01.04.11 - 3-бет:
  Оп, майда

Мегаком мээ чакмайы токтойт
ЖоКе жыйында "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу кырдаалды иликтөө боюнча депутаттык топ "Мегакомдун" бардык акциясын 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар компанияга берүү чечимин кабыл алды. Буга кошумча уюлдук компанияга байланышкан ишти аягына чыгаруу үчүн жумушчу топ менен депутаттык комиссияны бириктирип, ыйгарым укугу кеңейтилген жаңы комиссия түзүү маселесин парламент жыйынына киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Жумушчу топтун жетекчиси Акылбек Жапаровдун айтымында, компаниядан казынага жылына 50 млн. доллар түшүрсө болот. "Андыктан "Альфа Телекомдун" 100 пайыз акциясын улутташтыруу үчүн нормативдик-укуктук база түзүү зарыл" дейт ал.

… соцфондго бүджет кайгы
"Ата мекен" фракциясынын жыйынында брокердик компаниялар "Кыргызнефтегаз" ААКсын чыгашалуу ишкана катары жеке ишкерге сатууну колдошоору айтылды. Фракция депутаты Райкан Төлөгөновдун айтымында, ишкана атамекендик рынокто газ, нефти продуктулары боюнча монополист болгондуктан чыгашалуу болушу мүмкүн эмес. Анын мындай акыбалга келишине "Кыргызнефтегаздын" кырчылдашкан жетекчилери себепкер. Буга улай эле көзгө басар ишкананын сатылышын Социалдык фонд да колдоорун билдирди. Фонд өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана сатылса фонддун бүджети бүтөлөт экен.

Алеки заматта айдоочулук күбөлүк
Мамлекеттик каттоо кызматы июль-август айларынан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү бере турган болду. Баарынан жакшысы, эски күбөлүгү барлар жаңыга алмаштырууга милдеттүү эмес. Каттоо кызматынын билдиргенине таянсак, жаңы күбөлүктө эми беш эмес, 12 категория болот жана ал чет өлкөлөргө көп чыккан кыргыз айдоочуларынын эркин жүрүшүнө шарт түзөт. Айдоочулар күбөлүктү Мамкаттоо кызматынын каттоо-экзамендик бөлүмчөлөрүнүн бирине келип тиешелүү документтерин тапшырып, 890 сом төлөп, ошол замат дароо ала алат. Азыркы мыйзам боюнча мындай күбөлүктүн мөөнөтү түбөлүктүү.

"Чегараны чечпесеңер митингге чыгабыз"
Кечээ парламент депутаты Назарали Арипов дагы бир митингдин башын кылтыйтты. "Лейлек районунун жашоочулары эгер Тажикстан менен талаш болгон участоктор мамлекетке алынбаса 5-апрелде митингге чыгышарын билдиришти. Андыктан территориялык маселелерди чечүү боюнча комиссия түзүү зарыл" дейт. Бул демилгени колдогон "атажуртчу" депутат Камчыбек Ташиев парламент чегарага жакын райондордун көйгөйүн унутуп калганын баса белгиледи.




"Ак өлүм", арман күн
"Комсомольская правда" гезитинде Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу машине менен алмалардын ортосуна 82 килограмм баңгизатын катып бараткандар Новосибирскиден колго түшкөнү айтылат. Эксперттердин айтымында, Сибирдин региондоруна таратылыш үчүн ташылып бараткан 800 дозадагы "ак өлүм" бери дегенде 400 млн. рубль турат. Азырынча алар кандайча шектелгендиги ачыктала элек. Болгону алардын арасында ар башка мамлекеттин жарандары бар экени айтылган. Демек, кыргыздар да аралашкан сыяктуу. Башкасы бүтүп эми баңгизат менен таанымал болобузбу?!


  Жума каарманы

Бар тарабым Байболов жыттанып…
Кечээ Башпрокурор Кубатбек Байболовдун кызматына канайым тарабынан балчайта чекит коюлуп, анын ордуна Аида Салянова убактылуу бекиди. Президенттин мындай кадамга барышына Кубатбек мырзанын кубакай жүздүү жубайы Нуржамал Байболованын "ишмердүүлүгү" себеп болду дегендер арбын. УКМКнын билдиришинче, Нуржамал айым "Сарамжал-транс" ЖЧКсы аркылуу Бишкек, Чолпон-Ата шаарларындагы эки килейген имаратты өзүнө каттатып, борбордогу дагы бир имаратка даярданып жүргөн экен. Мындан сырткары, УКМК "Сарамжал-транс" ишканасы "Альфа-Телекомдон" сыртка акча чыгаруу үчүн түзүлгөнүн да аныктап жиберди. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев болсо өкмөттүк бир жыйында ууруларды "крышовать" эткен Башпрокурордун барынан жогу деп опулдап алды. Ошентип буга чейин ормон опузалап аткан Башпрокурор башынан ылдый муздак суу куюлгандай эле болду. Кыскасы, саясый эки топтун кызык оюнунун экинчи раунду башталды.
Спорттук эсеп менен айтканда, Атамбаев-Бабанов тобу Текебаев-Байболов тобун 2:0 эсебинде таза утту. 2:0 дегенибиздин бири Мегакомдун улутташтырылышы болсо, экинчиси Байболовдун ээрден эңилиши. Албетте, буерде президент айым арбитр болуп, ак-карасы далилденгенче Байболовду убактылуу кызматтан четтете турса деле болмок. Бирок РИО негедир эски партиялаштарынын барымтасында калгандай таасир калтырат. Акыйкаттык үчүнбү же БККга боору ооруштубу, эми "ата журт", "ар-намысчылар" аны ортого чакыралы дей башташты. Бүгүн ал парламентке келээри күтүлүүдө.




Байыбай калгыла
Тогуз-Торо районунда жыл башынан бери "шектүү" лотерея ойнотула баштаган. Райондук милиция бөлүмү бул боюнча алдын ала иликтеп, аларга эскертүү да берген. Бирок 1100 сом берип, үч күндө кайра 2500 алып аткан эл ал оюндан шектенип да койбогон. Айрымдар кредит алып, кээси малын сатып, ири үстөк алууга ниеттенишкен. Акыры оюндун уюштуруучулары 2-3 миллион сомго чейин карыздар болуп Г.Казакбаева, А.Насирдинова, А.Токтомадинова дегендер камакка алынды. Учурда кайра элге кайтарып берүү убадасы менен А.Токтомадинова бошотулду.


Куттуу жер
Быйыл кыргыз маданиятынын флагманы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияга 75 жыл толот. Бул аралыкта ысмы эл-журтунун жүрөгүндө калган кимдер гана иштебеген. Рынок заманында филармония ким акча төлөсө ошону төрүнө өткөрүп, эптеп жан багууга өткөн. Актаңдай акын Замирбек Үсөнбаев жетекчиликке келгени филармония кадимки салабатына келе баштады. Эл аралык маданий байланыштар эске түшүп, атагы таш жарган дүйнөлүк өнөрпоздор келүүгө ниеттенүүдө. Жакында Түркия мамлекетинен аты ааламга тараган Жумкар Иога, Мусса Гогман, Эртугрул Севиндик, Омер Яман, Фатих Эренлер өңдүү таланттар келишмекчи.


Сүйүнчү!
Ушу кезге чейин Бишкекте бир гана "Нуска" деген кыргыз китеп дүкөнү бар деп кейип келчү элек. Буюрса борбордун Совет-Киев көчөсүндө жайгашкан китеп палатасында дагы бир кыргыз китеп дүкөнү ачылганы калды. Ылайым рух дүйнөгө көңүл буруп, китеп окугандар көбөйсө экен.

"Жаңы Агым" - пресс





Шайды оодарган шайлоо
Боршайкомдун 30-мартта болгон жыйынында 2011-жылдын 17-апрелинде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо болору айтылды. Буга ылайык эл аралык байкоочуларга берилчү күбөлүктүн формасы да аныкталганы маалым болду.

Бул го жакшы, калганы качан болот?
Өкмөт жалал-абаддыктардын арыз-муңун угуп, кечээ облустун жазгы айдап-себүү иштерине 1720 тонна жеңилдетилген күйүүчү май бөлдү. Жалал-Абад облустук администрациясынын агроөнөржайлык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Осмоналиевдин айтымында, 25 сомдон сатылчу мынча тонна көк май жалпы муктаждыктын 30 пайызын жабат. "Облустун жазгы талаа иштерин толук бүтүрүү үчүн 5918 тонна күйүүчү май керек" дейт ал.

86 баатырдын бири тирүүбү?
Кечээ парламенттик жыйында депутат Алтынбек Сулайманов апрелде каза болуп Ата-Бейитке коюлду делген Маралбек Масымбеков тирүү экенин айтып, төбө чачты тик тургузду. Сулайманов өз байланышы аркылуу Маралбектин жети жылдан бери Россияда кичи автобус айдаарын аныктаганын маалымдады. Буга улай ал комиссия түзүп, атайын иликтөө жүргүзүүнү, УКМК жетекчисин парламентке чакырууну сунуштады. Депутат Бакыт Төрөбаев да аны колдоп, Маралбектин ордуна ким көмүлгөнүн билүү керектигин кошумчалады.

Унутулгус Мурза Гапаров
Айтылуу жазуучу, драматург, киносценарист Мурза Гапаров окурмандарынын эсинде. Көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. Маданий коомчулук эч кимге окшобогон, адабиятка өз үнү, өз жолу менен кирген таланттуу жазуучунун мааракесин улуттук китепканада белгилеп, чыгармачылык көргөзмөсү ачылды. Мурза Гапаров кыргыз жергесин даңктаган, өтө масштабдуу жазуучу болчу. Адабият таануучулар М.Гапаровдун чыгармалары, ашкере таланты али изилдене электигин айтышат.





  Жарнография

Көлөч
"Жаңы Агымдын" эшигин,
Жаңы эле аттап карыя.
Жазчы деди ушуну,
Жалпы журтка жарыя.

Кенен бугун чыгарды,
Кейип айтып буларды:
Окуйм деп жума намазын,
Мечитке дайым барасың,
Көз көрүнө ууру алып,
Көлөчүң таппай каласың.

Кантип жаның муңайбайт,
Карасаң баары Кудайлайт.
Ыйык жайды бу өзү,
Ыймансыз кандай ылайлайт?!

Кимисинен көрөсүң,
Пайгамбар деп жалынат,
Оң жагында сакалчан.
Саабасын айтып сабылат,
Сол жагыңда чапанчан.

Көлөчүм кайда катам деп,
Көчөгө кантип басам деп,
Көңүлүң болот алагды.
Көрүнбөй аңдып тургансыйт,
Көлөч ууру, каракчы.

Канча көлөч жоготтум,
Канча акчамды короттум.
Көчөдөн жүрүп эсен-соо,
Мечитке барып тоноттум.

Төбөңдөн түшкүр көлөчтү,
Төргө барып чечемби?
Карыганда кайгырып,
Көлөч издеп өтөмбү!..

Карыянын айтканын,
Жазып турам мен дагы.
Көлөчүңдү абайла,
Мечитке барсаң сен дагы.
Ууру кайда жүргөнүн,
Билип алсын эл дагы!
Темирбек АЛЫМБЕКОВ





Ноокен районундагы Шайдан-Сай айылынан аккан суудан өрттөнгөн аялдын сөөгү табылган. Изкубарлар иликтөөгө алганда маркумдун бир тууган сиңдиси 16 жаштагы уулу менен келип акча талашып урушуп, өлтүрүп, сөөгүн өрттөп арыкка ыргытканын айтып беришти.
***
Бишкек шаарындагы Мусоргский көчөсүндөгү кампанын чатыры өрттөнүп, тилсиз жоо 60 чарчы метр аянтты ичиндеги товарлары менен жалмап кеткен. Кампанын ичинен Малик Хиджуни аттуу кишинин күйгөн сөөгүн өрт өчүргүчтөр табышты.
***
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарчасынан 2009-жылы сегиз жашар кызды белгисиз айбан зордуктап, изин суутуп карматпай жүргөн. Жакында Ноокен РИИБнин изкубарлары өспүрүмдү зордуктаган жыйырма жаштагы аңгини кармашты.
***
Март айынын башында Бишкек шаарындагы медициналык орто окуу жайдын директору Султан Баялиевге үйүнүн подъездинен белгисиз кылмышкерлер кол салып, "эч кимге жолтоо болбой кызматыңан кетип кал" деп эскертишкен. Жакында чиновникке кол салган кылмышкерлер Октябрь РИИБнин изкубарлары тарабынан кармалышты.
***
Бир ишкер милиция кызматкери жөндөн жөн эле кылмыш ишин козгойм деп коркутуп, 30 миң сом акча талап кылганы тууралуу арызданган. 29-мартта ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 10 миң сом пара алып аткан жеринен милиция кызматкери кармалды.
Даярдаган
Назгүл
КАЛМАМБЕТОВА