айларында дээрлик бардык студенттер эс алууга чыгышат. Ошол учурдан пайдаланып мен Токиодон чыгып Ибараки деген префектурага досторума кеткен элем. Жатаканада отурсам, күндүзгү саат үчтөр чамасында жер силкинди. Үй ичиндеги эмеректер кулап баштаганда биринчи кабатка чуркап түшсөм эки кыз башын катып отурган экен, аларды шап колдон алып сыртка жетелей качтым. Бир аздан соң жер силкинүү токтоп калды. Таң аткыча зилзала бир нече жолу кайталанды. Бизди автобус менен коопсуз аймакка алып барышты. Ал жерде шарт болбогондуктан жерге эле жатып аттык. Ошончо тополоң болуп атса да тамак-аш менен убагында камсыз кылып турушту. Түн бир оокумда бир залга кирип телевизор көрдүк. Ошондо гана биз Жапониянын башка аймактарындагы алааматты көрдүк. Эртеси сыртта метролор, автобустар азайып калыптыр. Токиого келсем, эски имараттардын гана жогорку кабаттары бир аз талкаланганы болбосо, башка имараттар жер титирөө болбогондой эле мурдагы калыбында экен. Токио булуңунун жасалма аралындагы үйүмө кирсем баары жайында, китептерим, буюмдарым гана бир аз чачылып калыптыр.
Байкаганым, Жапонияда кабат үйлөрдүн, ири ишкана имараттарынын бурчтарына радиусу эки метрдей келген серпилгич "домкраттар" коюлат экен. Алар зилзала убагында үйлөрдү кыйроодон сактап турат. Буга кошумча курулуш материалдары учактардын материалындай болуп жеңил жана бышык. Ошол себептен жер титирегенде кабатуу үйлөр ары-бери сызгычтай ийиле түшүп, бирок кулабайт экен. Буга өткөн жер титирөөдө өзүм күбө болдум. Негизи үйлөрдүн көбүн зилзала эмес, цунами талкалап кетти.
Сабырдуулукка самурайлык тартип себеп болду
Зилзаладан кийин Токио супермаркеттеринде азык-түлүктөр тез-тез сатылып кетип жатты. Айрыкча нан, тез даярдалуучу тамактар, кесмелер бир сааттын ичинде түгөнүп калып атты. Мамлекет бир адамга атайын өлчөмдүк чек коюп, тамак-ашты дүңүнөн эч ким сатып ала алган жок. Баарынан да мени жапондордун кары-жашы, чиновниги, карапайым жумушчусу дебей бир-эки сааттап кезекке туруп соода кылып жатышканы таң калтырды. Кезекке тургандардын узундугу 500-600 метрге чейин барса да ортодон тааныш-билиш салып кире калган адамдарды байкаган жокмун. Менимче, мындай сабырдуулуктун болушуна биринчиден, илгертен келаткан самурайлык тартиптин сакталышы, экинчиден, рационалдык экономикалык тандоо себеп болду. Жапондор баары талап-тоноп, дүрбөлөңгө түшүшсө, жоготуу, чыгаша мындан да көп болорун жакшы түшүнүшөт экен.
Токиодо Чернобылдагыдай жарылуу болгон жок
Зилзала болгондон кийин жапондорго караганда чет өлкөлүктөр көп дүрбөлөңгө түшүштү. Маалымат айдыңында Орусия негедир бир тараптуу, элди дүрбөтө турган кабарларды таратып жатканын баамдадым. Ошол эле учурда жапондор токтоолук менен иштеп атышты. Себеби бул өлкөдө бардык институттар, мыйзамдар жакшы иштейт. Анүстүнө буга окшогон зилзала Жапонияда биринчи жолу болуп аткан жок. 1995-жылы Кобе шаарынын жарымы урап калып, жапон эли аны бир жыл ичинде калыптандырып койгон. Менимче, бир жыл ичинде бул өлкө толугу менен мурдагы калыбына келет. Атомдук станциялар боюнча айтсам, ал жерде алты реактордун төртөө жарылды. Бирок буерде Чернобылдагыдай реактордун өзөгү жарылган жок. Болгону цунамиден улам реакторлордун муздаткычтарына электр энергиясы жетпей реактордун суутек баллондору жарылды. Акырындап ал жерлер калыптана баштаганын кабарлап жатышат. Ал эми радиация өтө күчтүү деген маалыматтар бир аз "көркөмдөлүп" кеткен.

Жалпы чыгаша
30 млрд. доллар
Албетте учурда Жапонияга Орусия, Кытай, Түштүк Корея көп жардам кылып жатат. Айрыкча ырлары, кинотасмалары Жапонияда популярдуу болгон Түштүк Кореянын белгилүү ырчылары, актер, актрисалары ири суммадагы каражаттарын ал жакка которушту. Ошол эле кытайлардын, америкалыктардын атуулдук коомдору, ырчы, актер жамааттары жабыр тарткандарга түз жардам кылып атышат. Ошондуктан азыр Орусия эле Жапонияга укмуш жардам берип салды дегенге болбойт. Чыгаша боюнча кеп кылсак, зилзаладан келтирилген зыян жалпысынан 300 млрд. доллар болот дебатышат. Жер титирөөнүн өлкө экономикасына келтирүүчү дагы бир зыяны - апаат болгондун эртеси жапон компанияларынын акцияларынын баасы түшүп, жапон акчасынын курсу жогорулап кетти. Эми мунун аркасында Жапонияда өндүрүлгөн техника, товарлар кымбаттап, алардын өтүмдүүлүгү азаят. Демек, тыштан келүүчү акча агымы төмөндөйт. Бирок кыйраган ишканалар калыбына келтирилсе эле жаңы кызмат орундары түзүлүп, тез эле экономикалык өнүгүү башталарына көзүм жетет.

Ата журтта
Кара түскө качырган эл экенбиз
Бишкектин Ала-Тоо аянтында майрам күндөрү өлкөнүн түпкүрүнөн келген нукура кыргыздарды, кыргыз элинин баео, таза адамдарын кезиктирүүгө болот. Ноорузда ошол жерде болуп, кыргыздардын көпчүлүгү кара кийим кийишерин байкадым. Ачык түстө кийинген боордошторубуз чанда эле экен. Ошондо менде кыргыздар илгертен кара түскө жакынбы же кылмыш чөйрөсүндөгү "черныйлардын" таасириби, же кара кийим кир көтөрүмдүү болгондуктан ошого басым жасашабы деген суроолор жаралды. Муну менен мен жапондор менен кыргыздардын мүнөзүн салыштырып көрдүм. Мисалы, Жапонияда караны якудзалар (кримавторитеттер), анан аза күтүү убагында гана кийишет. Ошондон улам капкара кийинген кыргыздарды көрүп пессимисттик ой, атмосфера пайда болот экен. Балким биз ачык түстө кийине баштасак ишибиз оңолуп, мамлекет оң жолго багыт алмактыр. Ошондуктан караны азайтсак дурус болмок.

Катардагы
153-партия
болбойт
Мен бийликке жаштар келсе эле мамлекет дүркүрөп өсүп кетет дегенден алысмын. Экономикабыздын өнүкпөй жатканына менимче, алгач кадр маселеси себепкер. Парламенттик же президенттик система болобу, ар бир адис өз ордун ээлемейинче өлкөнүн өнүгүүсүндө натыйжа болбойт. Кадр саясаты фундаменталдык түрдө реформа болмоюнча ким бийликке келбесин, кандай коалиция түзүлбөсүн мамлекет оңолбойт. Жыйырма жылдык таз кейпибизден чыга албайбыз. Азыр чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жаштар, тажрыйбалуу адистер болуп Кыргыз либерал-демократиялык партиясын түзүп атабыз. Партиянын программасында негизинен төрт багыт бар. Алар: мамлекет куруу, улут куруу, либералдык эркин эконономика түзүү, демократиялаштыруу. Мамлекет куруу багытында өлкөнү экономикалык каатчылыктан чыгаруу үчүн алгач мамлекеттик институттарды, структураларды эффективдүү иштетүүнү сунуштап атабыз. Ал үчүн эки жыл ичинде министрликтердеги бардык кызмат орундарын, бөлүмдөрүн конкурстук негизде мыкты адистер менен жаңылап, тазалап чыгышыбыз керек. Азыр бизде мындай реформанын механизми бар. Албетте, азыр өлкөдө 152 партия бар. Биздин партия катардагы 153-партия болбойт. Анткени биз идеянын, бир принципиалдуу программанын негизинде бириккени жатабыз. Жакшы жагы - арабызда ар бир тармактын мыктылары бар.
Чын-чынына келгенде азыр ар бирибиз реалист болуп, эмне кыла алам, же биз эмне кыла алабыз деген суроого жооп кылышыбыз керек экен. Амбиция ашып-ташып турса да колдо эч нерсе жок болсо, көп нерсе ишке ашпайт. Ошондуктан жөн эле куру кыйкырык убадаларды бербей, айткандарыбызды иш жүзүндө үлгү катары көрсөтөлү деген аракеттебиз. Азыркы парламент өкүлдөрүн жаманбы-жакшыбы эл тандап, алар беш жылга депутат болуп шайланды. Демократиянын шарты боюнча биз убакытты, аларды сыйлап, мүмкүнчүлүк беришибиз шарт. Ала-Тоо аянтына чыгып куру кыйкыра бергенден эч нерсе өзгөрбөйт да, жакшырбайт да.

Абстракттуу дагы бир курултайдын кереги жок
Азыркы партиялардын бир кемчилиги - алыскы айыл эли менен байланышы жоктугу. Партиялык жыйындары сөзсүз Бишкекте болуп, орусча өтөт. Жакшылап байкасаңыз, айылдыктар өзүнчө улут, шаардыктар өзүнчө улут болуп калды. Айылдык менен шаардыктын ортосунда чоң ажырым бар. Бишкекте саясат кайнаганы менен элеттиктердин мүдөөсүн ойлогон партия же уюм көрүнбөйт. Ошону эске алып азыр биз региондор менен иштешип, программа, эрежелерди кыргызча жазып, талкуулардын баарын кыргызча жүргүзүп атабыз.
Азыр курултай деп эле төш кагып атабыз. Чынында азыркы парламенттин өзү курултай болуп атпайбы. Анан бизге экинчи элдик курултайдын канчалык зарылчылыгы бар? Жогорку Кеңеш деген сөздү эле Улуу курултай деген сөзгө алмаштырсак, ал жерге эл ишеним көрсөткөндөр топтолду. Факт катары шайлоочулар өздөрү добуш беришти. Ошол эле Жогорку Кеңеш президентти кайсы убакта көзөмөлдөйт, кимди кызматка коюп, кимди ала алат, качан отчет берери Конституцияда жазылып турбайбы. Андыктан дагы бир абстракттуу курултайдын кереги деле жок.

Мелис СОВЕТ уулу