mainkaptal
Пользовательский поиск
Андан көрө жаштарга ордун бербейби?
Вице-премьер-министр Шамил Атаханов акыркы кезде Грузиянын ИИМ боюнча реформасын Кыргызстанда колдонобуз деп Тбилисиге тажрыйба алмашуу үчүн барып келгени белгилүү. Грузиянын "опутун" Кыргызстанда ушу алтымыш үчтөгү интеллигент вице-премьер ишке ашырабы? Ай таң, ишенүү кыйын. Грузиядагыдай кескин реформалар үчүн президент Михаил Саакашвили ИИМ сыяктуу министрликтердин жетекчилери кылып 25-30 жаштардагы бузулуп, булгана элек жигиттерден койгону белгилүү. Социалисттик коомдун тарбиясын көрүп, тамагын жеп калган Шамил мырза 25-30 жаштагы жигиттер жасай турганды жасай албасы турган иш.
Андан да кызыгы, интернеттеги бир видеороликте Шамил Атахановдун колуна бокал кармап туруп, "Роза Исаковна убактылуу өкмөттүн чечимине баш ийбегендерге карата курал колдонуу чечимин кабыл алды" дегенин кандайча түшүнүүгө болот?


Аякты эмес быякты текшергиле
Тээ атамзамандан бери, тагыраак айтканда, биринчи, экинчи, үчүнчү президенттин мезгилинен бери түшпөс "хан" болуп келаткан Марат Мамбеталиев, Аскар Баратбаев деген эки азамат бар. Бири "Кыргызтелекомду" тейлесе, экинчиси БГТСты мыкчып келет. Акыркы кезде "Кыргызтелекомдун" сатылаары жөнүндө сөз көбөйдү. Сатууга себеп анын рентабелдүү иштебегендигинен дешет. Ушу рентабелдүү эмес деген өтө-ө шектүү… Себеби "Саймателеком", "Сапатком" ж.б. көп фирмаларга канал бергени үчүн "Кыргызтелеком" оңбогондой аренда акы алып турат. Дегеле, байланыш тармагы рентабелдүү эмес деген актануу адамдын күлкүсүн гана келтирет. Себеби жылына 1 млрд. сомдон ашык салык төккөн "Мегаком" үчүн кандай кырылыштар болуп атканын ар бир кыргызстандык көрүп-билип турат. Жогоруда аты аталган эки азамат "Кыргызтелеком" менен БГТСке түрдүү кызмат көрсөткөн жайнаган өз фирмаларын түзүп, түшкөн кирешени толук көрсөтпөй жатат деген күбүр-шыбыр күч. Ушу тапта бу тармакта текшерүү жүрүп жатат. Андан көрө Марат менен Аскардын кайсы банкта канча эсеби, канча особняктары бар экенин, кимдер менен канчадан бөлүшүп турганын текшерүү оңой болуш керек.
"Кыргызтелеком" сатылгандан кийинби же ага чейинби, айтор, бул тармакка "ата журтчу" Нариман Түлеев келет деген сөз бар.

Карысы, тоюс, карызы бардын ырысы бар
1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов экс-ханзаада Айдар Акаевден карызын өндүрө албай жүрү. Алты жылдан бери күтө берип чарчаган Бабанов айласы кеткенде Айдар Аскаровичке таандык бизнес объектилерди менчиктештирүүгө киришти. Менчиктештирүү процесси ийгиликтүү аяктаса, БӨТ байлыгы дагы 10 млн. доллардай болот дешет.

Чын эле тазабы, же?..
Эски бийлик тушундагы аткаминерлердин арасынан мурдагы "ак жолчу" вице-спикер Азизбек Турсунбаев башкаларга салыштырмалуу таза фигура саналчу. Арийне, мезгил өзү кимдин ким экенин аныктап коет тура. Анткени Азизбек Атакозуевич кезинде "Кыргызнефтегаз" ААКсынын ашканасына аралашып, миллиондорду кантип кымырганын тастыктаган документ тийиштүү органга жеткенин эшиттик. Биздин билишибизче, экс-депутаттын байлыгы баштан ашат. Анда таза кишини кайсы шайтан азгырды? Же "дүнүйө пайгамбарды да жолдон чыгарат" деген ушубу?

Кожобек өзүнүкүн коргойт
Парламенттин кечээги жыйынында "ар-намысчы" депутат Кожобек Рыспаев : "Ош базарынын тегерек-четиндеги объектилерди көчүрүү - кол салуучулук, рейдерчилик" деп Бишкек мэриясына таш ыргытты. Муну уккан адам К.Рыспаев карапайым соодагерлерге жан тартып, алардын укугун коргоп аткан турбайбы деши ыктымал. Тилекке каршы, андай эмес. Себеби Ош базарындагы "ГЭКА" кафесинин кожоюну Кожобек өзү. Болгону кафеден айрылып калбаймбы деп корккондой, чамасы.

"Аптанын бешинчи күнү"
Айтылуу жазуучу-драматург Султан Раевдин "Аптанын бешинчи күнү" аталыштагы чыгармалар жыйнагы түрк тилинде жарык көрдү. Китептин бетачар аземи июнь айынын башында Анкара жана Стамбул шаарында өтөт. Ага дүйнөнүн ар тарабынан келген абройлуу жазуучулар катышып, Султан палвандын чыгармачылыгы тууралуу пикирин ортого салмакчы. Баса, китептин баш сөзүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов көзү тирүүсүндө жазган.

Өтө "таланттуу" го
ЖоКедеги "Ата журт" фракциясынын өкүлү Талант Мамытовдун башпрокурорлукту эңсеген кыялы таш капты. Эми ал Жогорку сот төрайымы Феруза Жамашеваны ээрден оодарып түшүп, анын ордун ээлөөгө ашыгып атыр. Бу саам "балакай" депутаттын изги тилеги жүзөгө ашабы? Президенттин түштүккө жасаган сапарында жанынан чыкпай, жасакерленип жүргөнүндө кеп бар болчу.

Башпрокурорлук ушунча турабы?
Кубатбек Байболов креслосун сактап калууга жакшы эле аракет жасады дейт. Атүгүл эл өкүлдөрүнүн ар бирине 10 миң "жашылбайдан" сунуштаганын кулагыбыз чалды. Мындай аңызды Кубатбек Калбековичке жан тарткан фракция мүчөлөрү өздөрү айтып жүрүшөт.

"Атасы" эмне дейт болду экен
Жибек жолу - Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1,5 гектар жер экс-президент Курманбек Бакиевдин экинчи аялына таандык экенин анын "карачечекей уулу", "ата журтчу" Нариман Түлеев парламент жыйынында жар салды. Кечээ эле Курманбек Бакиевди атам деп жүргөн Наримандын түштөн кийин колдогон кожосунун көзү жокто көчүгүн "ысытканына" жол болсун!

Ташиев эрте ташыркабас бекен
"Ата журттун" "атаманы" Камчыбек Ташиев ажо жарышка аттанам дегенден бери маалыматтык тылын бекемдей баштады. Маселен, Жалал-Абадда 7-канал аталыштагы телеканалды түптөп, ал аркылуу жалаң өзүн мактаган тасмаларды коомчулукка көрсөтүүдө. "Өтө кызыл бат оңот" дечү эле. Аттын оозун эрте кое берген Камчыке президенттик шайлоого жетпей чаалыгып калбайбы десең. Айтмакчы, жолдош Ташиев эки жээкте "ойдолоктогонунан" улам оппозиция лөктөрү ага карата компроматтарды чогултуп, энесин Үч-Коргондон таанытууга ашыкканы чынбы?

Токмоктун прокурору Кыдыкбаев канчага тайраңдайт?
Ички иштер министринин экс-орунбасары К.Кадыров былтыркы апрель окуяларынан кийин ири бизнесмендерди тооруп, коркутуп, айталы, "Арвин" соода үйүнөн 1 млн. доллар доолап туруп алганы Ак үйгө жетип, агездеги башкы милиция К.Байболов кызматтык изилдөө жүргүзгөндөн кийин Кадыровду жумуштан алган эле. Кебетеси буларда "семейный подряд" окшобойбу, ошол доогер милиционердин агасы, Токмок шаарынын прокурору Марс Кыдыкбаев дагы жосунсуз жоруктары менен элдин кыжырын кайнатып жүрөт. Экс-мэр, азыркы бийлик коалициясынын жетекчиси Канат Исаевдин кылмыш иштерин калкалаган ушул Марс деген азамат экени жашыруун эмес. М.Кыдыкбаев прокурор болгону токмоктук ишкерлерди эзип, айрыкча дунган, өзбек, уйгур улутундагы капчыктуу байларды жүдөткөн жагынан алдына эч кимди салбайт. Былтыр Марс мырза өзүнүн жакын досу, прокуратура кызматкери Алмаз Жусуповго акчасы жок экенин айтып, шаардын башкы архитектору Мирлан Мааткеримовдон жок дегенде 500 доллар өндүрүп келчи, аны эскертип, коркутуп койдум деп жиберет. Алмаз ал акчаны архитектордон алып жаткан жеринен улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, кылмыш иши козголот. Изкубарлар шаар прокурорунун кабинетине келип сейфин ачышканда 15 миң доллар чыгат. Бирок Кыдыкбаевдин кыйындыгынан ал иш сотко өтпөй жабылып калган. Кыскасы, Башкы прокуратура башкаларга эле эмес кол алдындагыларга да көңүл бөлсө.

"Жаңы Агым" - пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ